көшөгө ачуу

Саламаттын кызынын сүйүүсү
Кундуз Авашова, Кыргыз-Түрк "Манас" радиосунун продюссери менен маек
- Кундуз, бир аз убакыт мурда Кубаныч Сатаевге турмушка чыктың, үйлөнүү тоюңар кайсы жерде, кандай өттү?
- Биздин үйлөнүү тоюбуз 2008-жылдын 8-октябрында, Боо-Терек айылында кыргызча, мусулманча өттү. Себеби, Кубаныч экөөбүздүн башкы максатыбыз ата-бабабыздан бери келе жаткан каада-салттарга, үрп-адаттарга, ыйык нерселерге көбүрөөк көңүл буруу болчу. Экөөбүз тең кыргыз элине аты чыккан чыгармачыл адамдардын балдары болгондуктан каада-салтка басым жасаганга аракет кылдык. Чынында чоң шаан-шөкөт менен өткөрөлү деген ойлор да болгон. Бирок, мен ашыкча рекламалаганды, жасалма салтанаттарды жаман көрөм. Кубаныч менден да жөнөкөй. Экөөбүз тең ошол жөнөкөйлүгүбүздөн тил табышып кеттик окшойт.
- Демек, кафе-рестораны жок эле үйлөнүп алган экенсиңер да?
- Ооба. Бирок, шаардагы көпчүлүк тааныштырыбыз, досторубуз Таласка бара албай калгандыктарынан жазында үйлөнүү үлпөт тоюбузду берсекпи деген пландарыбыз бар. Боо-Терекке эң жакын моралдык дагы материалдык дагы жактан жардам берген досторубуз, туугандарыбыз эле барды.
- Сен кайсыл жердин келини болсом деп кыялданчу элең?
- Таластын кызы болгон үчүнбү негедир Таласка эле турмушка чыксам жакшы болмок деп ойлоп койчумун. Кубаныч экөөбүз баш кошобуз деп калганда Кубанычка Манас ордого барсак деп айтып койгон элем. Ал сөздү Кубаныч эсинен чыгарбаптыр. Ошентип, Манас ордого барып, зыярат кылдык. Анын үстүнө Манас ордону көрө элек эки-үч киши бар экен. Аларга Манас атабыздын музейин көрүп, бир чети экскурсия дагы болуп калды. Айтор, мен үчүн эстен кетпей кала турган окуялар көп болду.Төө ашуу менен баратканда ырдап, сүрөткө түшүп, кооз жерлерден токтоп, тост айтышып жатышкан жакын адамдардын жылуу сөздөрү өзгөчө эсимде калды. Жолдон Кубанычтын классташтары, досторунун атайын пландаштырбай бирок, атайын жасагандай болуп тосуп алышкандары да мен үчүн абдан жагымдуу болду. Ал жерде чакан понарама бар экен. Тоого чыгып анан, үйгө бардык. 7-октябрда барып, 8-октябрда нике кыйдырдык.
- Башыңа ак жоолукту ким салды?
- Кубаныч алдын ала эле "Чоң апам менен өтө ынакмын. Адам болуп калыптанышыма да чоң салымын кошкон киши" деп айткан. Ал киши Кубаныч мен жөнүндө айтканда эле оң пикирин билдирген экенен. Бизге ак батасын берип, башыма ак жоолук салып, көшөгөгө киргизди.
- Канчанчы келин болдуң?
- Үйдүн улуу келини болдум. Экөөбүз тең үйдүн улуусу болгондуктан эки жакка тең караганга, ырыскыны тең бөлгөнгө аракет кылабыз. Кандай нерсе болбосун жарым сөздөн эле түшүнүшөбүз. Экөөбүздө окшоштуктар да жок эмес. Ал эки бир тууган, мен дагы эки бир тууганмын. Жада калса туулган күнүбүздүн дагы цифрасы окшош. Мен 24-сентябрда төрөлсөм, Кубаныч 24-ноябрьда төрөлгөн. Ошондой эле аларыбыздын да туулган күндөрүнүн цифралары 28.
