Жүйөө маек

Сазыкбай Турдумалиев, "Арча" партиясынын лидери, ишкер:
"27-мартта бийлик менен оппозиция адатынча кармаша турган болуп калды окшойт"
Ред: Маектешим турган турпаты менен эч кимге баш ийбеген оригиналдуу инсан . Бир солк эткенде же өтө күйгөнүндө, бу кишинин күбүлүп түшкөн кебин жиреп да токтото албай каласың. Ой чабыты кеткенде чабдар атты минип жете албай да каласың . Суроо бердирбей эле көөдөндөгү шактай кайнаган ойлорун төгүп, "Кана эми сурооңду узат деп" калганы, деги аны менен маектешүү өтө кызык. Саясатыбыз күндө кубулуп, сансыз ойлорго кириптелген тумандуу кризистин алкагында, жан дүйнө кризиси эт жегендей тишке тыгылып жатканда , канжыгага ачуу ойду катпайлы деген таризде жарык дүйнөнүн бир күнүнүн күнгөй- тескейин баарлашалы деп ал кишини кепке тарттым;
- Жаз деми менен акындардын көкүрөгүн ыр жарып, саясатчыларыбыздын синдромдору козголуп жаткандай. Бирок, табиятта кечиккен жаз. Мына кечээ жакында көлгө көчөт тигип, жаз чакырып келиптирсиз. Буулуккан ойдун башын саясаттан баштайлыбы же кайран элдин карайлаган рухунан баштайлыбы?
- 27-мартта бийлик менен оппозиция адатынча кармаша турган болуп калды окшойт. Ошого байланыштуу кыргыз уулу катары эки ооз калыс сөзүмдү айтууга ниет байлап отурам. Биз кыргыз калкы бүгүн жүрөк оорутуп, жүрөк сыздаткан эң оор абалга кандайча кептелдик? Жооп издеп көрөйүн. Эң башкы себеп, улутту улут кылып келген улуу касиетибизди, эс-тутумубузду жоготтук. Көпчүлүгүбүз тирүүнүн өлүгү маңкуртка айландык. Көрүнгөн мамлекетти, көрүнгөн элди туурадык. Өз жолубузду таппай, жолбун иттей ээрчиген, далбас түгөнгөн абалга жеттик. Эс-тутум кетип баштаганда эне-тилибиз өксүдү, муундар байланышы үзүлдү. Нарк кетти, насил кетти, тегибизди унуттук, салтыбызды унуттук, ыйманыбыз качты, ырк кетти, намыс өлдү. Адептен алыстадык, уятты жыйыштырып, абийирди саттык, ага кошуп жерибизди кемиттик. Жарым миллион элибизди тентиттик, руханий байлыктар бааланбай калды. Мекен, улут деген эң ыйык нерселер унутулду, өчтү. Тарыхызды чанып, анын бай тарых экенин билбей калдык. Паракорлук, баңгилик, сойкулук, кылмыштуулук күчөдү. Элге кызмат кылуунун ордуна жердешчиликке, тууганчылыкка кызмат кылып калдык. Мектептерден мечит көп заманга дуушар болдук. Ак калпакты жээрип зикир чалындык. Зикир чалгандан башка билбеген чала молдолор көбөйдү. Мекен тагдыры, улут тагдыры эстен чыгып, мансап, бийлик талашуу бүгүнкү көнүмүш адатка айланды. Бир сөз менен айтканда болоору болду, боесу канды. Мындан ары эмне кылуу керек деген суроо туулат. Бул суроого жооп берүүнүн алдында акындар деп бир кызык кептин башын козгоп койдуң окшойт. Мен айтчу кептердин безине келип тийди көрүнөт. Эльнура карындашым кайсы акындар жөнүндө сөз кылып жатасың . Алыкул, Жолон, Турарлардын көзү өтүп кетти. Сукебиз калды атылбай калган аркардай болуп. Анан караңдап Шайлообек жүрөт, Анатай байкемдин болсо макала жазып колу бошобосо, Кыялбек кыялдарынан бошобой….. Кимиң барсың дагы? Бирок кеп мында эмес, кеп