Качанкы ыр
кайрадан козголуп…
Газетабыздын өткөн санында ырчы Роза Таберикованын маеги чыккан соң, ырчы Гулнара Кахарова телефон чалыптыр.
Маекте "Келгилечи бий бийлеп…" деген ырды убагында эки ырчы талашып жүргөнү жөнүндө сураган элек. Роза Таберикова "Ооба, талашканыбыз чын. Ал кезде ошондой убак экен. Азыр "сен ырда, сен ырда" деп калабыз. Экөөбүз чогуу жаздырып дуэт кылып ырдап чыкпайлыбы" деп да күлдүк" деп жооп кылганын Гулнара айым четке кагып, "Экөөбүздүн ортобузда андай сөз болгон эмес, мен ал менен ыр талашкан эмесмин. Тескерисинче, мен бул ырды ырдап жүргөндө ал ырдап чыгып алган.
Анан "Уялбагандан өзүң уял" дегендей, өзүм ырдаганды токтотуп койгом. Бул жерден мен аны менен талашкандай болуп калыптырмын. Ыр талашуу менин табитимде жок нерсе" деген карама-каршы сөзүн айтты. Бул карама-каршы пикирди жараткан ырдын тарыхын, кимден ким талашканын автору Эсенбек Мааданбековдон сураганыбызда ал буларды айтып берди: Бир күнү мага Гүлнара келиптир. "Мага бий, сүйүү тууралуу бийлеп ырдаганга ылайыктуу ыр жазып бериңизчи" деп. Мага айткан идея боюнча мен Гулнаранын бийлеп жатканын, анын образын элестетип биринчи музыкасын жаздым. Текстин бирөөгө заказ менен жаздырганыбызда ал Гулнаранын да, менин да купулума толбой, кайрадан өзүм жазгам. Аранжировкасын В. Менга деген немис киши жасаган. Ал Роза Табериковага берип коюптур.
Негизи аранжировщик бир ырчы менен иштешип жаткандан кийин анын эмгегин экинчи ырчыга бербеш керек эле. Бул жерден анын күнөөсү чоң. Биз аны ошол кезде сотко берсек да болмок эле, бирок анткен эмеспиз. Эгерде Роза өз эмгеги менен өзүнүн үнүнө ылайыктап, кайрадан жаздырып ырдап чыкса бир жөн эле. Бул жерден ал даяр аранжировканы алып туруп ырдап койгон.

Даярдаган Жеңишгүл Шабданбекова




Туулган айылым, асыл турагым
Айтылуу романист жазуучубуз Төлөгөн Касымбеков жубайы Эльмира менен туулган айылы Акжол Тегенеге барып кайтты. Жетим болуп жетилген жазуучу Аксыдан 1952-жылы борборго келип ошол боюнча шаарда иштеп, жашап калган. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин көрсөм деп көксөгөн айылына 2006-жылы барган эле. Эми үч жыл өтүп өтпөй кайрадан айылына барып, жердештерине жолугуп, элдин батасын алып, өзү да батасын берип, баарлашып, сагынычын жазды. Жолугушуу кечеси өзү окуган мектепте өтүп, Төлөгөн ага алдыңкы окуган окуучуларга өзүнүн эки айлык пенсиясын май айында кайрадан келип тапшырып кетем деп убада берди. Ата-энесинен калган үйүн "Төлөгөн Касымбеков атындагы үй музейи" кылалы деп Өкмөт тарабынан сунуш кылынып, ага жазуучу макулдугун берди. Эми айылда ар ким жашап, каралбай калган өз үйү көз кубанткан музейге айланмакчы.

Назира турмушта
Чечен кыз Назира Айтбекова турмушка чыкканын уксаңыздар керек. Болочок жолдошун Назира студенттер арасында өткөрүлгөн "Ала-Тоо жазы" фестивалында биринчи көрүп эле сүйүп калган. Жолдошу ал жерде калыстар тобунун мүчөсү болгон экен. Өзү айтмакчы чечендигиме салып ичи-койнуна кирсе дагы ал "карындашым" дегенден башка сөз айткан эмес. Москвага окууга кетип эки жылдан кийин келгенде Назира "Хит парадга" чыгып жаткан кези болчу. Назиранын стилин өзгөртүп, чоңоюп калганын байкаган жигит сөз айтат. Бир көрүп сүйүп калып, кумир тутуп, күтүп жүргөн сүйүүсү сөз айтаар замат макул болуп... азыр экөө бактылуу жубайлардан.

"Стиляги" "Никаны" алды!
Өткөн жумада Россиянын "Ника" киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Москва шаарындагы оперетта театрында орун алган иш чаранын натыйжасында "Эң мыкты тасма үчүн" киносыйлык "Стиляги" тасмасына ыйгарылды. Россиялык кинорежиссер Валерий Тожоровскийдин тасмасы "Ника" киносыйлыгын мындан сырткары дагы 3 номинацияда жеңип алды. Аталган кинофестивалга Кыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" тасмасы да катышкан. Кыргызстандык тасма көрсөтүлгөн "КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы номинациясында украиналык режиссер Роман Балаяндын "Бейиш куштары" деп аталган киноэмгеги женишке жетишти. Быйыл Россиянын киноматографиялык чеберчилик академиясы тарабынан белгиленген "Ника" сыйлыгы 22-жолу тапшырылды.

Эски жаңы сүрөт
Рим шаарында Леонардо да Винчинин буга чейин белгисиз болуп келген портретин көрсөтүштү. 15-кылымдын соңунда тартылган сүрөт ушул жылдын февраль айында табылган. Портреттин абалы өтө жакшы эмес. Ошондой болсо да, алдын ала жүргүзүлгөн текшерүү иштеринен сүрөттүн арткы бетинде "мен тарттым" деген жазуу табылган. Тарыхый булактарга кайрылсак, улуу сүрөтчү өзүнө таандык бардык эмгектерине ушундай кол тамга коюп келген. Эгерде божомолдор туура чыкса, жаңы табылган тарыхый эстелик улуу чебердин накта жүзүн аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Медер Бишкек "император-каган" массажы боюнча окуу курсуна чакырат. Курска 18 жаштан 55 жашка чейинки курактагы бардык каалоочулар кабыл алынат. Экзаменди ийгиликтүү тапшыргандар диплом жана сертификаттарга ээ болуп, жумуш менен камсыз болгонго мүмкүнчүлүк алышат.
Тел: 0-773-09-63-53, 0555-31-32-41,
0543-16-40-74.
Дүйнөдөгү эң эле уникалдуу өнөрдүн ээси болууга шашылыңыздар!












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!