Оозпикир

1. Президенттин кечээги элге кайрылуусун көпчүлүк түшүнө албай калдык дешүүдө. Сиз түшүнө алдыңызбы?
2. Өмүрбек Бабановдун вице-премьерлик кызматка барышына сиздин көз карашыңыз кандай?
3. Оппозиция лидерлерине козголгон кылмыш иштерине кандай карайсыз?

Азимбек Бекназаров, БЭКтин штаб жетекчиси:
1. Мен кайрылуу тууралуу пикиримди БЭКтин саясий бюросу жарыялаган маалыматта айттым. Ошол жерден окуп алсаңар болот.
2. Өмүрбек Бабановду кыргыздын бычакка саптуу жигиттеринин бири деп билчүмүн. Кызматка келбей деле койсо болмок. Менимче, кызматка жаңылып келип алгансыды. Балким, бийлик кызматка келүүгө аны мажбурлагандыр. Себеби, ал бизнесмен, бай адам. Таластын эли активдүү болуп жатканын билип, бийлик элди бир аз да болсо соорото алабы деген ойдо Өмүрбекти кызматка тартты.
3. Оппозициянын мүчөлөрүнө бийлик атайын кылмыш ишин козгоп, аларды саясатка аралаштырбай, алаксытуу, жүдөтүү максатында уюштуруп жатышат. Курманбек Бакиев бирге иштейли дегенден мурун алгач оппозицияга болгон кысымын токтотсо болмок. Кыргызда жакшы сөз бар. Канчалык кыссаң, ошончолук карама-каршылыкка туш болосуң деген. Бийлик оппозицияны канчалык кысып, жүдөтсө ошончолук карама-каршылыктарга туш болот.

Кубатбек Байболов, саясий ишмер:
1. Мен дагы көпчүлүк эл сыяктуу эле Курманбек Бакиевдин кайрылуусуна түшүнгөн жокмун.
2. Өмүрбек кыйын жигит. Балким, жакшы иштерди жасайм деген ниетте ал кызматка барып жаткандыр. Бирок, башкаруу системасы оңолмоюун канчалык маселени жеринде чечем дегени менен эч качан чече албайт. Ага айрым маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк да бербейт. Чынында маанилүү иштерди чеччүлөр башка.
3. Оппозиция мүчөлөрүнө кылмыш иши козголгонду авторитардык режимдин айласы кетип, чычалагандагы иши деп түшүнөм.
Эркин Булекбаев, "Жашылдар" партиясынын төрагасы:
1. Бакиевдин элге жасаган кайрылуусунун анчалык деле мааниси жок. Ошондуктанбы анча түшүнө алган жокмун.
2. Жигит өзүнүн ой-пикири жок экенин ушул кадамынан билдирип койду. Акаевдин учурунда анын камчысын чапса, эми "Ак Жолго" кызмат кылып, тутунган позициясы жок жигит болуп калды.
3. Бийликтин өзүнүн саясаты жок. Ошондуктан оппозициянын мүчөлөрүн коркутуп, үркүтүп басып коебуз деген ой менен аларга кылмыш ишин козгоп, аксатуу максатын көздөп жатышат.

Курманбек Осмонов, коомдук ишмер:
1. Мен президенттин кайрылуусун түшүндүм. Жакшы ойлорду айтты. Көп олуттуу маселелерди туюнткан кайрылуу болду. Болгону орусча тексти менен кыргызча тексти дал келбей, айрым сөздөр туура эмес которулуп калыптыр. Бирок, ал президенттин кемчилиги эмес. Тексти даярдаган адамдардын кемчилиги деп ойлойм.
2. Мен билгенден Өмүрбек Бабанов экономиканы, бизнес чөйрөсүн жакшы билген энергиясы көп, акыл-эстүү жигит. Эгер өзү ошол кызматка иштейм деп макул болгон болсо, анда туура кылды.
3. Мен ал иштерди туура жасап жатат деп эсептебейм. Өзүм дагы саясаттан алыс болуп калгандан кийин кимге эмне себептен кылмыш ишин козгоп жатканын билбейм. Билбей туруп, тигиндей-мындай деп айтканым туура эмес болот го.

