Түштүк Кореядагы Кыргызстандыктар жолугушту
Алыста жүргөндө кусалык менен сагынычты жеңилдетүүгө, тааныштар менен дос-туугандарды көрүп, кыргызча сүйлөп, кыргызча ырдап, деги эле кыргыздар менен баарлашууга шарт түзүп берүүчү 2009-жылдын 21-март "Нооруз" майрамына карата Түштүк Кореяда эмгектенип жана билим алып жаткан Кыргызстандыктардын эң алгачкы жолугушуу кечеси Миргүл Айткулова жетектеген Түштүк Кореядагы "Максат" борбору жана Марат Касыбаев жетектеген Турдалиев Эрнис, Омуралиева Чолпон, Стамбекова Чүрөк, Кадыралиева Гүлзара, Рыскулов Сапарбек, Жанызаков Аман, Макамбаев Мирсеит баш болгон "Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореяда эмгектенип жана билим алып жаткан атуулдарынын коомдук-саясий, маданий-эстетикалык иш-чараларын уюштуруу" комитетинин демилгеси менен уюштурулуп, Түштүк Кореядагы Кыргызстандыктардын тарыхында жаңы бет ачып, алтын тамгалар менен жазылып калаары айныксыз чындык.
Түштүк Кореяда эмгектенип жана билим алып жаткан Кыргызстандыктардын бул биринчи жолугушуу кечеси 21-март Нооруз күнү Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын "Шелковый путь" (Жибек жолу) ресторанында болуп өттү. Жолугушуу кечки саат 20.00дө башталып, кеченин ачылышында кыргыз туусу илинип, кыргыз Гимнин жалпы коноктор менен катышуучулар музыканын коштоосу менен аткарышып, кыргыз атын даңазалап жана кыргыз салтын улап, ак бата менен башталды.
Кечеге Түштүк Кореянын ар кайсыл жерлеринде ар кандай тармактарда эмгектенип жана билим алып жаткан Кыргызстандын атуулдары келип катышышты. Ал эми кеченин коноктору Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Элчилигинин өкүлдөрү болушту.
Түштүк Кореядагы Кыргызстандыктардын бул жолугушуу кечесине катышууну каалагандардын канчалык көп экендегине карабай, ресторандын көлөмүнө жараша жолугушууга жалпысынан 65-70 гана адам катышуу мүмкүн болду. Жолугушуу кече кызыктуу оюн-зоок, бий, анан албетте улуттук тамак-аш менен жагымдуу музыка коштоп, акырында ар бир катышуучуга эстеликке күтүлбөгөн белектер т.а. "Кыргызстан-Корея Нооруз 2009" деген жазуусу бар ак түстөгү футболка тапшырылды.
Ар бир катышуучу алган билет - чакыруу жана лотереялык күчкө ээ болгондуктан ар бир катышуучу аты-фамилиясы жазылып, лотореянын негизинде түрдүү белектерге ээ болушту.
Кеченин катышуучуларынын баары бул Түштүк Кореядагы Кыргызстандыктардын эң алгачкы жолугушуу кечесине эң жогорку баа беришип, көңүлдөгүдөй эс алып кайтышты.
Сиздерди терең урматтоо менен Касыбаев Марат Джамшитович, Түштүк Корея




Китеп текчеңизге
өзү чоң, китеби кичинекей
"Чоң куудулдун чөнтөк китеби" деп темасы айтып тургандай чоң куудулубуз Рахман Разыковдун ушундай аталыштагы китеби жарык көрдү. Куудул китебинде биз жашаган коомубуздун күнгөй-тескей көрүнүштөрүн, курч тамсилдер, пародиялар менен чебер чымчыкейге алган. Күлкү коштогон ар кыл темадагы ырлары да окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Шайлоо күнү жакындап келатпайбы. Куудулдун ушул темада жазылган бир тамсили бар экен. Окуп койсоңуз, окурман!

"Токойдогу шайлоо"
Сөз эркиндиги деген илдет,
Токойго да жетиптир.
Арстанга баш ийген жаныбарлар,
Оппозицияга жана хоппозицияга
Бөлүнүп кетиптир.
Токойдун ичи бардак,
Бирин-бири кыйнап,
Сакалдуу эчки арак куюп,
Улактары төрдө олтурушат ырдап.
