Кайрым-капчык

Көп түкүрсө көл болот...
Адам баласы канчалык прогресске жеткен сайын, өтө татаал оорулар пайда болууда. Мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөлөр балдарын оорудан сактап кала алса, аттиң, колунда жок үй-бүлөлөр, көп учурда балдарынын өмүрүнө өмүр кошо алышпай, боздоп-сыздап калып жатышат…
Кыргызстандыктардын өзгөчөлүгү даанышмандык, боорукерлик, колунда жок, жардамга муктаж болгон адамга өз учурунда жардам бере алгандыгында. Мына ушундай биздин элибиздин жана мекендештердин улуу касиети болгондуктан Республикабызда кандай кыйынчылыктар болбосун, элибиз бири-бирин колдоп алдыга умтулуп, аздан болсо дагы жетишкендиктерге жетишип келе жатабыз.
"Курманжан Датка" фонду элдин жардамы менен көптөгөн оорукчан балдарга татаал операция жасоого керек болгон акча каражатына көмөк көрсөтүп, 13 жылдын ичинде 225 балага жардам берип келишти.
Азыркы тапта да көзү оорукчан Аламүдүн районунун Арашан айылынын тургуну 23 жаштагы Артыкова Мунара аттуу кызды Москва шаарынын Федоров атындагы көз микрохирургиясы клиникасына оор операцияга жөнөткөнү жатышат. Клиника пациенттен кетчү чыгымдарды 2000 миң доллардын тегерегинде эсептеп берген.
"Курманжан Датка" фонду "Икса Халие" мусулман фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүн натыйжасында, ал акча табылып, Мунаранын сүйүнүчү койнуна батпай турган чагы. "Катуу грипптен кийин сол көзүмө доо кетип, оң көзүмө өтө баштаган. Бул жактын врачтарынын жардамы тийбей койду. Жан дүйнөм тарып, кыйналып жүргөн убакта УТРКда Жылдыз Жолдошева Москвадагы визити боюнча, "оорукчан балдарга камкордук көрүш керек" деп сүйлөп жатканын туугандарым көрүшүп, жардамы тийип калаар деп, арызыбызды 13-январда таштаганбыз. Кыска убакыттын ичинде эле акча, клиника маселеси чечилип 23-февралда көзүмө операция жасатканы Москвага учканы турам. Мен "Курманжан Датка" фондуна жолуккан тагдырыма ыраазымын. Эгерде кимде-ким, оорунун айынан кимге кайрылаарын билбей, кыйналып жүрүшсө, түз эле "Курманжан Датка" фондусуна кайрылсаңыздар болот демекчимин. Анткени, Жылдыз эже баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарат экен. Ошондой эле Алмаз Атамбаевге да ыраазычылыгымды билдирем. Ал дагы материалдык жактан чоң жардам берди. Апам Алмаз байкеден жардам сурап барганында "Бул боюнча кайсы фонд иштеп жатат?" деп сураптыр, "Курманжан Датка" дегенди угуп, "Жылдыз Жолдошева баштаганын аягына чыгарат" деп ишенип, жол кире, жатакана ж.б. чыгымдарыма 1,500 доллар бериптир" дейт ал.
Бул кайрымдуулук фонд жалаң гана жаш балдардын эмес, бей -бечералардын да муктаждыгын чечип келет. Фонддун төрайымы Жылдыз Жолдошева "Өгүнү бизге келген бир катты окуп алып көзүмө жаш алдым. Менин апам 35 жашында күйөөсүнөн жесир калып, 7 баланы жалгыз тарбиялап өстүргөн. Апамдын бизди багам деп жарытылуу кийим кийе албаганын көрүп, кичинемде кейичү элем. Ошол катты окуп алып, өзүмдүн кыйынчылык менен өткөргөн балалыгымды эстедим" деп Жылдыз эже Нарын облусунун, Ак-Талаа районунан келген Мария эженин катын окуп берди:
"Курманжан Датка" фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошевага.
Менин сизге кайрылуумдун себеби, материалдык жардам берсеңиз болобу? Бут кийимден жүдөдүм. Акча квартира, светтен ашпайт. Күйөөм каза болуп калган. Белдүү акча тапкан эркек балам жок. Аз камсыз болгон үй-бүлөгө кирип калам. Бир туугандар деле өзү менен өзү экен. Өзүм да оорукчанмын, кызымды да жакында 1000 сомдон ашык акчага дарылаттым. Кызым окуйт. Бут кийимим 36-37 размер. 48 размердеги пальто кийем. Уялбай эле эскиңизди деле сурайын дедим же төшөк көктөп берейинби? Келин алып, кыз бербегенден кийин тыш кийимди эч ким бербейт экен". "Мария эженин 6-7 градус минус суукта жука тапичке, жука кемсел кийип келген кебетесин көрүп абдан зээним кейиди. Фонддун жана Алышбаева Айткүл эженин атынан алган бут кийимине, пальтосуна сүйүнүп кетти. Мен муну менен адам ушундай кичинекей нерсеге дагы кайдыгер карабаса дейт элем" дейт Жылдыз эже.
Азыр фонд тез аранын ичинде 5 баланы Москвадагы дүйнөлүк дэңгээлдеги аброю бар татаал операцияларды жасай алган клиникаларга жөнөтүү зарылчылыгынын астында турат.
Ошолордун ичинде биринчи иретте Абдуманапова Айтунук - 11 жашта (241610 руб), Абылкасым кызы Бурул 8 жашта (8500 долл.), ал эми Ким Акылай - 3 жашта (8000 долл). Ушул кичинекей кыздарыбызга тез арада жүрөгүнө операция жасаш керек, ансыз болбойт… Ар бириңерде бала бар… Келгиле урматтуу замандаштар, айрыкча колунда бар атуулдар көмөк көрсөтөлү, биздин Айчүрөктөй болгон, жашоодон үмүт үзбөй, туптунук көздөрү менен улууларды карап, жардам күткөн кыздарыбызга жардамыбызды аябайлы.
Даярдаган Эльмира Мадиева





