Блок

НАТО, Кыргызстан жана кырдаал
4-апрель күнү НАТО уюму уюшулгандыгына туура алтымыш жыл болду. Юбилейди жыйырма сегиз өлкөнүн лидерлери чогулуп, альянстын саммитинин алкагында белгилешти. Кыргызстан бул уюмга түздөн-түз мүчө болбосо дагы, НАТОнун Кыргызстанга болгон таасири күч.

Англис тилинен North Atlantic Treaty Organization, NATO; француз тилинен Organisation du trait? de l'Atlantique Nord, OTAN) кыргызчага которуп "Түндүк Атлантикалык биримдик" десек болот - аскердик-саясый блок. Англис жана француз тилдери альянстын расмий тилдери катары кабыл алынган. Штаб-квартирасы Бельгиянын Брюссель шаарында жайгашкан. 1949-жылы 4-апрельде АКШда түзүлгөн.
Ал кезде уюмду негиздөөчү жана мүчө-мамлекет катары АКШ, Канада, Исландия, Улуу Британия Франция, Бельгия, Нидерланд, Люксембург, Норвегия, Дания, Италия жана Португалия кошулган. Бул тарапкер мамлекеттердин ортосундагы баардык маселелер боюнча, алардын кызыкчылыктарына тиешеси боло турган - коопсуздугуна коркунуч туудура турган болсо аскердик көмөк көрсөтүүгө чейинки чаралар көрүлө турган "трансатлантикалык форум" катары таанылган. Алардын өкүлдөрү уюм Москвага эч кандай коопсуздук туудурбайт деп кызматташууга чакырган. Буга жооп катары СССР Варшава келишимин түзүүгө жетишкен. Эки уюмдун кызматташуусу кандайча "кансыз согуш" менен коштолгондугу белгилүү.
Уюм алгачкы ирет 1952-жылы 18-февралда Турциянын жана Грециянын эсебинен кеңейген. Бирок Греция 1974-жылдан тартып 1980-жылга чейин уюмдун иштерине активдүү катышуудан баш тарткан, буга гректердин экинчи мүчө-мамлекет болгон Турция менен талаш-тартыш маселелери себеп болгон. Экинчи ирет 1955-жылы 9-майда Германияны кошуп алуу менен таасирин жогорулатууга жетишкен. Так ушул маалда эки блоктун кармашуусу ачык фазага өткөндүгү айгине болгон. Анткени экинчи дүйнөлүк согушта Гитлердик Германияга каршы биргеликте согушкан кечээки эле союздаш мамлекеттер минтип так ошол 9-май - Жеңиш күнү тетири сийип баштаганы айныгыс факт болгон.
НАТОго жарым-жартылай баш кошкон Германия 1990-жылы 3-октябрдан тарта толук кандуу кошулган. Буга эки Германиянын биригүүсү шарт түзүп берген. Акырындан кеңейүүнү тандап алган НАТО үчүнчү жолу 1982-жылы 30-майда Испанияны катарына кошуп алган. Төртүнчү жолу жана эң белгилүү кеңейүүсү 1999-жылы 12-мартта Венгрия, Польша жана Чехиянын эсебинен жүргүзүлгөн. Арадан беш жыл өткөн соң альянс кайрадан бир катар мамлекеттерди катарына кошууга жетишкен. Алсак, Болгария, Латвия, Литва, Румыния, Словакия, Словения жана Эстония 2004-жылы 29-мартта мүчө болушкан.
Юбилейлик датага карата бул ирет Албания жана Хорватиянын тиешелүү министрлери 2009-жылы 1-апрелде Вашингтонго барып атайын документтерди тапшырып келишкен. Ал эми саммитте болгон кабыл алуу боюнча болгон расмий иш-чара күн мурун чечилген маселе менен бир ооздон куттуктоо катары кабылданып жатат.
Уюмдун структурасы тууралуу кеп козгой турган болсок, жогорку саясый орган болуп Түндүк атлантикалык кеңеш (НАТО Кеңеши) саналат, жана курамына ар бир мүчө мамлекеттин өкүлдөрү элчилик даража менен кирип, НАТОнун Башкы катчысынын жетекчилиги менен бир жылда эки жолу жыйын өткөрөт. Уюм муну катарлаш эле мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин, мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жолугушууларын да өткөрүп турат. Кеңештин чечимдери баардык тараптардын бирдей добуштары менен кабыл алынат. Сессияларынын аралыгында Кеңештин функцияларын НАТОнун туруктуу кеңеши аткарат, буга да блоктун ар бир мамлекетинен элчилик даража менен бирден өкүлдөрү иш алып барат.
