Багынанбы же багынанбы, Болжурова Белоруссияга элчи болуп кетти. Болжогону башка кызмат эле, буюрганы ушул экен...

Акыйкатчы Акун аябай чоң грант утуп алып, Америкадагы "акаларына" "ат души" ыраазы

Депутат Абдыразаков орусча оозанган министр айымды "абижайть" этип алып, аягында кечирим сурап, айтканын жууду...

Кызматтан кетип, оппозицияга ооюн-ооюн деп бараткан Бектур мырзага "оомат" келип, Пакистанга ооп кетти.

Бийлик биротоло буудубу, Байболов баарына кайыл болуп, Америкадан башпаанек сурап "бекингени" жатат.

Абдуллаева айым вице болуп келсе да анча көрүнбөйт. Карьерасы го көтөрүлгөнү көтөрүлдү, бир аз кыймылдап койбойбу...

Конгантиевди конкретно эле кетет экен дешти эле, бирок каңырыш окшойт, казырынча креслосунда эле.

Камакта жатып Кадырбеков бийликти каарып атты эле, канча градуска бурулганы белгисиз, катыра мактап кирди, капырай...

Калимбетова каржыда жүргөндө иши "күмөндүү" эле, эми кары-картаңдарды кантип багып жатты экен, катыгүн?!.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!