Бирдикте

SMS-версия
Окурман, кимдир бирөөгө жалындуу сөздөрдү айткыңыз келсе, жүрөгүңүздү өйүгөн маселе же түшүнүксүз суроо болуп, сизди, санаага салса, анда биз менен байланышып, SMS-Асман рубрикабызга (0773) 59-30-59 жана (0543) 03-53-03 номурларына SMS жазыңыз. Мыкты деп табылган SMSке 100 сом.

Б-098. Көргөн көзүңө, уккан кулагыңа да ишенбейсиң. Жасаган адамдын өтө одоно кемчилигинен көчөдөгү бомж да буйуртма өлүм экенин таасын ажырата алат. "Окшошоконго мушташкан" болуп тетиги күч орган кейиптенгендер да бир беткей иликтеп, көпчүлүктөн жаап-жашырганды билишпей түкшүмөл ойдун түрмөктөрүн туудурганын кантесиң. Бизде таасын көрүп турган профессионалдар жетиштүү дейсиң. Аларың таш куурчактын кейпин кийип, ооздоруна кум толтуруп алышканы да оркоюп көрүнүп турбайбы. Кезинде баары ачыкка чыгат го. Бирок карайлап турган дал ушул маалда профессионал адистер жок дегенде аты-жөнүн айтпай дагы кимдер абайлаш керектигин эскертип коюшса жакшы болот эле.
Айжамал, Оштон
Б-099. Машина жарылып кетиши мүмкүн. Эгер анын бензобагы жарылса эле машина жарылат да. Бул аралыкта кантип чыгып кетүүгө мүмкүн. Кырсыкка учурар замат жарылып кеткен машиналарды көрүп эле жүрбөйбүзбү. Ошондуктан бул жерден бирөөлөрдүн күнөөсүн көтөрүү туура эмес.
Дина Бишкектен
Б-100. Менин оюмча, бул түздөн түз өлтүрүү заказы! Версия: Жертваларды үйүнө бараткан жолдон токтоткон (мисалы, ГАИнин формасын кийип) же бирөөсүнүн үйүнүн астынан, анан токтоткон жерден курал менен аткан (элестетип койгула машинанын ичи бүт кан жалаган жана өлүктөрдүн дени көптөгөн ок менен жараланган, баштын скелетин текшериш керек, ар бирөөндө октун изи калышы мүмкүн). Үчөөнү салондун арткы отургучуна отургузуп, Кой-Ташка алып келишкен, ал жерден бензинди салонго чачып, машинаны жардын боюна токтотуп койгон. Тиги "Ауди 100" водители түздөн-түз кылмышкерлерге тиешеси бар. План боюнча, алар сүзүшкөндө "Лексус" жардан кулаш керек болчу, андан кийин күйүш керек эле. Бирок андай болбой калды. Же Аудинин шопуру катуу сүзгөндөн корккон, же "Лексустун" салмагы оор болуп, жардан кулабай калган, андан соң экөө тең удаа күйүп кеткен деген ойдомун.
Инспектор ГАИ
Б-101. Садыркулов менен каршылашып жүргөн Акүйдөгү кландар боюнча калайык калк - көп эле маалыматтарды окуп, угуп, ак караны ажыратып калышты. ИИМде окуя кандай болгонун ташка тамга баскандай таасын көрүп турган профессионал адистер жетиштүү. Бирок, азырынча алардын унчуга турган мезгили келбей жаткандай.....Что обидно, Садыркуловдун душмандары аны өлтүрүү ишин грамотно, профессионально уюштура албаптыр. Куйруктар, оркойгон каталары накта басмачылык замашкалары көрүнүп эле турат. Андан да күйгүзгөнү чекисттери да, милициясы да көрүп туруп көрмөксөн эч нерсени билмексен болуп атат. Бир эле подозрение: Бакандай болгон үч киши (алар да жөн киши болсочу) түнү менен машинеден өлүк деп чыгып атса, тергөөчү, изилдөөчүлөрү таң ата электе эле аны сүйрөтүп алып кетишиптир. Место преступлениени ушунча тез бүткөрүш милициянын профессионалдуулугубу же элдин көзүнөн далдалап, эртерээк бүтүргүлө деген ишааратпы?
Асан Бишкек
Б-102. Кантип эле килейген "Лексус" "Аудиге" караганда морт болсун. "Лексус" фирмасына да кайрылуу кат жазыш керек, болгон окуяны баяндап. Чынында эле "Лексус" авариядан ушунчалык жабыркайбы? Таңгалычтуу. Бул окуя "Лексустун" да имиджин түшүрүп жатпайбы.
