БАЙАС ТУРАЛ

ЭЛДИ САНЖЫРА БИРИКТИРЕТ
Эмне үчүн биз бүгүн ушул маселени көтөрүп жатабыз? Эмне үчүн кайра "уруулук түзүлүштү" калыбына келтириш керек" деп эсептейбиз? Ал бизге эмне берет? Кээ бирөөлөр айткандай "бул артка феодализмге кетүүбү" же биз далилдөөгө аракет кылгандай "алдыдагы дубалдан секирип өтүү үчүн чегинүү жасообу?"

Сөз анда башынан болсун. Бизди бир нерсе таң калтырууда. Биз бүгүн мындай бир суроого жооп таба албай кыйналып жатабыз: "Эмне үчүн мамлекети жок кездерде да тили бурулбаган, салттары бузулбаган, маданияты таза сакталган, эли чачылбаган, улут катары жок болуу коркунучуна кабылбаган Кыргыз бүгүн мамлекети бар туруп "жоюлуп бараткан 20 улуттун" ичине кирип олтурат?" Биз муну басма сөз беттеринде жарыяланган Эл аралык уюмдун маалыматы боюнча айтып жатабыз?
Дагы бир суроо: "Эмне үчүн ушул убакка чейин ушул маселе же Өкмөттүн аппаратында, же ЖК нын сессиясында коюлуп талкууланган жок? Эмне үчүн биздин мамлекет жетекчилери ушул суроону жоопсуз калтырышууда жана эч нерсе угушпагандай, бул тууралу гезит-журналдардан эч нерсе окушпагандай түр көрсөтүшүүдө?" Же бул жалган маалыматпы? Чын эле бүгүн биздин коомдо эмне болуп жатат? Ким так, ачык айтып бере алат?
Эл өзүнүн жана мамлекеттин тагдырын өзү шайлаган Президенттин жана депутаттардын колуна тапшырат. Бул улуу жоопкерчилик. Ошондуктан экөөсү тең Элге ак кызмат өтөөгө милдеттүү. Бирок иш жүзүндө башкача болуп жаткандай көрүнүүдө. Бул системаны, ал аркылуу коомду өзгөртүүлөрдүн ары жагында эмнелер бар?
***
Улуттук интеллигенциянын чакан бир тобу көп жылдардан бери ушундай баш ооруткан суроолордун үстүндө ой жүгүртүп, ар кандай талаш-тартыштарды, кереге кеңештерди уюштуруп отуруп, бүгүн "улуттун өзүнүн табигий түзүлүшүн" калыбына келтириш керек экен деген ойго келди. Бул эмне деген сөз?
Биринчиден, башка элдер эмне кылса, ошону туурап жасай берүүнүн өзү туура эмес экенине көзүбүз жетти. Мисалы, кыргыз - дарыя эл болсо, орус - деңиз эл. Экөөнүн табияты, ички түзүлүштөрү таптакыр эки башка. Үстүрт кеп кылганда эле: бири - "таза" суудан, экинчиси - "шор" суудан турат. Дарыя - суулардан, суулар кокту-колот, сансыз жылгалардан агып түшкөн булактардан башталат. Кыргыз да ошондой: оң, сол, ички улустардан, улустар - уруулардан, уруулар - уруктардан куралат. Ал эми деңиздин түзүлүшү андай эмес. Ал агып кирбейт дагы, агып чыкпайт дагы.
***
Эгер адамзаттын жашоосундагы экөөнүн ролун салыштырып көрсөк, бизге сөзсүз деңиздин ролу көптөй жана маанилүүдөй сезилет. Менимче, андай эмес. Бүгүнкү проблемалар деңизге караганда, эртеңки адамзаттын жашоосу булактын суусуна көбүрөөк көз каранды болорун көрсөтүүдө. Бүгүн адамзатты "шор" суу эмес, "таза" суу сактаарын окумуштуу эмес, жаш бала да билет.
Урук менен уруунун сакталышынын мааниси да ушунда. Аларды жасалма жол менен зордуктап жок кылуунун кереги жок. Тескерисинче, аны сактаганга аракет кылуу керек. Анткени, ал канчалык узак сакталса, улут ошончолук таза сакталат.
Ошондуктан отурукташкан элдерди, б.а. табияты башка элдерди ээрчип, элибизди эл кылып турган анын ички түзүлүшүн бузуу - чыккынчылыкка тете иш. Анда биз өз элибизди жок кылып алабыз. "Оруска дары, немиске уу" дегендей, отурук элге дары нерсе, бизге толук уу катары таасир бериши мүмкүн.