Турсунбай Бакир уулу, экс-акыйкатчы:
1. Мен телевизору жок жерде болчумун. Ошондуктан кайрылуусун көрө алган жокмун. Өзүм укпагандан кийин комментарий бере албайм.
2. Эми аны сындагандар да, туура кылды деп кубаттагандар да болуп жатат. Бул жигит өз карьерасын ойлоп, оппозициядан чыгып кетти көрүнөт. Бирок, кыйын жигит. Азыр вице-премьер-министр эмес, премьер-министр эч нерсе чече албайт. Себеби, биз президенттик башкаруу өкүм сүргөн мамлекетпиз. Ошондуктан азыртан эле бир нерсе колумдан келет дебей үмүтүн үзүп койсо болот.
3. Бир айдын ичинде прокуратура мага үч жолу эскертүү берип, бир жолу сотко алып барышты. Үч жолу милиция камаганга аракет кылды. Оппозиция мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоого аракет кылган ыкманы мен бийликтин аргасыз аракеттери деп ойлойм. Себеби, чындыктын оозун жапса болбойт. Президенттин оппозиция менен же дин менен күрөшөм деген күрөшүүсү натыйжасыз болот. Бул күндөр да өтөт. Аскар Акаевдин кейпин кийип калбаса эле болду. Элдин бийликке болгон нааразычылыгы күчөп, президенттик шайлоо жакындап калгандан бери мыйзам бузууга бийлик өзү барып жатат. Бийлик тарабынан куугунтукка алынгандарга Алла Таала күч кубат берсин.

Замирбек Эсенаманов, Жайыл районунун акими:
1. Президенттин элге кайрылуусун кечээ уктум. Башкаруу системасын элге жакындатыш керек деген чоң маани бар экен. Эми ошол жөнүндө иш жүрөт деп ойлойм.
2. Азыркы кадрдык алмашуулар учурунда президенттик администрацияда дагы рыноктук тартиптерди орнотуу керектиги тууралуу сөз болгон. Өмүрбек Бабановдун вице- премьер-министрлик кызматка келиши жөн жерден эмес. Ал тажрыйбасы бар, базар экономикасын айттырбай түшүнгөн, чоң мектептен өткөн бизнесмен. Кыргызстан үчүн көп ишти жасайт го деген ойдомун.
3. Аны мен териштирүүгө акым жок. Анткени, укук коргоо органдары ал иштерди ачык же жабык, бар же жок деп алар жыйынтык чыгарат. Чынында оппозиция мүчөлөрүнө эмне үчүн кылмыш козголуп жатканынан кабарым жок.

Хусейин Исаев, мударис:
1. Менимче, президент улуттук мамлекетти кантип курабыз деген маселеге токтолуп жатат. Улуттун кызыкчылыгы, тагдыры деген эмне болот? Батыштан келе жаткан ааламдашуудан кантип чыгабыз деп ойлонуп жатат. Бул кайрылуудан президент өзүнүн тагдырын эмес, мамлекеттин тагдырын ойлой баштады деген жыйынтык чыгарса болот.
2. Өмүрбек Бабанов иштерман, кечээгинин салты бар жигит. Бүгүнкү бийликте жүргөндөрдүн Өмүрбек өзүн таза алып кала алабы мени ошол маселе кыжаалат кылат. Өмүрбектин тегерегиндегилер анын жүргүзөйүн деген саясатына макул болобу, болбойбу ал өтө татаал маселе. Мен Өмүрбекке окшогон жаштарга ийгилик каалайм.
3. Мамлекет канчалык күчтүү болсо, оппозиция ошончолук күчтүү болот. Оппозиция күчтүү болсо бийлик күчтүү болот. Биздин бийликтин начардыгынан оппозиция күчтүүлүк кылып, натыйжада оппозиция маалымат фронтунда көп жеңиштерге ээ болуп койду. Чыгып жаткан гезиттердин ушундай шартта оппозиция менен сүйлөшүп, алардын айтып жаткан сындарын жалпы талкуулап, алар менен келишүүнүн ордуна ар кандай арамдык, зордуктукту күчөтүп жатканы туура эмес. Тескерисинче, алар менен пикир алышып, сырдашуу, сүйлөшүү керек. Оппозициянын лидерлерине каршы чыгып жаткан соттук иштер жакшылыкка алып келбейт. Жарандык согушка алып бара турган жол болуп калат. Ошондуктан бийлик эртерээк оппозиция менен тил табышышы керек.

