Россия биздин 180 млн. доллар карызды кечет, бирок…
Кечээ Россиянын энергетика министри Сергей Шматко жана "Путиндин кыргыйы" тергеме атка конгон орус премьер-министринин орун басары Игорь Сечин Бишкекке келип, президент Курманбек Бакиев менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Россия Кыргызстандын 180 млн. доллар карызын кечүүгө даяр экендигин, бирок ал үчүн Кыргызстан "Дастан" корпорациясынын тең жарымын орустарга берүүсү керектигин айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө Камбарата-1 ГЭСинин курулушуна жумшала турган 1,7млрд. доллар инвестиция тууралуу да кеп козголду. "Путиндин кыргыйынын" талабына ылайык каражатты курулушка салууда Кыргыз бийлигинин кепилдиги эмес, курулушка катыштыгы бар тараптардын бирдей энчиси болушу негизги шарт катары каралды.

2009-2011-жылдары өлкө үчүн 8,2 миллиард доллар керек
Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров "Акжол" фракциясынын жыйынында 2009-2011-жылдар аралыгында өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн 8,2млрд. доллар керек деп билдирди. Анын 4,8млрд. долларын мамлекеттик бюджеттин эсебинен, 2,8 миллиардын жеке тармактардан жана инвестициялык проектилерден, ал эми калган 600 миллионун эларалык каржы институттарынын эсебинен чогултат экенбиз. Министр мырзанын докладына таяна турган болсок өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги үч багыты аныкталган. Алдардын биринчиси - ыңгайлуу салык системасы, бизнес иштерине кийлигишпөө, инвестицияларды тартуу жана коргоо өңдүү иш-чаралардан турат. Экинчи стратегиялык багыт мамлекеттик башкаруунун сапатын көтөрүүдөн, анын ичинде сот жана укук коргоо органдарын реформалоодон турат. Үчүнчү стратегиялык багыт калктын жашоо шартын жакшыртууга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы иштерге багытталат.

Турсунбек Акундун бомбасы качан жарылат?
Омбудсмен Турсунбек Акун бүгүн пресс-конференция өткөрүп, И.Кочкаровдун өлүмүнө байланыштуу иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырат. И.Кочкаровдун өлүмү криминалдык форматтан саясый форматка өтүп кетиши тууралуу пикирлер айтылып жатат. Анткени анын өлүмүнүн артында криминалдык гана эмес, саясый күчтөрдүн болгондугу тууралуу Турсунбек Акун айтаар болду бекен? Акүйдөгүлөр менен үзөңгүлөш болуп жүргөнүнө карабай Акундун жүрөгүндө акыйкаттын чоктору өчө элек көрүнөт, Ө.Текебаевге байланыштуу бийлик өзүмбилемдик кылып жатат деп ачык эле айтып чыкты. Эми жакын арада кандай бомбасын даярдап жатат болду экен?

Күзүндө - октябрда президенттик шайлоо болобу?
Социал-демократтардын фракциясы үстүбүздөгү жылдын күзүндө президенттик шайлоо өтүшү керек деген билдирүү менен чыгышты. Иса Өмүркуловдун айткандарына караганда президентти эски конституция боюнча шайлаганбыз, ага ылайык шайлоо ушул жылдын октябрь айында өтүшү керек. Бул суроо менен социал-демократтар Конституциялык сотко кайрылуу жөнөтүшкөн. Ал эми бир убакта СПДКчыларга "токолдун балдары" наамын ыйгарган "Акжолчу" депутат Зайнидин Курманов "Иса Шейшенкулович жеңил-желпи ойлорду эле айта бербей, адегенде юристтер менен акылдашып алганы дурус болмок, анүстүнө өзүбүз мыйзам чыгаруучу болуп жаткан соң жеңил маалыматтарга таянып иштебешибиз керек. Алар жок мыйзамга, жоюлуп кеткен конституцияга таянып жатышат. Суроолор туулуп атса, юридикалык карама-каршы ар кандай пикирлер чыгып атса, ал үчүн Конституциялык Сот бар да, ошол жакка кайрылсын. Эми, кудая шүгүр, төрт жолу президентти шайлаганбыз, ошону билишибиз керек да. Ал жерде бешинчи жылдан баштап шайлоо өткөзүлсүн деген эч нерсе жок" деген пикирде.

Кыргызстан киберчабуулга дуушар болду
The Wall Street Journal басылмасы америкалык комьютердик коопсуздук боюнча адис Дон Джексонго таянып, 18-январдан тартып кыргыз интернет талаасы хакерлердин чабуулуна тушукту деп жазат. Media International Group билдирген маалыматка караганда азыркы хакерлер denial-of-service методун көп колдонушат, натыйжада серверлерди кыйнап отуруп offline абалына түшүрүшөт. Кыргызстанда 80%дан ашык үлүшү бар негизги эки интернет-провайдер так ушундай метод менен чабуулга чалдыккан. Джексон калкынын 20% гана интернетке чыга алган Кыргызстан эмес, Американын ушундай чабуулга даярдык деңгээлине кызыгат. Кыргыз интернет сайттарына болгон чабуулдун себеби катары Россиялык патриот-хакерлердин бир убактагы бир тууган Кыргызстанда АКШ базасы орун алып жатышына болгон каршылыгын айткан. Россиянын элчилиги киберчабуул тууралуу маалыматка комментарий берүүдөн баш тартышты.

"Кумтөр" алтын кени мамлекетке өтөт
Бул боюнча вице-спикер Кубанычбек Исабеков билдирди. Анын айтымында эгер чет өлкөлүк ишкана өкмөттүн койгон талаптарына макул болбосо, анда ишкананы мамлекеттин карамагына алуу маселеси парламентте каралат. Бул багытта Кыргызстан канадалыктар менен соттошо турган болсо канча пайда, канча зыян тартары тууралуу учурда эл аралык деңгээлдеги юристтер жана финансисттер иштеп жатышат. Ал эми өкмөт койгон талапка ылайык канадалыктар ишканадагы мамлекеттин үлүшүн көбөйтүүгө жана директорлор кеңешинин курамында Кыргызстандын өкүлдөрүнүн санын да көбөйтүүгө тийиш.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!