партпарад

Улукбек Ормонов, ЖК депутаты, "Ак Жол" фракциясынын жетекчиси:
"Оппозиционерби, бийликчилби, азыр биринчи кезекте Кыргыз мамлекети үчүн иштешибиз керек"
- Улукбек Зулпукарович, жаңы эле "Ак Жол" фракциясынын төрагасы болуп келдиңиз. Албетте, алдыдагы иштер туурасында айтуу эртерээктир. Бирок, бир жыл бою комитетти жетектеп, партиялык тизме менен келген депутат катары кандай иштерди бүтүрө алдыңыз. Дегеле партиялык система менен келген парламент бүгүн Кыргызстанга саясий погода жасай алдыбы?
- Менимче, бир жыл аралыгында жалпы эл дагы, депутаттардын өзү дагы ушул партиялык тизме менен келген парламентке көнүү этабын башынан өткөрдү деп ойлойм. Азыркы парламентте мурдагы чакырылыштан 23 депутат бар да. Алар үчүн деле парттизме менен келип иштөө жаңыча болду деген ойдомун. Анткени, буга чейин бир округ менен гана иштеп келген болсо, эми жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө туура келди.
Биз жайында фракциялык депутаттар 14 депутаттан болуп төрт топко бөлүнүп алып, биздин топ Ош, Баткен, Лейлекти кыдырып келдик. Экинчи топ Чүй , үчүнчү топ Ысык-Көл, Нарын, дагы бир топ Жалал-Абад областтарын кыдырды. Ошол учурларда да жер-жерлердеги жолугушууларга келгендер "Силер мурда айыл-айылга келчү элеңер" дешип, дагы бирлерине "азыр эле Лейлектен келатабыз" десек, "Ал жактын өзүнүн депутаты бар да" деп түшүнбөстүктөр менен сурап жатышты. Демек, партиялык тизме менен келди деген нерсеге элдин калың катмары али түшүнүшө элек экен деген жыйынтыкка келгенбиз. Ошол жолугушуубуз жакшы өбөлгө болуп, азыркы күндө эл дагы билди. Мына бир жума аралыгында фракциянын лидери катары мен өзүм байкап жатам, мурдагыдай жеке депутатка эмес, атайын фракцияга арналган каттар келе баштады. Ошондуктан жалпы элдин маселесин чечкен уюштуруу иштери бүтүп, бир жолго салынып калды. Жакында "Ак Жолдун" кезектеги съезди болот. Фракциянын мындан аркы иштери боюнча пландар иштелип, өзгөчө пресса жагы менен кызматташууну жолго салуу талабы дагы коюлууда. Себеби, биздин көпчүлүк коллегаларыбыз журналист суроо берсе эле жооп берүүдөн качышат. Экинчиден, олтуруп алып эле бирөөнү сындай бериш оңой. Бирок, иш жүзүндө дагы өзүн көргөзүү керек экендигин дагы унутуп жаткандайбыз. Кандайдыр бир кабыл алынган чечимдерди эмне үчүн кабыл алдык, ал Кыргызстандын келечегине эмне алып келери туурасында айтып берип дегендей журналисттерди тыгыз иштешүүгө чакыралы деп турабыз. Дегеле депутат же министр болобу ар бири өз көз караштарын түз айткандан корккондугу, демек, ишине кайдыгер карагандыгы. Министрсиңби - маалымат бер. Эгерде туура эмес маалымат кетсе, өзүңдүн туура экендигиңди далилде. Мисалы, министрлерден Акылбек Жапаров, Турусбек Мамашовдор кайсыл учур, кандай кырдаал болбосун жообун берип турушкандыгын байкап калам. Андыктан калган министрлер дагы дипломат болууга аракет кылышы керек.
- Демек, министрлердин ишине партиянын талабы катуу болот экен да?