- Кубаныч турмуш куруу жөнүндөгү сунушун айтканда кандай кабыл алдың эле?
- Биринчи сунушу кыз -жигит болуп, дос болуу туурасында болгон эле. Ойдо жок жерден болгондуктан көпкө чейин ойлонуп жүрдүм. Башында экөөбүз чыгармачыл адам катары байланышып, жердеш болуп бири-бирибизге жардам беришип, ортобузда бир туугандык сезим бар эле. Кубаныч экөөбүздүн мүнөзүбүз төп келгендиктен улам тил табышып кеттик деп ойлойм. Көпчүлүк адамдар Кубанычтын ырынан мурун, адамгерчилигин баалайт. Мени көптөр анын ырчылыгына, жаштыгына кызыгып тийди деп жүрүшөт. Бирок, алар жаңылышат. Мени кубанычтын айрым адамдарга байкалбаган түшүнүктүүлүгү, жөнөкөйлүгү жүрөгүмдү жылыткан.
- Кайдан таанышкансыңар?
- Алгачкы жолу кафеден таанышканбыз. Чубак Сатаевдин баласы дешкен. Ага чейин ал кишинин баласы барбы жокпу деп анча деле маани бербептирмин. Балким, тагдыр болсо керек. Биринчи жолу таанышканда эле Кубаныч эсимде калды. Белгилүү ырчынын баласы, ырдайт экен деген ойдо калдым. Эмнегедир менде боорукерлик сезим пайда болду. Кийин чыгармачылык чөйрөдөн көп кезигип калчу болдук. Буйрук экен акырындык менен достугубуз сүйүүгө айланып кетти. Достугубуздун сүйүүгө айланып кеткенин убакыт далилдеди. Кубаныч арзуусун билдирген күн келээрин күтүп жүрсөм да, негедир жан дүйнөмдө ошол күндүн келишин каалачу эмесмин. Кубаныч үйлөнүү тууралуу сунушун айткандан кийин узак убакытка чейин ойлондум. Экөөбүз бири-бирибизге керек адам экенибизди сезгенден кийин макулдугумду бердим.
- Өкүл атаңар ким болду?
- Өкүл атабыз МАИде иштейт. Таластык. Аты Беккул. Атабыздын эң жакын кан, жан досу экен. Кубаныч мурунтан эле ушул киши өкүл атабыз болот деп пландап коюптур.
- Ыр, бийге шыктуу өнөрлүү кыздардан болсоң керек…
- Чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгондуктанбы комузга, бийге катышып, театралдык окуу жайга тапшырам деген пландарым болгон. Ырдан да бийге көбүрөөк кызыкчумун. Бир жолу балетке ушул кыздан бир деме чыгат деп сынактан тандап алышкан. Апамдын кийлигишүүсүнөн улам балерина болгум келсе да, окубай калгам. Кийин М.Абдраев атындагы окуу жайда окудум. Апам сарык менен катуу ооруганына байланыштуу ал жерде окубай калдым. Кичинемде бийчи болом деп кыялданып алгандыктанбы ар улуттун бийин өздөштүрүүгө дилгирленип, бий залында машыкчумун. Студент кезде БГУнун таланттуу студенти болчумун. Эки жолу бий жанры боюнча сынакка катышып, гран приге ээ болгом. Көп ырчылардын концерттерине бийлеп катышкам. Ошондой эле клипке тартылууга да сунуштар түшкөн. Бирок, клипке тартылууну каалачу эмесмин.
Ырчылык өнөрдү аркалайм деп көксөбөйм деле. Анткени, апам бир үйдөн бир эле искусство адамы болуш керек деп тарбиялаган. Ырчылык өнөр хоббим болгон үчүн эле ырдап жүрөм. Көпчүлүк кечелерде, концерттерде, тойлордо алып баруучу болом. Апамды тааныгандар ырдашымды сурана берет. Алардын суранычын четке кага албай ырдоого туура келет.
