Туризм турмуш

Кыргызстан туристтик держава боло алабы?
Кечээ Турусбек Мамашов баштаган туризм боюнча мамлекеттик агенттик кеңири коллегия өткөрдү. Ага өкмөттөн вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева, ЖК депутаттары жана туризм чөйрөсүндөгү бизнес өкүлдөрү да катышты. Адегенде Санта Клаустардын II Эл аралык фестивалынын жүрүшүн активдүү чагылдырган ММКларга сыйлыктар берилди. Туризм тармагында рекламанын орду чоң экендигин эске алсак, Кыргызстанды туризм борбору катары таанытууда ММКлардын да салымы бар. Турусбек мырза Кыргызстандын туризм тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири катары чет өлкөлөрдө анчейин белгисиз болгондугу деп билдирди. Чындыгында эле Кыргызстан дүйнөнүн туристтик державаларына караганда анчейин деле белгилүү эмес. Бирок бул проблеманы чечүүнүн да жолдору табыла баштады көрүнөт. Алсак, "Euronews" каналы апрель айында Кыргызстан тууралуу роликти көргөзүп турмакчы болду. 2005-жылы март окуяларын, өзгөчө Бишкектеги "морадерлерду" да так ушул "Euronews" кайра-кайра көргөзүп, бир чети Кыргызстандын жалпы имиджин, анын ичинде туристтик мүмкүнчүлүктөрүбүздү аябай "реклама" кылып берген. Эми минтип Кыргызстандын меймандостугун да даңазалай турган учуру келди. Бул каналдын көрөрмандарын эске алсак биздин туристик чөйрө үчүн аябагандай зор жетишкендик болгону турат. Андан сырткары "CNN" жана "BBC" каналдары аркылуу да көрсөтүүлөр уюштурула турган болду. Дүйнөлүк медиадөөлөрдүн кыргыз жергесин даңазалап жаткандыгынын убайын көрөбүз деген ишеним акталаары турган иш. Рекламанын баасы асмандын башы экендигин баардыгыбыз эле жакшы билебиз, бирок Санта Клаустардын эл аралык фестивалынын Кыргызстанда өткөндүгүнөн улам бир топ дүйнөлүк ММКларда итбекер реклама болгонго да жетиштик. Конкреттештирип айта турган болсок орустардын ТВ каналында атайын фильм даярдалып жатат.
Жетишкендиктер менен катары эле бир топ кемчиликтер да бар. Турусбек Мамашов билдиргендей алардын катарында - туризм тармагындагы мыйзамдардын жетишээрлик деңгээлде болбой жатышы, Кыргызстандын географиялык себептерден улам дүйнөлүк туристтик державалардан алыстыгы, рекламанын алсыздыгы жана көрсөтүлүп жаткан кызматтар менен сапаттын төп келишпей жаткандыгы да бар. Бул проблемаларды чечүү максатында ЖКда туризм тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Вице-премьер-министр Өктөмхан айым айткандай, биздин жолдорубуздун азабы эле өзүнчө бир чоң проблема. 2008-жылы Кыргызстанга 2,5 млн. турист келген, тармактын ички дүң продукциядан алган үлүшү 5% түзгөн. Кыргыз жергесинин туристтик потенциалын эске ала турган болсок, бул көрсөткүчтөрдү бери дегенде эле эки эсе көбөйтүүгө болот. Бирок адегенде жогорку проблемаларды чечүү керек, ошондо гана Кыргызстанды туризм державасына айланта алабыз.
2007-жылы Кыргызстанга келген чет элдиктердин максаттарына жараша бөлө турган болсок төмөнкү көрсөткүчтөрдү алабыз: 76% туризм; 19,5 рекреация жана эс алуу; 2% кызматка байланыштуу; 2,5% дарылануу. Туризм тармагынын ички дүң продукциядангы үлүшүнө токтолсок: 2004-жылы 3,6%; 2005-жылы 3,3%; 2006-жылы 3,5%; 2007-жылы 4% түзгөн. Чет элдик туристтердин келишин эсептей турган болсок: 2005-жылы 738,5 миң; 2006-жылы 1084 миң; 2007-жылы1610 миң; 2008-жылы 2378,8 миң турист келген.
















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!