Экинчиден, Президентибиз баш болуп, бүгүн элибиздин алдына: "Биз кимбиз" деген суроо коюлду. Чын эле биз кимбиз? Биздин ата-бабалар ким болушкан? Бул суроого толук жооп бериш үчүн биз санжыраны, тарыхты жакшы билишибиз керек. Бүгүн биздин балдар кыргыздын тарыхына караганда, орустун тарыхын жакшы билишет. Демек биздин балдар өздөрүн эл, улут катары билишпейт. Ошол үчүн бүгүн биздин арабызда "кыргыз болгусу келбеген" кыргыздар көбөйүүдө. Бул улуттун жок болуп бараткан негизги белгилеринин бири.
***
Коомдун жашоосун жөнгө салган үч түрдүү мыйзам бар:
* Кудайдын мыйзамы,
* Табияттын мыйзамы,
* Коомдук мыйзам.
Эң улуу мыйзам жана туура жол - ал Кудайдын мыйзамына ылайык таза жашаган жана аны тааныган жол.
Андан кийинки мыйзам - ал Табияттын мыйзамы. Б.а. бул мыйзам жаратылыштын "өлүп, кайра жаралып" туруусу менен жуурулушкан. "Акыл үйрөнөм десең Табиятка бар" деп кытай акылмандарынын айткандары да ошондон. Кыргыздар бул мыйзамды салтка салып, табият менен бир бүтүн жашагандыктан ушунча узун өмүр сүрүп, жок болбой келди.
Ушуга байланыштуу Конфуций: "Элди салт менен башкарса, адептүүлүк көбөйөт, мыйзам менен башкарса - мыкаачылык көбөйөт" деген. Ал "мыйзам" деп жасалма жазылган мыйзамды айтып жатат.
Үчүнчү мыйзам - коомдук мыйзам. Бул, адамдар өздөрү ойлоп таап алган мыйзамдар. Мындай мыйзамдар отурукташкан элдерге, айрыкча шаардык цивилизацияга тиешелүү. Ал мыйзамдарды атайын адистешкен адамдар башкаруучу топтун кызыкчылыгын коргоп жазышат.
Коом жасалма мыйзам менен жашабасын десек, анда уруулук түзүлүштү жоготпош керек. Анткени, уруулук түзүлүшү сакталган эл гана өзүнүн тукумун таза сактайт жана өз салтына баш ийип жашайт.
***
Мисалы, Табияттын мыйзамы боюнча мындай: Кум биригип - шагылга, шагыл биригип - ташка, таштар биригип - аскага, аскалар биригип - тоого, тоолор биригип улуу Чокуга айланат. Бул өсүүнүн Көккө карай кеткен көрүнүшү.
Дал ушул сыяктуу эле: Адам менен адам биригип үй-бүлөнү, үй-бүлө биригип - урукту, уруктар биригип - урууну, уруулар биригип - улусту, улустар биригип улутту, улуттар биригип улуу Элди пайда кылат.
Кум бирикпей туруп - шагыл, шагыл бирикпей туруп - таш, таштар бирикпей туруп - аска, аскалар бирикпей туруп - тоо, тоолор бирикпей туруп - улуу Чоку пайда болбойт.
Дал ушул сыяктуу эле: Эки адам бирикпей туруп - үй-бүлө, үй-бүлөлөр бирикпей туруп - урук, уруктар бирикпей туруп - уруу, уруулар бирикпей туруп - улус, улустар бирикпей туруп - улут, улуттар бирикпей улуу Эл пайда болбойт.
Бул Биригүүнүн табигий жолу, б.а. механизми. Ага карама-каршы жолдун жана айткан акылдын баары жасалма. Жасалма болгондон кийин туура эмес.
***
Туура жол - туугандарың менен ынтымакта жашаган жол. Ошол үчүн кыргыздар: "Туугандын топурагы алтын" дейт. Ушул эле сөз Библияда: "Жакыныңа жакын бол" деп жазылган. Ал эми байыркы шумерлерден: "Тууган түбөлүк, дос убактылуу" деген сөз калган. Кыргыздар ар дайым түбөлүктүүлүктү күнүмдүктөн өйдө койгон. Т.а. ал чыныгы досчулукту туу кылып көтөргөн, бирок тууганчылыкты андан жогору баалаган.
