Ак карлуу Ала-Тоодо

Санта Клаустар чогулган үч күн
Өлкөбүзгө канчалаган туристтерди чакырууга салым кошкон "Кыргызстан - Санта Клаустардын мекени" деген брендди республикабыз экинчи жылы жайылтып олтурат. Мындан бир жыл мурда Кыргызстан Санта Клаустардын мекени экенин айтканда, айрым адамдарыбыз мыйыгынан күлүп кабыл алгандыктарына күбө болуп калган жайыбыз бар. Бирок, Туризм боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Т. Мамашовдин бир эрдиги ушул болду. Кыргыз эмес, алыскы швед илимпоздору тастыктаган бул маалыматты илип алып, андан Кыргызстанды бүтүндөй бир дүйнө элдерине тааныта турган иш-чараны уюштуруп салганы албетте, айта турган нерсе.
Быйыл 2009-жылы 6-8-февраль күндөрү Кыргызстанда былтыркыдай эле Санта Клаус жана анын досторунун кышкы эл аралык экинчи фестивалы болду. Мындай аз убакыттын ичинде Аяз Аталар менен Санта Клаустар өлкөнүн жетекчиси менен жолугушканга, Ала-Арчага барганга, Ысык-Көлдү тегеренип, ал тургай тоодогу лыжа тебүү базасына чейин кыдырууга үлгүрүштү. Өзгөчө белгилей турган нерсе, Кыргызстандын туризм боюнча мамлекеттик комитети бул жолу дүйнөнүн Россия, АКШ, Япония, Кытай, Индия, Корея, Турция, Канада, Дания, Швеция, Норвегия, Белоруссия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү 16 өлкөсүнөн 20 жомок каармандарын чогултууга жетишти. Мындай өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн келиши Кыргызстандын кооз жаратылышын, маданиятын дүйнөлүк коомчулукка таанытууга өбөлгө болуп, эл аралык аренага кыргыз өлкөсү туризм өлкөсү катары таанылуусу үчүн уникалдуу реклама болуп берерине шарт түзөт.
Бул ирет дүйнөгө Айтматовду, кыргыз тоолорун таанытуу негизги максат болгондугун да белгилеп коюшубуз керек.
(Кийинки сандарда фестивалдын өтүшү туурасында кененирээк тааныша аласыздар)




  Ала-Тоо Гонконгго айланганда

Жоомарт Оторбаев, экс-вице-премьер-министр:
"Кыргызстан Борбор Азиянын де-факто соода борборуна айланды"
Жоомарт Оторбаев учурда Европалык реканструкция жана өнүгүү банкында инвестициялык климат боюнча ага кеңешчи. Лондондо жашап жана иштеп жатат. Кыргызстанга акыркы жолу европалыктар айтмакчы "рождество" каникулдарына карата келип кеткен. Бул ирет 2008-жылы Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшү тууралуу кеп курдук.

