Депутатмаек

Нурбүбү Керимова, Жогорку Кеңештин депутаты
"Президент бизге шанс берди"
Маектеш тууралуу маалымат:
Балыкчы шаарында 1961-жылы, 21-декабрда төрөлгөн.
1981-1986-жылдары Москва шаарындагы жаштар институнда (ЦК ВЛКСМдин алдындагы Комсомолдордун жогорку мектебинде) билим тарыхчы-котормочу адистигине ээ болгон.
1990-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде укук таануу адистиге ээ болгон.
Эмгек жолу Балыкчы шаардык комсомол комитетинин 3-катчылыгынан (1986-1989-ж.ж.), кийин ошол эле жерде 1-катчы, Кыргызстандын Борбордук Союзунун төргасынын орун басары болуп, андан соң Балыкчы шааы боюнча мамлекеттик салык инспекциясында улук юрконсультант, Балыкчыдагы социалдык-экономикалык институнда кафедра башчысы, "ДАНКО" жаштарды жана аялдарды коргоо коомдук уюмунун төрайымы болуп, жумушсуздук, социалдык маселелердин тегерегинде көп эмгектенген.

Нурбүбү Керимова "Ак Жол" фракциясынын тизмесинде 77 орунда. Кезеги келип, туура бир ай мурда парламенттеги акжолчу депутаттардын катарына кошулду. Кантсе да партиянын ишин жакшы билген адам катарында камчы салдырбай, бир катар олуттуу маселелердин үстүндө айтылган жүйөлүү пикирлери менен коомчулуктун назарына илинген депутат айым менен маектешип олтуруп, анын түз айткан, улутчул, патриот айым экендигине баа бердик.

- Нурбүбү Сартовна, парламентке депутат болуп келгендигиңизге бир айдын тегерегиндеги гана убакыт болду. Өзүңүз буга чейин бейөкмөттүк уюмдун жетекчиси катарында бир катар маселелерди көтөрүп келгендигиңизди билебиз. Андыктан, депутат болуп келгенден кийин дагы ал маселелерди аягына чыгарууну максат кылып жатсаңыз керек. Дегеле, парламент, депутаттык кресло, парламент ичиндеги кырдаал сизге кандай таасирин берүүдө?
- Туура, парламенттин дагы өз мүмкүнчүлүктөрү бар. Себеби, ал мыйзамдардын чордону, мыйзам чыгаруучу орган. Ошондуктан элдик парламенттин ичинде элдик көйгөйлөрдү чечүү үчүн болгон аракетимди жумшасам деген тилектерим бар. Ал эми азыркы парламент ичиндеги кырдаал туурасында айтсам, албетте, жагат. Бул мен депутат болуп тургандыгымдан гана айтылган сөз эмес. Анткени мурдагы парламентте уруш-талаштардын баары жалпы олтурумда айтылып, телевизордон мыскыл жана тамаша көргөндөй эле болчубуз да. Азыр андай талаш-тартыштардын баары комитеттерде чечилип, олтурумга келгенде иштелип, талкууланып бүткөн мыйзам долбоору каралат. Партиялык тартип деген ошол да. Тартип болбосо иш алдыга жылбасын ким болбосун түшүнө билүүсү керек.
- Сиз азыр "Ак Жол" партиясынын мүчөсүсүз. Буга чейин коммунисттик партиянын да бир уюмун жетектеп, ошондой эле бейөкмөтчү катарында иштеп келиптирсиз. Эмне үчүн "Ак Жол" партиясынан депутат болууну тандап алдыңыз?
- Адам деген басып өткөн жолун таразага салып туруп, анан келечегин ойлонот эмеспи. Чынында буга чейинки жолдо мен көп кырдуу турмушту жашадым. Бирок, көп адамдарга жардам бердим. Тилекке каршы, кийинки он жыл ичинде мен мүмкүнчүлүктөрүмдү бергенге мага эч кандай жумуш берилген жок. Ачыгын айтыш керек, Аскар Акаевге деле канча жолу кат жазып, "Менин мүмкүнчүлүгүмдү пайдалангыла. Менин билимим жетишерлик" деген учурлар да болгон. Албетте, бул мен тараптан башкалар үчүн ашыкча мактануу болушу мүмкүн. Бирок, бул чындык. Бүгүн болсо "Бакиев менин эң сүйүктүү президентим" деп айтам. Бакиев эртеңки күнү президенттиктен кеткенде дагы айтам. Анткени ал мага мүмкүнчүлүк берди. Мени акча бербесең мандат ала албайсың деп шылдыңдаган да адамдар болгон. Көрсө акчасы жок эле депутат болсоң болот экен. Ушундай түшүнүксүз пикирлерден улам биз өсө албай келатабыз да. Мен муну эртеңки күнү мандатын алдырып жибергенден корккон депутат катарында эмес, чындыкты ар дайым бетке айтып келген, жөнөкөй, керек десе азыр да мандатын таштап чыгып кете турган аялзаты катарында айтып жатам.
