Сабыр Жумабеков, ортопедия жана травматологиянын борборунун директору:
"100 миңден 500 миңге чейинки операция бекер жасалды"
- Сабыр мырза, 10 жыл мурдагы травматология менен азыркы травматологиянын айырмасы барбы?
- Албетте, айырмасы асман мене жердей. 10 жыл мурун оорулуулар 28-30 күн жатса, бүгүнкү күндө алар 13 күндө эле сакайып, ооруканадан чыгып кетип жатышат. Ошондой эле 10 жыл мурун ар бир экинчи адам операциядан кийин аксап, колу кыйшайып же омурткасынан баспай калчу. Сыймыктанып айтып койсом болот. Учурда биздин борбордон операция болгондон кийин кыйшайып, майып болуп калыптыр деген жокко эсе. Адистердин профессионалдык деңгээли бир топ эсе жогорулап, европалык дүйнөлүк стандарттын ыкмаларын өздөштүрүүгө жетиштик. Айталы, сынган сөөктөрдү жамап, чогултуп, аларды бекем карматып, тизе, жамбаш, далы, кол, чыканак муундарын протездөөнү да дүйнөлүк ыкмада жасап калдык. Мунун натыйжасында кыргызстандын ар бир атуулу Европа, Американын жаранындай болуп, жогорку деңгээлдеги операцияларды алганга толук мүмкүнчүлүк алышты.
Бүгүнкү күндө ортопедия, травматология тармагы жакшы жолго коюлуп, омуртканы бекитүү, чириген омуртканы алмаштыруу, ошондой эле сынган омуртканы ордуна коюу, чогултуу да жетишерлик деңгээлде. Ортопедия травматология борборуна бир жылда 12 миң адам кайрылып дарыланса, анын 8 миңине чоң уникалдуу операциялар жасалды. Биздин ийгиликтүү, сапаттуу жасалган операциялар мамлекет тарабынан жакшы бааланып, 90 мекеменин ичинен биздин борбор мыкты деп табылып, мамлекеттик "Сапат" деген сыйлыгына ээ болдук. Бул сыйлык биздин мындан ары жакшы иштешибизге стимул жана өбөлгө болот.
Баса белгилеп койчу нерсе Жусуп Бакиевдин атындагы фонддон каражат бөлүнүп, президенттин түз көзөмөлү менен жылдын башында европалык 120 протез муун сатып алынып, 50дөн ашык адамга 100 миңден 500 миңге чейинки муундар бекер салынып берилди. Бул дагы президенттин оорулуулардын абалын жүрөгү менен сезгендиги деп ойлойм.
- Сөөктө да онкологиялык ооруулар кездешеби?
- Албетте, сөөктө да онкологиялык ооруулар болот. Аны сөөктүн рагы дейбиз. Сөөктүн рагын кесип гана сакайтууга мүмкүн. Ошондуктан рак менен ооруган адамдарга атайын Европа, Россияга протездерди заказ кылып, сөөктү толугу менен алмаштырабыз.
Ч. Кутманалиева




  Талант дүйнөсүндө

"Курманбек Салиевичке комуз бере албай жүрөм"
Урматтуу Курманбек Салиевич, эсиңиздедир сиз Чүй облусунда губернатор болуп иштеп турган мезгилде Белеводск шаарчасынын 130 жылдыгында келгенсиз. Ошондо мен 6-7 жашта болсом дагы чоң сахнада алдыңызга чыгып "Маш ботой" күүсүн чертип жатып, тепкегим ыргып кетип, кайра тез оңдоп, сүрдөбөстөн чертип кеткенимде сиз тура калып кол чапкансыз. Мен күүнү бүткөндөн кийин сахнанын алдына келип бооруңузга бекем кысып, "Өнөрүң өркүндөп өссүн келечекте улуу залкар комузчулардын жолун жолдо"- деп өзүңүз жылуу алкыштарды айтып бүтүп, төш чөнтөгүңүздөн кооз калем сабыңызды мага белек кылып бергенсиз. Ошол калем сапты азыр да ырымдап сактап жүрөм.
Сиз ошондо элди карап "Ушундай уулдарга колдоо көрсөтүп, жөлөк болуш керек", "Эмне жардам керек болсо, мага кайрыл" деп айткан сөзүңүз эсимде. Андан кийин сиз премьер-министр, эл депутаты болдуңуз. Мына эми минтип эл ишеничиндеги республиканын Президентисиз. Мен андан бери музыкалык сезимимди улап, комуз күүсү менен бир нече жолу Республикалык кароо сынактарга катышып, Грант-При, баш байгелердин ээси боло алдым. Дастан Сарыгулов агай жетектеген Тил Кербени менен бирге Республиканы кыдырып, тил жаатын кыргызга пропагандалап жүрдүм. Урматтуу Курманбек Салиевич мага берген сиздин демиңиз менен өзүм үчүн эмес келечек үчүн улуу комузчу ата-бабалардын жолун жолдогум келет. Жакшы тилек менен сиз үчүн өрүктөн комуз чаптырып, чыгармачылык кечеме чакыргам. Чет мамлекетке кетип калганыңыз үчүн келе албай калганыңызды айтышкан. Эки жылдан бери сизге арналган комузумду бере албай жүрөм.