башкада. Кыргыз элин чала молдолор, ыр жазуунун ыкмасын филфактан үйрөнүп чыгышкан митайым чала акындар, сатылма журналисттер, бузукулар улап жатышат. Бүгүн биз чыныгы журналистикага,чыныгы поэзияга чыгармачылыкка кайра кайтып келбесек , коом эч качан өзгөрбөйт, тазарбайт. Кээде гезит беттеринде ыр жазып, ушунча кыйналган акын айымдардын ырларын окуганда жан дүйнөңдү үшкүрүк каптайт. Ксерокопия ырлар, бир жанды солк эттирбейт. Сүйүнбайдын Акмөөрүндөгүдөй, Шайлообектин ыр саптарындай саптар жаралбаса кыргызым эгерим ойгонбойт, эгерим унчукпайт. Олжобай Шакир деген иним өзүн зордуктап, кыйналып жазып жатат. Аны окуп жатып өзүң кыйналасың. Карбалас Бакирдин ыр саптарын окуп кургак нан жегендей болдум. Деги биздин акындар качан митайым саптардан арылышат. Баалуулукка качан маани беришет деп сын көз караш менен эмес, күйгөндөн айтып жатам. Коом тазартуучулар бул чыгармачыл чөйрөдөгүлөр. Азыркы тапта адабият менен маданиятыбыз талкаланып калды. Көз толо ыйлай турган абалга келдик. Минтип олтурсак жер тепкилесек да кыргызды ойгото албайбыз. Бу айтканым силерге да оор тийиши мүмкүн. Бүгүнкү шартка митайым журналисттер менен чолок ой акындар күнөөлүү. Биздин трагедия мына ушунда. Адабият, маданият, искусство гана дүйнөнү хаостон сактап калат. Эл тагдырын чечээр маалда адамзаттын духун көтөрүп, жаркын келечектин жарчысы болбосо иш алдыга жылбайт.
Чала молдолор Мухаммеддин өмүр баянын билбегендер кимди ыйман жолуна салат. Араб менен жөөттүн тарыхы улуубу же кыргыздын тарыхы улуубу? Кыргыз эне бизди эмнеге төрөдү. Эмне араб болуп селде оронуп жүрсүн деп төрөдү беле? Кайсы жерге барба кыргыздын арабча арыз -арманын угасың. Манас айткан киши жок.Таза болбосо Рыспай, Асанкалый,Түгөлбайды уккан киши калбай калды. Бул трагдия эмей эмне. Манастын эки сабын башка элдин миллион сабына алмаштырбайм. Себеби мен кыргызмын, мен кыргыз тукумумун. Кечээ жакында эле теледен мекенчил кыргыздын уулу Анарбек Усупбаев менен журналист Мыктыбек Арстанбектин кармашын көрдүм. Мыктыбек иним жети атасын билбей койбодубу. Ошол жети атасын айтып бере албаган жигит көп жылдан бери кыргыз элине акыл айтып келе жатат, калганы түшүнүктүү да. Кичине саясаттын чеңгээлинен чыгып элибиздин тагдырына түйшөлсөк боло. Молдосуна да, олдосуна да саясат эле керек…
- Макул дейли сиздин ойлорго. Мындай суроону сизге узатайын анда, айтыңызчы, кыргызды ким оңоп, бүгүнкү абалдан ким алып чыгат.Элдин үнүбүз деп бу жакта оппозиция бир чындыкты айтып чырылдаса, биз деп акүйчүлөр бир чындыкты айтууда. Деги кимге ишеним артыш керек?
- Канча какшабайлы чындык бар же жок деген сөздөн турат. Бүгүн чындык эч кимисинде жок. Ал тургай элде да чындык жок болуп калды. Мунун себебин жогоруда түшүндүргөнгө аракет кылдым. Кыргыз кыргызга Манасың, Саякбайың, Чынгызың бар деп көкүрөк зилин ойготуп анан экономиканы ойготуш керек. Жогоруда жазмакерлердин айланасында кепти бекер козгогон жокмун. Жазмакерлер чындыкты бир чапкандай жазыш керек.
- Ошондой журналист барбы?