"Көп түкүрсө - көл болот" дейт кыргызда, "Курманжан Датка" фонду сиздерге гана таянат, ишенет жана дайыма жардам күтөт.
Реквизиттери: р/с 1030220003115180
БИК 103002 в Первомайский ФОАО "КБ Кыргызстан"

Алуучу: Курманжан Датка фонду
Төлөөнүн багыты: ооруган балдар үчүн
Кичинекей кыздарыбыздан жардамын аябаган, төмөнкү мекендештерибизге фонд биздин гезит аркылуу ыраазычылыгын билдиришет.
1. ЗАО "БТА" банктын коллективине (бир күндүк маянасын топтошкон) - 10933 сом Бишкек шаары;
2. Лян Жанна Вальеровнага - 8000 сом Бишкек шаары;
3. Кайназаровага ( аты жөнү жазылбаптыр) -10000 сом Ош шаары;
4. Кыдырбаев Марат Жакшылыковичке - 4000 сом Бишкек шаары.
5. Кыдырова Гүлмира Жалаловнага - 2007 сом Жалал-Абад облусу
6. Атамбаев Алмаз Шаршеновичке -1, 500 доллар
Гезитти окуган ар-бир атуул Айтунуктун, Бурулдун жана Акылайдын өмүрү үчүн колунан келген жардамын аябайт деген үмүт менен "Курманжан Датка" фонду элибизге бейкутчулук, ынтымак, аманчылык каалайт.
Тел: 62-03-55; 66-68-21; сот: 0772 32-04-52; 0555 04-38-00.




Издейм сени
Жанды кейиткен жалгыздыктан тажап, биз менен кабарлашып, маалымат бергиңиз келсе, 0312 933-622 жана 0773-59-30-59 номуруна SMS жазып, кай жерлик экениңизди, аты-жөнүңүздү, телефон номерлериңизди так жазып жибериңиз. Биз ардайым сиздердин кызматыңыздардабыз.