- Эгер талап болбосо иштин алдыга жылуусу дагы кыйын. Былтыр Канадага барып, бир нерсеге күбө болдук. Ал жакта министр-депутат деген бар экен. Ошол жеңген партиянын депутаты министр болгондо деле депутаттык мандатын тапшырбай, эки ишти бирдей иштей беришет. Парламенти дагы биздикинен башка. Эшиктен киргенде эле эки тарабында орундуктар. Бир тарабына өкмөттүн мүчөлөрү менен кошо жеңген партия, экинчи жагында оппозициялык партиянын өкүлдөрү, ортодо төрага олтурат. Ал жерде партиялар биздегидей көп эмес, эки-үч эле партия бар экен. Анан опозициядагылар үчтөн-төрттөн болуп бөлүнүп алышып, мисалы, бир бөлүгү каржы министринин иштеп жаткандыгы боюнча төрт жыл бою сындашат экен. Кийинки шайлоодо оппозициялык партия утуп келсе, ошол үч-төрт кишинин бири каржы министри болуп келет. Себеби, ал ошол төрт жыл бою ошол ишти майын чыгара өздөштүрүп чыгат экен. Кийинки шайлоодо башкалар келсе, мурдагы партиядан келген бардык министрлер депутаттар менен кошо кетет. Мен бул партияга кайра өтүп иштей берем дешпейт. Эгерде коалиция болуп кала турган болсо, анда өкмөттүн курамы эки жакка тең бөлүнөт дейт. Мунун баары алардын конституциясында каралган.
Дагы бир белгилеп кое турган нерсе, депутаттардын кол тийбестиги бир гана парламенттин ичинде гана болуп, депутат министрге карата кандай гана сөз болбосун айтканга укугу бар экен. Бирок, парламенттен чыккандан кийин ал кадимки эле катардагы адамдардай мүмкүнчүлүккө ээ.
- Күчтүү партия, күчтүү мамлекет болуш үчүн биринчи кезекте эмне керек деп ойлойсуз?
- Биринчи кезекте мыйзамдардын аткарылышы керек. Бизде өткөн чакырылышта дагы кабыл алынган, азыр да кабыл алынып жаткан жакшы мыйзамдар абдан көп. Президент дагы өзүнүн кайрылуусунда аткаруу бийлигиндеги аткаруу тартибине бекеринен көңүл бурган жок. Анын негизинде биз өзүбүздүн фракциянын пландарын түзгөндө дагы кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына көңүл буруу боюнча атайын иш-чараларды көрүп жатабыз. Башкасын айтпаганда да азыркы учурдагы жалпы дүйнөлүк кризис Кыргызстанды эч убакта аттап өтүп кетпейт. Биздин экономикабыздын өтө күчтүү эместиги ушул катуу бороондон бизди сактап калды десе да болот. Мисалы, биздеги банк системасынын дүйнөлүк банктардын системасына өтө аралашып кетпегендиги. Анан акыркы учурларда өзгөчө өндүрүштөрдүн токтой баштагандыгы бир аз сезилип жатат. Токмоктогу айнек заводунун токтогондугу, Канттагы цемент-шифер комбинатынын токтогондугу бул кризистин Кыргызстанга тийгизген таасири. Ошондуктан азыр өндүрүштү колдоо маселесине өкмөттө дагы көңүл бурулуп жатат. Бизде көпчүлүк өндүрүш тармактары жеке менчикке өтүп кеткен да. Эгер элге керектүү завод болсо, иштей албай калып, токтоп кала турган болсо, аны өкмөт өзү кайра сатып алып туруп иштетиши керек деген сунушту киргизип жатабыз. Күчтүү экономика, күчтүү мамлекет, күчтүү партия болуу үчүн биргелешип иштөөгө аракет кылышыбыз керек. Ушул эле учурда өлкөнүн ички саясаты менен тышкы саясатын дагы жөндөп алганыбыз туура. Бул багытта алгылыктуу иштер башталды деп айтса болот. Мисалы, акыркы учурлардагы Россия менен болгон сүйлөшүүлөр бизди кризистен алып чыгууга шарт түзүп берет деп ойлойм.