Чынында, "тууганчылык кудайдан". Ал жакшыбы же жаманбы - сенин тууганың. Тууганды эч ким башка бирөөдөн сурап ала албайт. Ошондуктан тууганын эч ким танбайт. Ал эми уруучулук - ал тууганчылык. Демек, уруучулукту тануу - ал тууганчылыкты тануу деген сөз. Улуска1 келсек, анын деңгээли андан жогору, Улут болсо андан бийик деңгээлдеги тууганчылык.
Ал эми дос - ал көңүл менен, көз караш менен табылган жолдош. Достук эң узак болгондо бир адамдын өмүрү менен ченелет. Тууганчылык болсо миң жылдап кетет. Ал түбөлүктүү.
***
"Кыргыз өз жолун табыш керек" деп саясатчылар качантан бери айтып келатышат. Бирок бир да саясатчы ушул убакка чейин бир улуттук жолдун долбоорун сунуш кылган жок. Аны биз Биримдик идеясын көтөрүп жүргөн топ ортого алып чыгып, сунуш кылып жатабыз.
"Жол" деген эмне? Ал тарихий эч-тутумду калыбына келтирүү. Ал өзүнүн ким экенин билүү. Ошого жараша жашоо, кесип тандоо. Мисалы, жыгач уста салган тамды темир уста сала албайт, же темир уста жасаган таканы жыгач уста жасай албайт. Ошондой эле саяпкердин таптаган атын мүнүшкөр, мүнүшкөрдүн таптаган кушун саяпкер таптай албайт. Дал ушул сыяктуу көрүнүш.
Ал эми Кыргыз эли байыркы арат2 коомунун мураскору анын улуу салттарын улантуучу катары Акынды, Баатырды жана Өнөр адамдарын туу тутуп жашап келген. Бирок, бүгүнкү биздин коом байды "башкы адам" катары санаган семит коомунун салтын киргизип, базар ишине шыгы жок, аны өмүрү кесип кылбаган жоокер адамды "соодагерге" айлантуу аракеттери жүрүп жатат. Кыргыздар алдап сатканды жана уурдап дүйнө жыйнаганды үйрөнө албай, чайналып, негизинен кыргыз эместердин байып жатканы да ошондон улам.
***
Уруулук түзүлүш - ал биздин жол. Ал ата-бабалардын жолу жана тажрыйбасы. Эмне үчүн биз аны улантып жашабай, башка элдер таңуулаган жолго түшүп жашашыбыз керек? Көптөр уругун же уруусун айткандан уялат. Эмне үчүн экенин өзү да билбейт? "Жети атаңды айтып берчи" десең, айта албайт. А бул болсо, генефондго байланышкан маселе.
Дүйнөлүк көп жолдор бүгүн кыйрап жатат. Мисалы, Европа коомунда бүгүн эркек эркекке үйлөнүп, аял менен аял баш кошуп жашоодо. Алар аны салтка айлантып, табияттын мыйзамына каршы жолго түшүштү. А биз болсо, ошол кыйрап жаткан коомдордун тажрыйбаларын үлгү катары алып, өздөштүрүп жатабыз.
Эгер кээ бирөөлөр айткандай, "уруулук түзүлүш" жаман болсо, же орустар үйрөткөндөй ал элди бөлсө, анда уруулар алда качан эле бири менен бири урушуп, бирин бири кырып, көчмөн элдердин көбү эл катары жок болуп кетмек. Тескерисинче, кыргыздар мамлекети жок кезде да андай тагдырга туш болгон эмес. Ал эми саясатчылар дайым бетке кармап, мисалы кылып айтышкан кечеги "сарбагыш менен бугунун урушу" башка улуттун өкүлдөрү жасаган чагымчыл былык иштерге байланыштуу экени бүгүн архивдик материалдардан улам ачыкка чыгууда.
Эгер ошол учурда мамлекет болсо, анда сарбагыш менен бугунун ортосунда андай уруш чыкмак эмес. Кайра ал экөө башка кыргыз уруулары менен биригип, жалпы кыргыздын душманына каршы турушмак. Ошондуктан уруулук түзүлүштү калыбына келтирүүгө бир жактуу карабаш керек.
