көзкараш

Версиялар
Аликбек Жекшенкулов кылмышка шектүү делип кармалды. Анын тарапташтары жана адвокаттары биригип, пресс-конференция өткөрүштү. Бүгүнкү кырдаал тууралуу ой-пикирлерин биз менен бөлүшүштү.

Жекшенкулов бир ай УКМК сизосуна камалат
9-апрелге чейин Аликбек Жекшенкулов УКМКнын тергөө изоляциясына камалды. Анын ишин кароодон Биринчи май райондук соту кабыл алды. А. Жекшенкуловдун адвокаттары шаардык сотко кайрылаарын маалымдашты.

Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
- Саясий куугунтуктоо өзүнүн акыркы базасына өтүп жатат. Эгер мурун криминалдык элементтерди колдонуп, саясатчыларды же анын талапкерлерин коркутуп, алардын туугандарын жумуштан бошоткон болсо, же алар үчүн ыңгайсыздыктарды түзгөн болсо, азыр тоталитардык режимдин ачык формасына өтүп жатат. Бул бардык оппозиционерлердин өзүн, туугандарын кысымга алуу. Жок жерден шылтоо таап иш козго. Негизи жок болсо да аларды камакка алып, башка оппозиционерлерге сабак катары коркутуп, үркүтүү жолуна өттү.

Исмаил Исаков,
БЭКтин мүчөсү:
- Бүгүнкү күндө кырдаал күн сайын курчуп жатат. Бирок, кырдаалды эл же оппозиционерлер эмес, тескерисинче бийликте олтурган жетекчилер курчутууда. Өкүнүчтүүсү, мыйзамды эл эмес, бийлик тебелеп тепсеп жатат. Мына Аликбек Жекшенкуловду да ак жеринен "ушул пистолеттен атылган ок болсо керек" деген бүдөмүк ой үчүн камап койду. Аликбек мырза эмне акылы жок адамбы? Албетте, ал акылдуу, Кыргызстандын ички тышкы саясатын чемичкедей чаккан, иш билги инсан. Ошондуктан бул айыптоону заказ деп гана ойлойм. Эгер Жекшенкулов чындап эле күнөөлүү болуп, өз күнөөсүнүн четин эле билсе баары башкача болмок. Балким, сууга ыргытып жиберип, жоготуп алдым деп койсо деле болот эле да. Күнөөсү жок экенин билгенден кийин элдин баарын өзүндөй көрүп, орган кызматкерлерине мыйзам иштейт деген ишеничте пистолетин экспертизадан өткөрүүгө берип койгон. Азыр ал ишеничинин азабын тартып олтурат. Акаевдин учурундагы куугунтуктоо болгон. Бирок, алар лидердин өзү менен гана күрөшүп, бала-чакасы, туугандарына кылмыш ишин козгоп аксатышкан эмес. Ошондой эле анын үй-бүлөсү толугу менен оппозиция менен күрөшкөн эмес.

Токтогул Какчекеев,
саясат таануучу:
- Кыргызстанда саясий куугунтук бүгүн эле башталыптырбы? Куугунтуктоо кыргыздын шартындагы, жашоо-турмушундагы саясий күрөштүн бир түрү. Акаевдин учурунда деле азыркы бийликтин убагында да ошол нерсе орун алып жатат. Ошондуктан бул жагдайды жаңылык катары караганыбыз туура эмес. Бийликтин байгеси жакындаган сайын мындан дагы курч, өжөр иштер боло берет. Менин бир гана тилегим ушундай иште бири-бирин атып, бири-бирин жоготпосо эле болду. Маданий, саясий нук бизде али орной элек. Президенттик шайлоо аламан байгеге окшоп калган нерсе. Ошондуктан байгеге кандай ыкма, кандай жол менен жетсе дагы мөөрөйгө ээ болушу керек.

Молдомуса Конгантиев,
ички иштер министри:
- Аликбек Жекшенкуловду күнөөлүү, ошол кылмышка тиешеси бар деген жерибиз жок. Болгону кылмыш Аликбек Жекшенкуловдун пистолети менен жасалганы үчүн ал аркылуу кылмыш ишинин бетин ачалы деп жатабыз.

Бөдөш Мамырова,
"Ар Намыс" партиясынын мүчөсү:
- Кыргызстанда бүгүнкү күндө кырдаал абдан оор болуп турат. Мындай кырдаалды түзбөшүбүз керек эле, тилекке каршы, түзүлүп калды. Эми бийлик ушул оор абалдан чыгуунун жакшы жолун ойлоп табышы керек. Аты чыккан лидерлерге жалаа жаап, элге жаман көрсөтүүнүн саясий куугунтуктоонун аракетин көрбөшүбүз керек. Мындай кадам менен, элдин абалын курчутуп алабыз. Акаевдин убагында деле бирин-экин лидерлерди камоо менен саясий куугунтук кылып, камап элдин оозун жабабыз дешкен. Тескерисинче, эл коркуп эмес, курчуп кеткен. Ошондуктан бийлик жыйынтык чыгарып, эл менен жолугушушу керек.