- "Ак Жол" партиясы эмнеси менен күчтүү деп ойлойсуз? Бийликтин партиясы болгон үчүнбү же...
- Бүгүнкү күндө биз Кыргызстандын бардык жерлеринде баштапкы уюмдарыбыз түзүлүп, так иштеп жаткандыгыбыз менен күчтүүбүз. Жүздөгөн партиялардын айрымдарында аз сандагы эле мүчөлөрү бар. Алар деле партиянын атынан сүйлөп, саясатта жүрүшпөйбү. Ошондой эле көбүнүн артында жалпы Кыргызстанды камтыган баштапкы уюмдары жок. Буга мурдатадан көп көңүл бурулбай келген. Негизинен күчтүү бир саясатчынын артында уюшулган партиялар көп. Кийинки учурларда болсо аймактык партиялар түзүлүп, бир эле аймак менен иш жүргүзүп, калган аймактардан колдоо таба албай келатышпайбы. Ачыгын айтыш керек, былтыркы элдик "Ак Жол" партиясынын утушуна президенттин аброю, анын ушул партияны жетектөөсү чоң өбөлгө болгон. Партиялык тизмедеги 100 кишинин аброюнан да "президент түзгөн элдик партия бизди жакшылыкка алып кете алат" деген жалпы элдин ишеними бизге утуш алып келген. Алардын ишенимин актоо биздин милдетибиз.
- Эми ушул "Ак Жол" элдик партиясынын келечеги кандай болот? Мурдагы бийлик учурунда түзүлгөн "Алга Кыргызстан" партиясы сыяктуу эртеңки күнү жоюлуп калуу коркунучу жокпу?
- Бүгүнкү күндөгү жер-жерлердеги, айыл өкмөттөрүндөгү биздин партиянын ячейкаларынын активдүү түрдө бутуна туруп, иштеп жаткандыгы анын келечектүүлүгүн билдирет. Чынын айтканда "Алга Кыргызстан" партиясын мурдагы бийликтин партиясы дегенибиз менен Аскар Акаев "бул менин партиям" деп ачык айткан эмес да. А "Ак Жол" партиясы тууралуу айта турган болсок, президент толук жоопкерчиликти өз мойнуна алып, менин партиям деп уюштуруп, партиянын жетекчилигин убактылуу тапшырып, президенттик милдетин аткарып жаткандан кийин ачыктык бар. Демек, келечекте Кыргызстандагы күчтүү партиялардын бири болуп калат деп ишенм.
- Айрым оппозициялык лидерлер "Ак Жол" партиясы кайрымдуулук фонддун миссиясын аткарып калгандай" деп сын айтып жатышпайбы. Сиз кошуласызбы?
- Бул туура эмес. Мисалы, ички иштер министри Молдомуса Ташполотович атайын укук коргоо органдарынын материалдык базасын чыңдап берүү боюнча депутаттарга кайрылып, аны чечип бердик. Бул жардам партиянын иши катары берилди. Бул жерде жаман нерсе жок, тескерисинче, партиянын мүмкүнчүлүгү бар экендигин көрсөтүп турат. Партиянын мүчөлөрүнүн жардамы менен 50дөн ашык автоунаалар менен ИИМдин камсыз болуп калгандыгы жаман нерсеби? Ошол эле автоунаалар участкалык тескөөчүлөргө берилди. Андай сындоонун ордуна оппозициялык партиялар эмне үчүн андай жардамдарды бере албайт. Ал жерде деле кембагал адамдар жок. Бардыгы тең эле колунда бар кишилер. Кайрымдуулук иштерге элибиз азыр муктаж. Мисалы, спорттук оюндар партиянын атынан уюштурулса жакшы эле болмок. Ошол партиянын лидерлерине айыл жерлеринде жаштарга пайдалуу спорттук уюмдарды уюштургула деп айтаар элем. Көчөгө чыгып арак ичпей, ден-соолугун чыңдагандын эмнеси жаман. Биз фракциянын атынан Нура айылына 100 миң сомдон ашык жардам бердик. Оппозициялык партиялардан кайсыл партия Нура айлына жардам бериптир? Бир айылдын кыйрап калышына Кыргызстандагы канча адамдардын көңүлү бурулган жерге барып кабар алгандыгын мен уга алган жокмун. Тээ Россиядагы, Екатеринбург шаарындагы кыргыздардын коому 300 миң сомдон ашык жардамын жиберишти. Эмне үчүн алардай боло албайбыз? Президенттин кайрылуусунда деле партиялардын элге жакын болуп, элге жардам берүү маселеси көтөрүлбөдүбү.