Дүйшөмбек уулу Закирбек, кыргыз элинин кулуну, комузчу




  Кадыр Кошалиев, "Бата" коомунун жетекчиси:

"Мамлекеттик кызматка келгендер, башка иштерин таштасын деген критерий кабыл алышыбыз керек"
- Акыркы мезгилдеги бийликтин кадрдык жүрүштөрү сизди канааттандырдыбы?
- Муну президент республиканын коомдук саясий жагын жакшы жакка буруу боюнча жасаган аракети деп баалайм. Багы ачылбай жүргөн социалдык тармакка иштин көзүн тапкан Өктөмхан Абдуллаеванын, каржы министрлигине М. Султановдун келгени, Тышкы иштер министрилигин Кадырбек Сарыбаевдин жетектегени кубандырат. Ошол эле мезгилде бийликке барган сайын чөнтөктүүлөрдүн, байлардын көбүрөөк аралашып жатышы президенттик администрациянын келген Данияр Үсөнөвдун жана биринчи вице-премьер-министр болуп келген Өмүрбек Бабановдун келиши анчейин туура кадам эмес деп эсептейм. Себеби, бизге окшогон жарды мамлекеттерде эле эмес, өтө бай өлкөлөрдө дагы мамлекеттин башына ишкер адамдарды алып баруу тажрыйбасы жокко эсе. Себеби, бизнеси бар же ишкер адамдардын бир бутут депутаттык креслодо же министрлик креслодо, бир буту өзүнүн өндүрүшүндө, бир буту банкында болуп, алектенип, башкача айтканда өзүнүн чөнтөгү менен мамлекеттик бюджетти аралаштырып, өзүнүн кызыкчылыгына тартышы толук мүмкүн. Ошондондуктан ишкер же бизнесмен, өндүрүшчү адамдарды бийликтин жогорку тепкичине койгон анча туура эмес. Байлардын ичинде эл үчүн иштеп берем деген адамдар, мамлекеттик кызматка иштегиси келгени алгач бизнесин же банкын өткөзсө гана кызматка келиши керек деген критерийди кабыл алсак болот.
- АКШнын авиабазасын чыгаруу боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып жүрөт…
- Американын авиа базасынын жабылышын жеке көз карашымда туура кадам деп эсептейм. Себеби, алыскы туугандан жакынкы кошуна артык дейт. Биз кош стандарттуу саясаттан кетип, экономикалык дагы, саясий дагы, маданий дагы байланышта турган шайкеш келген Россиянын саясатын колдогонубуз оң деп ойлойм.
Ч.Кутманалиева