- Кечиресиз, акыркы учурларда "президенттин саясатын колдоп бардык мыйзамдарды кабыл алып коюшту. Эми апрель айында карай турган бир да мыйзам жок" деген пикирлер да чыгып кетти.
- Карай турган мыйзамдар көп. Ар бир сунушталган мыйзамды жакшылап карап, финансылык абалы кандай болот баарын териштирип туруп сунушташ керек да. Акыркы убакта жаңы келген парламент оңдоолордун парламенти болуп жатат деген да сөздөр бар. Айла жоктон оңдоолорду киргизгенге туура келет экен. Себеби көп мыйзамдардын каражат жагы каралган эмес же экспертизасы начарыраак болуп калган. Мына Балыкчы тууралуу айтсак, мисалы Ысык-Көлдөгү параходчулук боюнча көп талаштар болуп жатат. Азыр ал талкаланып калган. Карап көрсөк бизде суу транспорту туурасында мыйзам жок экен. Ошол мыйзамды азыркы күндө моряктар менен биргеликте сүйлөшүп жатабыз. Параходчулукту стратегиялык обьекттердин бирөөнө киргизиш керек. Антпесек болбойт. Бул жерде туризм боюнча дагы бир топ жетишкендиктерге жетишет элек. Себеби, темир жол аркылуу Балыкчыга, андан кеме аркылуу көлдүн аркы жээктерине өтүүнү колго алсак, биринчиден туристтер үчүн, экинчиден автожолдорду сактоо үчүн кам көргөн болоор элек.
Кытайдан оор жүк ташыган машиналарды эмне үчүн карашпайт. Кытайлар өздөрүнүн жолун аяп, Торугартка жетпеген бир кыргыз айылга чейин 20-25 тонналык машиналарга жүктөп келишет экен дагы, биздин Торугарттан 50-60 тонналык машиналарга кайра жүктөп, анан Кыргызстанга кирип жатышат. А биздин жолдор СССР учурунан бери эле 25 тоннага гана эсептелген. Ошон үчүн асфальттарыбыз кайра-кайра жарылып, жолдорубуз аңгыл-дөңгүл болуп калууда. Бизде деле укмуштуудай жолдорду салган бир фирма бар экен. Албетте, бул үчүн кичине ашыгыраак акча каражаты жумшалышы мүмкүн. Бирок, сапаттуу жолдор салынса канчага чейин турат эле. Кыргызстанда атайын өкүлчүлүгү бар экен, эмнегедир транспорт министрлиги ал фирма менен иштешпептир. Бул боюнча дагы Транспот министрлигине кайрылайын деп жатам.
- Гуманитардык жардамга келген дарылар боюнча дагы мыйзам туурасындагы пикирлериңизди да уга калып жүрөбүз…
- Бул дагы олуттуу маселелердин бири. Башкасын айтпаганда да, диабетиктерге керектүү "педитрон" деген дарыны алсак, анын бир пачкасы 600 доллар турат экен. Аны карапайым адамдар эч качан ала албайт. Бизге болсо гуманитардык жардам катары гана алып келишет. Бирок ал убагында разтамошка болбой, терминалда тура берип мөөнөтү өтүп кетет. Анткени ага тиешелүү мыйзамдар жок. Эгер ал өз убагында диабет менен ооруган адамдарга берилсе канча элге жакшылык болот эле. Мен азыр бир учурларда инсулин шприцтеринин тегерегинде болгон нерселерге байланыштуу материалдарды чогултуп жатам. Эмне үчүн мындай маселелердин тегерегинде иштегенден саламаттыкты сактоо министрлиги ушунчалык коркот. Эмне үчүн бизге бекер келип жаткан жардамды элге жөндөп таратып бере албайбыз?
- Эми ага кимдер кызыкдар деп ойлойсуз?
