эже-сиңди

Санат Джамакеева, Майрам Акаеванын сиңдиси:
"Майрам эжемдин сиңдиси болгонумду эч качан жашырган эмесмин"
- Санат эже, коомчулук жакшы билгендей сиз биринчи леди Майрам Акаеванын сиңдиси болосуз. Эмнегедир сиздин балалыгыңыз туурасында көп айтылбай, жазылбай келет…
- Мен өзүм Казахстандын Жамбул областында төрөлгөм. 6 жашка келип калганымда ата-энем менен Кыргызстанга көчүп келгенбиз. Казактын талаасына салыштырмалууТалас өрөөнүндөгү биздин Көпүрө-Базар айылы анда мага абдан кооз көрүнүп, айылдын бийик тоолорун, шар аккан суусун, жылдыз толгон асманын көрүп абдан таң калганым эсимде. Май айында көчүп барганыбыздан, апийим гүлдөп жаткан мезгил экен. Анысын деле түшүнбөй "кандай кооз жер, талаа толтура гүлдөр" деп суктанганымды эч качан унутпайм.
Кышкысын суук, шамал катаал болоор эле. Айылдын усталары жасаган жыгач чаналар менен өзүбүз тоңуп калгыча дөңдөн көк жылгаяк тепчүбүз. "Шалоон" тебебиз деп айтчу элек. Азыр ойлоп көрсөм "эшелон" деген сөз экен. Ал кезде менин улуу эжем Майрам Ленинградда окучу. Бизге дайыма фанер ящиктин үстүндө күрөң сургучтан мөөр басылган посылка жиберчү. Айылдык почточу Аманкушчу ата бизди же ырдатып, же бийлетип анан гана аларды тапшырчу эле. Бир жолу эжем мага "Серая шейка", "Сказки дедушки Мазая" деген китептерди салып жиберегенин ушул күнгө чейин унутпайм. Азыркыдай свет өчүп калса, аларды чырактын жарыгы менен окуур элем.
Кийинчирээк, 2-3 классымда, атам мени орусча үйрөнөсүң деп Таластагы мектеп-интернатына жиберген. Ал жерден мен жакшы билим, жакшы тарбия, турмуштун ар кыл сабактарын алдым десем болот. Бизди окуткан мугалимдер, тарбиячылар өтө кыйын педагог, профессионалдар болчу. Азыр алардай анык мугалимдер сейрек кездешет деп ойлойм. Менин бала чагымдагы Таластын кооз токою, бийик теректери, тунук суусу, таза абасы, тыкан үйлөрү азыр да шаардын көркүн ачып турат. Бала кезде бирге окуган кээ бир классташтарым менен жолугуп, кат алышып турабыз. Бирок көбү Германияда, Россияда.
- Бардык балдар үчүн ата-эненин тарбиясы өзгөчө маанилүү эмеспи. Ата-энеңиз туурасында да айтып берсеңиз?
- Менин атам эч кимге окшошпогон оригиналдуу киши болчу. Узун бойлуу, арыкчырай, өзү айткандай "кер мурутчан" эле. Атам калпты жаман көргөн, чындыкты бетке айткан, бюрократтардан тайманбаган, сөзү курч, бирок тамашакөй, куудул, ак көңүл киши болгон. Китепти көп окучу. "Манас", "Семетей", "Сейтек", "Эр Төштүктү" дайыма окучу. Эсимде калганы мени Касымалы Баялиновдун "Боордоштор" деген чехтер жөнүндө китебин үн салдырып окутканы. Атам абдан сөзмөр эле. Ал кишинин эскерүүлөрүн агам Тортай, инилерим Кузей, Марат болуп үзбөй укчубуз. Аларды укканы кошуна балдар да атайын келишчу.
Атам кошоматчыларды абдан жек көрчү. Өзү дагы эч кимге кошомат кылчу эмес. Турмушка болгон философиясы да абдан күчтүү болчу. Эжем Аяз баарыбыздан атама окшош да, жакын да болду. Бир күнү экөө айылдын башынан кызылча чаап келатышса, контордун жанында колхоздун активдери турушкан экен. Эжем алардан уялып, атамдан "чоңдор турат, башка жол менен кетеличи" деп суранат. Атам болсо "чоңдугуна - чокоюм" деп башын бийик көтөрүп, кетменин артка асынып алардын астынан өтуп кеткенин эжем эстеп күлүп калат. Атама окшоп менин эжем Бурул да китепти көп окуйт, мүнөзү да атамды тарткан.
- Кечиресиз, март окуясынан кийинки апаңар каза болгондугу туурасындагы ушак сөздөрдү Майрам Дүйшөновна четке какты эле. Сиздин пикириңиз кандай?
