Балдар үчүн...

Жаан, кардан жыртылган имарат эми мектеп болот
Буга чейин бир нече километр алыстыктагы мектептерге балдарын ташып, окутуп келатышкан Аламүдүн районундагы Бирдик айылынын жашоочулары азыр кубанып жатышкан учуру. Анткени, тээ союз учурунда Фрунзе канаттуу фабрикасына караштуу болуп, кийин өзүн-өзү башкаруу келгени жергиликтүү бийликтин балансына өткөрүлүп берилип, бирок, каражаттын жетишсиздигинен кароосуз калып, тонолуп кеткен балдар бакчасынын ордуна татынакай мектеп курулганы турат.

Дубалдары гана калып, жаан менен кардан улам ал дубалдары дагы желип, тешилип бүткөн мурдагы балдар бакчасын реконструкциялоо үчүн Кыргызстандагы Америка элчилиги жана Американын борбордук командачылыгы демөөрчү болуп, ремонт үчүн 400 миң доллардан ашык каражат бөлүү алдында турат. Деген менен имараттын оңдолушу үчүн башталган иштин аземине аталган элчиликтин жетекчиси Татиана Гфеллер жана аскердик атташе, подполковник Патрису Кебба катышып, жергиликтүү эл менен бирге алгачкы күрөк саюу жөрөлгөсү болду.
Айтмакчы, башталгыч мектеп жана балдар бакчасын бирдей камтый турган жаңы имаратты бүтүрүү шыбагасы жергиликтүү курулуш компанияларынын бири болгон "Имаратстройго" тийгендигин дагы белгилеп койгубуз келет. Кыргызстандагы курулуш тармагынын өзөгүн түзгөн, бардыгы болуп 140 адам иштеген атайын адистешкен, профессионалдуу мекемелердин бири болгон бул ишкананын башкы директору Бейшенбек Иманалиевдин айтуусунда америкалыктар жарыялаган тендерден утуп алуу дагы оңойго турган эмес. "Биз буга чейин "Кока кола" компаниясынын дагы төрт имаратын бүтүрүп бергенбиз.
Азыркы учурда борборубуздун бир бурчундагы 9 кабаттуу үйдүн курулушун бүтүрүп жатабыз. Эми болсо ушул Бирдик айылындагы мектепти бүтүрүү жоопкерчилиги алдыбызда турат. Негизи буга чейин офицерлер төрт мектептин жана бир бакма үйдүн ремонт иштерине жардам берип, жалпысынан 4 миллион долларлык жардам беришиптир" дейт Бейшенбек мырза.
Ал эми "Имарат-сройдун" өндүрүштүк бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Көчөрбаев "Азыр биздин алдыбызда 140 орундук бала бакчаны кайрадан оңдоп, мектеп жана бала бакча боло турган имаратты жергиликтүү элдин жана демөөрчүлөрдүн каалаганындай, купулуна толгондой кылып бүткөрүп берүү милдети турат. Бул иш үчүн азыр 468 миң доллар бөлүнгөнү турат.
Дагы бир белгилеп кое турган нерсе бул сумма дагы өзгөрүп кетиши мүмкүн. Анткени америкалыктар өздөрүнүн шартына ылайык баалашкан да. Мисалы, жылытуу жагын алар электр менен болот деп эсептешкен. А бизде электр энергиясы ар дайым үзгүлтүккө учурап турат. Ошондуктан биз дагы өзүбүздүн шартыбызга ылайык көмүр менен жылытыла тургандай кылып өзүбүздүн баабызды беребиз. Нары жагында мурда кир жуучу кичинекей жай бар экен. Ошол жерди көмүр сактап жана от жагуу үчүн кайрадан жасасакпы деген сунушубузду дагы бердик. Азыр ошонун долбоорун жазып жатабыз.
Негизинен ушул америкалыктар жарыялаган тендерге 18 фирма катыштык. Алардын ичинде түрктөрдүн, пакистандыктардын да фирмалары болду. Ошолордун ичинен биздин утуп кеткендигибиз абдан кубанычтуу болду. Себеби, азыр биздин Кыргызстандын жарандарына жумуш керек. Ансыз да жумушсуздук жондон басып турганда жарандарыбыздын алакандай бөлүгү болсо дагы иш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүн багып жаткандыгы биз үчүн бир топ эле жеңилдик да" деген пикирин билдирди.
Албетте, Кыргызстанда каралбай калган мындай имараттар жүздөп саналат эмеспи. Жогоруда айтылгандай Бирдик айылы үчүн болгон кубанычтар бардык жерде болсо, кичинекей балдарыбыз бакчада ойноп, жаш жеткинчектерибиз жаандуу күндө баткак кечип алыскы мектептерге барбай билим алышмак.
А. Асанбекова




  SMS-Асман

Окурман, кимдир бирөөгө жалындуу сөздөрдү айткыңыз келсе, жүрөгүңүздү өйүгөн маселе же түшүнүксүз суроо болуп, сизди санаага салса, анда биз менен байланышып, SMS-Асман рубрикабызга (0773) 59-30-59 жана (0543) 03-53-03 номурларына SMS жазыңыз.