- Буга кызыкдар адамдар көп. Алардын ичинде биздин парламенттеги адамдар да бар. Мен дагы бир мисалды айтайын. Балыкчыдагы кургак учук менен ооруган адамдарды дарылай турган оорукананы жаап салышты. Мэрия менен сүйлөшүп Караколдогу ооруканага барып келиш үчүн жол кирелерин төлөп берелик деп чечкенбиз. Бирок, оорулуулар үчүн бул деле жардам болбойт экен. Мен бир-экөө менен жолугуп сүйлөшсөм алар "же туугандарыбыз тамак алып келип бере алышпаса, биз кантип ал жакта ачка жатып алып дарыланат элек" дешет.
- Ал оорукана эмне себептен улам жабылып калды?
- Каражаттын жоктугунан. Мамлекеттик бюджетте турган оорукана эле да. Анан бүт область боюнча Караколго барып дарыланышсын деп кыскартып коюшкан. Бирок, оорулуунун да абалына караш керек да. Макул акчалуулар эптеп барып келишет. Ал эми жакыр үй-бүлөлүүлөр, оорулуулар кантет?
- Донорлорду таап ушул оорукананы сактап калса болот беле?
- Албетте, Кыргызстанда туберкулез боюнча көп долбоорлор бар. Мен азыр ошол маселелердин баарын кайрадан көтөрөйүн деп жатам. Мен билген маалыматтар боюнча туберкулездор үчүн келген дарылар да көп. Аягы барып эле жанагы терминалга барып такалып жатпайбы. Эми болсо мамлекеттик бир комисиия түзөлү деп жатышат. Бирок, комиссиянын эмне кереги бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги иштесин да. Улам эле бир комиссияны чыгара бергенде эмне пайда? Ал комиссияга баягыл эле кызыкдар адамдар кирет. Анан айланып келип эле "Президент иштебей жатат. Ушул маселелер эмне үчүн чечилбейт" деген сөздөр чыгат. Ошондуктан ар бирибиз өзүбүздүн ишибизди өзүбүз көзөмөлгө алып туруп анан бирөөгө сын айтсак.
- Балыкчы шаары үчүн күйүп-бышып, бир канча жылдан бери эле көп маселелерди көтөрүп келатасыз. Азыркы учурларда ошол Балыкчы шаарында биринчи эле чече турган көйгөйлүү маселелер барбы?
- Эң биринчи чече турган маселе катары мен жумушсуздук маселесин айтаар элем. Миграция боюнча мен өзүм 5-6 жылдын тегерегинде иштедим. Силер деле билесиңер, жумушка жарамдуу жарандарыбыз балдарын, карыган ата-энесин таштап алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө кетип жатышат. Ал түгүл кенедей балдарын кошуналарына таштап кеткен үй-бүлөлөр бар. Депутат болуп келгенге чейин мектептин директору болуп иштеп, мигранттардын балдары менен жакындан иштешүүгө туура келген учурлар көп болду. Ким сабактан качат, ким ууру кылат, ким жаман иштерге барат? Жалаң гана ушул мигранттардын балдары. Анан ата-энесин чакыртсаң ата-энеси Россияда же Казакстанда. Арга кеткенде бир-эки баланын ата-энесине жолугуп, "эгер балаңдын жакшы тарбия алаарын кааласаң өзүң менен кошо алып кетип тарбиялап, окут" десем, "биз ушул балдарды кийинтип, курсагын тойгузуу үчүн иштеп жүрөбүз. Ал жактан кантип багам" деп боздоп ыйлашат. Мен муну эмне үчүн айтып жатам. Эгер мектепте бир нерсе болсо эле мектептин директору же мугалимдер күнөөлүү болуп чыга келишет. Мен ушул боюнча да атайын мыйзам даярдап жатам. Биринчи күнөөнү мугалимден эмес ата-энеден издеш керек. Баланы таптыңбы аны кара. Мугалимге таптакыр эле сен тарбиялашың керек деп өткөрүп койгон туура эмес. Ал билим берет. Ошондуктан биз бардык нерсени кичине кезинен алдын алышыбыз керек. Акча табуунун айласы менен балдарыбыздын ууру же кылмышкер болуп калышына себепчи болбошубуз керек. Демек, биринчи орунда жумушчу орундары керек. Ата-эне ошол жумушта иштеп, баласынын жанында татыктуу тарбия берип, өстүрүшү зарыл. Мына дүйнөлүк кризистин кедергисинен улам мигранттарыбыз кайрадан кайтып келе башташты. Эгер жумушсуздук болсо талап-тоноо, уруулук мындан да көбөйөт.