- Албетте, андай сөздөр биздин баарыбыздын кыжырыбызга тийген. Мындай ушак-айыңды маданияты өтө төмөн, эненин ыйыктыгын билбеген, жеңил ойлуу, акылы тайкы пас адамдар чыгарган.
Азыр апабыз 90 жашка чыкты. Апамдын өмүр баяны аркылуу кыргыз элинин Совет доорунан берки тарыхын жазса болот деп ойлойм. Өзүнчө эле көлөмдүү сага (китеп) болмок. Октябрь революциясынан кийин эле төрөлүп, азыркы учурга чейинки болуп жаткан окуялардын баарын апам өз башынан өткөргөн. Өзгөчө ызгардуу согуш жылдарында жолдошу согушка кетип, кайтып келген эмес. Жаш курагында жесир калган. Ал жылдарда төрөлгөн баласы, биздин улуу байкебиз Аскар азыр өзү 70ке чыгып, неберелүү болсо да апама дагы эле эркелейт. Апам азыркы күнгө чейин Гитлерди жек көрөт. Кийин атама турмушка чыгып 3 уулдуу, 5 кыздуу болот. Башынан эле бүт айылдаштар - карысы-жашы дебей апамды "Асыл апа" деп аташат. Ушул улуу куракка келсе да акылы тунук, кайратынан кайта элек.
- Сиздин жашооңузда Аскар Акаевич менен Майрам Дүйшөновнанын ролу кандай?
- Аскар жездем менен Майрам апчем менин жашоомдо абдан чоң роль ойношкон. Алар менен бир нече жыл бирге туруп, улуу кызындай болуп өстүм. Мага болгон мамилесине, жасаган жакшылыктарына өмүр бою ыраазымын.
Азыр апамдын, биздин жүрөгүбүздү бир эле нерсе абдан оорутат. Бул азыр алыста жашаган Аскар жездем менен Майрам апчемдин, балдарыбыздын өз Мекенине кайтып келе албай жатканы. Биз тарых бардыгын туура баамдап, таразалап, убакыт барын өз нугуна коеруна, чындык жеңээрине абдан ишенебиз. Аскар Акаевич менен Майрам эженин кыргыз элинин өнүгүүсүнө, өсүшүнө кандай зор эмгек жасаганын эл билет. Алардын аты кыргыз тарыхында өмүр бою кала берет. Эч ким алардын чыныгы атын өчүрө албайт. Мен эң оболу алардын ден-соолугун тилейм.
Жакында мен Осмонакун Ибраимовдун "Уход Могикан" деген статьясын окуп, чынын айтайын көзүмө жаш алдым. Азыркы биздин замандын чындыгын жазып чыккан.
- Майрам эже биринчи леди болгондон кийин кандайдыр бир кырдаалдарга байланыштуу анын сиңдиси болгондугуңузду жашырган учурлар болду беле? Эжеңизге окшош болгонду каалачу белеңиз?
- Майрам эжемдин сиңдиси болгондугумду эч качан эч кимден жашырган эмесмин. Мен буга, тескерисинче, сыймыктанам. Эжелердин бардыгы, дегеле кыргыз аялзаты менин эжемдей акылдуу, терең билимдүү, жогорку маданияттуу, мээримдүү, принципиалдуу болушун каалар элем.
Албетте, мен дайыма эжеме окшош болгум келчү. Ал бардык жагынан: интеллектуалдыгы, маданияты, кийингени, тартиби боюнча бизге үлгү болуп келет.
Апчем кичинекей кезибизде эле бизге гүлдүү чыттан көйнөк, сарафан тигип берчү. Мен аларды кийип мактангандыктан мага Бурул эжем "стиляга" деген ат койгон. Мага ал сөз приговордой угулчу. Ызаланып артынан кууп алаар элем, сөздүн маанисине түшүнбөй.
- Эже-сиңди болуп бири-бириңиздерге каяша айтышкан учурлар болду беле?
- Майрам эжемди өтө сыйлаганымдан, анын үстүнө мен кичүү болгондуктан эч качан каяша айтып көргөн эмесмин. Апчем менин кетирген кемчиликтеримди, катачылыктарымды дайыма айтып турат. Мен дагы тигил же бул маселелер боюнча өз оюмду ага ачык айтам.
Улуу эжебиз катары бизге дайыма өз акыл-насааттарын, акыл-кептерин айтып турат. Жана айтылгандай апчем Ленинградда окуп жүргөндө мен кичинекей кыз элем, интернатта окучумун. Бир күнү биздин тарбиячыбыз эжемдин мага жазган катын бүт класска окуп бергенин унутпайм. Ал жерде кандай китептерди окушум керек, кайсыл сабактарга көбүрөөк көңүл бурушум керек, өзүмдү кандай алып жүрүшүм керек, дагы көп пайдалуу кеңештерин айткан.
