Учурмаек

Нурлан Шакиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштардагы кеңешчиси, "ЭлТР" коомдук телерадио компаниясынын башкы директору:
"Эшимканов экөөбүздүн аласа-бересебиз жок"
- Нурлан мырза, "ЭлТР"дин статусу тууралуу айтсак, буга чейин негедир бул телеканал регионалдык мааниде кабылданчу. Азыр болсо сиздин жетекчиликке келишиңиз менен Республикалык деңгээлге чыга баштаганы көрүнүп турат.
- Рахмат. Биринчиден "ЭлТР" негизинен башында эле Республикалык канал болчу, бирок көпчүлүк байкагандай аты Республикалык болгону менен заты анчейин коошпой келгендей. Мен телеканалдын жетекчилигине дайындалгандан тартып, бир жарым айдын ичинде абдан көп иштер жасалды.
Маселен жаңылыктардын күндүзгү блогун ачтык. Буга чейин жаңылыктар такыр орус тилинде чыккан эмес экен. Мына эки жумадан бери орусча жаңылыктар чыгып жатат. "Кутман таң" мурда жалаң Ош студиясында чыгып келсе, апрелдин башынан Бишкектеги студиядан да чыга баштады. Мурда "Кутман таң" бир жарым саат болсо, азыр үч саатка узарды. Ошондой эле "Жети күн" жумалык маалымат аналитикалык программасын ачтык. Андан сырткары "Добуш", "Эл наркы", "Доор аяны" автордук көрсөтүүлөрү чыгып баштады. Эң башкысы мурда көпчүлүк көрсөтүүлөр Оштогу студияда даярдалса, азыр тескерисинче Бишкектеги студиябыздан басымдуу бөлүгүн даярдоону колго алып жатабыз. Ошого байланыштуу "ЭлТР"дин Бишкектеги кеңсесин кеңейтүү зарылдыгы келип чыгууда.
- Кандай гана жетекчи болбосун жаңы келгенде бир жылга дейре реформа жасашчу эле, бул жагы кандай болууда. Дегеле реформа жасоодо ар бир жетекчи жогору жактагылардан бир кишилерге таянып алышчу. Сиздечи?
- Ачык айтсам алгач "ЭлТР" коомдук телерадио компаниясын түзүү элдин талабы болгон. Элдин, мезгилдин талабын Президентибиз Курманбек Бакиев колдоп, аталган телерадио каналы түзүлгөн. Андыктан мен реформа жасоодо элдин колдоосун анан, албетте, Президентибиздин да моралдык колдоосун эске алышым керек. Анан, албетте, телеканалдагы эмгек жамааттын да колдоосу зарыл. Мына бир жарым айда эле ушунча чоң өзгөртүүлөр жасалгандыгын элдер, телекөрүүчүлөр ошондой эле эмгек жамаатыбыз да айтып жатышат. Биз сырттан үч-төрт эле кадр алып келгенибиз болбосо, негизинен "ЭлТР"деги эле өзүбүздүн кызматкерлер менен ишти алдыга жылдырып жатабыз.
- Акыркы күндөгү коомчулукта "ЭлТР" "УТРК" менен атаандаштыкка чыга баштады. Андыктан эки телекомпаниянын ортосунда тирешүүлөр да болот деген сөздөр айтылууда. Балким мындай сөздөр М.Эшимканов экөөңүздөрдүн жеке мамилеңерден улам айтылып жатабы?
- Эгерде коомчулук, телекөрүүчүлөр чындап эле "ЭлТР" менен "УТРК"ны атаандаштыкка чыга баштады десе, анда бул жакшы. Анткени биздин каналдагы жакшы өзгөрүүлөрдү элибиз көрүп жатат десем болот. Ал эми Эшимканов менен болгон менин жеке мамилемдин буга эч тиешеси жок. Анын үстүнө Эшимканов экөөбүздүн азыр эч кандай бири-бирибизге аласа-бересебиз жок деп ойлоймун. Анан, албетте, эки Республикалык каналдын ортосунда чыгармачыл атаандаштыктын болушу бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.
- Сизге башында "УТРК" андан кийин ушул эле "ЭлТР" сунуш болгондо баш тарткандыгыңыз бизге маалым. Анан кандайча "ЭлТРге макул болдуңуз?
- Ооба, чынында ошондой болгон. Алгач УТРК кийин "ЭлТР" сунушталган, бирок мен экөөсүнөн тең баш тарткам. Себеби, мен массалык маалымат каражаттарында иштөөдөн такыр эле кетейин деп жүргөнмүн. Ошол үчүн Президенттин басма сөз катчылыгынан кетип жатканда Президентибизге да ушул оюмду айткан элем. Бирок буйрук ушундай экен Президентибиз кайрадан сунуш кылды, мен макул болдум.
- Элчилик кызматка да сунуш болду беле?
- Ооба, болду. Бирок мен азыр жаш курагымда өлкөбүздүн ичинде элимдин арасында эле кызмат кылайын деп чечтим.
- Сиз Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси эмессизби. Президентке кандай сунуштарды берип жатасыз?
- Негизинен ММКлар боюнча, анан кээ бир маселелер тууралуу Президентибиз менин ой-пикирлеримди сураса болгонун болгондой ачык айтып турамын.
Ч.Кутманалиева






ОБСЕ бизге эмне бермекчи?
Эл аралык коопсуздукту бекемдөө маселелер жаатында ОБСЕ ири аймактык уюм болуп саналат. Бул адам ченемдеринин актуалдуу аспектилерин өзүнө камтыган кызматташуунун маанилүү саясий инструменти.