Күйөөсү жок эшек,
Зебрадан боозуп алган.
Арстанга нааразы болгон теке,
Эчкилери менен,
Жолду тосуп алган.
Түлкү эки жактан кабар алып,
Бир күн бийликке,
Бир күн оппозицияга барып.
Бир сөздү экөөнө,
Эки башка айтып,
Ортодо жүрөт бүлүк салып.
Түлкү менен баары эсептешет.
Бул жак тең,
Бул бизге керек дешет.
Анткени анын,
Менчик гезити бар.
Жинине тийсең,
Жазып ийет,
Шерменде кылып кезек-кезек.
Баарынан да үкүгө кыйын болду,
Күндүзү байкуштун көзү көрбөйт.
Же берки ызы-чуу кылгандар,
Пикеттерин токтотуп,
Тынчып өлбөйт.
Айласы кеткен Арстан
Айбанаттардын өкүлдөрүн,
Бүт чакыртып алыстан.
Келгендерге,
Көз кырын таштады,
Сөзүн минтип баштады:
- Ушу кезге чейин токойду,
Жалгыз башкарып келдим эле.
Баардык маселени өзүм чечип,
Кыйынчылыктарды жеңдим эле.
Кээ бирөөлөрдүн айтымында,
Мен "диктатор" имишмин.
Жанагы,
Жаагы тынбаган сагызганды,
Саясий мотив менен,
Аттырып ийипмин.
Анын кантип өлгөнүн,
Баарыңар жакшы билесиңер.
"Сагызган сактыгынан эмес,
Суктугунан өлдү" -деп,
Айтып эле жүрөсүңөр.
Ушундай ушак сөздөргө,
Бүгүндөн баштап "точка" коелу.
Парламенттик шайлоо өткөрүп,
Демократиялык токой бололу.
Ошентип,
Шайлоо болчу күн такталды.
Талапкерлер арыздарын жазып,
Мыйзамдын негизинде катталды.
Айбан да болсо,
Жек-жааттарын издешип,
Шайлоонун,
Шайтан оюну башталды.
Дасторкондор жайылып,
Арак-шарап суудай агылып,
Үгүт иштери жүрүп жатты,
Музыкалар жаңырып.
Жардамга чакырышып,
Алыс-жакынды.
Жолго шагыл төшөлүп,
Асфальт да басылды.
Бүтпөгөн көпүрөлөр бүтүп,
Көчөлөргө жарык тартылды.
Өмүрү суу келбеген
Арыктардын багы ачылды,
Өзгөчө ыкма менен казылды.
Талапкерлердин баары,
Бири-биринен жакшы.
Өмүрүндө бирөөнү
"сиз" дебеген карышкыр:
- Эгерде мени шайласаңыздар,
Сиздер үчүн
Өлүп берем!-деп жатты.
Айбанаттардын көпчүлүгү,
Акчалуу талапкерге ыктады.
Аскада жашап, алысты көргөн,
Бүркүттүн сөзүн эч ким укпады.
Тандалып талапкерлер мыкты,
Шайлоонун,
Жыйынтыгы да чыкты.
Карышкыр, Чычкан, Кашкулак,
Атаандаштарын,
Биринчи турдан эле утту.
"Депутат" деген кыпкызыл,
Мандаттарын алышты.
Салмактуу басып чалкалап,
Парламентке барышты.
Эң кызыгы алар менен,
Чынын айтсам, бир аз жүдөп,
Галстук тагынып,
Байкуш,
Эшек да жүрөт.
Шайлоого чейин эшекти,
Эч ким билчү эмес.
Үйүнө чакырса дагы,
Конокко бирөө кирчү эмес.
Эми болсо минтип,
Көзүнө көз-айнек тартып.
Парламентте отурат,
Арстанга акыл айтып.
Анткени эшек шайлоого,
Чоң даярдык менен барыптыр.
Айбандардын добуштарын,
Акчага эле сатып алыптыр.
Көрсө ал,
Байкуш эмес тура.
Ишенбесең элден башкалардан сура...
Анткени эшек,
Наркотик ташып жүргөн экен,
Акча тапса эле
Депутат болоорун билген экен.
Тамсилден жыйынтык
чыгарып,
Эшекти шылдыңдап күлбө-гүлө.
Акча тапкан эле адамды,
Акылдуу деп билбегиле.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!