- Сөзүңүзгө аралжы, оппозиция менен диалогго келүү же болбосо оппозицияга кызмат берүү менен ички стабилдүүлүктү сактайбыз дегенге кошуласызбы? Дегеле оппозицияга кызмат берсе эле стабилдүүлүк сакталабы?
- Негизи Кыргызстанда ушундай бир реалдуу оппозиция барбы? БЭКке кирген адамдардын чекесинен алганда эле беш-алтоонон башкасынын бардыгы кызматка келип, анан кызматтан кеткенден кийин таарынып жүрүшкөндөр. Ошол эле Аликбек Жекшенкуловду алсак, тышкы иштер министри болуп, бийликтин бүт иштерин туура деп жүргөн. Каркыра боюнча эң туура деп кагаздарын чогултуп, Жогорку Кеңешке алып келген болчу. Бийликтен кеткенден кийин кайра туура эмес деген пикирин айтып келатат. Министр болуп турганда аны эмне айта алганы жок. Мына Алмаз Шаршенович аянтта туруп кандай гана сөздөрдү айткан эмес. Аны премьер-министр кылды. Алардын сөздөрүн салыштырып көргүлө. Бабанов деле ноябрь окуясында жаштардын баарын баштап, бийликке сын сөздөрүн айткан. Мына эми бийликке келип, ошондогудай жаштарды үгүттөп иштесин.
- Демек, оппозицияга кызмат керек деген жыйынтыкка келсек болот экен да?
- Менин оюм негизинен ошондой. Оппозициядагылардын айрымдарына президенттик орун керек. Азыр оппозицияга, президентти сындап жаткандарга "келип өзүңдү кызматың менен көрсөт" деген шанс берилип жатат. Иштеп элге ишин көрсөтсүн да. Ачык мисалдардын бири. Эшимканов КТР боюнча эмне деген сөздөрдү айтпады эле. Эми өзү КТРде иштеп, кыйкыруу бир, бирок коллективди башкаруу башка экендигин ал өз жон териси менен сезип жатат. "Бакиев кетсин" деди эле, "Эшимканов кетсин" деп чыккандар да болду. Коллективди башкаруу кыйын нерсе да.
- Өзүңүздү оппозиционер катары көрө аласызбы?
- Оппозиционер болобузбу же бийликте болобузбу азыр биринчиден Кыргызстан деген мамлекетти сактап калууну ойлонушубуз керек. Оппозиция керек. Бийликтин катачылыгын айтып туруу да керек. Жалаң гана мактоо болсо адам эйфорияга батып кетпейби. Эртеңки балдардын келечегин ойлошубуз керек. Анан кийинки шайлоодон биздин партия утпай калсак биз дагы сындап чыкпайбыз деш кыйын нерсе.
- Парламентте азчылыкты түзгөн Коммунисттер партиясы менен СДПКдан келген депутаттар көпчүлүк учурда "Ак Жол" партиясы басымдуулук кылып, биздин сунуштар эске алынбай калат дегендей нааразычылыктарын айтып калышат. Сиз кандай дейсиз?