- Негизи кайсыл кесиптин ээсисиз? Дегеле, студенттик курак, ал учурлардагы кыялдарыңыз туурасында да айтып берсеңиз?
- Мен жогорку билимди Ысык-Көл университетинде алдым, орус тил, адабият факультетинде. Ал жерде менин эжем Укен үй-бүлөсү менен жашашчу. Азыр деле Көлдө турушат. Студент кезимде алар мага көп жардам беришкен. Өзүм болсо абдан патриот, группанын комсоргу болчумун. Абдулла Давузович Мансуза деген легендарлуу деканыбыз бар болчу. Өзү дунган улутунан болсо да орус тилинин теориясын түп-тамырынан бери билчу. "Языкознание" деген эң оор сабактан лекция окучу. Мындай жогорку билимдүү, бийик маданияттуу мугалимдер эч качан эстен чыкпайт.
Биз ал кезде келечекте коммунизм доорунда жашаарыбызга абдан ишенчүбүз. Ленин, Маркс, Энгельстин, ал тургай Брежневдин "Малая Земля" деген китептерин конспектилеп, партиялык съездердин материалдарын талдачубуз. Азыр аларды эстесем күлкүм келет. Бир күнү студент кезде жазган күндөлүктөрүмдү курбума окутуп, экөөбүз көзүбүздөн жаш чыккыча күлгөнбүз.
Жакында ОРТдан "Синие ночи" деген сериалды көрдүм. Таң калганым ошол кинодогудай эле так 1979-жылы жайында 3 ай бою биз да Ысык-Көлдөгү "Буревестник" лагеринде курсташтарыбыз менен пионервожатый болуп иштегенбиз. Ошол эле кинодогу ырларды гитара менен ырдап, ошол эле речевка, девиздерди айтып, костер уюштуруп, турмуштагы кээ бир окуяларды баштан өткөргөнбүз. Ошол жайы Алла Пугачеванын "Звездное небо" деген ыры абдан популярдуу болчу. Көлдүн ар тарабынан радиорубкалардан угулуп турчу. Биз да кечкисин кайыкка түшүп алып ошол ырды үнүбүз жеткиче жаңыртып ырдачубуз. Студент кезде чогулган сайын орус, кыргыз дебей бардыгыбыз Түгөлбай Казаковдун "Жамгырын" жакшы көрчүбүз. Ойлоп көрсөм анда өзүбүз абдан жаш экенбиз да азыркыга салыштырганда. Эми азыр, ушундай куракка жеткенде "Жамгыр төктү, эске түштү, Ошол күндөр кайда кетти, Жаштыгымдай же кечеги Кайрылбай кетеби" деп ырдасак жарашчудай.
- Эмгек жолуңуз кандайча башталган?
- Окууну бүткөндөн кийин 9 жыл "Кыргызстан" басмасында иштегем. Ал жерден көп нерсеге үйрөндүм. Жер жүзүндөгү эң жакшы коллективде иштейм деп ойлочумун. Чындыгында эле басма маданияттын, билимдин очогу болчу. Ал жакка белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, акындар, маданият кызматкерлери үзбөй келип турушчу.
Мени биринчи жолу жумушка алган Барктабас Абакиров агайды эч качан унутпайм. Ал кезде басманын баш редактору болуп иштеп жүргөн Кадырбай Мамбетакунов агайдын таланты, бийик адамкерчилиги, маданияттуулугу мени таң калдырчу. Москвада өтүүчү бүткүл Эл аралык китеп көргөзмө-ярмаркысына катышып, кыргыз авторлорун башка өлкөлөрдүн окурмандарына таанытып жүргөн күндөрүмдү сагынам. Ал кезде полиграфкомбинаттын директору атактуу Т.Суванбердиев агай эле.
- Аскар Акаевич президент болгондон кийинчи?
- Ал эми Аскар Акаевич Президент болгондон кийин жарандардан каттар көп келип, башында өзүнүн аппараты жок болгондуктан жардам бергени барып ошол жерге иштеп калгам. Тууганы болуп мен ал кишилерди эч качан жаман атты көрсөткөн эмесмин. Колумдан келген жардамымды гана берчүмүн. Мен азыр ошол кезде өкмөт структураларында иштеген, өзүм менен бирге эмгектенген, мени менен жолугушкан кишилердин бардыгынын көзүнө тик карай алам. Анткени мен, сөз таратышкандай, эч кимди кордоп, көңүлүн оорутуп, бир нерсесин тартып алып, байлык топтогон эмесмин… Кошуналарым менин кандай жашаганымды жакшы билишет. Эгер ушакчылар айткандай миллион, миллиарддуу болсом капкачан эле кээ бир, жада калса, майда клерк сыяктанып особняк салып, бизнес ачып албайт белем. Бирок мага дегеле андайдын кереги жок. Менин турмуштук принциптерим такыр башка.
