Ташболот Балтабаев, экс-депутат:
"Ортодо "разборкалар"көп болгон"
- Ташболот мырза, кечээ президент Орусияга барып, Американын авиабазасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу оюн билдирди. Сиздин пикириңизде президент туура кадамдарга бардыбы?
- Бул маселе президент К. Бакиевдин туруктуу геосаясий позициясынын жок экенин билдирет. Ал Орусиядан карызга акча алып, жыртык бюджеттин тешигин эптеп жамаганга аракет кылып жатат. Кечээ эле Ташкентте Медведев билдирүү жасап, Кыргызстандын келечеги болгон Камбар-Ата ГЭСтерин Өзбекстандын макулдугу менен курулса деген пикирин билдирди. Медведевдин бул сөзү биздин өлкөнүн кызыкчылыгына каршы болуп калды. Ошентсе да президент ал сөздү көз жаздымга калтырып, анын кысымы аркылуу АКШнын авиабазасын "айдайм" дегени анчалык деле олуттуу маселе эмес.
- Жыл жаңыргандан баштап, президент бир топ кадрларды алмаштырып, өз командасын түптөп жатат көрүнөт. Бул кадрлар кайсы критерийдин негизинде тандалып алынды деп ойлойсуз?
- Биринчиден, Кыргызстанда кадрды илимий деңгээлде даярдоо жана өстүрүү жолго коюлган эмес. Экинчиден, кадрлар ишмердүүлүгүнө жараша эмес, үй-бүлөнүн кызыкчылыгына жараша тандалат. Ошондуктан кадр саясатында баш аламандык өкүм сүрүп жатат. Негизи кадр алмашуу олуттуу маселе болуп, кызматкерлердин эмне үчүн кызматка тартылганы жана четтетилгени коомчулукка маалым болушу керек эле. Бизде болсо ал маселе белгисиз бойдон калууда. Мындай маалыматты коомчулукка президент да, премьер-министр да, Жогорку Кеңеш да бербейт. Кызматка келген инсандардын ошол кызматка иштегенге моралдык укугу барбы, жокпу ал жагы да эске алынбайт. Анткени, элге жек көрүнүп, коррупционердиги менен белгилүү болгон кадрларды бир орундан экинчи орунга алмаштыргандан сумма да, сапат да өзгөрбөйт. Дүйнөлүк деңгээлдеги адис болуш үчүн кадрлар бир ордунда жок эле дегенде 10-15 жыл кызмат кылышы керек. Кадрды тандоонун принцибин орнотуп, илимий жолго кое албаган жогорку бийлик башкаруунун баш аламан системасын түздү. Жаңы жылдан кийинки орун алмашуулар ажонун айланасындагы кландык топтордун аркан тартышуусунун көрүнүшү деп санасак болот.
Акев 14 жылда 9 өкмөт алмаштырган эле. А Бакиев болсо үч жылда эле төрт өкмөт алмаштырды. Акаевди сындап жүрүп бийликке келген Бакиев "Бүгүнкү өкмөт, губернаторлор менен беш жыл иштейм. Кадрлардын профессионалдык деңгээлине, иштөө тажрыйбасына көңүл бурам. Жердешчилик, тууганчылыкты жоем" деген эле. Иш жүзүндө андай болгон жок. Бакиевдин жанында биз жаман деген Акаев бир топ эле таза көрүнүп калды. Менимче, кадр саясатында баш аламандыктын эки гана себеби бар. Биринчиси, жүргүзгөн саясатынын натыйжасыз экенин билип, күнөөнү башка бирөөгө оодара салып, аны сары улактай садага чаап салуу. Экинчиси, кадр саясатын бизнес кылуу. Өкүнүчтүүсү бүгүнкү күндө мамлекетибизде ушул эки түрү тең орун алып жатат.
- Президенттин кадрдык жүрүштөрүндө айрым оппозиция мүчөлөрү да кызматка тартылышы мүмкүн деген прогноздор бар...