- Баратбай Аракеев деген журналист макалаларында митайымданбай болгонун болгондоө жазат.Чын пейилден жазган журналисттер жок болуп , кара чырак менен олтурат коомубуз. "Агым " гезитинен тарбия алып чыккан журналисттерди маалымат айдыңына жолотпош керек. Бул сөз менен алардын калемдеринин намыстарына тийишим мүмкүн. Мелис Эшимканов чынында учурунда журналистканы башка багытка бурган . Аны белгилеп коюш керек. Бирок журналисттердин туура эмес муунун өстүрүп койду. Алар дал ошол стиль менен иштеп жатышат. Былжыраган чындыктан көрө реалдуу айткан калп өйдө деген сөздүн чындыгы бар экенин моюнга алыш керек... Кыргыз журналистикасы да бир силкинип жаңы нукка, багытка бурулбаса болбойт. Кээ бир замандаштарым менен ой бөлүшүп калганда "гезиттердин баарын окусаң бир беткей, коендой окшош. Окугум да келбей калды" деген иренжүүлөр өтө көп. Демек кырдаалга жоопкерлер көп нерседен жыйынтык чыгарышканы оң…
- Сөзүңүзгө аралжы мына 27- мартта элдин жарылуусун көрсөтөбүз деп кыргыз оппозициясы баш көтөрүү дареметин көрүп жатат. Ал тарапты жактагандар масса болуп жатат. Сиз бул негиздемеге кошуласызбы?
- 27-мартта оппозиция акүйдө-гүлөрдү бийликтен кубалайбыз деп добулбасты катуу уруп жатышат. Мен бир нерсеге таң калам, бу оппозиция менен акүйдүн атка минерлери кыргыз элин менчиктеп алганбы? Мына ушул эки тараптын чолок түшүнүгүнөн эл качан кутулат. Болуптур, бул чыңалуу тирешүүлөрдүн айынан эл көтөрүлүп, кыргыз оппозициясы бийликти алды, анан эмне болот ? Кара таман эл ошону ойлошот болду бекен? Андан кийинки жол кайда ? Көзү ачыктык кылып бир жан айта алабы? Баягы эле таз кейипти кийип, баягы эле саясатчы сөрөйлөрдүн эски пластинкасын угууга туура келет.
Азыркы оппозициядагы замандаштарыбыз Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров ж.б. бийликке келген күнү кыргыздын шору көбөйөт. 24 - мартта да шорубуз көбөйдү эле андан да ашкан шорго туш келебиз . Бу кыргыз саясатында далилденген аксиома, теория. Кыргызда айтылгандай: мурунку көч кайда барса кийинки көч да ошол жакка моюн бурат. Баары эле президент болсом деп ак эткенден так этип жатышпайбы. Президент болсок эле Кыргызстанды эки күндүн ичинде оңдоп салабыз деп билек түргөндөрүнө аргасыз күлөсүң. Чынында азыр Кыргызстанды оңдош кыйын болуп калды. Кыттай куюлган системаны эч ким ээритип, талкалай албай калды. Жаңы жүз келген күндө да ал система ал башчыны кул кылып алат. Мына бүгүн оппозицияда жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү Үзөңгү- Кууш сатылсын деп кол көтөрүшкөндөр эмес беле . Анда эмнеге бүгүн жер сатылып жатат деп жер тепкилеп жатышат. Эл аны жакшы көз айнек менен карап жатканын эмне билишпейби. Элди аңкоо деп ойлошконуна жиним кашаят. Абдыганы Эркебаев , Кубат Байболовдор Үзөңгү-Куушту сатса болот деп кол көтөргөндөр эмес беле.
- Үзөңгү -Кууштун сатылышына жол бергендер бийликте деле жүрүшөт го. Дагы кызыгы кыргыздын жери сатылбасын деп тамагы айрылгыча кыйкыргандар Каркыраны казактарга карматып жиберишпедиби. Бу боюнча өткөндө бир алым сабак айтыштык эле.
- Сөз төркүнү кимдерди мээлеп жатканын билип турам. Адахан Мадумаров деген мырзаны кезинде акыркы "геройдой" көрчүбүз. Ташты жарып сүйлөгөндө катын -балаңды, тамагыңды таштап сөзүн кубаттап укчусуң. Ошол жигитке кол чапкан күндөрүм болгон. 5 күндүн ичинде бийик үчүн энеден жылаңач төрөлгөндөй өзгөрдү чунак жигит. Карачы, маска кандай сыйрылат . Эмне үчүн эл бүгүн кыргыздын жерин ,элин саткан популисттерге ишениш керек. Мен биринчи болуп аларга ишенбейм. Мен бул жерде акүйүн, көк үйүн айтып жатам. Бул жерден атымды чыгарайын деп айтып жаткан жерим жок. Ууруну кармадык деп ууру кыйкырып жүргөндөй кеп болуп жатпайбы. Мадумаров, Байболов, Үсөнов, Атамбаев, Кулов президент болгон күндө менин мурдум сынат. Бир сөз менен айтканда бийлиги да оппозициясы да элди экспериментке айлантпаш керек. 17 жылдан бери жөндүү өкмөт башчыга туш болгон жокпуз. Саат сайын алмаштырган күндө да туш болбой калдык го.