Жогорку билимдүүмүн. Иштеген ишим бар. Акыл-эстүү, түз ойлонгон, билимдүү, иштеген иши бар, турмушка тың 30 жаштан 40 жашка чейинки кыргыздын чыныгы мырзалары менен таанышкым келет. (Тамашалашам дегендер убара болушпасын)
0543 17-69-81
YYY
Жердигим Нарындык. Борбордогу окуу жайлардын биринде окуйм. 18 жаштан 19 жашка чейинки кыргыздын сулуу, акыл-эстүү, сыйчыл, тамашакөй кыздары менен таанышып, достошкум келет.
0770 34-27-10
YYY
Жердигим Таластык. Жашым 16да. Борборубуздагы лицейлердин биринде окуйм. Кыздардын көңүлүн оорутпаган, жароокер, аялзатын аздектеп сыйлай билген 20-22 жаштардагы чейинки Чүйлүк, Таластык, Көлдүк жигиттер менен таанышып, дос болгум келет.
Гүлжаз 0777 44-32-00
YYY
Жашым 23тө. Жердигим Таластык. Адамгерчиликтүү, түшүнүктүү, турмушка олуттуу көз карашта караган кыздар менен таанышкым келет. Көңүлүбүз табышып калса, турмуш куруу жагын дагы ойлонуп көрөм.
0770 23-40-78
YYY
Жашым 16да. Жердигим Көлдүк. Аялзатына аяр мамиле жасаган, сыйчыл, боорукер 20-21 жаштагы чейинки жигиттер менен таанышкым келет.
0772-41-07-10
YYY
Жүрөгүндө ыйман жашаган адамгерчиликтүү, акыл-эстүү, улууну урматтап, күчүүнү ызаттай билген кыргыздын чыныгы мырзаларына тийиштүү сапаттардын баарына ээ болгон жигиттер менен таанышам.
0770-17-68-11
YYY
Жердигим Таластык. Жашым 19да. Үйдүн кичүүсү, биртуугандарымдын эркесимин. Эрке болсом да аялзатына тийиштүү жумуштун баарын жасай билген, тириликке тың кызмын. 20 жаштан 25 жашка чейинки туруктуу, ыймандуу, иштеген иши бар жигиттер менен таанышкым келет.
Шахрезада 0543 86-60-58
YYY
Жашым 29да. Түшүнүктүү, иштеген иши бар, турмушка терең көз карашта караган, жеңил ойлуу эмес, тириликке тың мырзалар менен таанышкым келет.
Мира 0555 04-81-77
YYY
Жашым 19да. 18 жаштан 30 жашка чейинки бардык кыздар менен таанышам.
Азат 0773 53-92-14





