Саясый террор дейби?

Версия
Садыркуловдун сырдуу өлүмү
Медет Чоканович автокырсыкка учурап, өрттөнүп каза болду деген маалыматтар пайда болгондо эле туш тараптан ар түрдүү версиялардын учу чыга баштады. Биринчи эле учурда кырсык эмес, ким жасады деген суроо кабыргалата чыкты. Баары эле түш жоругандай жоруп жатышты. Төмөндөгүдөй бир нече версия пайда болду.

1-версия. Бийлик
Чынында эле, Медет Чокановичте жогорку эшалондогу интригалардын сырлары тууралуу жетиштүү маалыматтар бар болчу. Мындай маалыматтар бийликтин каршылаштарына чоң саясий курал болуп бериши толук мүмкүн эле. Бийликте турган учурда М.Садыркулов бир топ маанилүү орундарды (өкмөттөн жана парламентте) өз кадрларына алып берген. Булар турганда М.Садыркулов саясатын уланта бермек.
Бирок президенттик шайлоо жакындап келаткан учурда бийлик үчүн бир дагы негитвдүү көрүнүш зарыл эмес болчу. Экинчиден, бийликтеги айрым кландар үчүн М.Садыркулов кызматынан кеткени анча кооптуу болбой калган.

2-версия. Оппозиция
Жазында ар түрдүү акцияларды баштайбыз деп турган оппозиция үчүн М.Садыркуловдун бийлик кландары менен кармашы жана кызматтан кетиши жакшы негиз болуп берди. М.Садыркуловдун көзүн бийлик кландары эле тазалап койду версия карапайым элде өтө тез кабыл алынып кетерине көзү жеткен оппозиция бул кадамды атайын жасап коюшу мүмкүн. М.Садыркуловдун өлүмү менен бийликти силкинтүү аракети катары каралып жаткандай...
Бирок ошол эле учурда М.Садыркуловдун бийликтегилер менен (өз алдынча болобу же оппозиция менен бирдикте болобу) тиреши оппозиция үчүн абадай керек көрүнүш эле. Экинчиден, М.Садыркулов оппозиция үчүн бийликке компромат жана финансы булагы катары кызмат кылышы мүмкүн эле.

3-версия. Үчүнчү күчтөр
Эки күч тирешип турганда үчүнчү күч сөзсүз назар салып, кимисинин абалынан пайдаланып калууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, сөзсүз пайдаланып калат. Бул саясий турмушта турулуу иш. Кыргызстандагы азыркы абал да ошондой чыңалууга жетип келаткан. Бийлик менен оппозиция кырды-бычак болуп турган учурда ушундай сырдуу операциялар эффект берген учурлар көп. Үчүнчү күч моментти кармап, башын көтөрдү деген түшүнүктөн сигнал бергенсийт...

4-версия. Медет Садыркулов өзү
Биринчиден М.Садыркуловду бийлик керек учурда аябай иштетип алып, кереги аз боло түшкөндө "акырын" кетирип койду. Эч кандай кызмат берген да жок. Демек, ал кишинин бийликке болгон таарыныч чоң болчу. Экинчиден, бийликтеги кландар акырындап отуруп, анын таасирин алсыратып, аягында өзүн кысымга алып, каматканга же жок кылганга чейин жетиши мүмкүн эле. Мына ошондуктан күчтүү сценарий менен каргашалуу окуяны "уюштуруп" коюшу толук мүмкүн. Буга жооп эки күн мурун жансакчыларын табышмактуу түрдө кетирип жибериши, түндөп жол жүрүшү, сөөктөрдүн таанылгыс күйүп калышы, жакындарынын "спокойный" реакциясы күмөн ойлорду жаратууда...

5-версия. Расмий жыйынтык
Кандай гана версияларды иликтеп көрбөйлү азырынча №5 расмий версияны гана бир жактуу айтууга мүмкүн. Ал автокырсык. Үч адам каза болду. Эмне болгондугун экспертиза аныктайт.