- Бизде азыр регламент боюнча сессиялык күн эки эле күн. Негизги ыйгарым укуктар толук комитеттерге берилген. Алар өзүнүн оюн комитеттерде ачык айтканга укугу бар. Регламент деген, 2 же 5 мүнөт деген жок, ар бир мыйзам боюнча каалашынча, ачык айтса болот. Ошондуктан бул жерде алардын укуктары чектелген жок. Төрага деле айрым учурларда регламентке карабай сессия учурунда деле сөз берип жатат. А чечим боюнча айтуу башка нерсе. Эгерде биздин фракция бир маселени алып чыксак аны өткөрүүгө албетте, аракет кылабыз. А сын пикирди сессияга чейин чечип калууга ар бир депутаттын укугу бар. Негизи комитеттерден Социалдык маселелер, билим, маданият комитетин И. Өмүркулов жетектейт. Айыл чарба, экология боюнча комитетти Ж. Жээнбеков жетектейт. Башкача айтканда СДПКдан келген депутаттар. Ал эми миграция, саламаттыкты сактоо боюнча комитеттер толук бойдон коммунисттерге берилген. Билимди болобу же саламаттыкты сактоо тармагын болобу көтөрүшсүн. Биз аларга андай деле тоскоол болгон жокпуз да. Комитетте иштөөгө көңүл бурушпайт дагы сессияга келгенде мен муну көргөн жокмун дегенге көнүп алышкан. Өткөндө мамлекеттик күзөт кызматы боюнча мыйзам каралганда дагы саясатка айлантып жиберишти. Мамлекеттик күзөт деген биздин жүзүбүз.
- Күзөт тармагына көп каражат бөлүндү деп дагы айтылууда…
- Чет элден келген адамдардын коопсуздугуна көңүл буруу өтө кооптуу маселе. Эгер алардын коопсуздугун сактай албасак, анда алардын өздөрү толук курал-жарактары менен келгенге шарт түзүп беришибиз керек.
- Мамлекеттик символикалар, идеология боюнча да айтпай кетүүгө болбойт. Символикаларды элге жайылтууда сиздердин партиянын орду кандай?
- Символикалар боюнча маселени Алишер Мамасалиев көтөрүп чыкканда да "эмне бизде башка иш калбай калдыбы" деп кыйкырып чыккандар да болбодубу. Чындыгында желек биз үчүн кымбат нерсе. Рашид Тагаев болсо гимнди ырдаганда көкүрөккө колду коюп туруп ырдаш керек деген маселени көтөргөндө, "ошентсе эле патриоттук күчөп кетеби" деп чыгышты. Сындайм десе жумурткадан кыр деле табыла берет. "Аалам" гезити дагы өткөндө кайыкка өкмөт мүчөлөрүнүн баарын олтургузуп, анан желекти тетири каратып коюптур. Желекте түндүктүн сүрөтү бар. Түндүгү түштү деген сөздүн маанисин билсеңиздер керек. Буга өзгөчө маани бербесек, эртең балдарды кантип патриоттуулукка үндөй алабыз. Анан дагы бир орчундуу нерсени белгилеп койгум келип турат. Кыргызстандын гимнин жазган адамдарыбызга кийинки учурларда анча маани берилбей келатат. Аларга кандайдыр бир мамлекеттик камкордук болушу керек. Буюрса бул маселени мамлекеттик символиканы сыйлоо боюнча маселе көтөргөндө сөзсүз айтабыз деген дагы ойлор бар. Мамлекетке эмгеги сиңген адамдардан Дыйканбаев Казы Дыйканбаевичке дагы "Эл баатырын" берүү боюнча маселе буга чейин көтөрүлдү эле. Биз адамдын көзү өтүп кеткенден кийин сыйлаганды жакшы билебиз. А көзү тирүүсүндө тилекке каршы, сыйлай албай келатабыз.
А. Надырбекова













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!