- Азыр кайсыл кызматтасыз?
- Азыркы кезде "Кыргыз Республикасынын биринчи Президентинин китепканасы" коомдук фонддо иштейм. Китепканага көз арткандар көп. Кимиси гана текшерген жок, кимиси гана келген жок. Кээ бирөөлөр Аскар Акевичтер ошол жакка жашайбыз деген ойлору бар турбайбы деп менден сурашат. Бирок бул айтылган сөздү бурмалоо деп эсептейм. Анткени китепкананын бир бөлүгү мурда аларга таандык менчик үй болчу. Албетте өздөрүнө үй салып жатканда ошол жерге жашайбыз деген ой-тилектери болгон. Бирок кийин биздин фондго - Китепканага белек катары өткөрүп беришкен. Азыр ал үй Китепкананын мүлкү. Бул Аскар Акаевичтин менчиги эмес, бул кыргыздын тарыхын түптөп, келечегине кам көргөн агартуунун өзгөчө бир борбору болмок деп жүрүп тилим тешилди. Мыйзамдуулук жагынан бир кынтыгы жок агарттуучу жайды күч менен шылтоо кылып тартып алып койгону жатышат. Бирок кандай болбосун фонд өз максатын ишке ашыра бермекчи!
- Жеке турмушуңуз туурасында эмнелерди айтмакчысыз?
- 2005-жылдын мартынан кийин мен турмуштун оор сыноосунан өттүм. Кечээ эле сени менен бирге иштеп, бирге чай ичип, үйүңдөн чыкпай, апама 6 чы, 7 чи кызыңыз болом деп асылышкандар тетири бурулуп кетишкен. Ошондо адамдын жаратылышына таң бергем. Бир күндө эле кээ бир тааныштарым, жакындарым образдуу айтканда "амнезия" менен "глоукома" ооруларына чалдыккан. Эми азыр андан айыгышып мени таанып бир километрден чуркап келип калышты. Көрсө бийлик бутагында жүргөн адамдардын жанында көптөрү маска кийип жүрөт турбайбы!? Азыр да маскачандар көп болуш керек.
Менин Асель деген кызым бар. Колумда инимдин кызы Мээрим да чоңоюп жатат. Кубандырганы Асель эрке көрүнгөнү менен абдан боорукер. Көчөдөгү кары кишилерди көрүп аябай кайгырат, колунан келсе аларга жардам берип турат. Келечекте чоң сүрөтчү болсом деген тилеги бар. Мээрим экөө жай сайын айылга барып апасын багышат. Эң негизгиси жалкоо, эгоист болбой өсүп келаткандары мени кубантат.
- Бир туугандарыңыздын ичинен ата-энеге, үйгө күйүмдүүсү ким болгон?
- Илгертеден эле кыргыз элинин салты боюнча балдардын кичүүсү үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй келишкен. Кичүү инибиз Марат, келинибиз Гүлнара биздин үй-бүлөнүн тиреги, жөлөгү. Бардыгыбызга бел болуп, апам менен Таласта турушат. Баардыгыбыздын өз үйүбүз, үй-бүлөбүз болсо дагы апабыз турган үйгө, туулуп-өскөн жерге умтулабыз.
- Азыр Майрам эжеңиз менен бат-бат көрүшүп турасызбы?
- Майрам эжем менен бат-бат көрүшпөсөм да, жылына 1-2 жолу барып келем. Бирок, телефон, интернет аркылуу үзбөй байланышып турабыз.
- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Мурда мамлекеттик жумушта иштеп, күндүр-түндүр дебей иште болгондуктан бош убактым аз болчу. Азыр дем-алуу күндөрү кыздарым менен шаардын четиндеги тоого барып, жаратылышка суктанып, көпкө жөө басканды жакшы көрөм. Ак жамгырды, өрүк гүлдөгөн мезгилди, бийик тоолорду, деги эле жашоонун өзүн жакшы көрөм. Китепти көп окуйм. Япон жазуучусу Харуки Муракаминин жаңы чыгармаларын, азыркы учурдагы дүйнөдөгү эң популярдуу жазуучу Пауло Коэльонун китептерин окуп чыктым. Азыр анын терең акыл-ойлорду камтыган "Мактуб" деген жыйнагын окуп жатам.
А. Асанбекова















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!