Дагы бир белгилеп кое турган нерсе президенттик шайлоо дагы жакындап калды. Балыкчы деген саясатташкан шаарлардын бири. Тышкы жана ички мигранттар чогулат дагы акча үчүн болсо дагы ар кандай кырдаалдарга себепчи болушу мүмкүн. Эгерде Балыкчыга СЭЗ ачылса, акимдерибиз ошону жакшылап чечсе, биргелешип туруп инвестиция тартсак, элге жумуш болот эле. Токочко жетпей турган адам кичине акча үчүн болсо да митингге чыгат.
- Жекшенкуловдун иниси боюнча парламенттин трибунасында сөз сүйлөгөнүңүздө айрым саясаттагы адамдар жаңы келген депутат өзүн көрсөтүү үчүн эле чыгып сүйлөдү дегендей пикирлерин билдиришкен. Аны сиз кандай кабылдадыңыз.
- Мен аны туура эле кабыл алдым. Мисалы, газетага жазгандар деле өзүнүн нанын таап иштеп жаткандар. Мен гезитчилерге деле таарынган жокмун. Мен болгону анын саясий буйрук эмес экендигин айттым. Анткени ал адам Жекшенкуловдун иниси болбогон күндө да ошол иш акыры ачыкка чыкмак. Бул жөн гана кайдыгерлик. Ага жергиликтүү жетекчиликтин деле тиешеси бар.
- Бүгүнкү парламенттин күчтүү парламент болушу үчүн эмнелер керек. Бул депутаттардан көз каранды десек болобу?
- Антип айтсак деле болот. Бирок, негизгиси биздин партиялык лидерлерден көп нерсе көз каранды. ЖКда үч фракция иштеп жаткандан кийин ошол үч партиянын лидерлери күчтүү болуш керек. Жер- жерлердеги ячейкалары активдүү болуп. Эл менен тыгыз иштеп, элдин көйгөйүн уга жана чече билгенде гана күчтүү парламент боло алат деп ойлойм. Биринчи кезекте партиянын аброюн көтөрүү зарыл.
- Депутат айым болуу кыйынбы же..?
- Эми биз гендер деп кыйкырып жатып, ушуга жеттик да. Айрым учурларда айымдарды ылдыйраак коюп койгон биздин мырза депутатардан байкап калып жатам. Албетте, бугу чейин жалаң гана мырзалардан түзүлгөн парламент болуп мындай нерсеге көнгөн эмеспи, же кыргыздардын менталитетиби аялдарды ылдыйраак койгулары келишет. Бул боюнча өткөндө да парламент ичинде кичине конфликт болуп кетпедиби. Мен ошондо ыраазы болуп калдым. Албетте, Абдразаков кыргызча сүйлөө туурасында жакшы маселе көтөрдү. Бирок, аялзаты катарында Назгүл Ташпаевага башкача бир формада, же танапис учурунда "сиз деген министрсиз, кыргыз тилинде сүйлөп, жооп берсеңиз туура болот эле, кыргызча үйрөнүңүз" деп кайрылганда туура болмок. Бирок, тил туурасына келгенде, албетте, биз бардыгыбыз кыргыз тилин билүүгө тийишпиз. Ооба, кыргыз болгондон кийин кыргызча эле сүйлөйлү. Тимошенко деле бакырып-өкүрүп хохолдордун тилинде сүйлөп келатат. Бизде деле антсе болот. Орустарга которуп беришсин. Мына Куликова кыргызча ырдап кандай аракет кылып жатат. Аны ким жаман көрөт эле. Албетте, орус мектепти бүткөн соң орусча ой жүгүртүп, аны кайра кыргызча түшүндүрүү мен үчүн деле кыйын болуп жатат. Бирок, кыргыз болгондугум үчүн мен кыргызча билишим керек. Гимнди билишим керек.
- Сиздин сөздөрүңүздү угуп олтуруп, патриоттук сезим сизде күчтүү экен деген тыянакка келип олтурабыз. Жаңылышкан жокпузбу?
- Жаңылышкан жоксуз. Мен абдан улутчул адаммын. Бир орус мектепке барып, кыйын окуган кыргыз балдар-кыздарды басынткан учурлар бар экендигине күбө блдум. Билгизбегени менен көрүнүп калат экен да. Чыдабай кетип, орус мектеп болгондон кийин орусча окуп үйрөнүш керек, бирок, Кыргызстанда жашап жаткандан кийин мектептен тышкары кыргызча сүйлөгөнгө да милдеттү деп айттым. Кыргызстанды көтөрүш үчүн кыргыздын жаш балдар-кыздарын көтөрүш керек.

Маектешкен А.Асанбекова












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!