"Ак шумкарга" бут тоспогула
"Акшумкар" саясий партиясы өзүнүн регионалдык лидерлерин, партиянын жергиликтүү жетекчилерин жана активдүү мүчөлөрүн "саясий сабаттуулукка" окутуу тренингдерин улантууда. НДИ жана МРИ эл аралык уюмдардын колдоосу менен 2008-жылдын 8-декабрь айынан 2009-жылдын 23-январына чейин Талас, Нарын, Ыссык-Көл, Чүй областтарында жана Бишкек шаарында атайы тренингдери болуп өттү.
Бул окутууларда "Акшумкардын" активисттери партиялык түзүлүштүн системасы, шайлоо компанияларын өткөрүү ыкмалары жана калк менен карым-катнаш түзүүнүн жолдору туурасында үйрөгүштү.
Тренингдердин учурунда "Акшумкар" партиясынын мүчөлөрүнө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан бир топ бут тосуулар жана кысымдар көрсөтүлүп жатты. Партиянын регионалдык лидерлери жана кичи уюмдардын жетечилери ушул күнгө чейин райондук ИИБдердин 9-бөлүмдөрү тарабынан "эмнеге чогулуп жатасыңар, тренингдериңердин негизги максаты эмнеде, кимдер уюштурууда, эмки чогулушуңар кайда өтөт?" - деп сурактарга алынып, а түгүл партиялык ишмердүүлүгүңөрдү токтоткула деген коркутууларга кабылышууда. "Акшумкар" партиясынын жыйындары өткөрүлө турган жеке менчик офистердин же кафелердин ээлери укук коргоо органдары тарабынан кысымдыкка алынып, ал имараттарда чогулуштарды өткөрүүгө тыйуу салынууда. Ошол эле учурда "Ак-Жол" партиясы мамлекеттик имараттарда өз жыйындарын эч тоскоолдуктарсыз өткөрүүдө.
Кандай гана болбосун "Акшумкар" партиясынын мүчөлөрү мындан нары да өздөрүнүн саясий ишмердүүлүктөрүн улантып, көздөгөн максаттарына жетүү үчүн алгылыктуу кадамдарын жасай беришмекчи. Активисттердин тайманбастыгы, саясий өжөрлүгү, чечкиндүүлүгү жана туруктуулугу Кыргызстандын эртеңки келечегин негиздейт деген терең ишеним бар.
"Акшумкар" партиясынын басма-сөз кызматы