- Жоомарт мырза, 2008-жылга карата Кыргызстан экономикасынын өнүгүү темпи боюнча кандай сөз айта аласыз?
- 2008-жылы статистика өтө эле өзгөчөлүү болду, мен муну уникалдуу деп да айтаар элем, бирок эмнегедир ушул абалга эч ким көңүл бурган да жок, комментарий да беришкен жок. Өзгөчөлүгү катары Кытай импортунун деңгээли биздин өлкөнүн ички дүң продукциясынан бир жарым эсе ашык болгондугун айтсак болот, муну Кытай бажыканасы билдирип жатат. Бул көрүнүш чындыгында эле феномен. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүн алып карай турган болсок, мындай көрүнүштү Гонконгдон жана Сингапурдан гана көрө алабыз. Бирок алар бизден сапат жагынан айырмаланып турат. Алар деңиз боюнда жайгашкан, ал жерде көптөгөн складдар, нефти жана башка да терминалдар бар, Кытай товарлары ошол жерден дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө бөлүштүрүлүп кетет. Ал эми бизде болсо нефти терминалдары жайгашкан эмес, логистика жок, транспорт да өнүккөн эмес - транзиттик темир жолу жок, ал тургай түзүктүү автомобил жолдору да жок. Менимче Кыргызстан мындай күтүүсүз баланс орун алган дүйнөдөгү жалгыз өлкө.
- Кыргызстанды Гонконг менен Сингапурга салыштыра турган окшоштуктары барбы?
- Мен мурда кытайлык делегациялар жана чиновниктер менен жолугушканымда сөздү адегенде эле "канткенде Кыргызстанды Кытайдын түндүк жагындагы жаңы Гонгконгго же Сингапурга айланта алабыз" деп баштачумун. Ушундай ой-максат бар болчу. Азыр ал ой реалдуу түрдө ишке ашып жатат. Кытайдын түндүгүндө жайгашкан өлкөлөрдүн ичинен биздин өлкө алдыга озуп чыгып, мыкты сервисин тааныштыра алды. Бирок принципке алып карай турган болсок тескеринче болушу керек эле. Мисалы, Россияда, Казакстанда ал тургай, Монголияда да соода жана транзит үчүн логистикасы да, транспорт түйүндөрү да биздикинен бир топ жакшы...
- Жалпак тил менен айтканда Кыргызстан Кытайдын товарларын тейлеп өнүгүп жатат десек болобу?
- Чындыгында эле бизге келип жаткан товар агымдарынын баары эле таза импорт эмес, реэкспорт экендигин баары эле түшүнүп турушат. Эмне үчүн так Кыргызстан ушундай өлкөгө айланып отурат? Эмне үчүн Казакстан, Монголия же Тажикстан эмес? Мен буга - биздин эл соодага таланттуу деп жооп берээр элем. Кыргызстандын эң эле креативдүү бизнесмендери так ушул соода менен алектенишет.
- Балким мунун себеби биздин мыйзамдардын либералдуулугу болуп жүрбөсүн?
- Албетте, бул жагы да бар. Биздин бажыканада тазалоо процедурасы эң эле либералдуу жүргүзүлөөрүн баса белгилеп коюшубуз керек. Бул нерсе он жылдын аралыгында бизде конкуренцияга туруктуу бизнесмендердин жоон тобунун калыптанып калышына алып келди. Алар Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда кандай товарларга суроо бар экендигин абдан жакшы билишет. Алар бул бизнести "Дордой" деген феномен аркылуу ишке ашырып жатышат. "Дордой" бул супер-эффективдүү соода борбору. Кыргызстан Борбор Азиянын де-факто соода борборуна айланды.
- Бул өлкөлөрдүн катарына Арап Эмираттарын да кошсок болсо керек...
- Эмираттар да окшош эле абалды кечирип жатышат. Бир гана айырмасы, аларда реэкспорт анчалык активдүү эмес. Алар көбүнчө стандарттуу кызматтарды көрсөтүшөт, аларда - соода, курулуш, процессинг, туризм, банктар өнүккөн жана буга кошумча нөлдүк салыктар. Алар бул моделди атайын 30 жылдан бери өнүктүрүп келатышат. Ал эми бизде аларга салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде ишке ашып отурат. Бул феноменди дагы бир жолу баса белгилеп коелу, ошол эле Эмираттар деңиз боюнда орун алган, ал эми бизде жада калса түзүгүрөөк жолдорубуз да жок.
