Журналисттик кесип татаал да. "Бир күн журналист болуп бер" дегениңиздерге макул болоорун болуп алып, чынын айтсам бир аз коркком. Бирок мен даярдаган мода темасы мага тааныш болгондуктан көп деле кыйналган жокмун. Анткени өзүм кичинекей кезимден баштап "Модельдик агенстволордо" иштеп, көптөгөн конкурстарга катышып келгем. Учурда журналистика кесибине ыктап НБТ телеканалында "Кино жаңылыктарын" алып барып жатам. Бул кичинекей макаланы даярдап жатып газета менен теленин айырмасы асман менен жердей экенин билдим. Мага бул жаңы идеяңар абдан жакты. Ушул идеяны дагы улантам десеңиздер сиздер менен кызматташууга дайым даярмын.
Бетти даярдаган телеалыпбаруучу Чолпон Абдрайимова
Сандыгыңдан шифон,
парчаңды алып чык!
Коомдо адам баласы өзүнүн "менин" бөлүп көрсөтүү үчүн башкалардан өзгөчөлөнгөн кийимдерди, зер буюмдарды тагынып келишкен. Илгертен эле адамдын турган турпатынан, басыгынан, кийген кийиминен, чач жасалгасынан эле анын кандай адам, кайсы жерде иштээрин, кайсы класска (бай, орто, жакыр) кирээрин, материалдык деңгээлин, эмнеге кызыгаарын билип келишкен. Ушундай заман талабынан улам "мода" деген түшүнүккө ээ болгонбуз. Мода десе эле биз кийимди элестетебиз. Мода- бул аксессуар, зер буюмдар, чач жасалгасы, сырткы келбет жана бодиарт. Керек болсо денедеги татуировкадан баштап киндиктеги пирсинг да мода деп саналат. Мода- адамга өзү жөнүндө тил жок, сөз жок айтып берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мода-бул ар кандай белгилердин системасы жана маданияттын барометри. Ошондуктан ар бир мезгилдин маданиятына ылайык мода дүйнөсү жаңыланып келет. Мындан бир канча жыл мурун толук аялзаты сулуулуктун эталону болуп саналса, азыркы убакта йога менен машыккан, косметикалык процедуралар, пластикалык операциялар менен жүзүн өзгөрткөндөр мода дүйнөсүнөн "зачет" ала алышат.

Мода 2009
2009- жылдын модасы- бир эле түскө басым койбостон, ар кандай түстү өзүнө камтыйт. Натуралдык материалдан тигилген кийимдер ошондой эле ууз колдон чыккан түйүлгөн кийимдер да бул жылдын модасы. Бул жылы биз көгүш, көк, кызыл, фиолет, абрикос, персик ошондой эле ар кандай түс бир жуурулушкан, ар кандай айбанаттардын, өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү түшүрүлгөн кийимден баштап, классикалык үлгүдөгү -ак, кара, күрөң түстөгү кийимдерди кийсек да жарашат. Булардын арасына айбанаттардын сүрөттөрү түшүрүлгөнү басымдуулук кылат. Эгерде тигрдин (полосасы) же леопарддын (пятнасы) түшүрүлгөн кийим кийип чыккан адам, демек ал быйылкы жылдын модасы менен тааныш. Ал эми кыска юбка, юбка-шорта, узун шымдар, блузка, топик, блейзерлер деле быйыл деле модада кала берет. Кийимиңизге чоң формадагы аксессурарларды, зер буюмдарды тагынып алсаңыз көркүңүзгө огобетер көрк кошулат. Мындан бир аз мурда адамдар алтын же күмүш деген түшүнүктү баалуу деп, мода кылып келсе, быйыл тескерисинче жыгачтан, таштан, жөнөкөй металлдан ошондой эле колго жасалган кооздуктар алдыга озот.
Быйылкы 2009- жылга модельер- дизайнерлер "модерн" стилин кайрадан иштеп чыгышкан. 20- кылымдын 60-жылдарында булл стиль абдан популярдуу болгон. Эми 21-кылымдын 2009- жылында кайрадан модада. Бул стиль эркиндиктин, көзгө дароо урунган кооздуктун тонун жана темпин адамдарга тартуулайт. Бул жылы дизайнерлер түстү чектебегендиктен кандай өңдө кийинсеңиз да ал модада. Бирок, бардык түстөр модада деп "светафор" болуп алганыңыз да болбойт. Материалдан- атлас, шифон, парча, тафта модалуу болгондуктан, чыгыш этникасы дагы да болсо дүйнөлүк моданын алдыңкы катарынан чыга элегинен кабар берет. Спорт стили дагы быйылкы сезондо жаңы кыйкырыкты чакырат. Чыптаган, жылмакай материалдан тигилген, чөнтөктүү шым менен капюшондуу спорт кийимдерин жакын арада сатыкка чыгарышат. Шым менен юбкалардын тигилиши ар кандай татаал формада болсо, куртка, жакеттер жөнөкөй, локалдуу формада тигилет. Жеңдери кыска сырт кийимдер, комбинезондор да сезондун пикинде. Сиз башкысы моданын аркасынан өзүңүздүн уникалдуу, башкалардан айырмаланган стилиңизди таап алсаңыз, бул сиздин индивидуал экениңизден кабар берет дагы муну айлана-чөйрөңүз да байкайт.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!