Cаясаты жок кабарлар
130 жашка ким чыкты?
Дүйнө жүзүндө өзгөчө бир айырмачылыктары менен тарыхта аты сакталып калган адамдар өтө көп эмеспи. Алардын бири жер планетасындагы жашы эң улуу чоң энелердин бири саналган карагандалык Сахан Досова. Анткени ал быйыл туура 130 жашка чыкты.

Ленин заводунун тагдырын ким чечет?
Ленин заводунун абалы бүгүнкү күндө оор. Мурда 3000ге чукул кызматкер болсо, азыр 200гө чукул гана кызматкер калды. Жетекчилер алмашканы аталган заводдун ызы-чуудан башы арыла элек. Ар кимиси өз чындыгын тапкысы келет. Кылмыш иши козголгон. Бирок, бул ишке ким чекит коеру белгисиз.

Кризис күчөгөн сайын салык арбын чогулууда
Кыргызстан экономикалык кризис түйшүгүнө батып, ири ишканалардын айрымдары токтоп турганда өкмөт болжогондон да арбын салык жыйнагандыгын маалымдады. Салык жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков быйылкы үч айдын ичинде 4 миллиард 751 миллион сом топтолгонун айтып, ушул кварталдын жыйынтыгы боюнча жаңы Салык кодекси талдоодон өтө тургандыгын маалымдады. Ошону менен катар эле бир жылга артка жылдырылган кыймылсыз мүлк салыгы эмдиги жылдын башынан тарта ишке киргизиле тургандыгын дагы ырастады. Ушу тапта салыкчылар аны жер-жерлерде элге түшүндүрүшүүдө. Эми бул иш 1-ноябрга чейин аягына чыгышы керек.

Кыргызстанда 1 млн. 829 миң адам кедей дейби?
Өлкөдөгү калктын дээрлик 35%ын түзгөн бул катмардын 345миңи таптакыр жакырлар экендигин Эмгек жана өнүгүү министри Назгүл Ташпаева белгиледи. Мындан соң пенсионерлерди бул жакка кой, жакында эле айлыкты көтөрбөсөңөр иш таштайбыз деген лифтчилердин талабы эске түшпөй койбойт экен. Анткени алардын 700-1500 сом болгон айлыгы бир кап унга жетсе да бир айлык жашоосуна жетпегендигин кантип жашырабыз?

Турист келсин десек, бааны арзандатуу зарыл
Мындай пикирди туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Турусбек Мамашов билдирди. Анткени Анталиянын сервистеринин таттуу даамын татып калган россиялыктар үчүн Кыргызстан биринчи орунда бааларды арзандатпаса, кыйыныраак болоорлугун айтуу менен ал "бул мейманкана, пансионат, эс алуу үйлөрүнүн ээлерине биринчи кезекте тиешелүү. Эгер былтыркы жылдагыдай бааларды коюп ала турган болсок, көп кардарларыбызды жоготуп алабыз" деди.

"Бишкек демилгеси" Гаагада талкууланды
Гаага шаарында БУУнун демилгеси менен Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу эл аралык конференция болуп өттү. Нидерланды мамлекетинин Тышкы иштер министри Максим Верхагендин чакыруусу менен Кыргызстандын Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев конференциянын ишине катышып келди. Буга чейин президент Курманбек Бакиев сунуштаган "Бишкек демилгеси" бул ирет БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун, Ооган президенти Хамид Карзайдын жана дүйнөнүн жетимиштен ашуун өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кызуу талкуусуна алынды. Кыргызстандын сунушуна ылайык, Борбордук Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук маселелери боюнча иш алып барууда Кыргызстан атайын демилге менен чыгып, аны өз алдынча документ катары конференциянын катышуучуларына таркатылды. Эл аралык мамилелер тармагы боюнча Кыргызстан бир катар мамлекеттерге караганда бир топ ийгиликтерди жарата алгандыгын дүйнөлүк коомчулук да моюнга алуу менен Бишкекке татыктуу мамиле кылып келгендиги белгилүү. "Бишкек демилгеси" КМШ өлкөлөрүнөн сырткары, бир топ чет өлкөлөрдүн жана ошондой эле эл аралык уюмдардын жана дүйнөдө маанилүү болгон финансылык институттардын да кызыгуусун туудуруп жатат.

Жаштар, демилге көтөргүлө!
Кыргызстандын партиялык уюмдарынын лидерлери жаштардын демилгесине жана жардамына муктаж. Мындай пикирин "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев айтты. Анын ою боюнча учурда көпчүлүк партиялардын жаш өкүлдөрүнүн позициясы начарыраак жана албетте, бул алардын улуулардын алдында тартынчаактыгы дагы болушу мүмкүн. Ошондой эле жаштар социалисттер, социал-демократтар, ж.б. ортосундагы айырмачылыктарды биле беришпейт.

Кытай-кыргыз-өзбек темиржол магистралы курулат
Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов айтты. Анын белгилөөсү боюнча бул темир жолдун курулушу республиканын экономикасындагы эбегейсиз секирик болмокчу. Албетте, айтканда оңой болгону менен жасай келгенде жылдарды, эбегейсиз эмгекти талап кылган бул курулуштун качан башталаары али белгисиз. Бирок, азыркы эсептөөлөр боюнча темир жол магистралынын Кыргызстандагы бөлүгүн куруу үчүн 2 млрд. доллар керектелет экен.

Америкалык авиабаза боюнча жабык жыйын болду
Бул жыйынды ведомстволор аралык комиссия өткөрүп, ага Коргоо министринин биринчи орун басары М. Кенжесариев төрагалык кылган. Бирок, азырынча ал жыйындын өтүшү жана жыйынтыктары туурасында КРнын Коргоо министрлиги комментарий бере элек.

Тил маселеси "тириле" баштады…
Деген менен бул деле биринчи орунда белгилей турган маселе эмес. Министр айымга карата айтылган "Кыргызча сүйлөсөңүз.Билбесеңиз үйрөнүңүз" деген сөздүн аркасынан аялдарды кемсинтүү туурасындагы маселе козголуп, официалдуу тилибиз бар экендиги дагы эскертилип, айтор, аягы кайым айтышууга чейин кеткенсиди.

Маданият тармагына бир жылда 537млн. сом керектелди
Маданият министри Султан Раев бул каражаттын 53%ы айлык акыга, 24,4%ы капиталдык ремонтко, 10,2%ы башка кызматтар үчүн, 5%ы коммуналдык кызматка, 5%ы транспорт жана жабдыктар үчүн кеткендигин билдирди. Ал эми капиталдык ремонтко деп сарпталган акчанын 41 млн. сому маданияттын билим берүү тармагына, 11,2 млну китепканаларга, 3,3 млн. сому музейлерге, 28,7 млн. сому театрларга бөлүнгөн.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!