Бир кыргыз
Б-103. Садыркулов акыры көз жумду, айла жок. Эми эң башкысы жанагы "Аудинин" айдоочусу менен Садыркуловдун күзөтчүлөрүн милиция катуу кайтарбаса болбойт. Садыркуловдун сакчылары учурунда коргоосу жок калган Баяман Эркинбаевди элестетип турат. Ал эми айдоочусу айтпайын десе милиция кысып, айтайын десе уурусу кысып балээ күндү башынан кечирип жатат болуш керек. Бир учурда Мисир Ашыркуловго покушение кылды деген бала табышмактуу өлүп кеткени эсиңерде болсо керек. Милициянын мээси болсо Өмүрбек Осмоновду сураган учурларын видеокамерага бекем жаздырып, ошол учурдагы психо-эмоционалдык ал акыбалы боюнча так сүрөттөмө алгандай болушу керек.
Тайыр Бишкектен
Б-104. Оо адамзат, кыргыз баласы, кыяматтын эмне деген заманында жашап жатабыз, курган турмуш, куураган жашоо, М.Садыркуловдун өлүмү накта буйрутма экенин кантип түшүнбөй, көрбөй турасыңар? Ошончо маңкуртпузбу, авариядан жабырланган машина унаа мынчалык күйбөйт ошону түшүнгүлөчү, киши колдуу болгону айдан ачык көрүнүп турганын кантип байкабайсыңар. Буга эч кандай комментарийдин кереги жок. Мынчалык мыкаачылыкка барганга кимдин кудурети жетти? Туугандарына көңүл айткандан башка арга жок, артың кайрылуу болсун. Бирок чоң сырды ала жаттың, жаткан жериң жайлуу болсун өлүмдүн сурагын бир Кудайдан болоорун унутпайлы Кош!
Наке Бишкектен
Б-105. Сүрөттөрдү көрүп ой жүгүртүп көрсөңөр. Макул, Ауди катуу келип сузду дейли. Лексустун эшиктери жабылып калды дейли. Ичинде отурган килейген кишилер Лексустун терезелерин сындырып чыкканга жарабайбы, ыя? Лексус күйүп башталардан мурун ичиндеги бензин агып, төгүлүп анан электропроводкалардан күйүп кетиши мүмкүн бирок бул бир нече убакытты алат да. Лексустун ичиндеги соо килейген 3 киши терезени талкалап чыгып кеткенге кантип эле күчү жетпесин.
Лексусту сүзгөн Аудинин капотун жана крылосун карагылачы. Түптүз. Катуу келип сүзгөн машиненин капоту ушундай болмок беле? Менин оюмча Садыркуловду биринчиден өлтүрүштү, анан Кой-Ташка Лексусту сүйрөп, өлтүргөн кишилер айдап келишип өрттөп салышкан. Садыркуловдун жанындагыларды "лишний свидетель" катары аларды да өлтүрүп салышты деген ойдомун. Аудини айдаган баланы акча берип мен сүздүм анан өрттөнүп кетти деп айттырып, үй алып беребиз. Түрмөдөн оңой чыгарабыз деген сөз беришти дагы саясий кандуу окуяны жөнөкой жол кырсыгы катары коомчулукка кабылдатууга аракет кылышты көрүнөт.
Патриот, Кыргызстан
Б-106. Чынында кызык окуя, иш деп жүрүп адам өзү жөнүндө ойлобойт тура. Жакындарына көңүл айтуу менен мамлекеттин келечегине тынчсызданбай коё албайсың. Медет мырзаны жакындан билбесем дагы оор салмактуулугу башкаларга караганда жагаар эле. Эгер каза болгондугу чын болсо арты кайырлуу болсун демекчибиз.
Рудбек Нарындан
Б-107. Кыргызда элита жок. Эптемейлер бар.
0777 31-хх-хх
Б-108. Эми караңыздар турмуштун тамашасына. Садыркуловдун артынан эч ким жок экени эми билинип жатпайбы. "Ак Жолдун" ичинде 16-17 депутатты Садыркулов алып келди эле. Алар азыр коркуп адамдык абийирин унутуп отурат. Курмановду эки жолу депутат кылды эле Медет Чоканович. Арсалиев, Назаров, Куликова, Мамасалиев, Салымбеков, Сыдыкова Лейла, Абдраимова, Ибрагимов сыяктууларды депутат кылган Садыркулов. Эми булар болсо унчукпай отурат. Өз дос-кожоюнун саткандардан эл эмнени күтсө болот? Айрыкча Курмановдун саткынчылыгы жана пастыгы оозду ачырып турат. Кыргызстандын трагедиясы ушундай адамдардын бийликте болушунда.
Данияр Бишкектен
Б-109. Ким, эмне үчүн кылды экен, жооп табуу кыйын... М.Садыркуловду Бакиевдин командасында иштеп калганын жининдей жек көрүп жүргөн акаевчилердин ич күптүлүгү курч эле. Балким, М. Садыркуловдун Акүйдө иштегенине ичи күйүп, биз талаада калдык деп чачын жулгандар кылды болуш керек деген да ой келет. Тем более Бакиевге көө жабуу үчүн эң зор шанс болду. Бул ишти ким кылса да кыргыздын душманы экен...
