Бирдикте

SMS-Асман
Окурман, кимдир бирөөгө жалындуу сөздөрдү айткыңыз келсе, жүрөгүңүздү өйүгөн маселе же түшүнүксүз суроо болуп, сизди, санаага салса, анда биз менен байланышып, SMS-Асман рубрикабызга (0773) 59-30-59 жана (0543) 03-53-03 номурларына SMS жазыңыз. Мыкты деп табылган SMSке 100 сом.
Б-043. Акылбек Жапаров тээ күзүндө эле дүйнөлүк кризистин таасири Кыргызстанга февралда тиет деп прогноз коюп атты эле. Ошондо вице-премьер Айдаралиев кризис Кыргызстанды айланып өтүп кетет, Жапаров жаңылып атат деп чыккан. Искандар ака элди дүрбөтпөйүн дегенби же экономиканын мыйзамдарын билбеген немеби, билбейм. Жапаров туура эле анализ кылыптыр. Башкасын кой, бир эле мисал, азыр Дордой мурдагыдай иштебей соода токтоп турат. Так что, Искандар ака минселхозго туура эле барды, ал эми Жапаровду жакшылап иштетип алыш керек, элдин кереги үчүн.
Орозбек
Б-044. Кыргыздын кыздарын баарын тең 8-март майрамдары менен куттуктайм. Дүйнөдөгү кыздардын сулуусу да, акылдуусу да, чыдамкайы да биздин кыргыз кыздар.
Алмаз
Б-045. СПДКнын саясаты кызыктай, ары эмес же бери эмес. Опасныйлар ушулар окшойт, бирдеме болсо таза сатып кете турган саясатчылардай түрлөрү бар. Президенттик шайлоону эле анча эмне чуркап быйыл кылган жүрүшөт. Булар точно БАКСтын баксыларына сатылып кеткен! Жакында Атамбаев менен Бешимов конкретно чабышат го деп турам.
0 772 19-90-хх
Б-046. Өмүрбек Текебаевди өткөндө көрдүм, тим эле согушта жүргөнсүп эки пистолет тагынып алыптыр. Чын эле биз азыр ушундай коркунучтуу заманда жашап атабыз. Бирок Өмүрбек Чиркешович сиз коркпой эле коюңуз, сиз бир нерсе болсоңуз биз көтөрүлүп чыгабыз. Аныс деле нервдер пределде турат.
0 555 87-13-хх
Б-047. Кыргыздын жаштарына кеңешим, достор тил окугула, англис, немец, француз, араб, кытай, япон, колдон келгенин окуй бергиле. Азыр заман ошондой, антпесеңер кыйын болуп калат. Бирок кыргыз тилин - эне тилиңерди унутпагылачы, суранам.
Айжамал
Б-048. Биздин цех временно деп токтоп калды. Шефтин настроенеси жок, биздин зарплат жок. Иштебей бош отуруп калгандан бери эригип гезит окуп баштадым. Тандап отуруп акыры силердин гезитти (асманпрессти) жактырдым. Атбашыга ысык салам!
Максат
Б-049. Биздин министрлер менен депутаттарды колдон келсе асып салаар элем. Налогду көбөйткөндүн ордуна налоговыйдагы коррупцияны эле жок дегенде бир аз тыйып коюшса норма болмок. Эми же бир нормальный бизнес жок, же коррупцияңардын токтоор түрү жок. Курманбек Салиевич реформа менен "разумный балансыңардын" кереги деле жок, андан көрө коррупцияны эле токтотуңузчу. Эгер чын эле иштегенге ниетиңер бар болсо таможня менен налогдогу коррупцияны токтотуп коймоксуңар. Раз так, значит коррупциянын сизге да пайдасы тийип жатат деп ойлойм.