- Эркештам менен Торугарт жолдорун түзүгүрөөк жол деп эсептебейсизби?
- Албетте, жок. Бул багыттарды жолдор деп айтканга кимдин тили бурулат? Батыштын бардык логисттери ушунча көлөмдөгү жүктөрдү ушул жол менен кантип ташып жатасыңар деп айраң таң калышат. Качан биздин транспорт инфрастуктурабыз оңолот, ошондон тартып товар жүгүртүүнүн көлөмү да көбөйөт. Бул жерде мамлекеттик саясат туура жүргүзүлүшү керек.
- Импорттун ички дүң продукциядан ашык болушу мындан дагы көбөйө береби же бул кокустук гана болуп калдыбы?
- Бул пропорция ушул бойдон сакталып калган күнү деле, ал уникум бойдон кала берет. Принцибинде бул көрсөткүч көбөйбөшү керек. Эгер өлкөдө инвестициялык климат жакшырбай турган болсо, ички дүң продукция өспөйт, ошондон улам бул көрсөткүч көбөйө берет. Ал эми транзит үчүн инвестициялык климаттын анчалык деле мааниси жок. Качан элдер өзүлөрүнүн кирешесин реинвестициялагандан кокпой калганда - жакшы инвестициялык климат түзүлдү десек болот. Мисалы, ошол эле жеңил өнөр жайын алалы. Алар адегенде продукцияны Кытайдан ташып келишчү, кийин өзүбүздө өндүрө турган болсок сапаттуу да, арзан да болоорун байкашкан. Россияга, Казакстанга жана Өзбекстанга товар сатуунун туура жолдорун өздөштүрүп алган соң жаңы жана перспективдүү бизнестин түрү пайда болгон.
Ушул эле процесстер башка тармактар боюнча да ишке ашуусу керек жана мунун алар үчүн оорчулугу деле жок. Мисалы, курулуш материалдары. Бирок, өз кирешелерин реинвестиция кылышкан элдер эртеңки күнүнө, алардын менчигин эч ким тартып алалбай тургандына ишеними болушу керек. Баардык жакшы жактарын алуу менен, мисалы ошол эле Дубайдын үлгүсүндө "кыргызча" моделди атайын өнүктүрүшүбүз керек. Салык маселесин алып көрөлү. Биз салыкты жеңилдеткен күнү эмне болуп жатат. Ишкерлик активдеше баштайт. Шейхтер Эмираттарда жасай алган ишти биз деле өз жерибизде жасап көрөлү. Салыкты көбөйтүп адилетсиз муунта баштаганда ишкерлердин активдүүлүгү басаңдап, иштерин токтотуп коюшат. Өлкөдөн чыгып кете башташат.
- Кыргызстандын жүздөгөн жарандары соода кылып же кыймылсыз мүлк сатып алып, Дубайга инвестиция жумшап жатышат?
- Биздин бизнесмендер соода тармагы боюнча "жогорку лигада" ойноп башташты. Биздин региондо бизге ылайыктуу кайсы активдүү соода борбору бар? Албетте Дубай. Биздин бизнесмендер да ошон үчүн ал жерде ийгиликтерди жаратып жатышат. Мисалы, Казакстан өз банкирлеринин "жогорку лигаларда" ойноп жаткандыгы менен сыймыктанса болот, ошон үчүн алар Лондондо жана Нью-Йоркто көп жүрүшөт. Ал эми биздин жогорку класс бул соодагерлер. Ошондуктан бизге жакын жайгашкан бай өлкөлөрдө курулушчулар эмес, соодагерлер басымдуулук кылат. Россиянын түштүк чек арасы базарларга бай, алардын баарында кыргыздар үстөмдүк кылышат.
- Складдар бул компоненттердин эле бири. Биздин дарбазалар цивилдүү болушу үчүн эмне кылуу керек? Кандай кластерлерди өнүктүрүү керек?
- Бизге жакшы мыйзамдар жана инвестициялык климат, өнүккөн транспорттук инфраструктура жана ишенимдүү электр тармактары керек. Казакстан Хоргосто чек ара соодасын автоматташтырып жаткан өңдүү, бизге да ошондой мүмкүнчүлүк керек. Монголдор Кытай менен болгон чек арасында олуттуу транспорттук хаб уюштуруп жатышат. Ал эми кытайлыктар Казакстан жана Монголия менен болгон чек араларына шаарларды куруп коюшту. А бизде болсо бул инфраструктуралардын бири да жок. Негизи биздин Эркештамда жана Торугартта деле процессинг менен алектене турган жаңы шаарлардын пайда болушу ажеп эмес. Бирок ал үчүн классикалык транзиттик транспорт чечимдерин кабыл алуу керек. Биз ошондо жаңы Дубайга айланабыз.

