Өнөрүң болсо өргө чап

Жылдыздар циркач болушат
Кыргыз телевидениеси менен Кыргыз цирки биргелешкен жаңы долбоор ишке ашканы турат. Катышуучулар Жанета Бобкова, Назик, Анжелика, Назира Жетигенова, Азиза, Айгүл Чалова, Роза Шакирова, Назми, Сапар, Адилбек Кайыпов ("Шайтан араба"), Калыбеков Аскелич (рэпер), Роза ("Министрдин кызынын махабаты"), Эрмек, булар 100 миң сом баш байге үчүн ат салышмакчы. "Жылдыздар манежде" деген аталыштагы бул долбоордун автору жана режиссеру цирктин директорунун орун басары Кадыр Тажиев. Кадыр агайды азыноолак кепке тарттык.


- Кадыр агай, мунун идеясы эмнеден улам жаралды?
- Кыргыз телевидениеси тарабынан көрсөтүлгөн "Барекелде" берүүсү бүткөндөн кийин, ага улай элди өзүнө тарта турган көрсөтүү даярдаш керек болду. Эмне үчүн биз деле артисттерибизди цирктин аренасына алып чыксак болбосун деп, бул оюмду Мелис Эшимкановго кирип айтсам, колдоп, эфир убактысын бекер берди. Теледеги вариантынын жоопкерчилиги Элмира Тезекбаеванын мойнунда. Биринчи турун 14 мартка даяр кылып тартууласак деп турабыз. Артисттерибиз болгон күчүн жумшап, репетициядан калбай эмгектенип жатышат. Башында мындай болот деп күткөн эмеспиз, кастинг жарыялагандын эртеси күнү эле каалоочулар көп болду. Башында 50 артист тандалып, андан соң 36сы калып, анын ичинен 12 син "Жылдыздар манежине" катышканга сууруп чыктык.
- Профессинал эмес артисттер менен иштешүү кыйын болсо керек...
- Булар жаңы келгенде бизге эмес өздөрүнө абдан кыйын болду. Турникке тартылышпаса, "оджимание" жасашпаса. Колу-бутун оорутуп, денелерин көгөртүп ыйлап келип калышат. Мен "Бул долбоорго атайын катышканы келген соң, аягына чыккыла. чыдагыла" деп жатып, кыска убакыттын ичинде биздин, өзүлөрүнүн талыкпаган эмгегинин натыйжасында жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. 12 катышуучунун ар биринде бирден машыктыруучу бар. Машыктыруучуларга цирк өзүнүн чөнтөгүнөн төлөп берип жатат. 100 миң сом баш байгени дагы өзүмдүн атымдан коймой болдум. Артисттерибизди көргөнү циркке эл келип берсе ошол 100 миң сом акталып калгысы бардыр. Андан тышкары 14 мартта биринчи турубуз өткөрүп алган соң, артист, машыктыруучуларга 2 турга стимул болсун деп баарын кафеге чакырып коноктойун деп кытай кафесине сый тамак уюштуруп жатам. Баш байгеден тышкары 1, 2, 3 чү орундар да бааланат. Калгандарына "Аракети үчүн", "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" ж.б. кызыктыруучу белектер берилип, эч кимиси куру кол кайтпайт. Ар бир артисттин жөндөмүнө жараша цирк жанрларын бөлүштүрүп бердик. Жигитовка, аттарды үйрөтүү, аба гимнастикасы, акробатика, жонглер, йога, клоунадо, фокус ж.б. Ал эми экинчи турун 12 апрелге пландап жатабыз, үчүнчү турун майдын аягында болот. Ошентип ар бир турда ар бири бирден жанр көрсөткөндө эле 36 жанрды даярдайт экенбиз. Буюрса, циркке келсеңер күбө болосуңар.
- Өзүңүз циркке канча жашыңызда келдиңиз эле?
- Быйыл бул тармакта эмгектенип жатканыма 44 жыл толот. 18 жашымда келгем. Жубайым Клара дагы өзүм менен бирге иштейт. Үйгө уктаганы гана барбасак, эртеден кечке ушул үйүбүздө жүрөбүз. 1992-жылга чейин бүткүл Союздук республикаларды кыдырып элге жакшы маанай тартуулап жүрдүк. Союз таркагандан кийин гана өз жергебизге келип, отурукташып калдык. Азыркы учурда "цирк каралбай калды, иштебей калды" деген сөздөрдү мен четке кагат элем. Азыр цирк жанданып, укмуш иштеп жатат. Атайын жаңы студия да ачканбыз. Циркке кызыгуусу артып келген каалоочулар абдан көп, аларды даярдаганга убакыт гана жетпей турат.
Эльмира Мадиева




  Жылмайып коюңуздар

Келдибектин кебинен
Редакцияга куудул Келдибек Ниязов телефон чалып, атактуулар менен болгон кызык окуяларын айтып, ой бөлүштү. Күлдүк. Анан кээ бирин гезит бетине жарыялоону ылайык көрдүк.

