Автандил Арабаев, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Бир дагы депутат мандатымды таштайм деп айткан жок"
- Автандил мырза, 2007-жылы түзүлгөн "Конституция жана өнүгүү үчүн!" кыймылы "Ак Жол" партиясынын өзөгүн түзөбү?
- 2007-жылы "Конституция жана өнүгүү" кыймылын уюштурдук. Кыймылга салыштырмалуу партиянын укуктары, мүмкүнчүлүктөрү көп экенин билип, Курманбек Салиевичке "кыймыл болуп жетилдик, партия түзөлү" деген сунуш менен кайрылдык. Ал киши да элдин келечеги үчүн кам көргөн, бийликтин колун узарткан партия болсо деген тилеги бар экенин билдирди. 15-октябрда республикалык форум өткөрүп, биз уюштурган кыймыл "Ак Жол"партиясына айланды. Демек, өзөгүн түзөт десек да болот.
- Курманбек Салиевич сизге ишеним артат дешет. Кыймыл түзгөнгө чейин ал киши менен тааныш, билиштигиңиз жок беле?
- Курманбек Салиевичтин ишенимине жасап жаткан иштерим аркылуу татыдым окшойт. Кыргыздар сураштыра келсең эле тууган болуп каласың дегендей болуп, экөөбүз тең Жалабаддын Сузагынан болобуз. Көпчүлүк жердеш, тууган экенсиңер деп калышат. Миң тууган болгон күндө дагы ишти жакшы алып кете албасам, ал киши мага ишеним артмак эмес да.
- Айрым байкоочулар "Ак Жол" фракциясы татыктуу лидер таба албай жатат. Кыска убакыттын ичинде бир эмес, эки-үч жолу фракциянын лидерлери алмашты дешет. Бул маселе боюнча эмне демекчисиз?
- "Ак Жол" фракциясынын лидерлеринин алмашуусу мыйзам ченемдүү, нармалдуу эле көрүнүш. Аны чоң маселе кылып талдоонун деле кажети жок болсо керек. Анткени, партиялык турмуш ар дайым буркан-шаркан кайнап турган жандуу процесс. Ошондуктан күндөн күнгө жаңы маселелердин жаралганынын өзү фракциянын жетекчилеринин алмашышына алып келди. Фракциянын жетекчилери ишти жөндөп кете албаганынан кеткен жок. Алардын баары өз миссияларын аткарышты. Мүмкүнчүлүктөрү жетишинче иштеп беришти. Балким, дагы фракциянын жетекчилиги алмашышы мүмкүн.
- "Ак Жол" фракциясында ич ара конфиликттер болуп, айрым депутаттар мандаттарын таштоого үгүттөп жүрүшөт дешет. Ошол чынбы?
- Менимче, бул сөздөрдүн көбү ушак. Эгер чындап эле мандатты таштоого үгүттөгөндөр болсо "Ак Жол" партиясынын төрагасынын орун басары катары кабардар болот элем да. Канчадан бери "Ак Жол" фракциясынын ар бир депутаты менен иштешип жатам. Чындап эле сиз айткандай кырдаал болсо, бири болбосо бири айтмак да. Мага бир дагы депутат келип, мандатымды таштайм деп айткан жок. Партиянын тарыхында бир гана Адахан Мадумаров спикерликтен өз каалосу менен кеткенде мандатын таштап, партиядан чыккан.
Буга чейин Жогорку Кеңеш бир мандаттуу округдан шайланып, ошол округдун гана кызыкчылыгын коргоочу. Депутаттардын көпчүлүгү өкмөттү сындап, популисттик кадамдарга барышчу. Жаңы келгенде депутаттардын көпчүлүгү башында мен эмнеге трибунадан сүйлөбөйм деп жүрүштү. Чынын айтыш керек жаңы партиялык тизме менен депутат болгондо уюштуруу жагынан бир топ проблемалар болду. Башка партиялар менен кандай иштешебиз? Мамлекеттин элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, консенсуска келип, тийиштүү чечим кабыл алыш керекпи деп олтуруп, Кудайга шүгүр, азыр оор кырдаалдын баары жөнгө салынып, үч фракция бир пикирге келип, мыйзамдарды чогуу кабыл алып келе жатабыз.
- Эмне үчүн эл арасында "Ак Жол" партиясы эл менен иштеше албайт деп айыпташат...
- Мындай пикирдин эч кандай негизи жок. Биздин максат бийлик менен да, оппозиция менен да чогуу иштешип, Кыргызстанда саясий туруктуулукту орнотуу. Бийликтин жүзүн элге буруу деген ураанды көтөрүп чыкканбыз. Демократиялык мамлекеттерде Бийлик болгон жерде оппозиция сөзсүз болот. Кыргызстанда оппозициянын болушу демократиялык мамлекет экенибизди далилдейт. Оппозиция бийликтин кемчилигин эле айтпай андан чыгуунун альтернативдүү жолдорун көрсөтүп, бир беткей эле жамандагандан алыс болуш керек.
- Акыркы убакта кызматта кеткендердин көпчүлүгүнө кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген "дежурный" берененин негизинде иш козгоп жатат деп айыпташат. Бул боюнча кандай пикир айта аласыз?
- Кылмыш иши козголгон болсо, кылмыш ишинин козголушуна кандайдыр бир укуктук негиздер болуп, ошон үчүн кылмыш иши козголуп жатса керек. Бүгүнкү күндө сот, прокуратура тармагында иштеп жаткандарга дооматым жок. Аларды туура эмес иштеп жатат деп күнөөлөй албайм. Акыркы убакта кичинекей ишти саясатташтырып, менин саясий ишмердүүлүгүм үчүн кылмыш ишин козгоп жатат дегенди адатка айлантып алышты.
- Гансини Кыргызстандан чыгарып, биз эч нерсе утпайбыз. Тескерисинче, утулабыз. Америка тышкы карызды төлөшүбүздү талап кылат дегендер да жок эмес. Бул боюнча кандай пикир айта аласыз?
- Биз саясий маселе чечип жатып, экономикалык маселелер менен чиелештирип, же болбосо социалдык маселе чечип жатып, саясатташтырып караганыбыздын өзү туура эмес. Себеби, биз америка менен бүгүнкү күнгө чейин көп багытта кызматташтабыз. Ошолордун бирөөсү Ганси. Гансини чыгарсак эле Америка менен мамилебиз бузулат деген болбогон сөз. Анткени, америкалыктар да "мындан трагедия издеген жокпуз" деп жатышат. Ошондуктан кооптонбой эле койгонубуз оң.
- Депутат болгону кандай маселелерди көтөрө алдыңыз?
- Бүгүнкү күндүн талабына жооп берген укуктук системаны түзүүгө аракет кылып, кабыл алынган мыйзамдардын натыйжалуулугун жогорулатуу менен алек болуп жатам. Кечээ жакында ушул күнгө чейин кабыл алынган мыйзамдарды ревизиядан өткөрүп, мыйзамдарды иликтеп, системага салуу боюнча сунуштарымды Жогорку Кенештин жыйынында айтып чыктым.

