Бегалы Наргозуев, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Мелис экөөбүздүн тең эми "Агым" гезитине тиешебиз жок"
Биз бу сапар Бегалы мырзаны саясатчы катары эмес, галстугун чечтирип, жай турмушунан окурмандарга маалымат берүүнү эп көрдүк.
Кантип бизнесмен болдум
- Мен тагдырымды, карьерамды чыгармачылыктан көрүп, журналистика факультетин аяктасам да эмнегедир кинону жакшы көрүп, чет элдик режиссерлордун кинолорунан таасирленип, кино тартууну максат кылып, "Кыргызфильм" кино студиясына ишке киргем. "Кыргызфильм" киностудиясында 10 жыл аралыгында режиссердун жардамчысы, ассистенти, көркөм фильмдин директорунун орун басары, көркөм фильмдердин директору болуп иштедим. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин кино тармагына жыл сайын берилчү каражат кан буугандай эле токтоп калды. Ошол кезде Болот Шамшиев "Саламалик" деген турфирма, үн оператору Турусбек Мамашов "Дасмия" аттуу турфирма ачып кетишти. Угушума караганда алардын иштери жакшы жүрө баштап, киностудияда туристик бизнес абдан популярдуу болуп кетти. Бизнесмен болуп акча таап, кино тартууну максат кылып, Турусбек Мамашов досума келип, туристик бизнести ачуу тууралуу кеңеш алып, 1992-жылы мен дагы туристик фирма ачтым. Мен жетектеген компания туристтик компаниялардын ичинен лидер компаниялардын бирине айланды. Бизнестен тажрыйба топтогондон кийин бизнестин башка түрлөрүн өздөштүрүп, авиациялык бизнеске өтүп, мамлекеттик "Алтын эйр" компаниясынан самолетторду ижарага алып, иштете баштадым. Ошол кездеги авиакомпаниянын президенти 35 жыл учкуч болуп иштеген Медер Жүндүбаев Үрүмчү шаарына жаңы рейс ачып, компаниясына Кыргызстандын Үрүмчүдөгү өкүлү болуп иштеп берүү сунушун кылды. Бир аз убакыттан кийин ошол эле компаниянын генералдык өкүлү кылып дайындашты. Авиациянын ашканасын жакшылап өздөштүргөндөн кийин кандай самолет өзүн-өзү актай алат деп түйшөлүп жүрүп, шериктерди таап, банктардан кредит алып, эки самолет сатып алып, акыры бизнестин тилин таптым десем болот. Кыскасы, бизнесмен болушума бирден-бир себепкер болгон киностудиянын чыгармачыл инсандары болушкан.

Киногенийлерге таарынбашыбыз керек
- Мен Актан Арым Кубат менен Эрнест Абдыжапаровдун тарткан кинолорун жана алардын чыгармачылыгын түшүнөм. Экөө тең мыкты сүрөткер деп айтканга татыктуу инсандар. Буларда коньюктура жок. Айрымдар ушул эле режиссерлордун кинолорун түшүнбөй, кыргыздын кемчиликтерин көрсөтүп, чет элден байге алып келип жатат деген жаңылыш пикирлерин айтып жүрүшөт. Экзотиканы көрсөтүп койсо эле чет элде сыйлык бере бербейт. Сенин киноңдо, картинаңда айта турган ой болуп, көрөрманды ойго салса гана сыйлыктарын бериши мүмкүн. Федерико Феллинин "Аморткод" деген тасмасында италиялыктардын эң жаман сапаттарын, мүнөздөрүн көрсөтөт. Италиялыктар киногенийине биздин жаман жактарыбызды көрсөттүң деп эч качан таарынбайт. Ошондуктан биз дагы өзүбүздүн киногенийлерибизге эч качан таарынбашыбыз керек. Анткени, режиссерлор жаман көрүнүштөрдү кайталабаса, жаштар жыйынтык чыгарса деген тилекте ушундай эпизоддорду кошушат. Мага Актан Арым Кубаттын бир киносундагы бир эпизод жагат. Кинонун башынан аягына чейин жигит сүйгөн кызын велосипедге учкаштырып алып жүрөт. Аягында ошол кызды чакырып берип жүргөн кичинекей бала ошол эле велосипедге башка кызды олтургузуп алып жүрөт. Муну менен ал бул турмуш улана берет, убакыт өтө берет деген ой айткан. Менимче, чет элдиктер экзотикалык көрүнүштөр үчүн эмес, турмуштун бүтпөстүгүн, айлампасын көрсөткөн үчүн булардын кинолорун жактырышып, бааларын берип жатышса керек.