Мидин кызынын атын Тополоң койгондо
- Мидин Алыбаев кыздуу болуп, Калык Акиев баштаган атактууларды үйүнө чакырат. Калык аксакал "оо кудай урган жинди, кыздын атын ким койдуң" дептир? Мидин Тополоң койдум деп Калыкка кызынын митиркасын берет. "Жинди го атаңдын оозун урайын. Кыздын атын дагы Тополоң коебу" деп карс-карс күлөт. Митирканы колго алып, Тополоң экенине ынанган Калык аксакал "Кудай урган жинди, чындап эле Тополоң койгон турбайбы" дейт. Анда кебелбеген Мидин "Эркек болбогонуна шүгүр. Эркек болгондо Будуң-чаң коймокмун" дептир. Азыр Тополоң эже 70ке чыгып калды. Биз Тополоң дебей эле Тоня эже дейбиз.

Чымчык кантик таксисти сөзгө жыккан?
- Айылда Чымчык деген байкем бар. Аш, тойлордо чаң чыгарып, мушташып качан болсо да, ошол кишинин эле үнү чыгат. Жаңжал чыгарып, чыркырап жүргөнүнөн өз аты эмес, кличкасы Чымчык окшойт деп ойлочумун. Бир жолу шаарга келип, ооруканага көрсөтүшүмдү өтүндү. Паспортун ачып карасам аты Чымчык деп турат. Чымчык деген өз аты экенине таңгалып, ой байке, сизге кайдан Чымчык деп ат коелуп калган десем Чымчык байкем "Жайлоодо төрөлүп, апам үйдө жалгыз болуп, толгоосу келип, кыйналгандан баштап түндүккө бир чымчык конуп, апам төрөгөнчө безилдеп сайрап туруптур. Качан гана киндигимди кесип, жаны жай ала түшкөндөн кийин безилдеп сайраган чымчык учуп кетиптир. Кеч курун атам жылкысын айдап келгенде "байым, уулдуу болдуң" деп сүйүнчүлөптүр. Эл чогулуп, ат кое турган учурда апам "ылайык көрсөңөр атын Чымчык койгула" деп апамдын аман-эсен төрөшүнө жардам бергенин айтып, атым Чымчык коюлуптур" деди. "Эс тартып калганда элдин баары мени шылдыңдап жатат. Атымды башка койгула деп көп жолу жеридим" дейт.
Бир жолу Чымчык байкем бир козусун союп, каробкага салып алып, Бишкектеги кыздарына келет. Автовокзалдан таксистке Асанбай кичирайонуна барарын айтат. Таксист "сөз жок аксакал 200 сом" дейт. Чымчык байкем "140 сом менен Нарындан келдим. Шаар ичине эле 200 аласыңбы?" дейт. "Түшпөсөң кой. Тигине таксисттен көп неме жок. Ошолор менен кете бер" дейт. Чымчык байкем "кыргызы сен эле экенсиң. 200 сом болсо дагы сага түшөйүн. Чымчыкка канча аласың" дейт. Каробкадагы этти чымчык экен деп ойлогон таксист "Сизге 200 сом. Чымчыкты бекер алып барам" дейт. Сөзгө турасыңбы десе "Мен жигитмин" деп кол алышат. Асанбайга жетип, үйүнүн жанынан токтотуп, "жакшы кал балам" деп каробкасын сүйрөп түшүп баратса, "эй, аксакал, акча кана?" дептир таксист. "Эмне деп сүйлөштүк эле?" десе, "сизге 200 сом, чымчыкты бекер алып барам дегем" дейт таксист. Чымчык байкем акырын паспортун көрсөтүп, "Чымчык деген мен болом" дейт. Таксист санын чаап каткырып күлүп, "канча жылдан бери токсовайтетип жүрүп, мындайды көргөн эмесмин. Жок дегенде ырымга 20 сом таштап койчу" дептир.
анкул күрөшкө түшүп...
- Училищага кабыл алынгандан кийин түштө тамак ичип ойноп жүрсөк директорубуз жапалдаш бойлуу орус менен туруптур. Фрунзе шаары боюнча окуу жайлар ортосунда күрөшкө мелдеш болуп, Байман деген тренерди алып келген экен. Ал тренер "узун бойлуу кел" деп чакырды. Далдактап чуркап барсам эле "сен экинчи Кожомкул" деди. Менин кең далылуу келбетимди жактырып, күрөштүн сырларын үйрөтө баштады. "Жеңилип баратканыңды сезсең эле тегерек чийинден чыга качасың. Эс алып келип эле кайра күрөшө баштайсың" деди. Буга чейин кыргыздын балдары чалгы тийгендей эле кырылып жаткан экен. Мен чыкканда эле эл дүң дей түшүп, келбетиңден айланайын.Сен сонун бала экенсиң. Манас атанын арбагы колдосун деп бата да берип жиберишти. Ал кезде кийим тартыш окууга өткөнүмдү угуп, атам уят болуп калбасын деп катып жүргөн ак дамбалын берген. Күрөшкө ычкырымды байланып алып, ак дамбалчан чыктым. Мага менден кичирек тизеден ылдый жагы жок, кара дамбал кийген орус бала чыкты. Аны көргөндө өлтүрүп аламбы деп коркуп, абайлап күрөшөйүн деп турам. Кол алышканда эле колумду майыштыра кармады. Күрөш башталганда эле менин үстүмө чыгып кетти. Чамгарактай баштадым. Бир эл көрүнөт. Бир лампочка көрүнөт. Тигинин колунан бошосом чийинден чыга качам. Ал кайра бутумдан сүйрөп келип, ортого чабат. Өзүм өлгөнү атсам тамак ичпей балээ ич, Манастын арбагынан айланган ит деп жемелешет. Мас кыргыздар оруска болушуп, "убей, убей дуракка" деп кыйкырышат. Кыскасы, мени камыр жууругандай жууруп жатат. Бир кезде орустун колунан бошоп, качып жөнөсөм орус бала багалегимден кармап калды. Мен атып чыгып, көмкөрөмдөн жыгылыптырмын. Эл кыраан-каткырык күлүп жатышат. Мен болсо өпкөм көөп өлгөнү атам. Бир кезде тренер атамдын ак дамбалын шалбыратып сүйрөп, "тур өйдө, кий" деп көтөрүп келди. Көрсө, орус дамбалдын багалектен кармаганда суурулуп чыгып кетиптирмин. Ошондон кийин күрөштү койгом дечү.