- Албетте, президенттин кадрдык жүрүштөрүндө оппозициянын сатылган мүчөлөрү кызматка тартылып, жеке кызыкчылыкка азгырылып, кээ бири кызматка барышы мүмкүн. Бул маселе боюнча оппозиция өзүнүн стратегиялык бүтүмүн, чечимин чыгарган. Биүгүнкү бийликтин учурунда Кыргызстанда жакшы башкаруу, Кыргызстанды кризистен чыгаруу мүмкүнчүлүгү жок деп.
- Салык Кодекси сизди канаатандырдыбы?
- Экономикалык саясатта элди жыргатабыз деген салык Кодексинин багыты байлар байып, жардылар дагы жарды боло берсин деген саясат болуп калды. Бир жерден алып, экинчи жерге сатып, айырмасынан эптеп бала-чакасын баккан жарды, орто жана кичи бизнестин ээлеринин салыгын 2-3 эседен көбөйтүп, чоң бизнесмендердикин НДСин 30% га азайтып салышты. Кыскасы, бүгүнкү күндөгү салык саясаты мамлекетти кризистен чыгарууга жакырчылыкты азайтууга толук карама каршы келет.
Дүйнөлүк кризистин катуу шамалы Кыргызстанга тийиши мүмкүн эмес деп адистер айтып жатышат. Кыргызстандын башкаруу системасы жок болгондуктан бүгүнкү күндө экономикалык, социалдык,энергетикалык кризистен да элдин моралдык жактан руханий кризиси күчөп кетти.
Социалдык саясатты алсак, эч нерсе өндүрүп, эч кимге пайда келтирбеген чиновниктерди багууга бүгүнкү бюджеттин 30%ы коротулат. Дүйнөлүк тажрыйбада бай мамлекеттерде да мындай ысырапкерчиликке жол беришпейт экен. Жарды кыргызстандын өтө чоң каражаттары ушул коррупционерлер, чиновниктерди бакканга жумшалат. Ошол эле убакта саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо, билим берүү системасы жылдан жылга начарлап, бюджеттеги үлүшү төмөндөп жатат.
- Оппозиция өкүлдөрү башка аймактарга барганда Түптөгү, Таластагыдай терс көрүнүштөр дагы болушу мүмкүнбү?
- Таластагыдай, Түптөгүдөй аракеттери менен бийлик өзүнүн тактан кулашын жакындатып жатат. Таш, жумуртка ыргыткан Таластагы, Түптөгүдөй синдромдор элдин маанайын чагылдырбайт. Бийлик өзү элге оппозиция болуп калды. Бийликтин оппозициялык лидерлер менен элди жолуктурбоого жасаган аракеттери элден жашырган нерселери ашкере болуп калабы деп коркуп жатканын билдирет. Бүгүн-эртең бириккен оппозиция менен эл биригет. Бул бийликтин трагедиясы лидерлерге кылмыш ишин козгоп, элге жаман атты кылам деген саясаты болуп жатат. Мындай көрүнүштөр революцияны күчөтүп, эртелете турган факторлор.
- Үй-бүлөңүздүн жана өзүңүздүн коопсуздугуңуздан коркпойсузбу?
- "Каршкырдан корккон токойго кирбейт" дейт. Биринчиден, менин корко турган эч кандай жаман ишим жок. Экинчиден, реалдуу нерсени фактылар менен далилдеп берүүгө дайым даярмын. Оппозициянын мүчөлөрүнүн баласы, аялы, тууганын өзүн баштап алсыратуу үчүн каралап, сот, прокурор, кылмыш дүйнөсү аркылуу оппозиция менен күрөшүп, бир убакта араздаштык эле эми өчүмдү алайын деп пендечиликке алдырып жатышат.
- Турмушта кекчилсизби же кечиримдүүсүзбү?
- Адам болгондон кийин кокустук, жаңылыштык менен жасалган карасанатайлык иштерди сөзсүз кечире билиш керек. Эгер билип туруп атайын наадандык кылып, зөөкүрлүк менен сени сындырууга аракет кылгандарга кечирим болбош керек деп ойлойм. Анткени, Кыргызстандын келечегине балта чапкан, уурдап тоногондорду кантип кечиребиз.
- Атыңызды ким койгон?