SMS-Асман
Окурман, кимдир бирөөгө жалындуу сөздөрдү айткыңыз келсе, жүрөгүңүздү өйүгөн маселе же түшүнүксүз суроо болуп, сизди, санаага салса, анда биз менен байланышып, SMS-Асман рубрикабызга (0773) 59-30-59 жана (0543) 03-53-03 номурларына SMS жазыңыз. Мыкты деп табылган SMSке 100 сом.
Б-001. "Асман пресс" мен силердин ар бир саныңарды чыдамсыздык менен күтүп окуйм. Жумасына эки ирет чыгышыңарды суранам. Бир жашыңар кут болсун. Ишиңерге ийгилик каалайм. Калемиңер курч, сөзүңөр мурч болсун.
Сүйүктүү окурманыңар Айсалкын
Б-002. 23-февраль майрамы менен кыргыздын азаматтарын куттуктагым келет. Бирок, мени жаш жигиттердин акча берип, мекенитн коргобой армияга барбай койгону түйшөлтөт. Мекенин коргогондон качкан жигиттер, бала-чакасын кантип коргойт болду экен.
Перизат
Б-003. "Асман пресс" гезити калыстыкты, чыркыраган чындыкты жазган, эл сүйүп окуган гезиттердин бирисиңер. Бир жылдыгыңар кут болсун. Ден-соолугуңар чың болсун. Ылайым ушул темпиңерден жазбай мамлекетибиздеги алдыңкы гезиттерден болуп жүрө беришиңерге тилектешмин.
Жапар
Б-004. Армияга барбай, атасынын кадыры үчүн же торпогу, тайы менен армиядан калган жигиттер бирдемени кыйраткансып, 23-февралда алагүү болуп алышат. Аларды көрүп бооруң эзилет. Менимче, 23-февралда армияга барбаган коркок жигиттердин майрамдоого моралдык укугу жок.
Айсалкын
Б-005. Президент да, премьер да оппозицияны компромисске чакырып жатат. Кудай буюрса, ишибиз, турмуш оңолот көрүнөт.
Жамалкан
Б-006. Адамдын колунда беш манжа болсо, анын баш бармагы "Асман пресс" гезити деп билем. Тиражыңар 100 миңдеп өсүп, жума сайын эмес, күн сайын чыккан, эл сүйүп, чыдамсыздык менен кызыгып окуган гезиттерден болгула. Бир жашка толушуңарды чын дилимден куттуктайм.
Канышай
Б-007. "Асман пресс" гезити бир жактуу эмес, эки тарапты тең жазышат. Башка гезиттерден дээрлик айырмаланып, ар санында жаңы тематикаларды изденгендери жагат. Эл сагынып, пикирин уккусу келген адамдардын маегин коркпой туруп гезит беттерине жарыялаганы үчүн сыйлайм жана окуйм.
Жанарбек
Б-008. Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылынын тургуну байкем Карагулов Азизди жана жеңем Насыйкатты үйлөнүү тою менен куттуктайм. Жеңе, байке, кармашкан колуңар бекем болуп, бул жашоодо эч нерседен кем болбогула. Коломтоңордун оту өчпөсүн.
Айзада
Б-009. Бу сапар бийлик афганчылардын таарынычын жазайын дегенби же "Манас" аба майданынан америкалыктар жөн чыкпайт, бирдеме болуп кетпесин деп шекшинип жатышканбы, же чындап эле афган согушунун ардагерлеринин эмгегин эске алганбы айтор, афганчылар машинелүү болду. Афган согушуна 20 жылдыгы мекенибизде катуу белгиленип, согушта каза болгондорго гүл коюлду. Күлүгүңөр кут болсун, кан кечкен азаматтар!
Азамат
Б-010. Мен "Асман пресс" гезитинин чоң интервьюларынан тартып, smsтерине чейин калтырбай кызыгып окуйм. Таанышуу бурчунан теңин таап алгандарды угуп, адамдардын бактысын ачып, данакер болгонуңарга ичим элжиреп, ыраазы болом. "Асман пресс" гезитинин эмгек жамааты өркүнүңөр өссүн.
Амирхан
Б-011. Бир жылда эле ушундай бийиктиктерди багындырып, эл оозуна алынып, эл сүйүп окуган гезит болуп калдыңар. Ушул темпиңерден жазбагыл. Бар болгула, аман болгула.
Асель
Б-012. Парламенттик шайлоодо Афганчылардын партиясын шайлоодон четтетип ызалантышкан. Алар "Мекенибизге качан гана коркунуч келгенде афганчыларды эстешет. Элибиздин жыргал турмушу үчүн күрөшөбүз дегенибизде бизди четке түртүп коюшат" деп таарынышканы ушу күнгө чейин көз алдымда. Аман болгула мекендин бейпилдиги үчүн кам көргөн афганчылар. Силер кыргыздын чыныгы патриотусуңар.
Кожош
Б-013. Мен "Асман пресс" гезитин аялдардын укугун коргоп, ыйлаган адамдын көз жашын аарчыган, ачыла элек дыңды бузган гезит деп билем. Ишиңерге ийгилик. Ден соолук каалайм.
Сулайман
Кыргыздын мырзаларын 23-февраль майрамы менен куттуктайм. Элибизди, жерибизди коргой да, колдой да турган милдетиңер бар экенин унутпагыла.
Гүльзада
Мени азыркы чиновниктердин кайсы жерге армияга барганы, кандай күндөрдү башынан кечиргени, кызыктуу окуялары кызыктырат.
Гүльбазира

Жигиттерге караганда кыздарды армияга чакырса, кыздар жоопкерчилигин сезип, милдетин мыкты өтөмөк.
Жайнагүл

Депутаттардын, министрлердин балдары армияга качан барышат? Мекен чиновниктердин юбалдарына эле эмес, карапайым элдин эле балдарына керекпи. Урматтуу депутаттар чын эле мыйзамдуулукту талап кылсаңар ушул жагына көңүл буруп койсоңуздар жакшы болот эле.
Жоробек

Урматтуу "Асман пресс" гезитинин журналисттери депутаттардын армиядагы окуяларын жазгылачы суранам.
"Асман пресс" гезитинин "издейм сени" рубрикасына ыраазычылыгымды билдирем. Шергазы мен сен менен таанышканыма кубанычтамын.
0777 84-11-25
















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!