Аялдар өз чөнтөгүн аңтарбайт
- Асанкул Шаршеновдун кара плащы бар эле. Күндө барып, Ош базарынан бозо иччү. Бозо ичип, троллейбуска түшөт. Бир маалда чөнтөгүмдүн оң жак жагы кыбырайт. Карасам бир кыргыз бала акырын плащтын чөнтөгүнө колун салып баратат. Анан колун кармап туруп, ээ алдыңа кетейин бул чөнтөктөн сен эмес, Сүкөш эч нерсе таппайт. Сен эмне издеп жатасың деп. Бүр күнү Келдиш аялың чөнтөгүңдү аңтарабы дейт. Аңтармак турсун плесос менен сордурат дедим. Анда менин опутумду албайсыңбы дейт. Сиздикки кандай десем ашыкча акчанды шифанерди ачып, жай болсо шубасынын чөнтөгүнө салам. Кышында халатынын чөнтөгүнө салып коем дейт. Аялдар өзүнүн чөнтөгүн такыр аңтарбайт экен. Четинен алып керегиме жарата берем дечү.

Асанкул Толтойду ыйлатканда
- Аксыды концерт коюп жүргөнбүз. Толтой деген кылкыякчы бар эле. Борбордон Толтой концертке чыгат. Жөнөткүлө деп калды. Ал кезде Бишкекке Намангандан самолет уччу. Толтойду узатып, Наманганга баратабыз. Шаршенов кулагыма шыбырап, Толтойду ыйлатайынбы деп калды. Кантип ыйлатасыз десем "аэропорттон көрөсүң" деди. Шаршенов Толтойдун паспортун алып, белет алайын деп аэропортко кирип кеткен. Бир убакта "эй, багы жок. Белет түгөнүп калыптыр. Булар бизди тааныбайт да. Эми эмне кыласың" деп калды. Толтой болсо концертке катышышым керек деп чырылдайт. Шаршенов Толтойго аэропорттун жетекчисине кирип, атам өлүп калыптыр деп буркурап ыйлай бер. Сенин атаңды өзбек таанып коюптурбу" деди. "Кантип ыйлайм дейт Толтой. Деги ыйлачу белең десе, арак ичкенде эле кичине ыйлачумун деди. Арак алып ичире баштадык. Бир кезде Толтой "ыйлагым эле келип жатат" деди. Дадам өлүп калды деп ыйлай бер деп киргизип жиберип, каткырып күлүп машинеде олтурабыз. Кызыл ала болуп Толтой чыгып, дадам өлүп калды деп ыйлай бердим. Дадаң канчада эле десе менин жашымды сурап жаткан экен деп 43тө дедим. Бар деп чыгарып жиберди" дейт. Шаршенов сага белетти жана эле алып койгом деп , белетин колуна берип, борборго узатып жибергенбиз.
Даярдаган Ч. Кутманалиева
(Уландысы бар)












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!