Ч. Кутманалиева





Интернетте эмне кеп?
28-01-2009 17:36
от : MrsSmith
Я бы посоветовала нашему Президенту говорить на более простом языке, чтобы было понятно простому народу.

28-01-2009 15:28
от : scafner
мдааа братцы - не повезло нам всем - и кризис и налоги и миграция. Все ждали от президента -какой-то идеи, которая всем нам будет близка и понятна. А оказалось что идей у нашего главы нет. Поэтому создан секретариат и страинститут во главе с самыми умнейшими экспертами из экспертов - малеванная, масаулов и каганер и бывшие операторы из 5 канала напишут нашему главе самый главный Президентский курс - который поведет всех нас по этому курсу..... подскажите -смеяться или плакать -а то уже ничего не понятно

28-01-2009 13:32
от : Гога
такое впечатление, что президент обратился не к нации а к оппозиционерам, в частности к текебаев, мол заткнись ты уж, ты в пролете, у меня есть терь секретариат, который тя и всех кто будет вякать замочит
кстати, фон действительно был выбран неудачно, хотя конечно фон расчитан на то, что типа лестница поведет его выше, к монархии ...

28-01-2009 11:41
от : Economist
Действительно, сложилось впечатление, что до этого времени он не знал по какому курсу мы идем и только сейчас спохватился. Выступление было совершенно бестолковым. Ни зерна здравой мысли и логики после всего им совершенного. Не понятно, что он от нас хотел? Тем более он должен понимать, чтобы он ни сказал мы ему АБСОЛЮТНО НЕ ВЕРИМ. Кредит доверия Бакиеву исчерпал себя уже в первый год его президенства. Единожды солгав всю жизнь прослывешь лгуном. Так, что г-н Бакиев, зря Вы старались. Жизнь Вас накажет за все Ваши негативы, так уж она сложена.

28-01-2009 11:34
от : Grajdanka
Какая-то речь у него получилась ни о чем. Рассказ о его мыслях, но ни капли конкретики, никаких цифр, НИЧЕГО!!! Зачем вообще нужно было с такой речью выступать. Кстати, вид у него во время произнесения речи был такой, как-будто он бухал накануне. Либо свет и камеру плохо установили. ИМХО

28-01-2009 10:55
от : taqr
Просто президент отчитался перед народом что он делает как нормальный руководитель, мужчина которое трезво смотрит на будущое.А ТАК МУЖЧИНА СЕРЕЗНЫЙ .ВОТ просто вопрос всем кто считает себя гражданином КР.КТО МОЖЕТ В ДАННОЕ ВРЕМЯ УПРАВЛЯТЬ СТРАНОЙ???..

28-01-2009 09:05
от : www
Вообще Курманбек Салиевич нормально вытупил!!! КРАСАВА!!!! если кому то не понравилось, советую лучше заткнитесь!!!

28-01-2009 08:54
от : haron
Не пойму,зачем его поставили на фоне лестницы?Он,что,куда-то спешил?Или только что вышел откуда-то?Фон выбирал какой-то отстойный постановщик! Не Штельмах ли? В его вкусе,сделайте президентскую студию наконец,с официальным фоном,светом и т.д.А то стоит как швейцар у входа!

28-01-2009 08:42
от : Logik
КАКИЕ КАДРЫ ТАКОЕ И ПОСЛАНИЕ!

27-01-2009 21:48
от : Нурлан
Мне кажется что обращение нормальное. Не каждый президент в б.СССР не скажеть такое.

27-01-2009 20:38
от : writing
Он то хоть сам понял, что сказал? Необходимо обеспечить разумный баланс между.... идеями демократии и управляемостью страной.(!?) Это, что выходит демократические страны НЕУПРАВЛЯЕМЫ!?













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!