Аудитор
Б-050. Өткөн номериңерге Текебаевдин аялын чыгарыптырсыңар. Бир караганда фотосунан жакшынакай эле көрүнөт, бир аз татынакай да экен. Бирок жакшылап караганда тең-теңи менен, тезек кабы менен дегендей эле, анча-мынча адамдын мээсине чай кайнатып койчу немеби деп койдум. Анткени, бир жолу тагам менен барып көрүп калгам, жакшы туруп эле күн бүркөлүп, чагылгандары чартылдап кетет.
Адилет
Б-051. Кочкордун Ормон хан айылынын кичинекей кулуну Мамбетов Урматка салам. Жаңы машина алышың менен куттуктайм, бирок Аудиңди авария кылып алганың жаман эле болду. Ошон үчүн жанталаша бербей, пейилди кененирээк коюп жүр деп кеңеш берем. Кудайга миң рахмат, досум тирүү калганың үчүн!
0 777 81-52-17
Б-052. Мекендештер, президентибиздин дагы бир калпын кармап алдык. Өткөндө пресс-конференция берип, маданият тууралуу айтыптыр. Кээ бир чоңдор китеп-гезит окубайт, акындар менен сүйлөшпөйт. Ошолордун маданияты жок. Ырчыларыбыз болсо жалтырак кылып жакшы кийимчен эле жүрүшөт деп. Бирок президентибиз өзүн аябай маданияттуу сезет окшойт. Андай болсо жыргабайт белек.
Андаш
Б-053. Энергетикалык кризиске келдик, быйыл кыштан чыкпай калабыз деп айтып чыгышканда жүрөгүм түшүп, былтыркы Тажикстан болуп калабыз го дегем, бирок жазды аман-эсен эле көрдүк. Он саат свети өчүп жашаган кыргыздар, жазыңар менен! Кудай деле кыргыздарга боору ооруган окшойт, кыш жылуу болуп берди.
0 550 76-45-хх
Б-054. Дуракам везет дегендей, капкайдагы немелер случайно келип калып парламенттин кадырын кетирип салышты. Азыркы парламенттеги депутаттардан уялчу болдум.
0543 88-44-хх
Б-055. Айланайындар, кайберендерди бир аяп койгулачы. Каргышы урат. Боозуна, улагына карабай кырып эле атасыңар. Агам менен да охотник болгону үчүн урушуп кеткен элем, эми Аксайга, Арпага барып аң уулап чер жазып жүргөн аттуу-баштуу адамдарга компромат топтой баштадым. Буюрса, силердин гезитке берем. Бугу эненин урматы үчүн деле басып бересиңер деп ойлойм.
Ат-Башыдан Капарбек
Б-056. Нариман Түлеевге айтаар сөзүм бар эле, приемуна канча барсам да кабыл албай атат. Шаардын ишин темир жолдой көрүп өзүм билем деп ойлоп атат окшойт. Көрсөтөм мен ага "бродягаларды жолотпогулачы" деп коет тим эле. Керек болсо сага окшогон ачкөздөрдүн айынан мага окшогондор бродяга болуп жүрүшөт. Кудайга койдум акыры. Шымаланып киришип иштеп атат десе эле мен байкуш ишенип коем. Деги биздин бийлик бизге окшогон карапайымдарды ойлоп да койбойт.
Кадича
Б-057. Буга чейин букадай эле күчүм бар эле, аялым төрөгөндө кошо катыша коем деп балээге калдым. Жаман экен. Азыр азабын тартып атам. Эркектерге айтаарым, европалыктарды туурап төрөткө катышпай эле койгула, эгер потенцияңарды ойлосоңор. Биринчи балам эмеспи деп катыша коюп, азыр мен барбаган догдур калган жок. Уролог-сексапатологунан баштап, психолог-неврапотологуна чейин бардым.
Нурчик
Б-058. Бир уядан бир сасыткы чыгат дегендей эле "Ата Мекен" партиясынын да атын булгаган сасыткы саясатчылар бар. Болот Шерниязов "Ата Мекен" партиябызды ичинен иритип бүтө турган болдуңуз! Анан кантип Кыргызстанды оңдойбуз?