Тарыхка көз чаптырсак, тескерисинче, тектеш уруулар өздөрү гана бирикпестен, теги башка элдерди бириктирген улуу империяларды да түзүшкөнүн көрөбүз. Мисалы, каган Моде негиздеген Чыгыш хун империясы, жаш баатыр Таншигай түзгөн Сиянби бирикмеси, "аты чуулу Адил хан курган Батыш гун империясы, касиеттүү каган Бумын түптөгөн Түрк каганаты, каган Барсбек түзгөн улуу Кыргыз держевасы, Чынгыз хан түзгөн Монгол империясы, огуз Осмон бий негиздеген Осмон империясы, барлас Темирлан курган империя жана султан Бабыр негиздеген улуу Могол династиясы - эмне деген улуу дөөлөттөр эле!? Ушул улуу империялардын негизинде чулу бир муштумга түйүлгөн тектеш уруулардын бирикмелери жаткан.
Ушул ойго улай айта турган дагы бир мындай факты бар: Мисалы саруу уруусу бир эле кыргыздын ичинде эмес. Ал Алтай-Сайан аймагында да, түркмөн элинин курамында, осмон түрктөрүнүн арасында да бар. Демек уруулук түзүлүш ал урууларды эле эмес, элдерди да бириктирет. А эгер кыпчак тууралу кеп кылсак, анда Алтайдан Дунайга чейинки жашаган көп элдер бири бири менен байланышат. Кыскасы, туугандык жолду туура тутунсак, уруулук бизди Улуу Биримдикке алып келет.
***
Кыргыз Республикасы - Кыргыз улутунан жана "кыркка" жакын башка улуттардын өкүлдөрүнөн турат. "Кыркка жакын" деген сөздү биз "Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын" курамындагы уюмдардын санына карап, тегеректеп айтып жатабыз. Эң кызыгы ушул Уюмда кыргыз эмес улуттардын баарынын "улуттук маданий борборлору" бар да, бир гана Кыргыздын ушундай "улуттук уюму" жок. Бул бир караганда, "өзөгү" жок жалаң бутактардан турган дарактын сүрөтүн элестетет.
Бул туура эмес. Ошондуктан он миң жолу "бириккиле!" деп кыйкырсак да, Кыргызстандын элдери бирикпейт. Мындай саясат Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн өтө опурталдуу. Анткени, аларды бириктире турган "өзөк эл" жок. Ал эми Өзөк пайда болушу үчүн "мамлекетти түзгөн эл" биринчи өзү биригиши керек.
Чынында "тууган элдер бирикпей туруп, тууган эмес элдер бирикпейт". Б.а. Кыргыз бирикпей туруп, кыргыз эместер бирикпейт. Кыргыз биригиши үчүн урууларын "оң-солго" бөлүп, өз-өз ордуна жайгаштыруу зарыл.
Биз ушундай сөздү айтсак, кээ бирөөлөр: "Силер элди бөлүп атасыңар" дейт. Биз болсо: "Урууларды биз ойлоп тапкан жокпуз, ал байыркы ата-бабалардан бери уланып келаткан биздин элдин өзүнүн ички түзүлүшү" дейбиз. Кыргыз эли жаралганда ушундай болуп жаралган. Ал: "Ак уул, Көк уул жана Кызыл уул" деп аталган "үч тамырдан" жана "Оң, Сол, Ичкилик" деп аталган "үч өзөктөн" турган Дүйнөлүк Дарак. Б.а. Кыргыз - бир Атанын үч уулунан "үч улус эл" болуп өсүп чыккан Улуу Улут. Санжыра боюнча ал мындай көрүнөт:

Бирок бүгүн бул түзүлүштү көптөр унутуп калышкан. Биз аны ордуна келтирели деп жатабыз. Ал үчүн адегенде уруулар өздөрү биригиши керек. Уруулар бирикпей туруп - улустар, улустар бирикпей туруп - Улут жаралбайт. Табияттын мыйзамы ушундай.
Эгер эртең Евросоюздун үлгүсүндөгү ТурЭЛ ("Туран элдеринин лигасы") биримдиги түзүлсө, анда ал да адегенде кыргыз менен казак элдеринин биригүүсүнөн башталарынан мен шек кылбайм. Анткени "тууган элдер бирикпей туруп, тууган эмес элдер бирикпейт".