1996-жылдын декабрынан тарта уюмдун жогорку аскердик-саясый органы болуп Аскердик пландаштыруу комитети иш алып бара баштаган. НАТОнун жогорку аскердик органы болуп Аскер комитети саналат. Комитет ар бир мүчө-мамлекеттин Генералдык штабдарынын башчыларынан жана Исландиянын граждандык өкүлүнөн куралган, (Исландия НАТОнун ичиндеги аскер күчтөрү жок жападан жалгыз өлкө, аралдын жээгин көзөмөлдөй турган гана чакан кызматы бар. Уюмга мүчө болуусундагы негизги шарттарынын бири да ушул болгон) комитет бир жылда экиден кем эмес жыйындарын өткөрүп туруусу шарт жана кол алдында Европа жана Атлантика аймактарын камтыган эки бөлүмгө башчылык кылат. Европадагы жогорку командачылык милдет ар дайым америкалык генералдар тарабынан аткарылып келет. Бул командачылыктын карамагына үч аскердик театр аймагы: Түндүк Европалык, Борбордук Европалык жана Түштүк Европалык аймак кирет. НАТОнун негизги органдарынын катарына Ядердик пландаштыруу тобу да кирет. Бул топ адатта бир жылда эки жолу НАТОнун кеңешинин алдында коргоо министрлеринин деңгээлинде жыйын өткөрөт. Исландия бул органда да жарандык байкоочусу менен чектелген.
НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын алкагында дүйнөнүн дээрлик баардык мамлекеттери менен кызматташат. Уюмдун мүчө-мамлекеттеринен сырткары Азербайджан, Армения, Австрия, Белоруссия, Босния жана Герцеговина, Грузия, Ирландия, Кыргызстан, Казахстан, Македония, Мальта, Молдавия, Россия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Финляндия, Черногория, Швеция, Швейцария да бар.
НАТОнун Россия менен болгон мамилесин айта турган болсок, 2008-жылы 23-сентябрда НАТО менен БУУнун "Катчылыктарынын кызматташуусу тууралуу декларациясына" каршы протест менен чыккан. Декларацияга Яап де Хооп Схеффер жана Пан Ги Мун кол коюшкан эле. Кавказдагы август кризисинен улам НАТО менен Россиянын ортосундагы кызматашуу токтоп калган эле. Бирок НАТОнун мүчө-мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери үстүбүздөгү жылдын 5-мартында Россия менен дипломатиялык байланыштарды жандандыруу тууралуу чечимге келишкен.
Ал эми Кыргызстан менен болгон мамилеси - "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын алкагында иш алып баргандыгы жана Манас авиабазасы аркылуу өзгөчө кызматташуу болуп келген. Бирок базаны чыгаруу туралуу чечим кабыл алынгандыгы да белгилүү. Февраль айынын башында НАТОнун Кавказдагы жана Борбор Азиядагы башкы катчылыгынын өкүлү Роберт Симмонс Кыргызстанга сапарында бир катар жетекчилер менен пикир алышып кеткен. "Эгер Манастагы авиабаза чыгарыла турган болсо, бул өкүнүчтүү болот" деп кетти эле, эми президент Курманбек Бакиев атайын жарлыкка кол койгондон кийин өмүр бою өкүнөөр-өкүнбөсүн али айта элек.
Ал эми Кыргызстандык айрым атуулдар "Түндүк Атлантикалык биримдик" менен жылуу алакада болуу Кыргызстандын келечегине оң таасирин тийгизет деген ойдо. Алардын бири Тойгонбаев Марат: "Менимче, Кыргызстан НАТО, Орусия, андан башка өлкөлөр менен да жакшы мамилелерди түзө бериши керек. Кыргызстандын өнүгүшү кыйын болуп жаткан чакта жардам көрсөтөбүз деген өлкөлөрдүн колдоосун алып турушу керек - дейт. Деген менен, дөө-шаа өлкөлөрдүн ортосундагы геосясий оюндардын курмандыгы болуп калуудан көрө, жакынкы өлкөлөр менен жылуураак болуу дурус болот деген да пикирлер бар.
Бишкек ЖОЖнун студенти Жумабаев Максат "Карап көрөлүчү. Кыргызстан Борбор Азияда жайгашкан. Ал эми НАТО Европада жайгашып атпайбы. Мен ойлойм мындай иш аракеттер менен демократияны таңуулаган АКШ Борбор Азия аймагында таасирин арттыргысы келип жатат. Ал эми Манастагы база тууралуу кеп кыла турган болсок, жакында эле, Ооганстанда өндүрүлгөн баңги заттарды өндүрүүнүн көлөмү коалициялык күчтөрдүн жайгаштырылганына чейинки маалга салыштырмалуу кыйла жогорулагандыгы айтылды. Демек бул авиабаза курал-жарак жана азык-түлүк жеткирүү үчүн гана колдонулбастан баңги заттарды да алып чыгуу үчүн колдонулуп жүрбөсүн?" деген пикирде.
НАТОнун саясатына каршылык көрсөткөн адамдар ошол эле Европанын ичинде да четтен чыгат. Уюмдун юбилейлик саммити салтанат менен гана эмес, айыгышкан протесттик акциялар менен да коштолгон. Жүздөгөн демонстранттарга каршы полиция көздөн жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонуп жатып араң таркаткан.
Мирбек Элчиев












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!