ОБСЕнин алып барган иштеринин натыйжасында коопсуздукка карата жалпыга таанымал, универсалдуу жана ажырагыс мамилени негиз катары бекитүүгө;
Европада эки башкы аскердик-саясий топтун тирешүүлөрүн төмөндөтүүнүн мүнөздүү көрүнүшүн бекемдөөгө;
аскердик-саясий диалогдун жүрүшүн жеңилдетүү үчүн эрежелер жыйнагын иштеп чыгууга;
жамааттык иштелмелер менен камсыздоого жана ишенимдин, коопсуздуктун чараларын киргизүүгө;
алдыңкы коом деңгээлиндеги мамлекеттер аралык мамилелерге "адамдык ченемдер" факторун киргизүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
ОБСЕ аскердик-саясий маанидеги маселелерди, экономикалык өнүгүү жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелерин, ошондой эле адам укугун коргоо маселелерин чечүүдө катышкан бардык мамлекеттердин позицияларынын негизинде макулдашууда жана бир пикирге келишүүдө зор тажрыйбаны топтоду.
ОБСЕнин бул тажрыйбалары, иштелип чыккан долбоолору жана мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө бир зор потенциал болуп саналат, буларды өлкөнүн туруктуу, коопсуз жана илгерилөөчү өнүгүүсүнүн зарыл милдеттерин чечүү үчүн пайдалануу максатка ылайыктуу.
Азыркы мезгилде Кыргызстан менен ОБСЕнин, анын органдары жана институттарынын ортосунда өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө жана коопсуздугунун маанилүү аспектилерине багытталган кызматташуунун жогорку деңгээли орногон. ОБСЕнин сунуштары жана консультативдик-эксперттик жардамдары өлкөнүн жашоосунун саясий, экономикалык тармактарында, анын ичинде укуктук жана демократиялык реформаларды алга жылдырууда практикалык колдонууга ээ болуп келет. ОБСЕнин багыты боюнча сапарлар үзгүлтүксүз жана интенсивдүү мүнөзгө ээ. азыркы иштеп жаткан Төраганын, Уюмдун Башкы катчысынын Борбордук Азия өлкөлөрүнө иш сапарларынын үзгүлтүксүз болушу ишенимдин жана өз ара мамилелердин принциптеринен түзүлгөн өз ара байланыштардын деңгээлинин жогору экендигинин далили болуп саналат. Уюмдун Башкы катчысы М.де Бришамбо өзүнүн сүйлөгөн сөздөрүндө "Кыргыз Республикасы демократиялык өнүгүү боюнча аймакта алдыңкылардан болуп саналары шексиз" - деп баса белгилеп келген. Мындай жогору бааны ОБСЕнин башка дагы жогорку өкүлдөрү колдоп келишет.
Уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагындагы кызматташуу ОБСЕнин үч ченеми менен ишке ашат - аскердик-саясий, экономикалык жана экологиялык, адамдык ченемдер. Буларга терроризмге каршы күрөш, саясий институттардын өнүгүшү, этникалар аралык мамилелер, чегара маселелери, пенитенциардык система, гендердик маселелер жана адам сатууга каршы күрөш, ички иштер органдарына жардам көрсөтүү жана өз ара кызыкчылыкты туудурган башка багыттар кирет.
Азыркы мезгилде ОБСЕ өзүнүн ишмердүүлүгүн экономикалык, экологиялык жана энергетикалык кызматташууга багыттагандыктан, жакынкы келечекте ишмердүүлүктүн маанилүү маселелери өлкөнүн суу-энергетикалык комплексин өнүктүрүү болуп саналат. Бул багытта мөңгүлөрдүн абалын талдоо, байкоо, суу ресурстарынын жана сууларда коюлган өткөрмөлөр системасын компьютерлештирүү, уран калдыктары сакталган жайларды кайрадан иштеп чыгуу сыяктуу маселелер да каралып, чечилүүгө коюлган.
Бүгүнкү күндөгү негизги долбоорлордун бири Бишкек шаарында афган бажысы боюнча адистерди даярдоочу ОБСЕнин Бажы Борборунун ачылышы болду. Бул долбоор ОБСЕнин Афганистанды кайра калыбына келтирүү боюнча долбоорлорунда кыргыз тарабынын катышуусу катары да каралат.
Ушуну менен бирге эле Кыргыз Республикасынын демилгеси менен уюштурулган ОБСЕнин Академиясы да ийгиликтүү иштеп жатат. Академия кеңири аймактык келечекке ээ жана Азия мейкиндигинде ОБСЕнин прициптерин жана баалуулуктарын жайылтуу боюнча жана ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча илимдин магистрлерин, докторлорун даярдоодо ОБСЕнин Борбордук Азиядагы билим берүүчү, илимий-изилдөөчү борбору болуу үчүн түзүлгөн. Академияда окутууну Кыргызстандын, Борбордук Азия, КМШ, Европа жана алыскы чет өлкөлөрдүн алдыңкы адистери-окутуучулары колго алышкан. Азыркы мезгилде Академия ОБСЕнин маанилүү бир аймактык долбооруна айланды жана ийгиликтүү окуу-илимий борбор статусуна ээ болду.
ОБСЕ менен өз ара мамилелердеги стартегиялык милдет Кыргызстандын позитивдүү абройун мындан ары да бекемдөө болуп саналат, себеби, бул көрүнүш улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана аны бекемдөө максатында өлкөнүн тышкы саясий курсун жигердүү жүргүзүү үчүн, ошондой эле Кыргызстанга ОБСЕ жана башка жалпы эле дүйнөлүк коомчулук тарабынан керектүү болгон каржы, экономикалык жана башка жардамдардын келиши үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү керектүү шарт.

ТИМнин
Эл аралык уюмдар департаменти












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!