Ч. Кутманалиева




Биринчи раунд
Кечээ бийлик менен оппозициянын ортосунда жолугушуулар болгон. Анын натыйжасы тууралуу пикирлерин билүү тууралуу тараптарга кайрылдык. Эркин гезиттер бир беткей эле оппозицияны жазып, бийликти укпайт деген айыптоолорунан улам бийлик өкүлдөрүнө да кайрылдык. Бирок ички иштер министри М.Конгантиевге жана Башкы прокурор Э.Сатыбалдиевге атайын суроолорубуз менен кайрылып жооп ала алган жокпуз. Кабыргасынан коюлган суроолорго жооп бере албастарына көздөрү жеткенби деген ойго келет экенсиң. Антпесе элдин жүгүн мойнуна алып бийликте отурган соң аткарып жаткан ар бир иштери, айрыкча саясый оппозицияга байланыштуу иштерине ачык жооп берүүгө милдеттүү. Түз суроого түз жооп беришсе, эл алдында жамантты да болушпайт эле. Же түз жооптон качуусу менен чындап эле саясый мотив менен кысымга алып жаткандыктарын моюндарына алып жатышабы?!

Илим Карыпбеков, Президенттин катчылыгынын адиси
- Илим мырза, кечээ бийлик менен оппозиция өкүлдөрү жолугушуп сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул иш-чаранын деңгээлине кандай баа бересиз жана натыйжасы кандай болот деп ойлойсуз?
- Биринчиден айтып коеюн, бийлик менен оппозициянын бул жолугушуусунунөзү эле натыйжа деп айтсак болот. Себеби мындай жолугушуулар буга чейин боло эле болчу. Президент улутка болгон кайрылусунда да мындай жолугушууларга даяр экендигин жана оппозиция менен сүйлөшүүлөрдүн керек экендигин айткан болчу. Ал эми жолугушуунун техникалык жагын айта турган болсок, жолугушчу жерди оппозиция өкүлдөрү өзүлөрү Акүйдө эмес, нейтралдуу жерде деп Профсоюздун имаратын сунуш кылышты. Биз да бул сунушка макул болдук. Өзөгү тууралу айтсам, жолугушуу өтө конструктивдүү негизде өттү, эч кандай кагылышуулар, кайым айтышуулар болгон жок. Ар бир тарап өзүнүн айтайын деген ой-пикирин толу ката алды. Оппозициялык саясатчыларга каршы козголуп жаткан кылмыш иштери жана ММКларга байланыштуу суроолорун даярдап келишиптир. Алардын айрымдарын ошол жерден ооз эки түрдө сурап жооп алып, дагы 26 суроону кагаз жүзүндө беришти. Биз ал суроолорго 13-мартта толук жооп беребиз. Укук коргоо органдарынын жетекчилери, Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев да катышып, бардык суроолор боюнча жооп берип жатышты. Жалпысынан алганда эки тараптын ортосунда диалог болду, уландысы да болот. Натыйжа деп ушунун өзүн эле айтсак болот. Ал эми кийинки жолугушуулардын форматын бийлик өзү эле чечип койбойт, сүйлөшүүлөрдүн негизинде оппозиция менен биргеликте аныктайбыз.
- Бүгүн оппозициялык саясатчылардын өзүлөрүнө, ал тургай жакындарына да каршы козголгон кылмыш иштерин саясый куугунтук катары кабылдашыбыз керекпи?
- Ал кылмыш иштерин карап көрүү керек, иш козгогонго мыйзамдуу себеби бар. Ошондон улам козголуп жатат. Укук коргоо органдары иш процессинде кандайдыр бир мыйзам бузуулар боло турган болсо, тиешелүү органдар аны текшерүүгө алат. Анын жыйынтыгы да дароо эле чыгып калбайт. Процессуалдык мөөнөттөрүнө жараша алты ай болобу, беш жыл болобу, айтор текшерилип отуруп аягына чыккан соң далилдери менен айып тагылат. Бүгүнкү күнү кеп болуп жаткан кылмыш иштери мындан бир топ убакыт мурда эле башталган. Айыпталып жаткан айрым адамдар ал убакта бийликте отурушкан, бирок анысына карабай ошондо эле иликтөөлөр жүрүп баштаган.
- Оппозициянын талаптарын бийлик аткара алабы?
- Оппозиция бир гана саясый куугунтукту токтоткула деген талапты койду. Биринчиден, ошол саясый куугунтук дегендин өзү эмне экендиги так даана аныкталган жок. Экинчиден, бийлик алардын далилдерин кандай кабылдайт, бул чоң суроо. Оппозициянын арасында кандай гана далилдери болбосун конструктивдүү диалогго келбейм деген радикалдуу адамдар да бар.
- Сиз бийликке жаңы келген кадрлардын бирисиз, көз караштарыңыз канчалык деңгээлде өзгөрдү?
- Менин көз караштарым өзгөрбөйт. Кандай иш болбосун чындык, калыстык жана ар тараптуулук принциптерин тутунуп келем. Акыркы мезгилде ММК өкүлдөрүнө байланыштуу иштер боюнча кесиптештериме эч нерсе билине электе эле саясый куугунтук дегенден алыс болсоңор деп айтаар элем. Журналисттерди сабап кетип жатышат, анын себептерин аныктаган соң кандайдыр бир жыйынтыктарга келсе болот. Андыктан дароо эле саясый куугунтук дегенге али эрте, кээ бирлер шашылыш түрдө гана ушундай бүтүм чыгарып жиберип жатышат.