"Акыйкат үчүн" кыймылынын
жана Коомдук парламенттин
Билдирүүсү
Урматтуу Мекендештер! 2009-жылдын 30-январында Бириккен Оппозициянын лидерлери - Ө.Ч. Текебаев, А.Ж.Жекшенкулов, Б.Э.Шерниязов, Д.Т.Чотонов, А.М. Муралиевдер Карнегинин Москвалык Борборунун атайын чакыруусу менен Кыргызстандагы саясий системанын Жаңы Концепциясын презентациялоо максатында Москвага учуп кетишмек. Презентациядан сырткары ал жерде Россиянын саясий элитасы, ишмерлери жана саясатчылары менен жолугушуу да пландаштырылган. Делегация жетекчиси - Коомдук парламент, "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов эле. Бирок, тилекке каршы, 2009 - жылдын 22-январында КРнын Башкы прокуратурасы экс-министр А.Жекшенкуловду ойдон чыгарылган обу да жок, орду да жок "айыптын" негизинде күнөөлөп, Кытай Өкмөтү тарабынан берилген техникалык грант боюнча иш козгоп жиберет. Ооба, техникалык грант берилген, Кытай Өкмөтүнүн келишиминде көрсөтүлгөн шарты боюнча Кыргызстанга курулуш материалдары, жабдуулар алынып келинип, Кытай адистери өздөрү объектини реконструкциялап жабдышкан, өздөрү берген материалдарды өздөрү иштетишкен. Бул жумуш ШОСтун жыйынын өткөрүүгө байланыштуу Президент К.Бакиевдин тапшыруусу боюнча аткарылган. ШОСко байланыштуу даярдыктар, өткөрүүдөгү дурус иштер, улуттук колоритти көрсөтүүдөгү аракеттер боюнча ал кездеги Тышкы иштер министри А.Жекшенкулов Президент К.Бакиевдин ыраазычылыгына да арзыган…
Негизсиз козголгон бул "иш" карышкыр тийген бир короо койдой туш келди чачырап, жиби үзүлгөн шурудай, салаадан куюлган кумдай жок болуп баратканын сезген "кызыкдар иш аткаруучулар" эптеп башка жылчык табууга далбасташууда - көрсө Кытайдан келген эшиктердин ордуна башка эшиктер салынып калыптыр. Мына тапкан күнөөлөрү, таккан айыптары. Саясий заказ алган "иш аткаруучулар" Кытайдан алынып келинген каалгалар Тышкы иштер министрлигинин Дипсервисинин кампасында сакталып турганына карабай А.Жекшенкуловго Бишкектен чыкпоо талабын коюшуп, ага кол койдуруп алышты. "Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет", - деген ушу.
Акылга сыйбаган бул жоруктун абийирсиздиги ар бир адамга ачык көрүнүп турат. "Иш аткаруучулардын" мындай абийирсиз иштерин биз саясий айдактоо (заказ), укук коргоо органдырынын укук тебелөөсү деп эсептейбиз, бул ишти эч негизсиз, ойдон чыгарылган обу жок, орду жок айыптоо деп чечкиндүү айтабыз жана четке кагабыз.
Бул "иштин"негизги максаты - бир жагынан, А.Жекшенкуловду Москвага жибербөө, ал жердеги саясий чоң күчкө, саясий элитага аралаштырбоо, кыргыз бийлигинин, бийлик саясатынын чүмбөтүн алып, бетин ачууга мүмкүнчүлүк бербөө болсо, экинчи жагынан, Республиканын региондорунда аны күтүп жаткан эл менен жолугушуусун болтурбоо, дасыккан саясатчы,элинин патриоту, Атамекенинин жалындуу мекенчи уулу, Кыргызстандын келечеги деп башын сайып койгон көйкашка оппозициячы катары коркутуп-үркүтүү.
Бактыга жараша бийликтин ташкапкан тилектерине, итке мингизип тентиткен, жарыгын өчүрүп, "тезек жактырган" ишмердигине каршы элдин кыжырлануусу күндөн күнгө күчөп, шакардай кайнаган кара селге айланып келе жаткан бүгүнкү шартта бул лидерлерди, оппозицияны коркутуп-үркүтүү жолу менен тыйууга, ооздуктоого болбойт, эл буга көнбөйт, бийликтин бул караөзгөйлүгүнө чыдабайт, башын сайып койгон уул-кыздарын коргоп калууга тикеси менен тик турат.
Оппозиция лидерлерине карата Таласта жакында эле болгон провокация, Өкмөттүк маалымат каражаттарындагы баткак технологиялар, ойдон чыгарылган обу жок негизсиз айыптоолор бийликтин эмне кылаарын билбей далбастаган агониясы, жанталашуусу. Бийлик мындан да ашып, үйбүлөлүк-кландык-биртугандык бейпилдикти сактап калуу үчүн баарына - лидерлердин өмүрүнө кол салууга да барышы ыктымал…
Биз - Акыйкат үчүн Кыймылынын, жана Коомдук парламентин миндеген мүчөлөрү оппозициядагы А.Жекшенкуловдун өзүнүн, үйбүлөсүнүн, бийлик саясатына макул болбогон коомдук саясий ишмерлердин өмүрүнүн коопсуздугуна бүгүнкү бийлик башында турган Президент Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Максим Бакиев ж.б. персоналдуу түрдө керт башы менен жооп берет деп билдиребиз жана чектен чыккан мындай абийирсиз иштерди токтоттурууну Президенттен талап кылабыз…

"Акыйкат үчүн" Кыймылы
жана Коомдук парламент













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!