Поэзия, проза дагы жазам. Эгер жазган прозаларым сынчылардын сынынан жакшы өтсө, бир китеп чыгарсамбы деп ниет кылып жатам. Ошондой эле бизнеске дагы шыктуумун. Бир жолу журналистиканы таштап, бизнес жагына да өтүп көрдүм. Аз убакыттын ичинде эле жакшы ийгиликтерге жетише алдым. Кыялымда дагы деле бизнес ачуу максатым бар. Учуру келгенде ал тармактан да ийгиликке жетишем деп ойлойм. Анткени, бизнес жасоо бул замандын талабына ылайык болуп калды.
Журналистикада аз иштесем дагы саз иштеген окшойм. Ушул тармактагылар бизнес жасап жүргөн учурумда ар тармактуу берүүлөрдү, уктурууларды даярдап берүүмдү өтүнүп, чакыра беришчү. Элиме журналистика тармагында керек турбаймынбы деп кайра кайрылып келдим.
- Кубаныч экөөңөрдүн дуэт ырыңарды уга алабызбы?
- Эң биринчи дуетимди апамдын чыгармачылык кечесинде апам экөөбүз ырдап чыкканбыз. Кубаныч экөөбүз ырдасакпы деген ниетибиз бар. Өзүбүздүн чөйрөдө дуэт ырдайбыз. Кээде айрым кечелерде жөн гана олтуруп, эс алалы десек дагы бизди конокко чакырган адам эң биринчи чыгармачылыгыңды сыйлап, төрүнө олтургузуп, "бир аз чер жазалы, ырдап бергиле" дейт. Ошондой учурда суранган адамдардын көңүлүн калтыра албай ырдап коебуз.



- Ырчы жигитке турмушка чыкканыңызды апаңыз кандай кабыл алды? Кантип тааныштырдыңыз?
- Бир учурда турмушка чыккым келбей калган. Ар бир адам жаңылат жазат дегендей. Бирок, ошол күндөр мага сабак болду. Мен өзүмдү өзүм тарбиялоого аракет кылдым. Журналистика дагы мени көп жакшы нерселерге тарбиялады. Жакшы адамдар менен баарлашып, ошондой чөйрө күттүм. Мен мурда песимис адам болчумун. Азыр оптимистмин. 4 жылдан бери психологияга байланышкан китептерди окуп акыл казынамды кеңейттим. Өзгөрдүм.Турмуш куруш керек турбайбы деп калганда Кубанычка жолуктум.
Кудайдын буйругу болсо керек. Бир кечеге чогуу катышып калышты. Мен бир жерге барарын кеченин башталаарына бир саат калганда билдим. Ал жерден апам эмнегедир мага ыңгайлуу суроо берип калды. Ушул жигит мага жагат. Атасын көргөндөй сүйүнүп кетем . Үйлөнгөнбү? деп сурап калды. Апама кантип айтам деп жүргөм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып. Ал жигиттин сүйлөшкөн кызы мен болом дедим. Апам менен Кубаныч жакшы тил табышып кетти. Азыр Кубанычты өз уулундай көрөт. Менин уулум жок. Эми сен уул болдуң деп кубанат. Мага да ардайым Кубанычтын чыгармачылыгына да оң көз карашын билдирет. Чыгармачыл адам эркин болушу керек. Сен жардам беришиң керек деп турат.
- Үйдөн акчаны ким кармайт?
- Кубаныч аялдар сарамжалдуу пайдаланат дегенсип башында мага алып келип берип жүрдү. Сен эркексиң сен карма дедим. Анан экөөбүз тең шкатулкага салууну эп көрдүк. Азыр канча акча тапсак да ошого алып келип салабыз. Керек болгон учурда, пайдаланабыз. Бирок, канча акча алсак дагы экөөбүз тең бири-бирибизге айтып турабыз. Мен Кубанычты эркек деп сыйлап, кеңешсем Кубаныч мени үйдүн куту катары баалайт.