***
Уруу түзүлүшүндө Улуттун: генефондду таза сактоо, эстутумду калыбына келтирүү, мезгил талабына ылайык дүйнөтаанымды синтездөө, салттык принциптерге негизделген коом түзүү ж.б. маселелери жатат. Ал тууралу да өзүнчө сөз кылабыз го деп ойлойм. Ал эми "уруулук элди бөлүп-жарат, улуттун өсүшүн артка тартат" деген сөз кыргыз эместердин жана кыргызды тексиз "кул элге" айланткысы келген душмандардын сөзү. Азыр Европалык "королдордун" гана эмес, европалык иттердин да санжырасы бар. Ар бир экинчи европалык үйүндө кармаган иттин генеалогиясын бери дегенде "жети атасына" чейин жакшы билет. Кызыгып сураган адамга "дептерин" алып чыгып, итинин жети атасы кайсы иттин, жети апасы кандай иттин тукумдары болгонунан бери сайрап айтып берет.
Бул жагынан Жапан жана Корей өлкөлөрү бизге Европалыктардан да жакын. Мисалы Жапаниядагы император жана самурай тегинен тарагандар, жалпы өлкөнүн тарыхы менен бирге ушул күнгө чейинки өздөрүнүн теги тууралу санжыраны жакшы билишерин угуп да, окуп да жүрөбүз.
Ал эми Корей элиндеги Хан, Цой, Ли, Пак ж.б.д.у.с. фамилиялар, ушул фамилияларды алып жүрүшкөн адамдардын түпкү аталарынын ысымдары. Б.а. кайсы эл, кандай өлкөдө жашашпасын Хан тегинен тарагандар бүт "Хан", Цой тегинен тарагандар баары "Цой" фамилиясын алып жүрүшөт. Биздин элдин тили менен айтканда алар уруулардын аттары. Болгону бизде "урук", "уруу" деп айтылган сөз чет элдерде "үй-бүлө", "клан", "мафия" деген терминдер менен белгиленет.
"Сөз чынынан бузулбайт", ачык айталы: Биз башка бирөөлөрдүн тилине кирип, алар таңуулаган коомдук жана мамлекеттик системаларды кабыл алып, өзүбүздүн "элдин эркине каршы" идеологияга кызмат кылып келатабыз. Бул чынында улуттук чыккынчылык! Ошондуктан уруу түзүлүшүн жасалма жолдор менен жок кылууга аракет кылуунун кереги жок. Тескерисинче, өзүнүн табигий жолу менен аталаштарды - урукка, уруктарды - урууга, урууларды - улуска, улустарды - Улутка уютуу жолу менен улуттук аң-сезимди көтөрүү ишине кызмат кылышыбыз керек. Кыргыз: "Түбү бирге биригет, учу бирге жазылат" деген. Биздин түбүбүз бир. Баарыбыздын: "Урааныбыз - Манас, Улутубуз - Кыргыз!" Максатыбыз: Күч кубаттуу Улуу өлкө, түбү түптүү Түбөлүк элди түзүү! Бул "мен кыргызмын" деген ар бир Эр уул, Үр кыздын атуулдук милдети!
***
Аягында менин айтар сөзүм мындай: Уруулук түзүлүш калыбына келгенде, жасалма мыйзамдар жок болот. Көп нерселер салтка салынып, коом өзүн өзү тарбиялап баштайт. Улуттук этнопедагогика жанданат. Шайлоого барган саясатчылар туугандарына жашынып барбай, ачык барып жолугушат. Ал эми урук, уруу таразага түшкөн адамдын байлыгына же бийлигине карабай, улутка кызмат кыла турган эр-азаматты өзү тандайт. Ошондо гана шайлоо учурунда тууган издеп, шайлоодон өтүп алгандан кийин уругу менен уруусун унуткан депутат болбой калат. Баары ачыкка чыгат. Ким эмне кылып жатканы көрүнүп турат.
Байыркы уруулардын "жети атадан" "жети миң" жылга чейинки тарыхы такталып, анын негизинде жалпы улуттук эстутум калыбына келет. Улут качан жаралганын, эмне деген эл экенин аңдайт. Чыныгы Адам укугу, Элдик бийликтин нукура үлгүсү орнойт. Кыргыз өзүн өзү таанып билет. Өзүн өзү таанып билген улуттун сыймыгы пайда болот. Сыймыгы пайда болгон улуттун улуттук аң-сезими өсөт. Улуттук аң-сезими өскөн элдин ар-намысы козголот. Ар-намысы козголгон улут биригет. Бириккен улут күч-кубаттуу элге айланат. Күч-кубаттуу эл өзүн өзү бийлеп жашайт. Өзүн бийлеп жашаган эл эркин болот. Эркин эл гана өзүнүн атын тарыхка калтырар улуу иштерди жасайт. Улуу иштерди жасаган эл узак жашап, өзүн түбөлүк элге айлантат!













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!