Ассаламу алейкум. Пайгамбарыбыз Мухаммед Алейхи Вассалам 571-жылы 20-апрелде дүйшөмбү күнү кечинде Мекке шаарында төрөлгөн. 634-жылы Мадина шаарында кайтыш болгон.
Лейлектен
Мамлекет тагдыры президенттин атына жараша болобу деген ой келет. Анткени, казак президенти Нурсултан атына заты жарашып, нурун чачып, назар салып, экономикасы дээрлик көтөрүлдү. Эгер ушул божомол туура болсо, анда Кубатбек Байболовду президент шайлап албайлыбы.
0777 83-92-хх
Эл үчүн иштей турган лидер Айтикеев Акбаралы.4 жылдык саздан сансыз өлүмдөн куткарат деп ойлойм. Жашооңду туура танда кыргызым.
0770 43-хх-хх
Ассалоому алейкум кыргыз калкым. "Асман" гезити нускаңар миллионго жетсин.
Адам деген гүл сыяктуу ачылган.
Маңдайына түркүн тагдыр жазылган.
Андан көрө сыйлашалы достор ай,
Алтын баштар калат көрдө казылган.
Макуся
Салам "Асман пресс" Нукура кыргыз жигиттери патриот репер, атактуу "Добр" (Азирет) жөнүндө маалымат берип коюшуңарды өтүнөм.
Добрдын күйөрман карындашы Айчүрөк Лейлектен
Салам замандаштар, башка келтек тийгенде ойгонбой ар-намысы бар адамды шайлашыбыз керек. Келечек урпактарга жерибизди, байлыгыбызды өткөрүп беришибиз керек. Туурабы, окурман?
Бообек
"Асман пресс" ишиңерге ийгилик. Качан өлтүрүүлөрдөн кутулабыз. Санжардын өлүмү жүрөгүмдү эзип кетти.
Айчүрөк
Кыргызга кыргыз коно албай,
Кыргызды кыргыз көрө албайт.
Кырыша берсе бири-бирин,
Кылымда дагы оңоло албайт
Тайирбек Москвадан
Сары-Колот айылынын тургундарына сагынычтуу салам. Кошунам Акылбек куш бооң бек болсун.
Майсалбек
Ата, апа кандайсыздар? Сиздерди аябай сагындым. Номериңерди жоготуп алдым. Эгер менин смсимди окуп калсаңар, ушул номерге 0079261455780 чалып койгула
Майсалбек Шайимов, Москвадан
Атамбаев президентикке ат салышканча, Текебаев чыкса болмок. Ал дагы сызга олтургузуп кетпесе болду. Оппозиция эч нерсеге ээ болбой Атамбаев дагы сатып кетти деп кейибесеңер эле болду.
Айжаркын
Кубанычбек Апаска ким добуш берет болду экен? Лично мен ага ишеним арта албайм.
Айжан
Оппозиция Атамбаевди акчасы үчүн эле алып чыгышса керек. Болбосо аны ким сыйлайт. Дагы боорду эзип, "Корксо да коен өлөт, коркпосо да коен өлөт". Мен эч нерседен коркпойм деп коет. Катуу үн чыкса артыңызды карабай качаарсыз.
Салтанат
Алмаз мырза, апаңыз айтып, көпүрө болдуңуз эле. Бирок, көпүрөңүз кыл көпүрө болуп, тез эле үзүлүп кеткен. Апам айткан деп дагы бир кызматка аттанып кетпеңиз балээ басып. Анда оппозициянын убалы уктатпайт го сизди. Ошону жүрөгүңүзгө түйө жүрүңүз.
Надира
Өткөндө телевизордон Бекназаров Атамбаевди өкмөт башчылыгына акылдашып эле жибергенбиз деп калыптыр. Анда эмнеге Текебаевдер ЖКнын трибунасынан сөөгүнө жеткен сөздөрдү айтты эле. Мага ушул кызык. Же саясатчылар трибунадан жалындуу өздөрүнчө башкача сүйлөшөбү. Деги кимге ишеним артабыз.
Канат
Кыргызстандагы кырдаалга аргасыз башчайкайсың. Күлкүңдү араң тыясың. Айыл өкмөтүнүн шайлоосундай болуп, президенттикке татыктуусу, татыксызы президенттикти түшүндө көргөнү деле ал катыша береби. Президенттик шайлоого мындай гана адамдар катыша алат деген критерий жокпу. Мага ушул кызык болуп жатат.
Сардар
Сариев эмнеге акыркы күндөрү оппозициянын арасынан көрүнбөй жатат. Же чын эле премьерлик кызматты мээлеп жатабы?
Жайнагүл
Элмира Ибраимовага эмне болгон? Ойду-тоону сүйлөп, оозду ачырды. Саясатта жүрүп жер уруп калганбы?!
Самаргүл
Урр-ра, свет өчпөй калды. Солярка 22 сом, 50 тыйын, жер айдатам десең, трактордун акысына 450 сом (гектарына).
Жыргалбек
Алатоо аянтындагы фонтан качан атылат?! Биздики уже атыла баштады...
Чоргобек
Мусулман өнөктөшү Турсунбай ажы элчиликке кетип, мусулман Мотуев эми кантээр экен?!
Калык
Министр Молдомуса Конгантиев ыраматылык депутат Санжарды өлтүргөн кылмышкердин аты-жөнүн атап койсоңуз, табышмактатпай...
Замирлан
Бирөөлөрдүн кокосуна тыгылган сөөк болгонум үчүн кызматтан кеткем дептир Алмаз мырза Атамбаев. Кокосу чоңунан кеткен болуп жүрбөсүн.
Жайнагүл













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!