Туке Оштон
Б-110. Срочно! Аркадий Дубнов деген атактуу журналист Садыркуловдун каза тартканына байланыштуу макала жазыптыр! Аркадий Дубновдун айтуусуна ылайык 12-март күнү Садыркулов менен Алма-Атада "Казакстан" мейманканасынын барында жолугушуп 4-5 сааттай сүйлөшүптүр. Садыркулов Дубновко "менин чоң душманым Кыргызстанда органдарга чоң таасири бар бир генерал"деп айткан имиш. Эми туугандар, органдарга чоң таасири бар кайсы генерал бар өзүңөр деле билесинер!
Калыс патриот
Б-111. Ушул макаланын бир жеринде "ИИМ башчысынын айтымында, ошондой эле "Лексус" машинасын сүзгөн "Ауди" машинасынын айдоочусу тергөөнүн жүрүшүндө машинасын айдап келатып уктап кеткенин мойнуна алган." деген жерин окудунарбы? Болгондо дагы именно тигилердин машинасы токтоп турган жерге келгенде Аудинин айдоочусу уктап кеткенинен күмөнүм бар.
Асаке Бишкектен
Б-112. Баарыбыз эле Садыркулв өлдү деп кан жутуп жатабыз. Балким, ал киши саясаттан чыгуунун жолун ойлоп, башка мамлекетке кетип калгандыр.
Байымбет
Б-113. Кагышкан машине эле күйүп кетпейт да. Менимче, өлтүрүп туруп, бензин чачып анан өрттөшсө керек.
Ажар
Б-114. Салам "Асман пресс" "Б" жакка ооп кетпе. "О" жакта бол. А то окубай коем.
0777 23-хх-хх
Б-115. Урмат Барктабасовго кайрылуу. 2005-жылы эки миллион сомду эл үчүн кечтим деген экенсиз ушул чынбы? Анткени, ошол мезгилде "Мекеним-Кыргызстан" Нарындан офис бир айга арендага алып, Эркин деген байке 14миң сомду сизди төлөйт деп пенсиядагы апамды алдап кетип калган. Урмат байке бул менен мен сиздин атыңызды саткандар да бар экенин айткым келет.
Нарындан Алмаз
Б-116. Мырзабек Төлөнович Айдаралиев сизди март айындагы туулган күнүңүз менен куттуктайм. Сизге дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Кргыз элинин алкышына татыган мыкты инсандардан болуңуз. Үй-бүлөңүз менен ынтымакта болуп, бактылуу өмүр сүрүңүз.
Ысык-Атадан Айзада
Б-117. Урматтуу БЭКтин мүчөлөрү, биз силерди колдойбуз. Экинчи элди дүрбөтүп, куру кыйкырык салбагылачы, уят болсуңар.
Тынчы





Издейм сени
Ыймандуу, оор басырыктуу, аялзатынын жан дүйнөсүн түшүнө билген турмушка терең көз карашта караган мырзалык сапаттарга ээ болгон жигиттер менен таанышам.
Элиза. 0773 78-49-03
YYY
Жердигим нарындык. 27 жаштамын. Иштеген ишим бар. Иш деп жүрүп, убакыттын өтүп кеткенин сезбей калыптырмын. Менин жан дүйнөмдү түшүнө билген, аялзатына аяр мамиле жасаган, какпаган-сокпогон нарындык, көлдүк жигиттер менен таанышкым келет. Көңүлүбүз табышып калса, турмуш куруу жагын дагы ойлонуп көрөм.
Баку. 0777 19-23-59
YYY
Жогорку билимдүүмүн. Иштеген ишим, жашай турган үйүм бар. Мурда турмуш куруп, ажырашып кеткем. Убакыт учкан куш демекчи заматта 47 жашка чыгып калыптырмын. Мен турмушка тың, жөнөкөй, назик, аялзатындагы баардык касиеттерге ээ болгон кыз келиндер менен таанышкым келет. Көңүлүбүз табышып калса, турмуш курууга даярмын.
Болот. 0777-67-00-60
YYY
Жашым 26да. Жогорку билимдүүмүн. Иштеген ишим бар. Материалдык жактан камсызмын. Мен кыздарды түшүнө жана сыйлай билген кыргыздын 27 жаштан 35 жашка чейинки үйлөнө элек, тириликке тың, жигиттер менен таанышкым келет.
Дарегим редакцияда
YYY
Жашым 26да. Жогорку билимдүүмүн. Иштеген ишим бар. Мырзалык сапаттарга ээ, кыздарга аяр мамиле жасаган, сыйчыл, үйлөнө элек, турмушка тың, иштеген иши бар, акыл-эстүү 28ден 32 жашка чейинки кыргыздын жигиттери менен таанышкым келет. Көңүлүбүз табышып калса, турмуш куруу жагын дагы ойлонуп көрөм.
Дарегим редакцияда
YYY
Жашым 25те. Кесибим тигүүчү. Борбордогу цехтердин биринде эмгектенем. Турмушка тың, түйшүктү көтөрө билген, тың, чечкиндүү, сыйчыл жигиттер менен таанышкым келет.
Кайыргүл. 0773 60-01-19












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!