Ч.Ниязалиев




Мукар Чолпонбаев
- Мукар мырза кечээ бийлик менен оппозициянын өкүлдөрү болуп жолуктуңар. Жолугушуу максатына жеттиби?
- Биринчиден, жолугушуу максатына жеткен жок. Экинчиден, бүгүнкү бийлик өз элине чын дилинен мамиле жасабаганы билинип калды. Бийликтин өкүлдөрү бизге билгениңерди кылып алгыла дегендей мамиле жасашты. Ушул жагдай мени ирээнжитти.
Олуттуу сүйлөшүүнү баштай албай, жарым саат акыйнек айтыштык. 26 кишиге кылмыш иши козголуп жатканын кагазга жазып бердик. Башкы прокурор "Ал иштерге сот жооп берет. Кылмыш иши козголгондордун баарын иликтеп чыгабыз. Анан жооп беребиз" деди. "Эмне үчүн кылмыш ишин козгоп туруп, сотко шылтайсыз. Биз айтып жаткан дооматтарыбызды уккуңуз келсе, сотту коргогондон баш тартыңыздар. Ошентсеңиздер сот өзүнөн өзү токтойт" дедим.
Сүйлөшүүдөн чыккандан кийин сүйлөшүүлөргө эле эмес, өзүмө өзүм нааразы болдум. Анткени, бийлик биздин дооматтарды угуп алып, эми ошонун баарын, тескерисинче, күчөтөт деген да ойдо калдым. Сүйлөшүү максатына жетпесине башында эле ишенген эмеспиз. Анткени президенттин админстрациясы деле элди алдоого аракет кылып, оппозиция менен сүйлөшүп жатабыз деген маалымат үчүн жасашты. Биз барбай койсок эл силер бизди эмес, бийликти эле ойлогон адамдар экенсиңер. Эмне үчүн сүйлөшүүгө барбай койдуңар деген доомат коюшмак. Кыскасы, карыздан кутулалы деп айла жок эле барганбыз.
- Сүйлөшүүлөрдүн негизинде оппозиция лидерлерине козголгон кылмыш иштери токтошу мүмкүнбү?
- Биз сөз башында саясий куугунтук болуп жаткан 26 адамдын тизмесин бергенде, кылмышкер деп кылмыш ишин козгогудай эмне иш жасашыптыр. Эмне үчүн мамлекеттик мүлктү жеп алып, азыр бийликте отургандарды жоопко тартпайсыңар деп бир топ фактыларды тизмектесек, Маливаная сөз алып, "бул жерде конкреттүү сунушуңарды биринчи жолу угуп атабыз. 26 адам куугунтукка түштү деп ошондой эле оозеки көп кине коюп жатасыңар. Мунун баарына биз бүгүн жооп бере албайбыз. Даярданып анан жооп берели" - деди.
- Ошол жолугушууда Абдыганы Эркебаевдин кызына да кылмыш иши козголот деп айтылды…
- Ошол жерден ал кишиге да эртең сиздин Октябрь районунда судя болуп иштеген кызыңызга кылмыш иши козголсо, куугунтуктоо деп айтасыз деп кылмыш ишин козголчу себебин айтышты. Ал жерден Абдыганы Эркебаев мен балдарыма 18 жашка чейин гана жооп берем. Кылмыш кылса кызым өзү жооп берет. Эмне үчүн күн мурунтан айтпай мага бүгүн айтып жатасыңар десе жөндүү болмок. "Кызым жасаса өзү жооп берер" деп унчукпай калды.
Ч.Кутманалиева












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!