Ч. Кутманалиева




  маалымат майданы

Жекшенкуловдун иши так
Башкы прокуратура буга чейин "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловго каршы козгогон кылмыш ишин негизсиз деп тапты. Муну менен бийлик өз кемчилигин моюнуна алды десек жарашчудай. Прокуратура, Эсеп палатасы, Каржы министрлиги биргелешип изилдеп жатып оппозиционердин ишинен кынтык таба алышкан жок. Ошол эле учурда саясатчынын оор кылмыштарга тиешеси бардыгын ИИМ изилдеп баштады деген айың кептер тууралуу А.Жекшенкулов "Бармак-сөөмөйгө байланыштуу чууга, полковник Анвар Алиевдин өлүмүнө күнөлүү болуп жаткан милицияга кантип ишенебиз" дейт.

Конгантиев кол кезегенде
Ички иштер министри М. Конгантиев бардык крим топторуна карата тиешелүү чараларды көрүүгө "сөзсүз ишке ашырышыбыз керек" маанисинде тапшырма бериптир. Крим топтору аркылуу милиция кызматкерлеринин аброю түшүп жаткандыгы тууралуу "Асман пресс" гезити жазган кичинекей макаланы министр мырза окуганбы же чын эле кырдаал ушундай болгонбу ким билсин, айтор, аталган жарлыкты угуп алып биз да кубанып калдык. Антпесе коомчулук арасында бизди коргой турган милиционерлердин аброюнун деңгээлинин өлчөмүн ченөө кримавторитеттеринин колундабы деген кооптонуу күчтүү экендигин кантип танабыз.

Бийлик менен оппозиция сүйлөшүүлөргө барат
БЭК 2-март күнү жыйын өткөрүп, бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн беш кишиден турган топту бекитип, аны саясий бюронун буйругу менен бекитти. 5-6-мартта боло турган сүйлөшүүдө Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалды жөнгө салууну жана саясий куугунтуктоону токтотуу талабын коюну максат кылуу менен бул талаптардын аткарылышына бийликке белгилүү бир мөөнөт берүүнү пландашууда. Ал эми беш кишиден турган топтун курамында А. Эркебаев, А.Муралиев, М.Чолпонбаев, Т. Тургуналиев, А. Сарыбаевдер бар. Топко ЖКнын депутаты, социал-демократтар фракциясынын өкүлү Иса Өмүркулов жетекчилик кылат. Бийлик тараптан болсо президенттик администрация жетекчиси Данияр Үсөнов жана мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу болушу күтүлүүдө. Байкоочу катары катышып берүү өтүнүчү И. Абдуразаковго, Т. Акунга, Т. Чынгышевге, М. Мамытовго сунушталган.

Журналистке кол салышты
"Репортер Бишкек" гезитинин журналисти Сыргак Абдылдаевди 3-март күнү кечки саат жетиде өзү иштеген редакциянын жанынан эле канкорлор 30 жерине бычак сайышкан. 47 жаштагы журналист оор акыбалда 4-шаардык ооруканага жеткирилген. Азыр анын ден-соолугу начарлагандан начарлап жатканы тынчсыздандырат. Гезиттин ээси Султан Каназаров бул кылмышты "Биздин гезитке болгон куугунтук жана сөз эркиндигин ооздуктоо" деп билдирди. Себеби, журналист Абдылдаев "Репортер" гезити ачылган күндөн баштап иштеп, бийликти сындап жазган саясий курч макалалары менен айырмаланып турчу. Ал артынан бирөөлөр түшүп жүргөнүн өзү да байкап кесиптештерине кеп кылыптыр, мурдагы офицер, спорт менен дайыма машыгып жүргөн журналист өзүн коргой албай калганы, бул атайын уюшулуп жасалгандыгынан кабар берет. Буга чейин ушул эле гезитте иштеген Хабира Мажиевага дагы былтыр ноябрь айында кол салуу болгондуктан биздин өлкөдөн Швецияга кетүүгө аргасыз болгон. Бул кылмыш ишин ачууга министр Молдомуса Конгантиев өзү баш болуп киришиптир, эми жыйынтыгы кандай болот аны да убакыт көрсөтөт.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!