- Ашканада кандай кожейкесиз?
- Эгерде мен журналист болбосом анда ашпозчу болмокмун. Үйгө келгендердин көбү берешенсиң. Дасторконду дагы кең даярдайсың дешет. Мен жасаган тамак түгөнүп калса, коноктор тойбой калды деп маанайым түшүп калат. Ошон үчүн дасторкондуу берекелүү жасаганды жакшы көрөм. Кандай тамак болбосун даамына чыгара жасайм. Мен үйдү тазалаганга караганда тамак аш жасаганды жакшы көрөм. Келген конокторго да ар дайым тамакты, салаттарды түрлөп, мурдагысына кийинкисин өзгөчөлөнтүп жазаганга аракет кылам. Тамак жасаганды 5-класстан баштап тамак жасаганды үйрөнгөм. Майга колум-бетим күйүп калган учурлар болгон.
- Наристе күтүп жатасыңарбы?
- Буюрса, пландар бар.
- Кайсы жерде түтүн булатып жатасыңар?
- Апам сатып берген бир бөлмөлүү үй бар. Башында намыстанып, квартирага чыксакпы дегенбиз. Бирок, апамдын түшүнүктүүлүгүнөн улам квартирага чыкпай калдык. "Үй салып кетсеңер мейли. Квартирага жашаганча өз үйүңөргө жашагыла" деди. Ойлонуп көрсөк, экөөбүз квартирага чыккан 200 доллардын жүз долларына Таласка тамак-аш, 100 долларына апама тамак аш алып бергенибиз жакшы деген чечимге келдик. Кубанычтын жери бар. Кудай буюрса, там салалыбы деп пландап жатабыз. Чыгармачыл адамдарга өзүнчө иш бөлмө керек. Ошондой эле пионина, акардеон, комуз бар. Аларды да ылайыктуу бөлмөгө жайгаштырыш керек. Ошондой эле мурдагы жылы тамада болуп чогулткан акчама музыкалык аппаратура сатып алгам. Кубанычтын да аппаратурасы бар экен. Төлөнгөн гонорарга жараша аппаратураларды тойлорго жөнөтүп турабыз. Мурда тойлорго аппаратураларды алып баруу мага түйшүк жаратса, азыр ал жактын баарын Кубаныч өзү тейлейт.

(Уландысы кийинки санда)
Чынайым Кутманалиева



Сиңдим 10 жылга жакын музыкалык мектептен сабак алып, профессионал дагы билимин концерваториядан улантпай четтилдер факултетинен билим алды. Ал ырчылык өнөрдү аркалаганда азыр кыргыз эстрадасынын жылдызы болмок. Ал окууга тапшырып жатканда айрым көрө албастык, бут тосуулар болду. Ошон үчүн ал башка факультетке тапшырып кетти. Бир учурларда ырчылыкка кызыгып анын үстүнө диктор болу үчүн туура ырдоо, дем алуу үчүн сабак алгам.
Сиңдимдин четтилдер факультетин ырас эле бүтүптүр. Көп учурда документтерди англисче даярдоого туура келет. Ал иштердин баарын Махабат бүтүрөт. Чет мамлекеттер менен ошол сүйлөшөт. Апамдын бул жактагы иштерин баарын мен бүтүрөм. Анкарага окууга апам ал жактан туркияга күйөөгө тийип кетесиң деп жөнөтпөй койгон. Көңүлүм жок туркологиянын котормочу референт бөлүмүндө окуп жүрдүм. Азыр ал жерде окуганыма өкүнбөйм. Туура сүйлөө маданиятын үйрөнүп, сөз байлыгымды өстүрдүм. Кийин филология факультетине которулуп кеттим.