Убакыт, сааты чыкса, кино тартам
- Кино тартсам деген кыял ушул күнгө чейин жүрөгүмдө. Бапестеп, бөпөлөп багып тартчу кинонун сценарийине чейин жазып койгом. Мыкты режиссерлор сценарий менен таанышып, алардын купулуна толгон окшойт Актан Арым Кубат жакшы пикирин билдирип, Эрнест Абдыжапаров "Качан кино тартасың?" деп шаштырып жатат. Кино тартууга каражат деле бар. Болгону убакыт, сааты чыкпай жатат. Мен бизнестен акча топтоп кино тартууну максат кылсам, Актан Арым Кубат менен Эрнест Абдыжапаров жакшы долбоорлорду жазып, далилдеп, чет элдик гранттарды утуп, ошол каражатка кино тартуу жагын көздөштү. Эми ойлосом алар тандаган жол туура болгон экен. Бизге окшоп бизнеске, саясатка алаксып калышкан жок.

Тааныштырган кыздарды жактырбаганынан өзүн ала качып кеткем
- Биз, жеңең экөөбүз классташпыз. Класстагы эң сулуу кыз, "отличница" болчу. Баарыбыздын көзүбүз түшчү. Бирок, сүйлөшүүгө даай алчу эмеспиз. Жогорку класстын балдары тийишип жүрчү. Мектепти бүтүргөндөн кийин борбордогу окуу жайларга окуп калдык. Ушул кыз менен сүйлөшкөнү жатам, классташ катары сынап берчи деп бир топ кызды тааныштыргам. "Андай экен, мындай экен. Тигил жактык, бул жактык экен" деп тааныштырган кыздардын бирөөсүн дагы жактырбай койгон. Эч кимисин жактырбай койгондон кийин мына эмесе деп өзүн алып качып кеттим.
Биздин класста 4 классташ жигит, 4 классташ кызга үйлөнгөн. Былтыр 30 жылдыгыбызды белгиледик. "А"класс "Б" клаас деп бөлүп өткөрөлү десек эч ким келбейт. Кыздардын баары турмушка чыгып кетти. Ошондуктан эки классты бириктирип эле өткөрөлү деп чечтик. Бирок, 30 жылдыкка кыздарыбыздын баары келип, сойгон жылкыбыздын эти жетпей калса болобу. Жаш кездеги окуяларыбызды эстеп, тоого чыгып, шаңдуу олтуруп, эсте каларлык кылып жакшы өткөрдүк.

Жеңеңер жемин жедирчү эмес
- Жаңы үйлөнгөндө казан-аяк кагышат дегендей, кээде урушчубуз. Жеңеңер деле менден кем калчу эмес. Мен колумду бир көтөрсөм, ал эки жолу көтөрүп, "здачыны" тез эле берчү. Кыскасы, жеңеңер жемин жедирчү эмес. Азыр жаш кезибизди эстеп күлүп калабыз. Жаш кезде көпчүлүк эркектер аялдарын башкаргысы келет. 40 жаштан өткөндөн кийин аялдарына акырындык менен баш ийип, картайганда кемпирлерин көзүн карап олтуруп калышат тура. Бул көрүнүштү ата-энемден да байкагам.

Жаңы кемпир дефицит экен
- Атам колхоз кайда иште десе ошол жакта иштеген, жөнөкөй, турмушка тың киши болчу. Эң эле чоң көтөрүлгөн кызматы табелчи болду. Бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Мен айына 40 рубль стипендия алып окучумун. Айына атамдан 50 рубль келээрин билип, стипендиямды китеп, пластинка сатып алып, коротуп койчумун. Атамдан келген 50 рублге жашачумун. Азыр атам 75ке келип калды. Апам 2-3 жыл мурун өтүп кетти. Келиндин колун карабасын, кожурашып чай ичишсин деп бир жыл мурун жаңы кемпир алып бердик. Уулуңду үйлөнтүү оңой экен, баланчанын кызын көр деп, жактырса, куда түшүп алып берип коесуң. Атаңа кемпир табыш кыйын болот экен. Жаңы кемпир дефицит экен да. Араң таптык. Кээ бир кемпирлер макул болсо, сизге эмне жетишпей жатат деп балдары макул болбой коет тура.
Эки уулумдун атынан эки компания ачтык
- Апам айланып, жалбарып, баардыгыбыздын үстүбүзгө үйрүлүп түшкөн жароокер жан эле. Атам абдан катуу киши болчу. Бизди эч качан эркелеткен эмес. Бир эле жолу башымдан сылап, эркелеткени эсимде. Атамдын катуу мүнөзү мага өтүптүр. Мен дагы балдарга көп эле үзүлүп түшө бербейм. Эртели-кеч катуу-катуу айтып, текшерип, кыргызча айтканда короңдоп койгонум болбосо, балдарды тарбиялоо түйшүгү жеңеңерде. Эки уул, бир кыздын ата-энеси болдук. Эки уулумдун атынан эки компания ачтык. Бирин жубайым улуу уулум Амантурдун атынан "Аман эйр" деп атады. Экинчисин мен Эсентурдун атынан "Эсен эйр" деп атадым. Кызым Даяна болсо азыр Америкада окуйт.
Мен ишенген 3-4 эле досум бар
- Мен турмушта досту көп деле күткөн жокмун. Мектепте 2 досум бар болчу. Студент кезде дагы 1-2 эле дос күттүм. Киностудиядан да 1-2 эле адам менен достоштум. Бизнесте дагы өтө көп деле дос күткөн жокмун. Анткени, баары жакшы болуп келе жатып эле бир жеринен түшүнүшпөй калат экенсиң. Душман болууга "повод" бербесем деле душман болгон кишилерди байкап калам. Жашоодо душман болбойм десең деле душман өзү табылган учурларга көп эле кезиктим. Дос болуп жүрүп, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн же бирөөлөрдүн тилине кирип мени сатып кеткен досторум да болгон. Азыр мен ишенген 3-4 эле досум бар.

