Саясий мөөр

Саясаттагы саясий курмандык
же президентке жагынуу үчүн жасалган тынчытмалар кайда алып барат?
Бардык тармактар боюнча өлкөдөгү абалга токтолуунун кажети деле жок. Анткени эл азыркы абалыбызды мыйзам ченемдүү, мындан жакшы болушу мүмкүн эмес деген стереотип менен күн кечирип калды. Калктын арасында кайдыгерлик күч, анткени эл бийликке ишенгиси келбейт, ал эми оппозицияга толук ишеним арта албай отурат. А.Атамбаев, Ф.Кулов, Ө.Суваналиев, М.Эшимканов, К.Карабеков.Ө.Бабанов өңдүү инсандарыбыз саясый кызыл кулактыкка өтүп кетишкен соң элдин дегеле оппозиция аттууга болгон ишениминин 50%ы күйүп кеткен. Учурда бийлик калган 50% ишенимге да отко суу сепкендей кылуу менен алек. Бийликтин азыркы иш-аракетин - элдин ишенимине өзүм ээ боло албаган соң, душмандарым да ээ болбош керек деген логикасы деп түшүнсөк болот. Антпесе анын жыйынтыгы бийлик үчүн өтө опурталдуу, көз ачып жумгуча президенттик шайлоолор кирип келет…
Оппозициялык жээктеги саясатчылардын чүкөлөрү чимиргенде эле "чыр-рр" этип учуп беришкен болсо, азыркы оппозициядагы айрым сакадай саясатчыларга ал методдордун тиши өтпөйт. Андыктан бүгүн бийлик бир ууч оппозицияга мамлекеттик машинанын бүткүл күчүн жумшап жатат. Анткени оппозициянын ядросундагылар губернатор менен министрдин кызмат ордуна алданып калчу пенделерден эмес, алар байлык-бийликтен мурун абийирине ишеним артып жүргөндөр - принцибинен тайды дегиче иши бүтөт. Муну жакшы түшүнгөн бийлик коркутуп-үркүтүү жолун тандап алды. Кырдаал күн санап оорлоп бараткан жагдайда бийликтин негизги максаты - кандай гана болбосун оппоненттеринин беделин сындырып, калың элди баштай албай тургандай кылуу. Анткени президенттик шайлоого кам көрүү аракеттери башталды көрүнөт. ЖК депутаты И.Өмүркуловдун айткандарына караганда президенттик шайлоо ушул жылдын октябрь айында болууга тийиш. Себеби азыркы президент эски конституция менен шайланган, ага ылайык шайлоо быйыл өткөнү мыйзамдуу болот. Чындыгында эле Россия президенти Д.Медведев деле президенттик мөөнөт алты жылга узартылгандыгы боюнча "мен шайланган конституция боюнча мөөнөтүм төрт жыл, андыктан алты жылдык мөөнөт кийинки шайлоодон, кийинки президенттен башталат" деди го. Кыргызстан кандай болушу керек? Айрым күчтөр президенттик шайлоону быйыл өткөрүүгө кызыкдар. Ал эми БЭКтин өкүлдөрү президентти эмес, системаны өзгөртүүгө кызыкдарбыз деп жатышат. Бирок, айланып барып эле маселе шайлоолорго барып такалаары турган иш. Бул маселеге расмий бийлик кандай карайт? Дүйнөлүк финансы-экономикалык абал Кыргызстанга болгон таасирин күчөтүп ички кырдаалды кескин өзгөртүп ийе турган болсо, шайлоо болуп кетиши ажеп эмес. Шайлоо кийинки жылы боло турганда деле бийлик жакшылап даярдык көрүүсү керек. Антпесе экинчи мөөнөттү кой, мураскер вариантын да ишке ашыра албай калышы мүмкүн. Ошон үчүн өзүн-өзү сактоо сезими күч алып, ал "жол тазалоо" менен ишке ашып жатат.
Негизги сокку А.Жекшенкулов менен Ө.Текебаевге багытталды. Соодалашууга мүмкүн болбой турган оппоненттерди бүгүн "жайлабаса" эртең эл ээрчип кеткенде кеч болуп калат.