Мурадил
Б-059. Азимбек байке биздин Кызыл-Адырга штаб ачыңызчы. Айылдаштарымдын тең жарымы силерди колдойт. Илибой моментте революцияга чыгып кете беребиз. Же калп эле бакылдап коюп жең ичинен бийлик менен соодалашып жүрө бересиңерби? Анда биз өзүбүз көтөрүлөбүз да бийлигин да оппозициясын да түп орду менен жоготобуз.
Патриот
Б-060. Акталаанын азаматтарына салам, Акмөөрдөй сулуу кыздарына да салам, бирок Жантай чалга тийип кетпегиле.
Эркайым
Б-061. Мен негизи гезитке смс деле жазчу эмес элем, бирок өткөндө Курманбек Салиевичти аябай жамандап, апендиге теңеп коюпсуңар. Мен аныңарга каршымын. Анткени президенттин саясатын толук колдойм. Же оппозицияңардын колунан бир нерсе келет бекен? Баары тең эптеп эле бийликке жетсем экен дешет. Коррупционер болсо соттоп, болбосо Мелис Асаналиевичке, Өмүрбек Суваналиевге окшоп Курманбек Салиевичке жардам беришсин!
Умарали
Б-062. Темир Сариев апрелдеги митингдин маалында элди таштап качып кетпей аягына чейин туруп бергени үчүн сыйлап келгем. Бирок, премьер-министрликке кызыгып жүрөт деп жазыпсыңар, мен да кээ бир адамдардан ошентип угуп калып жүрөм. Эгер чын болсо, кыргыздын жигиттеринде намыс деген такыр калбай калыптыр. Бирок мен Темирдин Бакиев менен иштешип кетээрине ишенбейм.
Новопавловкадан Өмүрбек
Б-063. Кыргыз Улуттук университетинин баардык кыздарын 8-март майрамдары менен куттуктайм. БГУдагы дос кыздарга да салам.
Силерди сүйгөн Анарбек
Б-064. Уважаемая Татьяна Бакиева, я Вас поздравляю с праздником 8-марта. Как ни как все таки Вы же 1-леди нашего Кыргызстана. А почему вы не светитесь в обществе как Майрам апче, с одной стороны это лучше, но возникает вопрос "А вообще как вы относитесь к кыргызскому народу?"
0 543 98-15-хх
Б-065. Бабанов вице-премьерликке бараарын бардың, деги жаманатты болуп, саясый келечегиңе көлөкө түшүрүп албасаң болду. Кандай болгон күнү деле бизнесмен киши бизнесмен бойдон кала берет. Мамлекеттин келечеги, элдин тагдыры менен бизнести салыштырган болбойт. Жеке мага сенин келгениңден да кеткениң кызык болуп жатат. Же фокус жасап, баягы оппортунистигиңди карматып суудан кургак чыгам деп жүрөсүңбү?
radion_09@mail.ru
Б-066. Медет Чоканович, сиз баштап жаткан демилгени колдойбуз. Жатып өлгүчө, атып өл деп коет го, анын сыңары азыркы ат жүрүштөрүңүздүн убайын жарым-жыл, бир жылдан кийин көрүп каласыз го. Сиздин стратегияны түшүнбөгөндөр жазып берсең да түшүнбөйт, адатынча эле тетири сийип отура беришет. А биз болсо кыбыраган кыр ашат деп акырындан алдыга кете беребиз.
kasenbaev_jk@list.ru
Б-067. Акыркы кезде биздин оппозициячы саясатчыларга түшүнбөйм. Министр болбой калса эле оппозиция болуп калат экен да, кызмат берсе эле өтө качышат. Диктатура орноду, сөз эркиндиги жок дешет, а вообще демократиянын бизге кереги барбы? Кыйшаңдагандын баарын камасын, соттосун. Негизи мен бекем тартипти колдойм, керек болсо, АКШга болушуп аткандарды да, батыштын акчасына сатылып адам укугу деп жүргөндөрдү бир сыйра тизип, 37-жылдын жытын жыттатып коюш керек.