Кыргыздын каймактарынын бөлүнгөнү өкүндүрөт
- Мени кыргыз мамлекетинин тагдыры, эртеңи кейитет. Баарынан да жогорку билимдүү, өздөрүн кыргыздын элитасы деп эсептеген өкүлдөрдүн бөлүнүү оорусу менен ооруганы өкүндүрөт. Биз бөлүнгөнүбүздү токтотпосок кандайдыр бир себептерден жоголуп кеткен элдердин тагдыры күтүп турабы деп бушайман болом.

Аксакалдын назарына калбайын деп шайлоого катыштым
- Мен өзүмдү чыгармачылыктан көрүп, саясатка байкоочу катары мамиле жасачумун. Акыркы беш жылда саясатчылардан көп жоро-жолдош күттүм. Бир-эки досум оппозицияда болуп, эки жыл мурун оппозициячыл саясатчылар менен таанышып, баарлашып жүрдүм. Досторум ЖКга депутаттыкка ат салышпайсыңбы деп көп жолу сунуш кылышкан. Бирок, макул болгон эмесмин. Бир күнү мен сыйлаган өтө барктуу кишиден парламенттик шайлоого катыш деген сунуш түштү. Кыргыздарда аксакалдын назарына калба деп коет эмеспи. Ошондуктан ал кишинин сунушун четке кага алган жокмун. Азыр саясатка баш отум менен кирүүгө аракет кылып жатам.

Мелис экөөбүздүн тең эми "Агым" гезитине тиешебиз жок
- Гезит ачам деп жүрсөм Мелис досум "Швейцарияга элчиликке кете турган болуп жатам. Менин гезитимди сен сатып ал" дегенинен сатып алгам. Биринчи алты айда Мелис гезиттин ишине аралашкан жок. Кийин Мелисти чакырып, гезит чыгарып көнүп калгансың мурдагыдай эле иштете бер дегем. Азыр "Агымды" А. Кимге саттым. Ал "редакциянын коллективи калсын, жаңы редактор тандап алганга жардам бер" деп суранган. Эми Мелис экөөбүздүн тең "Агымга" тиешебиз жок болуп калды.

Текебаев сенсациялуу материал таап алса, анын таламын талашкан гезиттер деле басып чыгат
- Өмүрбек Текебаевдин дүң болуп, талкууга алынып жаткан сүрөтү "Агым" гезитин саткандан кийин чыккан. Америкадагы гезиттер Клинтон менен Мониканын мамилесин эмне деп гана жазышкан жок. Ошондуктан бул материалга ар ким өз деңгээлине жараша талкуулай берет. Кокус Ө.Текебаев оппоненттеринен ошондой сенсациялуу материал таап алган болсо, аны жактаган гезиттер да басып чыгышат. Ошон үчүн бул материалга бир жактуу карабашыбыз керек. Же болбосо мыйзам түрүндө мындай материалдарга тыюу салып коюш керек. Менимче, бул материал менен коомчулукта Текебаевдин алсыз жагын көрсөтүү үчүн жасалган иш деп ойлойм. Таза болуп кыйкырганы менен бул деле башкалар сыяктуу эле киши экенин көрсөтүп коюшту окшойт. Мен ал материал жарык көргөндөн кийин "Агым" гезитинин журналисттери менен сүйлөшкөнүмдө "Жаман кадрлар да бар экен. Биз жеңилдетилген формасын бердик" дешти.
Чынайым Кутманалиева













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!