(Уландысы бар)
Чубак Ниязалиев




  Сотка собол

- Президент "Эгер Консот чечим чыгарса 2009-жылы шайлоого барам" деди.
Сиздин пикириңиз кандай?
Мукар Чолпонбаев, коомдук парламенттин мүчөсү:
- Барат. Барганда да, аябагандай күчтөнүп туруп барат. Американын президенти биринчи эл үчүн, экинчи мамлекет үчүн иштейм десе, биздин президент биринчи деле өзү үчүн, экинчи деле толук өзү үчүн иштейт. Эгерде элдин маанайы бүгүнкүдөй болсо кийинки шайлоодо Бакиев сөзсүз утуп келет деп ойлойм.
Бийлик оппозицияны консенсуска чакырып жатат. Биз андай чакыруулардан качпайбыз. Т. Тургуналиев, И. Өмүркулов, Ч. Жакупова, А. Сарыбаев болуп президентке жолугуу үчүн шайланып жаткандан кийин бийликтин туура эмес саясат жүргүзүп жатканын, саясий күрөшкө коркутуп-үркүтүүсүз эле барса болоорлугун, ж.б. маселелер туурасында айталы деп турабыз.

Азимбек Бекназаров, БЭКтин штаб жетекчиси:
- Кийинки шайлоого баруу же барбоо анын укугу да. Андыктан Консоттун чечими чыкса-чыкпаса да, 2009 же 2010-жылда болобу шайлоого бара берет.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
- Конституциялык сот президенттин өзүнүн колундагы соту. Андыктан каалаган чечимин чыгартып алып, шайлоого бара берет. "Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" дегендей эле бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту жок кылып, авторитардык режимди түзүп алды. Андыктан, албетте, кийинки шайлоодо деле утуп келерине таң калбай деле койсо болот.

Анвар Артыков, коомдук ишмер:
- Президент убакыттан пайдаланып, жаңы командасы менен ошондой эле Россиядан алган кредиттин күчү менен шайлоого чоң даярдык менен барышы мүмкүн. Кокус шайлоо болуп калса, эл берген добуш эсепке алынбай бардыгы күн мурунтан даярдап коюга да үлгүрөт. Мен таза шайлоо болооруна ишенбейм.

Турсунбай Бакир уулу, коомдук ишмер:
- Президент Конституциядагы мыйзамдуулукту сактаса анда, Быйыл шайлоого барбайт. Анткени, мыйзам боюнча элге отчет берип, анан шайлоого чыгышы керек. Эгер кошоматчы саясатчылардын айтканы менен эле президенттик шайлоого чыкса, анда өзүнө ылайыктаган болот.

Эркин Булекбаев, "Жашылдар" партиясынын лидери:
- Президент өзү бирде барам деп, бирде барбайм деп эки сүйлөйт. Бийлигин сактап калуунун аркетин көрүп, ыгы келсе шайлоого баруунун жолдорун издейт.

Роза Отунбаева, ЖКнын депутаты:
- Алло, Роза эже, саламатсызбы?
- Да…
- Эже, Данияр Үсөновдун чакыруусуна эмне үчүн СДПК партиясынан келген депутаттар барбай коюшту?
- ...........................................




Оппозицияга кылтак
Аликбек Жекшенкуловдун дагы бир инисин камакка алышты. Эмнеге?
Аликбек Жекшенкуловдун Балыкчы шаарында вице-мэр болуп иштеп жаткан иниси Медеркулов Таалай Жекшенкуловичти ден соолугунун начардыгын да эске албай, тендерди туура эмес пайдаланган деген киненин негизинде эки күн мурун камап, кечээ соту болуп, 15 суткага камоо чечимин чыгарган. Белгилей кетчү жагдай Аликбек мырзанын иниси шаардык кеңештин депутаты экенине карабай камакка алынган. Учурда Балыкчы шаардык кеңешинин 21 депутаты жана Жогорку Кеңештин үч депутаты сотко кайрылуу жолдошту.
Эске сала кетсек, Аликбек Жекшенкуловдун өзүн кошкондо туугандардын бешөөнө кылмыш иши козголгон. Айтсак, Аликбек мырзанын уулу Беккул Жекшенкуловду 234-берененин негизинде А.Саиповдун өлүмүнө катышы бар деп күнөөлөп келишсе, инилери Иманкулов Калык менен Иманкулов Маликке дагы иштерине байланыштуу жалаалар тагылууда. Эми минтип дагы бир иниси камакка алынгандыгын түшүнүү дагы кыйыныраак болуп турат. Албетте, саясаттагы көпчүлүк адамдардын пикиринде бул А. Жекшенкуловдун саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп бааланууда.




"АСМАН пресс" гезитинин эмгек жамааты Темир Сариевге
атасы Аргымбайдын
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.


БЭКтин мүчөлөрү "Ак шумкар" саясый партиясынын лидери Темир Сариевге
атасы Аргымбайдын
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу жакындарына көңүл айтышат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

"Акшумкар" саясий партиясынын жалпы мүчөлөрү Темир Сариевге
атасы Аргымбайдын
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!