Эмгек жолумуд мугалим болуп баштагам. Кийин теелвидениде иштедим. Эң көп радиодо иштедим. Ар кандай сунуштар көп болот. Бирок, айлык-акынын аздыгынан барбай калам. Көп учурда барбаганыма капа болушат. Телевиедениеге иштегим келет. Бул жерге алгач диктор болуп келип, эки жылдан кийин продюсер болдум. Мурдагы жылы Стажировкага Анкарага жөнөтүштү. Ал жерден тажрыйба топтоп ТРТдан иштеп келдим.ТРТдан келген журналистердин көпчүлүгүх биз менен байланышып иштешет. Бирөөбүздү гид котормочу кылып да кошуп беришет. Кыскасы, "Манас" радиосунун кызматкерлери кыргыз түрк кызматташтыгын бекемдөөгө чоң салымыбызды кошобуз. Керектүү кишилерди таап берип, журналист катары маалыматтарды топтоп, керек болсо документалдык филимдерин тартууда дагы салымыбызды кошобуз.
Мен үчүн эмес, балким жакшы санаалаштарымдын тагдырыдыр. Чыңгыз Айтматовдун мурдагы жылкы дебют-мектеби атыккан долбоордо куурчак кыз деген чыгармам жакшы деп табылган. Күзүндө кечени алып барып баргам. Акырында мага өз колу менен тапшырган. Тагдырдын урунттуу учуру деп ойлойм.

Апамда атайын мындай бол, андай бол деп үйрөткөн метод жок. Энее катары абдан мээрман. Кээде ашыкча боорукер, алпейим болуп кетет. Өзүнөн ашкан нерсесин башкага бериш керек. Мен өзүмдү апамдаймын деп айта албайм. Апамдай мээнеткеч болууга аракет кылам. Ашыкча эки-үч күн ишке барбай калсаң эмне ишке барбай жүрөсүң деп калат. Эс алыш десең гана ий деп калат. Ишиңдин ийгилигин көрсө, окууга өттү, иштеп жатат деп кубанып калат. Кээ бирөөлөр чылап, чалып койоюун дебейт. Апам анткенде мындан да чоң нерселерге жетишмекпиз.
Сиңдим дубайда ателде коом жана байланыш бөлүмүндө иштейт.
- Кимиңердин сапатыңар Саламат эжеше окшош?
- Сиңдимдин өң турпаты, апамдын жаш кезине окшош. Туугандарым атаңа окшошсуң дешет. Бирок, апамдын азыркы кезине мени окшоштурушат. Баскан турганың,сүйлөө манраларың дагы окшош дешет. Чын дилден жарылып күлөсүңөр деп каткырып күлгөнүбүздү окшоштурушат. Үйгө барып телефонду алганыбызды дагы окшоштурушат. Кокус телефондун трубкасын мен алсам да Саламат барбы деп эч ким сурабайт. Саламат кандайсың? дешет. Мен Кундузмун дегенде гана калышат. Махабат чет элдик стилде жашап калды окшойт. Жашоо образы дагы ошол жактарга ыңгайлашып калды.
15-январда 49га чыкты. Кайнатамдын 50 жылдык эскерүү кечсин өткөрсөкпү деп даярдык көрүп жатабыз. Анткени, кайнатамдын ырларын сүйүп, таппай жүргөндөр көп. Жоопту иш. Бирок, Кубаныч экөөбүз чогуу иштесек өтөөсүнө чыгабыз деп ойлойм.