- Өкмөт башчылар боюнча түшүнүктүү деңизчи. А өлкө башчыларчы?
- Бизге И.Раззаков , А.Сүйүнбаев, С.Ибраимовдон кийин жакшы журт башчы келген жок. Кыргыз деп күйүп өлүп кете беришти.
- Турдакун Усубалиев аксакалыбыздын өз салымы бар го…
- Ал киши Москванын көзүн карап, кыргызды басынтып келбеди беле. Сын катары айтып жаткан жокмун учурдун кебин айтып жатам. Эми ал кишиге деле шек келтиргим келбейт.
- Азыркы президентке эмне айтмакчысыз?
- Бакиевге боорум ооруйт. Президент болуу шордуу жумуш экен. Президент ким болбосун эң башкысы эртеңки эл сурагынан чочуш керек. Аскар Акаевди суракка албастан качууга мажбур кылбадыкбы. Бул чоң сабак…
- Сиздин жогорудагы айткан ойлорго кошулган идеялаштарыңыз барбы?
- Ымандай сырымды айтайын карындашым, жок. Азыркы адамдар менен сүйлөшө албайсың. Системаны бузуп алып, аны кантип оңойбуз деп өлсө да баш оорутушпайт алар. Бир сомду эки үч кылып байып курсак камын ойлогон замандабыз. Интеллегенциябыз эмненин кулу болуп олтурганды мына сиздер көрүп олтурасыздар.
- Улут үчүн күйгөн кыргыздын мырзаларынын арасында сиздин идеялаштарыңыз бар эле го…
- Ал идеялаштарым деле көп нерсенин кулунан чыга албай жүрүшөт. Алардын да кемчилиги бар.
- Анда сизге мындай суроо салсам. Ушул тапта кыргыз уруу- уруу болуп бөлүнүүгө даярбы? Бу кыргызга эмнени бермекчи. Ачык айтып коюш керек, муну колдобогондор басымдуулук кылат.
- Каалайбызбы каалабайбызбы кыргыз ууру-ууру болуп бөлүнүп келген. Тарыхыбыз ушундай. Жок андай эмес деп эч ким жокко чыгара албайт.Туура саясат болсо кыргыздар уруу- уруу болуп бөлүнүүүгө даяр. Бөлүнүп алып эле согушабыз деген саясат эмес.
- Демек, сиз мурда белгилеп жүргөндөй курултай жолу менен башкаруу системасына келиш керек деген ойду айтып жатасыз да…
- Баш мыйзамды толугу менен өзгөртүп, курултай менен башкарып алгыдай системага бекемдеш керек . 40 уруудан кырк делегат шайланып, мына ошолор эл тагдырын чечүү үчүн ак дилден иштеш керек. Жештен коркушат анкени уруунун астындагы жоопкерчилик бар.
- Кечиресиз, биз бул башкаруу системасына даяр эмеспиз да…
- Бүгүн эле Баш мыйзамды өзгөртүп, курултай өткөрсөк оңолуп кетебиз деп жаткан жерим жок. Бул система ишке ашыш үчүн дагы 20 жыл убакыт керек. Бүгүн курсак тойоор, оокат өтөөр. А көкүрөк өлөөр.
- Бүгүн бийлик менен оппозиция эмне кылыш керек?
- Туура суроо узаттың. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй эле жамы журттун астында эки тарап элден кечирим сураш керек. Эң оңой жолу ушул.
- Ушул тапта мындай кадамды эки тарап жасоого кудуреттери жетеби?
- Эрки жетпейт. Мен да ушул жерден бир нерсени айткым келип турат. Өткөндө шайлоого катышып алып, эл алдындагы сөздөрдөн азыр аябай уялам. Азыркы Жогорку Кеңеште олтурган депутаттар өтө уялыш керек. Күч менен эле олтуруп алышпады беле. "Ак жолго" кирип депутат болуу мүмкүнчүлүк менде бар болчу. Мен уялып барбай койгом. Бирок кийин бир нерсеге өкүнүм калдым. Депутат болуп олтуруп үч күндөн кийин төраганы тумшукка уруп басып кетип калсам болмок. Ошондо эрдик кылмакмын. Ошол шайлоодо короткон каражатымды Таластагы туугандарыма таратып жардам кылсам болмок ..
(Уландысы бар)
Маектешкен. Э.Аким














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!