Эмнеге?

Курманбек Осмонов, жогорку соттун экс-төрагасы:
- Эмнеге бүгүнкү соттордун аброю төмөн?
- Бул нерсе адам факторуна байланыштуу болуп жатат. Бүгүнкү күндөгү сот процессиндеги реформанын иш жүзүнө ашпай жаткандыгы, формалдуу түрдө акыйкатуулуктун жоктугу, аткаруу бийлигине көзкаранды болуп, алардын камчысын чаап жатканы да себеп болууда. Ошондой эле сот тармагында иштин көзүн билген мыкты кадрлардын жоктугу, айлык акынын аздыгынан башкаруу системасынын алсыздыгынан улам ушундай күнгө туш болуп олтурабыз.

Топчубек Тургуналиев, Элдик ревалюция кыймылынын мүчөсү:
- Оппозициянын таскагы катуу чыга албаганын эмнеге байланыштуу?
- Бүгүнкү күндөгү оппозициянын таскагы катуу чыкмак түгүл бышып жетилди. Жарылчу күнүбүз да келип калды. Муну сезген бийлик алдын ала катуу даярдыктарды көрүп революцияга каршы ар кандай уюмдарды, кыймылдарды түзө баштады. Бирок элдин 90% бүгүнкү бийликке каршы болуп, энергетикага, газга болгон баанын кескин түрдө өсүшү, кыймылсыз мүлккө болгон салыктан, туш тараптан муунткан бийликтен эл тажап бүттү.


Кыяз Молдокасымов, "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору:
- Кыргызстанда эмнеге элге сиңип кеткен идеология жок?
- Кыргызтанда иделогия бар. Аны асмандан издебей элибиздин кылым карыткан тарых барактарынан, накыл, учкул сөздөрүнөн кол ойноткон комуз күүлөрүнөн издешибиз керек. Идея деген кыска-нуска жана өтө нарктуу болууга тийиш. Бирок, бүгүнкү күнү иделогияны элибиз жакшы түшүнө албай жатат. Идеологияны жогору жак жакшылап иштеп чыгып элге кененирээк түшүндүрүп чыкса жакшы болоор эле.

Тойгонбек Калматов, коомдук ишмер:
- Эмнеге өлкөдө башка динге баш байлагандардын саны өсүүдө?.
- Азыр божомол боюнча башка динге өткөндөрдүн саны 10-15миң деп саналат. Башка динди тутунган адамдар менен сүйлөшүп көрдүм. Алар "бизге ислам динине караганда башка дин эмнегедир жакшы сезилет" деп айтышат. Чындыгында кыргызстанда динге көп көңүл бурулбай жатат. Дин башкармалыгы менен биргеликте бир топ сунуштарды жазып, өкмөткө жөнөтсөк канаттандырарлык жооп ала алган жокпуз. Динге анчалык көңүл бурулбагандыктан Ноокаттагыдай окуяларга туш болуп жатабыз. Дагы деле динге кош көңүл карай турган болсок Ноокаттагыдай окуялар дагы кайталанышы мүмкүн.


Жыпар Жекшеев, ЮНЕСКО иштери боюнча мамкомиссиянын баш катчысы:
- Эмнеге биз кайдыгербиз?
- Менимче, кайдыгерлик адам көздөгөн максатына жетпей же иши орундалбай калса, адамдын ички руханий жан дүйнөсүндө, ошол нерсеге болгон кандайдыр бир ирээнжүү кайдыгерлик пайда болот. Жашоого болгон стимул жоголот. Мисалы, билим "ийне менен кудук казгандай"деп айтылат. Канчалык билим алсаң да анын үзүрүн көрбөй калсаң билимге болгон кайдыгерлик пайда болот. Же жубайыңа, балдарыңа таарынсаң үй-бүлөгө болгон кайдыгерлик болот. Өлкөдө тынччылык болбосо элдин курсагы ач болсо, жарандарыбыз, татыктуу жумуш орундары менен камсыз болбосо мекенге болгон кайдыгерлик орун алат. Менимче, бизде ушул көрүнүштөр көп болуп аткандай.


Майрамкан Абылкасымова, акын:
- Эмнеге көп аял алуу модага айланып баратат?
- Буга негизинен биздин эркектер күнөөлүү. Бекерчиликтен эмне кылаарын билбей айла кеткенде ала күү болуп,улам-улам аял алмаштырып жатышат. Бул өтө жаман көрүнүш. Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат дегендей жогоруда отурган чиновниктерибиз акчанын көптүгүнөн аял алууну модага айлантып жатышат.

Даярдаган Мирлан Алымбаев













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!