0 777 65-89-хх
Б-068. Марат Кайыпов деле оппозицияга өтүп кетүүнүн жакшы ходун ойлоп чыкмак. Бирок анын артында чоң былыктары бар, кылмыш ишин козгоп койсо, катуу жапа чегип калмак. Ал ошон үчүн Бакиевге жагалданып жүрөт дагы эле. Башка чаап, сен жинди десе деле, ооба мен ошондоймун дегенден башка аргасы жок азыр.
0 517 67-09-хх
Б-069. Биз Кочкорлуктар 2005-жылы мартта да активдүү иштегенбиз, революцияны баштап. Биздин опыт нормальный. Азыр да Жекшенкуловго өчөшүп алып, Бакиев бүт Кочкорду өзүнө каршы тукуруп атат. Жекшенкуловдун комитет азыр жакшы иштеп атат, эгер бирдеме болсо биз баарына даярбыз. Алымкул уже 27 боз үй даярдап коюптур, эми биз 23 боз үй таба койсок эле баары даяр болуп калат. Тамак-ашты, союшту Ороз өзү даярдайт. Бишкектиктер, Балыкчылыктар Нооруздун ар-жак, бер жагында биздин акцияга даяр боло бергиле. Тарыхый момент болот.
Үсөн
Б-070. Беш миң сомдук купюра чыгарышыптыр биздин экономисттер. Кризистен ушинтип койсок оңой кутулуп кетебиз деп жатышат окшойт. Америкалыктардын акчасынын эң чоң купюрасы 100 эле доллар, бирок ошол акчанын күчүн карачы. Ошон үчүн кеп акчанын номиналында эмес, даже беш миң, он миң деген эң арзан, күчү жок акча.
Бухгалтер Акбар
Б-071. Руслан баш кошуу тоюң менен куттуктайм! Кармашкан колуңар Элвира экөөңөрдүн үзүлбөй, бактылуу үй-бүлө болгула. Эгиздеп төрөп кыргыздын санын көбөйткүлө.
Шабаня
Б-072. Досбол Нур уулу эмне кылып атат өзү. Бюджеттен акчаны бекер жеп жата береби? Ошол мамкатчылыкты жоюп эле ташташ керек. Таарынып калып, оппозицияга өтүп кетпесин деп эле кармап тургандай. Идеология түзүп ийип кыйратып иет, ошон үчүн кызмат берип, айлыгын берип турушубуз керек дегендери жакшылыкка алып барбайт. Же бир эки сөздүн башын кошуп оңдуураак сүйлөй алсачы.
Асанкан
Б-073. Кыргыздын жылаңачтанган ырчылары көбөйүп кетти. Кыздары кыска кийинип бийлесе да жарашат экен аз болсо да. Анан жанагы ырчы жигитмин дегендери тыртайып чечинип алып чыккандарын көргөндө нерв кашаят. Көгөрүп-жашарып кетишет тим эле. Экранды да карагым келбей, гезит окугум келбей баштады. Баягы эле жылаңачтанган немелер же жарытып ырдай алышпайт.
0 773 65-81-хх
Б-074. Кыргыздын кээ бир жаштарына таң калам, кичинеси деле, жашы деле абышка болуп башташты. Кырк чоро деп да түзүп алышыптыр кээ бир патриотпуз дегендер. Кыргызча сүйлөп, кыргыз үчүн жаша дегени жакшы, бирок жаман бала болсоң Манастын арбагы урат, кырк чоро тынчыңды алат деген каргыштары да бар экен. Кыргыз жаштары прогрессивдүү болбой эле артка кетип, секта түзүп баратышканбы деп койдум.
Марс













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!