Молдо азан чакырып койгон атым Маматжан. Атамдын уулдары токтобой койгонунан мен төрөлгөндө таштай болоттой бекем болсун деп Ташболот деп коюшкан экен. Ошондон кийин Ташболот атыгып кеттим.
Менин балалык чагым 12 жашка чейин өрүк терип, Баткендин күрүчү деп атыгып жүргөн Ак-Турпактын күрүчүн эгип өткөн. Күрүчтүн жумушу өтө оор болгондуктан өмүр бою кыйынчылык менен жашабайм деп башкача жашоонун стилдерин издеп мединститутта окудум. Кийин М.Миррахимовдун сунушу менен илимий иш жазып, профессорлук даражага чейин жеттим. Менин профессионалдык иштеримдин баары М. Миррахимовдун көз алдында болду.
- Туугандарыңыз аркалык кызга үйлөндүң деп сизди күнөөлөшкөн жокпу?
- Жубайым экөөбүз тең медициналык окуу жайдан таанышып, анан үйлөнгөнбүз. Менин туугандарым Кочкорлук, аркалык кызды алып келдиң деп жээрип, мени күнөөлөшкөн эмес. Анткени, жубайым жаңы келин болуп барганда эле туугандарга, ини-карындаштарымдын баарына жагып, тил табышып кеткен. Эки уул, эки кыздын ата-энеси болдук. Улуу кызым менин жолумду жолдоп, кардиология боюнча илимий диссертациясын жактап, жети жылдан бери Лондондо иштейт. Калган балдар кыздарым Кыргызстанда жашашат. Мендеги дүйнөгө болгон көз караш Англияда жүргөн кызымда байкалат.
- Куран окуганды, кой сойгонду билесизби?
- Мусулмандарга тиешелүү сапаттардын баарынан куру эмесмин. Дегеним, куран окуп, кой сое алам.
- Ичимдикке, ырга, бийге кандайсыз?
- Ичимдикти ооз тийүүдөн качпайм. Бирок, чеги менен. Ыр-бийге да өтө шыктуу эмесмин.
- Тамак-аштын кайсы түрүн жасаганга устасыз?
- Студент кезде эле балалуу болуп калдык. Жубайыма жардам берейин деп сыйлуу тамактын түрүнөн баштап, балдар жечү кашага чейин жасачумун. Ал дежурствого кеткенде балдардын кийимин кийгизип, бакчага жеткиргенин жеткирип, жеткирбегенин "записка" жазып туруп, үйгө камап кетип калчумун. Менде бул жумушту, тигил жумушту жасабайм деген болгон эмес. Кандай болгон күндө да биринчи кезекте жубайымдын түйшүгүн жеңилдеткенге аракет кылчумун.
- Кайсы бир учурда шартка байланыштуу калп айткан учуруңуз болду беле?
- Өмүр бою медицина илиминде жүргөндүктөн айрым учурда сага кайрылган оорулууну жооткотуу үчүн ичиңде бир-эки жылда өмүрү бүтөөрүн билип турсаң да, анын көңүлүн чөктүрбөй, жашоосуна стимул бериш үчүн жакшы болуп кетесиз, сакайайын деп калдыңыз. Кечээгиден бүгүн жылыш бар деп айласыз калп айткан учурлар болгон. Калп айтканда оюң башкада болуп туруп, бирок тилиңде аргасыз башка сөз айтасың. Кээде жубайыма деле жалпы кызыкчылык үчүн анча-мынча калп айткан учурлар болуп калат.
- Студент кездеги эсте калган кызыктуу учурларыңыздан эстеп бербейсизби...
- Ал кезде тартип, тазалык боюнча жатаканада комиссия иштеп, баалар коюлуп, жыйынтыгында дубал гезитке студенттер ташбакадан баштап ракетага чейин минип чыкчубуз. Бир жолу менин да тартибим начар болуп, ташбака минип, сүрөтүм чыгып калган. Сүйлөшкөн кызымды достору сүйүнчүлөп, шылдыңдашыптыр. Ортодо "разборкалар" көп болгон. Азыр ошол учурларды эстегенде жылмайып алам.
Ч.Кутманалиева













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!