депутатмаек

Гүлжамал Султаналиева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Бизге жакында демографиялык кризис келет..."
Мурда жарандык коомдун өкүлү болчумун
- Мен эки кесиптин ээсимин. Биринчи кесибим математик-информатик, экинчи кесибим мамлекеттик кызмат факультетин бүтүргөм. Кийин жарандык коомдун мүчөсү болдум. Жарандык коомдун өкүлү болуп турганда ар кандай маселелер менен иштечүмүн. Калктын ден соолугу мамлекеттик деңгээлде кам көрүлбөгөнү кыжаалат кылчу. Азыр деле бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жана аялдардын, балдардын уюму эле күрөшүп жатат. Менимче, бул жетишсиздик кылат.

Алакачуунун кесепетинен азыр ажырашуу көп
- Биз эгенмендикти алган жылдан баштап, кыз алакачуу абдан көбөйүп, анын кесепетинен ажырашуулар да көп болуп кетти. Кызды ой боюна койбой отургузуп коюп, зордоп жашоого аракет кылышат. Натыйжада 1-2 ай жашап ажырашып, кош бойлуу болуп кетет. Өкүнүчтүүсү мекенибизде ажырашкан жаш үй-бүлөлөрдүн саны көбөйүп жатат. Алакачуунун кесепетинен канчалаган тагдырлар бузулуп, оор жүк көтөргөн жалгыз бой энелер көбөйүүдө. Ажырашуунун же алакачып үйлөнүүнүн залакасы жаштардын кийинки турмушуна да таасирин тийгизет. Маселен, ажырашкан жигиттин кийинки үйлөнүүсүнө тоскоолдук болот. "Ал жөн ажырашты дейсиңби..." деген сөздөр бактылуу жашашына да жакшы түгөй табышына да тоскоолдук кылат.
Мен учурунда институтта мугалим болуп, иштегем. Сабак өтүп жатып, студенттердин арасынан мурдагы эле сабакта олтурган студент кызды кайда кетти деп сурасаң "эже, биринчи сабак бүтүп, эшикке чыкканда эле кыздын макулдугусуз ой-боюна койбой машинеге салып, балдар алакачып кетти" дешчү. Турмуш куруу оңой олтоң маселе эмес. Ошондуктан ким болбосун үйлөнөөр алдында жакшы жар болчу кызды алууга аракет кылышы керек. Ал эми кыздар болсо, татыктуу жигитке турмушка чыгуунун жолун ойлошсо жакшы болот эле.
Айыл жеринде болсо балдар татыктуу жар болчу кызбы же жокпу ага карабай эле эки гана учурда үйлөнүшөт. Бири түшүм жакшы болсо, экинчиси мал жайлоодон семиз түшсө гана. Акыркы убакта айыл жеринде акча алып келчү кызга үйлөнгөн тенденция басымдуулук кылып бара жатат. Маселен, алакачып келген кызы мугалим же медсестра болууну каалашат. Же болбосо мектепте кайсы мугалим жетишсиз болсо, ошондой адистикте окуп жаткан кыздарды алакачышат. Анан да 1-2 курстун студент кызын эмес, 4 же 5-курска келип калган кызды алышат. Анткени, контракт төлөп чыгым болгулары келишпейт. Кийин экөө жашап кетеби-кетпейби аны эч ким баш катырып ойлобойт.

Жаштардын моралдык тарбиясынын начардыгынан тукумсуздук күч алып барат
- Бүгүнкү күндө көпчүлүк жаштардын моралдык тарбиясы өтө начарлап кеткен жыныстык жактан жугуучу оорулардын көбөйүшүнө себеп болуп жатат. Жыныстык оорулардын залакасы бизди тукумсуздукка алып келүүдө. Мени кыжаалат кылган маселе, тукумсуздук илдетине жаш балдар көп чалдыгып жатышат. Жаштар арасында сүйүү деген, аялзатын аздектөө деген ыйык нерсе жок болуп баратат. Биздин убакта балдар менен таанышып, сүйлөшүү менен чектелчүбүз. А азыркы жаштар таанышкан күнү эле төшөк менен чектелип, жаштардын моралдык тарбиясы төмөндөп кетти. Ошондон улам жыныстык жактан жугуучу оорулар да аябай көбөйүүдө.
Ошондуктан никесиз балдар, майып балдар көп төрөлүп жатат. Бүгүнкү күндө 2 миңден ашык адам жыныс оорулары менен оорушат. СПИДге чалдыккандардын көпчүлүгү тукум бере турган адамдардын чалдыкканы кейитет. Буга чейин наркомандарга СПИД шприц аркылуу жугуп жатат десек, бүгүнкү күндө жыныстык катнаштан жугуп жатканы өкүндүрөт. Анан калса күйөөлөрүнөн аялдарына жуккан учурлар арбын.

