- Кандайсыз?
- … ар кандай...
МЕН
"Мен..." деген рубрикабызда мен деген белгилүү инсандар кандай сапаттарга ээ экенин өздөрү айтып беришмекчи.

Асылбек Өзбеков, ырчы:
- Узун бойлуу, арыктардын катарына кирем. Боюм 1метр 75 см. Мурдум коңкогой, мурутум сербегей, ачуум чукул. Мүнөзүм кээде түнт, кээде жайдары, кыялкечмин. Тамак тандабайм, астыма келгенди жей берем, ал эми кээде ачка деле чыдап жүрө берем. Элчилеп кийимди да ылгабайм, кээде жумушка үйдөгү кийим менен деле бара берем. Ушунум үчүн келинчегимден көп тил угам. Күзгүгө көп каранбайм, эртең менен туруп жуунуп атканда эле каранбасам. Кээде күзгүдөн өзүмдү көрүп, чачтарым суюлуп, ак аралаганын, бетимдеги бырышты карап, карып бараткан турбаймбы деп кейип калам.
Ишке болгон мамилем так, гезит окуганды жакшы көрөм. Ал эми өзүмө жакпаган сапаттарым да көп. Унутчаакмын, бир ишти убагында кылам деп коюп, ошол бойдон унутуп калам.

Чолпон Жакупова, укук коргоочу:
- "Бирөөнө ор казба, казсаң да тайыз каз, өзүң түшүп калба" дегендей бирөөнө кара санаган, ич күптүү болуп, көрө албаган жаман сапаттардан алысмын. Ар дайым өзүмдүн жан дүйнөмдү таза алып жүргөнгө аракеттенем. Кээде кыртышым сүйбөй, сиркем суу көтөрбөй турганда суроо салган адамга жооп бербей коймой адатым бар, аны моюнга алыш керек. Ал эми өң-келбет болсо табият тарабынан берилген да, аны эч кандай өзгөртө албайбыз. Мени айрым адамдарыбыздын келбетин өзгөртөбүз деп, "пластикалык" операция кылдыртып жатканы өкүндүрөт. Мен кийим адамдын көркүн ачат дегенге ишенем. Бирок, кийим кийүүнүн да өзүнүн этикасы бар, кийим деп эле бир нерсени чаптап албаш керек. Мен өзүбүздүн улуттук кийимдерге басым жасап, өзүмдү тыкан алып жүргөнгө аракет кылам.

Клара Ажыбекова, коомдук ишмер:
- Абдан эле ишенчээкмин, бирөөлөр мага калп айтып жатканын билип турсам деле эмнегедир ошол адамга ишене берем. Өзүм калп айтып, алдаганды жаман көрөм. Кээде оор абалга туш келгенде калп айтып деле койсо болчудай экен деп ойлоп калам. Өзүм көп нерседен корко бербейм деп мактансам да болот. Кээ бир эркектер бүшүркөп, коркуп турган жерден мен коркпойм. Мен өзүмдү абдан баалайм, менин ата-энем сулуу адамдар болгон. Мага табият баарын берген, менден эч аянган эмес. Башкаларчылап "косметика" деле колдонбойм, эки жылда бир "косметика" алып коем, мага ошол жетет.

Күмөндөр Абылов, куудул:
- Жан дүйнөм таза, бирөөнө жамандык каалоодон алысмын. Боорукермин. Эл кайгырып атса күлүп турбайм, кошо кайгырам. Жаман көргөн сапатым - ачуум чукул, бир нерсе болсо эле жиним келип уруша кетмей жайым бар. Бирок, бат эле жиним тарап, бат жазылам, кайра эле ошол уруша кеткен адам менен элдешким келе берет. Анан жалкоолук жайым бар. Көп уктайм, эми уйку ден соолукка байланыштуу го. Көп эле күзгүгө каранган сылаңкороз адамдардан эмесмин. Өзүн сулуу сезген адамдар кайра-кайра карана берсе керек. Каранчу маалда эле мисалы, эртең менен туруп, сакал-мурутту алып, жуунаарда эле каранбасам...

Сюита Соурбаева, тележурналист:
- Бирөөнүн көңүлүн такыр ооруткум келбейт. Өтө ак көңүлмүн, "ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт" болуп, кээде ошол ак көңүлдүгүмдүн зыянын көп тартам. Ар бир эле адамда өзүнө жакпаган сапаты болот да. Менде да өзүмө жакпаган терс сапаттарым бар. Айталы, бирөөнө жумшак айта албаганым, тарс эткизип бетке айтып салма адатым бар. Канчалык аракет кылсам да ушул адатымды таштай албай койдум. Ал эми теледе иштесем деле күзгү алдына көп карана бербейм, баардыгы табият тарабынан берилген сулуулук. Аны эч качан бузгум келбейт.

Санжар Кадыралиев, депутат:
- Өзүмдүн сүрөттөөм боюнча сакадай боюм бар, чымыр денелүү адам болушум керек. Эң негизги өзүмө жакпаган сапатым - оюма келген нерсени бербеген көк бет, өжөрлүгүм. Бул адатты ташташ кыйын экен. Себеби, бала кезимден бери калыптанып калыптыр. Ошондой эле тез ачуум келет, бирок, эмоцияга алдырбаганга аракет кылам.
Анан күзгү алдына туруп алып сыланып-сыйпануу бул эркекке таандык маселе болбосо керек. "Кылычтын кыры кеспейт, мизи кесет" дегендей чыныгы эркекке таандык сапаттарды алып жүргөнгө аракет кылам.

Турусбек Жумалиев, актер:
- Өзүмө жакпаган сапатым жалкоолугум бир ишти баштайм деп аягына чыкпай убагында бүтүрөм деп кол шилтеп коймо жайым бар. Ал эми өтө ак көңүл, берешендик сапаттан да куру эмесмин. Эмне сураса эле аянбастан кармата салам. Күзгүгө өтө жакын адамдардан эмесмин жумушка чыкпай үйдө эс алып отурган күндөрү бир жумага чейин чачым таралбай калат. Чыгармачыл адам болгондон кийин күзгүгө каранып, өзүбүздү тыкан алып жүрүү биздин милдетибиз экенин билем.

Даярдаган Мирлан АЛЫМБАЕВ












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!