- Апасы экинчи жолу барганда көбүрөөк маектештик. Атабыздын армияда жүргөн альбомун көрсөттү. Сүрөтчүлүк дагы таланты бар экенин билдим. Мени таң калдырганы атабыздын биринчи сүйүүсүнүн дагы сүрөтү туруптур. Өз колу менен чаптаган. Сүйгөнүнө жетпей калып, кийин мени менен таанышты деп туура кабыл алат экен. Апабыздын маданияты мага абдан жакты. Атабыз тууралуу бир да жаман сөз уккан жокмун. Ал чыгармачылыгына байланыштуу кеткен. Акча табыш керек болчу. Ошондон улам ортодо айрылуу болду деп кечирип, кайра сот менен жарашыптыр. Кубанычтын таланты, ашыкча ак көңүлдүгү,жароокерлиги атасына окшош. Ал эми инисинин өңү-түсү окшош экен. , атасына окшош деди. тү жакшы тартчу экен.
- Таарынчаксызбы?
- Мектепте, студент учурумда көбүрөөк тарынчак болчумун. Азыр ал сапаттарымды жойдум деп ойлойм. Анткени, таарынчактык турмушта керексиз экенин билдим. Кечке эле таарынчак, кекчил боло бергенде эч кандай натыйжа чыкпайт. Мен бирөөлөргө катуу таарынган болсом дагы жаман иштерге барбайм. Атайылап жаман иш жасаганды жаман көрөм. -Досторду кайсы тармактан көбүрөөк күттүңүз?
- Ар тармактан күттүм. Бизнес жагын дад, чыгармачыл жактан да, кесиптеш жактан да күткөн досторум көп. Эки-үч жакын досум бар. Алар менен жакшылыкта да жамандыкта да биргебиз. Дукшмандашканга жол бербейм. Жакшы көрбөсө да, жакшы мамиле кылыш керек деп ойлойм. Гүлдү багыш керек дегендей достукту дагы багыш керек.
- Эфирге байланышкан кызыктуу окуяларыңыз барбы?
- Эфирге чыккан учурда фанаттарга байланышкан окуялар көп болот. Айрымдары үнүңдү угуп, жакшы көрүп, сүйүп, эжесиндей досундай көрүп, соткаңды таап же үйгө чалып алып, той кылып жатабыз кафеге келсеңиз таанышалы, жолугалы деп үй-бүлөсүнүн мүчөсүндөй кабыл алышат. Ошондой эле оптимист азиз угармандарым бар. Алар менен жолукканда аларды аяп ыйлагам. Мен силерди көрө албайм эч качан айтпайт. Тескерисинче, сага болгон ыраазычылыгын билдиргенде эмгегим текке кетпептир дейсиң. Жакшы сүйлөгөнүңдөн кээде жабыр тартасың. Кээ бирөөлөр сени ашыкча сүйүп алат. Бир жолу фананттарыбыз менен жолугушууга барганбыз. Кетейин десем ыйлагысы келет. Кетирбей төрт саат кармап кыйнаган. Ошондон кийин барбайм деп өзүмө сөз бергем.
Бир жигит ыр жазып, жумушкабелек алып келип жүрчү. Белегин ыргытып сала албай, колективге шокладын ачып берчүмүн. Бир жолу эфирден жазган кайгылуу ырын окуп берди. Мага дагы аянычтуу болуп кетти.Ал жигиттен рахмат ырыңызга. Мынчалыкка барбай деле койсоңуз болмок десем, телефон чалсам да, чакырсам да түшүнбөйт экенсиң деген. Ырыңызга рахмат. Мынчалыкка барбай эле койсоңуз болмок деп араң кутулгам. Мен өңү-түсүңдү көрбөй же теледен көрүп сүйүп калгандарды сүйүү эмес, азгырылуу деп түшүнөм.
Жылдызбек мени оптимисимдин символусуз дей берет. Кайсы жерде түтүн булатып жатасыңар?
- Саламат Садыкованын кызы деп жеңилдиктер болбобу?
- Азыр 30 жашка келип калгангабы андай нерселер азыраак болуп калды. Мурун апасы бүтүрүп коет деген сөздөр мени ардантчу. Көп иштерди ага айтпай бүтүрүүгө аракет кылам.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!