Чубак Ниязалиев




Кыргызстанда акыркы кыска убакыттын ичинде үрөй учурган фактылар орун алды.
Коопсуздукту камсыздоо милдетин аркалаган ички иштер министри Молдомуса Конгантиев тергөө иштеринин жүрүшү боюнча маалымат
бөлүштү.
Молдомуса Конгантиев, ички иштер министри:
"А.Садыркулованын айтымында ал анын жолдошунун чынжырчасына окшоштугу бар"
- Молдомуса мырза, М.Садыркуловдун коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат кылып жүрүшкөн жансакчылары кандай көрсөтмөлөрдү берип жатышат?
- Медет Садыркулов президенттик администрация башчысы болуп турган кезинде жеке коопсуздугун камсыздоо үчүн эки милиция кызматкери - Белеков жана Щербаков иштешкен. Алар ушул күнгө чейин кызмат кылып келишкен. Алардын берген маалыматы боюнча М.Садыркулов 12 мартта саат 11-30 Бишкектеги офисинен Алматыга бара тургандыгын айткан. Айдоочусу Кубат Сулайманов жана Сергей Слепченконун коштоосунда Алматыга барып, түнү менен кайра келип калабыз деп пландашкан. Эки милиционер жансакчылар Садыркуловдун буюмдарын алып дачага баратышкан, ал учурда авария болгон автомашиналарды жүктөп жатышкан, ошол жерден кезиктиришкен. Окуя болгон жерден анча алыс эмес, 300-400 метр жерде М.Садыркуловдун дачасы болгон. Эки кызматкери да ошол жерге баратышкан. Садыркулов аларды Алматыга кетээринин алдында кетирип ийгендиги маалым болду.
- Экинчи автомашинанын айдоочусу кандай көрсөтмөлөрдү берип жатат жана ал учурда каякта?
- Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 121- жана 281-беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, айдоочу Осмоновго айып тагылып жатат. Учурда аны камакка алуу боюнча арестке ылайык тергөө абагына алынган. Ал өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып жатат. Экспертиза далилдегендей Осмонов мас абалында болгон эмес, канында эч кандай баңги заттарынын элементтери да табылган эмес. 23 жашта, жеке ишкерлик менен алектенет экен. Ал түнү "12 камин" кафесинде иштеген кызына барып келаткан. Шектүү болуп жаткан Осмоновго акыйкатчы Турсунбек Акун кирип маектешип чыкты. Андан сырткары, обьективдүү тергөөнү камсыздоо үчүн шектүү адамды Садыркуловдун жубайы, бир тууганы Бахадыр Садыркулов жана Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкулов менен кездештирдик.
- Үч адамдын тең денелери толугу менен күйүп кеткендиги айтылууда. Алардын чындап эле Садыркулов жана анын жолдоштору деген жыйынтыкка эмненин негизинде келип жатасыздар?
- 14-мартта "Акжол" чек ара постундагы регистрациялык журналды карап чыктык. Посттун кызматкерлери Садыркуловдун 12-мартта Казакстанга барып, 13-мартта саат 02-30 кайткандыгын далилдешти. Садыркуловдун жубайы Айнагүлдүн айтымында саат 22-30 телефон аркылуу байланышып, тамактанып жолго чыгып бараткандыгын айткан. Кай жерде тамактанып, кай жерден чыккандары аларга да белгисиз. Бирок моргдо сөөктөрдү карап жатканда алардын биринен ювелирдик чынжырча табылган. А.Садыркулованын айтымында ал анын жолдошунун чынжырчасына окшоштугу бар. Садыркуловдун врачы Баширов да пациентинин тиштеринин калдыктары боюнча сөөк Садыркуловго тийиштүү деген жыйынтыкка келди. Слепченконун жубайы жана айдоочу Сулаймановдун жубайынын да көрсөтмөлөрүнүн негизинде бул үч адамдын сөөктөрү Садыркулов, Слепченко жана Сулаймановго тийиштүү деген божомолго келип жатабыз. Анык маалыматты баардык экспертизалар бүткөн соң гана айта алабыз. Соттук экспертиза, ДНК экспертизасы, автомашиналардын өрттөнүп кетиши боюнча өрт-техникалык, жол кырсыгы боюнча автотехникалык эскпертизалар, баардыгы болуп ондон ашык экспертизалар болушу керек. Окуянын орун алышы тууралуу толук маалыматты ошол экспертизалардын жыйынтыктарына жараша айтып беребиз. Ал үчүн 3-4 жума убакыт керек.
- Коомчулукта бул окуяны саясый буюртма катары кабылдаган пикирлер да арбын болууда. Буга эмнелерди айта аласыз?
- Медет Садыркуловдун өлүмү саясый буюртманын негизинде болду деген версияны окуядан пайдаланып саясый упай топтогусу келип жаткандар айтып жатышат. Мисалы Өмүрбек Текебаев өзүнүн айткан сөздөрү боюнча тергөөгө сурак берди. Тергөө иштин кызыкчылыгы үчүн баардык версияларга маани берет. Бирок бул факт боюнча пикирлерин билдирген жарандар ал сөздөрүн тергөө иштеринде да көрсөтүүлөрү зарыл. Элмира Ибраимова да ар кандай божомолдорду келтирген, ал киши да айткан сөздөрүн тергөөгө билдириши керек. Мен адамдын башына келген кырсыктан, анын жакындарына болгон оор кайгыдан улам саясый упай топтогусу келип жаткандарга, мындай жол менен упай топтойм дебей эле коюшса дээр элем. Иштин чоо жайы толук иликтенип бүтө электе эле ар ким өз кызыкчылыктарына жараша ар кандай мүнөздөгү версияларды айтып жатышат. Кырсыктан да пайда тапкысы келгендер - бери дегенде эле адамгерчиликсиз сапат. Мен Медет Садыркулов менен ал администрация башчысы болуп турганда, тыгыз байланышта иштешкенмин. Андыктан, замандашыма байланыштуу ушундай кайгылуу маалыматтарды берүү министр катары мен үчүн оор. Биздин статистикалык маалыматтарды ала турган болсок, буга чейин деле ушундай мүнөздөгү жол кырсыктары катталган учурлар болгон. Санай турган болсок, алардын саны ондон ашат. Ал учурларда да автомашиналардын кагылышуусунан улам өрт чыккан. Алардын биринде катуу өрттөн улам ичинде отурган төрт кыз тирүүлөй күйүп кетишкен. Андыктан бул окуяны өзгөчө жагдайда болгон, атайын жасалды деп жаткандары орунсуз.
- Мындан бир аз мурда журналист Сыргак Абдылдаевге болгон кол салуу да чоң резонанс жараткан эле. Кылмышкерлер жакын арада табылабы же бул учурда саясый буйрук болгон деген пикирдин чындыгы барбы?
- Мен министр катары аны окуя болгондон кийин таанып-билип отурам. Мен ал көтөрүп чыккан актуалдуу темаларды, курч макалаларын окучу эмесмин. Тергөө баардык материалдарды анализдеп отуруп, окуянын криминал менен байланыштуу деген жыйынтыкка келди. Криминалдык дүйнөгө байланыштуу макаласы үчүн... Ал бизге ага карата бир нече жолу коркутуулар, эскертүүлөр болгондугун айтты. Бул фактыга да саясый себептерге байланыштуу деп жар сала берүүнүн кереги жок. Биз жакын арада кол салган кылмышкерлерди табабыз, ошондо баардык маалыматтарды толук беребиз.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!