Бизге 10-15 жылда демографиялык кризис келиши мүмкүн
- Жаштар бири-бирин сүйүп үйлөнгөн күндө да жыныстык оорулар менен оорушуп, тукумсуздук болуп жатат. Болгону 5 млн элбиз. Анын 3 млну гана кыргыздар. 1 млну чет мамлекетте эптеп үй-бүлөсүн багабыз деп эмгек мигранты болуп кетишкен. Биздин саныбызды көбөйтүп, төрөй турган маалда кыргыз аялдарынын башка мамлекетке иштеп кеткени мени кыжаалат кылбай койбойт. Анткени, макул биздин жаштар ал жактан деле табышып үйлөнсүн. Бирок, кайсыл жактан төрөлсө бала ошол жактын атуулдугун алып жатпайбы. Бул маселени ойлонуп, баш катырбасак кийин кеч болуп калат. А бул жактагы жаштардын көпчүлүгү тукумсуздук менен оорушат. Бул маселеге олуттуу көз карашта карабасак болбойт. Россия тукумсуздук келе жатат деп биринчи-экинчи төрөттөрүнө чоң акчалай сыйлыктарды төлөп берип жатышат. А бизде болсо, андай колдоолор жок. Кыргызстанда демографиялык кризиске каршы эч кандай иш аракеттер жүрө элек. Кудай сактасын, бирок демографиялык кризис 10-15 жылдын ичинде Кыргызстанга келет. Мисалы, тукумсуздуктун кесепетинен көп аял алууга да алып келип жатат.

Балдарды чет мамлекетке чыгарган 11 агенттик бар
- 200дөн ашык адам азыр расмий түрдө бала багып алуу боюнча кезек күтүп турат экен. Акыркы үч жылдын ичинде 100 дөн ашык бала сыртка чыгып кетиптир. Бүгүнкү күндө балдарды сыртка чыгаруу боюнча 11 агенттик иш алып барат экен. Эларалык статистиканы интернеттен карасак, балдарды сыртка чыгарган агенттиктер бир баланы сыртка чыгаруу үчүн 12 миң доллардан 17 миң долларга чейин пайда табышат экен. Тукумсуздук кулачын жайып, жаш үй-бүлөлөр балалуу боло албай жатса, биздин балдар ортомчу агенттиктер менен сыртка да чыгып жатканы кейитет. Бул агенттиктер боюнча бүгүнкү күндө депутаттык комиссия иш алып барып жатат.

Жалгыз бой аялдарга жеңилдиктер жок
- Мен дагы жалгыз бой аялмын. Мен эл аралап жүргөндө бирден-экиден баланы кучактап олтурган жалгыз бой аялдарды көп көрдүм. Беш баласы менен жесир калган апаларды көрдүм. Алардын түйшүгүн көрүп, жүрөгүң ооруйт. Эч жерде жалгыз бой аялдарга жеңилдиктер жок экенине ынандым. Мыйзамдын чегинде да жеңилдиктерди киргизейин десем, акчага барып эле такалат экен. Мен аялдардын укугун коргогон мыйзам жазсам да акчанын жоктугунан кабыл алынбай, мыйзам ишке ашпай калабы деп кооптоном. Майып балдар жөнүндө статистика бар экен. А жалгыз бой энелер өстүргөн балдар жөнүндө статистика жок экен. Бул маселени көтөрүп чыккан күндө дагы эч кимди ынандыра албайт экенсиң. Ошондой болсо да бул маселелерге учурунда көңүл бөлбөсөк, эртеңки күнү биздин балдар кудай буюрса, депутат, эл башы, журт башы болушат. Ошон үчүн олуттуу мамиле кылышыбыз керек.

Гендердик маселе деген сөз аялдардын маселеси деген сөз менен чектелбеши керек
- Бизде гендердик маселе десе эле коомчулук, ал түгүл саясий ишмерлер да аялдардын маселеси деп түшүнүшөт. Гендер деген сөз аялдардын маселеси эмес, адамдын социалдык ролу деп которулат. Аял менен эркек кайда болбосун тең салмакта жүрүшү керек. Теңдик болгондо гана коом да алдыга жылат деп ойлойм. Үй-бүлөдө деле аял-менен эркек бирдей укукта болсо, ал үй-бүлөнүн өнүгүүсү туура жолго коюларына ишенем.

Айыл өкмөттөрү
- Бардык социалдык маселелерде айыл өкмөтүнүн ролу чоң. Бирок, айыл жеринде айыл өкмөттөрү эмне иш кылып жатканын билбейсиң.
Жерди эл өзү айдайт. Кээ бир айыл өкмөттөр менден айлыкты көп алат. Коомчулукту чакыралы дегенге кайдыгер мамиле жасайт. Керек болсо, долбоорлор менен иштейли деген сунуштарды туура эмес кабыл алышкандары да бар.

Нарындын жаштары кримсөздөр менен сүйлөшүп калды
- Нарынга А.Батукаев баргандан бери биздин балдар криминалдык сөздөр менен сүйлөшүп калды дешип, мага Нарындан телефон чалып жатышат. Рыспек жаңы чыкканда Рыспекти кумир туткан өспүрүм балдарды көрүп жакамды кармагам. Балким, ошол кырдаал азыр да кайталанып жаткансыйт.

Ч. Кутманалиева













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!