  Тааныбасаң таанып ал…

Нурлан Алыкулов, обончу:
"37 жашка чыктым, эми үйлөнөйүн деп жатам"
- Нурлан мырза, азыркы ырчылардын баары эле эстрада жагына ооп кетип жатышпайбы. Сиз аккардеонду катыра чертет экенсиз, Келечекте айрым ырчы, обончулар сыяктуу эстрада жылдызы болуу туурасында максаттарыңыз да бардыр?
- Бир ишти жасоодон мурда алгач ойлонуп көрүү керек эмеспи. Анын сыңарындай аны азырынча айтпай кое турсам. Өзүм эл арасына анча тааныла элек обончу болгондуктан азырынча чыгармачыл чөйрөдө өзүмдүн атымды таанытуу аракети менен жүрөм.
- Демек, чыгармачылыгыңызды өркүндөтүү менен алек экенсиз да? А эмне үчүн буга чейин сахнада көп көрүнгөн эмессиз?
- Убагында Асанкалый Керимбаев, Шахра Талипова өңдүү белгилүү артисттер менен Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, айтор, ошолордун таасири чоң болдубу, көбүнчө айылдарды аралап концерт коем. Ошол себептен элге атым чыкпаса керек. Анан башкаларчылап Филармонияга же Спорт ордосуна да көп ырдап чыккан жокмун. Башкача айтканда мен эл аралап, карапайым айылдын адамдарына рахат тартуулоону көбүрөөк жактырган адамдарданмын. Бирок, улам мезгил жаңырган сайын ар бир учурдун өзүнүн талаптары болот турбайбы. Ошол себептен азыр Сокулукта таланттуу балдардан турган топ түзүп, иштеп келатам.
Аккардеондо 8-класста окугандан тартып эле ойноп келатам. Кудайдан берилген тубаса талант болсо керек, музыкалык билимим жок болсо да аккардеондо профессионалдай эле ойнойм деп мактансам да болот. Ырчылык менин канымда бар. Чоң чоң апаларым казак кызы болуп, кошокту келиштире кошчу экен. Раматылык атам да жакшы ырдаар эле. Ошолордун шыпаасы менен көптөгөн конкурстардан алдыңкы орундарды алдым.
- Канча ырыңыз бар?
- 22 обонум бар. Бардыгы кыргыз жыттанган обондор. Мисалы, "Кызыл алма" деген ыр апаларга арналган, сөзү Турар Кожомбердиевге таандык, обонун өзүм жараткам. Негизи эле ырларымдын көпчүлүгү патриоттук маанайдагы жана тамаша, сүйүү темасындагы ырлар. Ошондой эле Аалы Токомбаевдин 1943-жылы чыгарылган ырына, Байдылда Сарногоевдин "Бейишке чыкчу күн келди" деген ырына обон жаратып, жакында телеге "жылдын мыкты ыры" деген сынакка таштаганы турам. Буюрса бул ырым да элдин алкоосуна татыйт деген ойдомун. Улуу акын Алыкул Осмонов "Сүйүү деген сүйүү эмес эрдиңден, сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден" деп эки сап сөз менен сүйүүнүн гимнин, эмблемасын ачып берген сыңары мен да сүйүү жөнүндө ушундай ырларды жаратууга аракет кылуудамын.
- Той-тамашаларга барып ырдайсызбы?
- Жандуу үн, орусча айтканда "живой" үн менен ырдагандыктан, албетте, той-топурларга көп чыкырышат. Бирок, жолдош балам "Нурлан, сен элдерден акча сурабайсың, бекер эле ырдап жүрө бересиң" деп айткандай, мен акча үмтөтпөйм. Мен акчага караганда элдин батасына ээ болгонду жогору коем.
- Инстурменттин канча түрүн ойнойсуз?
- Азырынча аккордеондо эле ойнойм. Музыкалык угуу жөндөмүм күчтүү. Аккордеонду ойногон соң, башка аспаптарды бат эле эле үйрөнүп алсам керек.
- Чыгармачыл адам үчүн үй-бүлөдөгү түшүнүшүүнүн дагы ролу чоң эмеспи. Үй-бүлөөңүз тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Буга чейин чыгамачылык менен алпурушуп жүрүп, убакыт өткөрүп жибериптирмин. Ошентип, отуз жети жаз менен отуз жети күздү артка таштаганымды жакында эле билдим. Жашың өткөн соң үйлөнгүң деле келбей калат экен. Бирок, адам баласы үчүн артында туяк калтыруу деген бир чоң миссия бар да. Буюрса, ушул күздө үйлөнсөмбү деген жакшы пландар бар.

Мирлан Алымбаев












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!