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов "Акыйкат үчүн" кыймылына координатор болгону оппозицияда, эл арасында туруктуу саясый салмак топтогонго үлгүрдү. Бул чындык . Мындай саясий салмак күткөнү Акүйдөгү аналитиктердин №1 баш оорусуна айланып чыга келгенин акыркы учурларда ал кишинин айланасындагы акыркы окуялар тастыктайт болуш керек. Оппозициядагы эрендер да кечээ эле кошунга кошулуп, катарлаш чыга келген Жекшенкулов саясий аренада Текебаевдин рейтинги менен тең чыга келээрине балким күмөн санашкандыр. Кеп ачыгында Жекшенкулов кыргыз оппозициясынын айдыңында дипломатиялык нуктагы "погоданы" жасай алды окшойт. Жекшенкуловду мактап жактагыбыз келбейт, бирок, бу саясий лидердин салмагына маани берүү менен бир топ аргументтерге токтолуп өтүү биздин вазийпабыз. Кимдир бирөөлөрдүн отуна май чачышы мүмкүн, бирок чындык улук. Айтор, бийлик тараптын соккусу биринчи кезекте дал ушул саясий лидерге тийип жатат. Экс-министрдин эсебин табуу боюнча адегенде атайын тынчытма чечим кабыл алынып, алгачкы этабы катары ММКлар аркылуу сындыруу болду. Бул метод тескери эффект берип, инструмент болуп берип жаткан гезиттин сот алдына келгенде курмандыкка айлануусу менен аяктаган. Андан соң дипломат Жекшенкуловдун аярлыгын, токтоолугун эсепке алып, "коркуп кетээр, жакындарын саясаттан жогору коет" деген болжол менен жакындарына басым көрсөтүлө баштады. Саясатчынын уулуна журналист А.Саиповдун өлүмүнө тиешеси бар деген шылтоо таап, сыйыртмак ыргытышты. Ал аз болуп калды деген таризде А.Жекшенкуловдун бир туугандарына ( бир үй бүлөдөн беш адамга) кылмыш иштерин козголушу акылга сыйбаган көрүнүш го. Мурунку бийликтин тушунда дал ушул ыкмалар улуттук баатырлардын келип чыгышына түрткү болгон. Канчалык бийликтин ыдыгын көрсө эл арасында ошол лидерге жан тартылат. Психологиянын мыйзамы ушундай эмеспи. Эмнеге ушул нерсеге жанагы тынчытма технологдор маани беришбейт. Макул бүгүн Аликбек мырзага жана анын жакындарына болгон кылмыш аракеттерди шуурудай тизилсин, а эртең дал ошол технологдорго өзүдөрүнүн ыкмалары колдонулсачы. Мындай асылуу, куугунтук, каралоого кезинде Данияр Үсөнов мырза өзү кабылбады беле же бийликке келгенде өткөн күндү унутуп калыш керекпи.
А.Жекшенкуловдун принципиалдуу позициясынын өзгөрбөгөнүн көргөн соң, жеке өзүнө кылмыш иши козголду. Ошентип гезит аркылуу башталган жөнөкөй чабуул Башкы прокуратура алектене турган кылмыш ишинин деңгээлине чейин жетти. Бул маселени кеп кылаарда эки нерсеге, иштин юридикалык жагына, экинчиден саясый жагына токтолуу керек. Бул жерде негизги рол - саясый мааниде жатат. Дагы бир ирет кайталайм А.Жекшенкуловдун оппозициялык ишмердүүлүгүнүн активдүү болуп жатышы бир четинен экс-министрге саясый упай топтоого, оппозициялык блоктун алдыңкы сабына чыгып келишине шарт түзүлүп жатат, улукман бийликчилдер. Мамлекеттин башында зор бийликти кармап отуруп, күч колдоном деген саясат алысты көрө билген адамдын саясаты эмес. Каяша айткандын баарын эле баш көтөртпөй баса калуунун артында бүгүн ит жыгылыш, эртең биротоло чоң кармашка алып бара турган жол турат. Бийлик кысымын уланта берсе эртең элдин чыдамы түгөнүп, толкундоолор күч алып кетиши толук мүмкүн. Калың эл толкундап кетпеши үчүн курсагы ток, үйү жарык болууга тийиш. Бирок азыр объективдүү себептерден улам бул көрсөткүчтөрдү ишке ашырууга мүмкүн эмес. Бир канча жылдан бери дипломатиялык кызматтарды аркалап, эл аралык аренада таанылып калган А.Жекшенкуловго болгон мамиле эл аралык аренада Кыргызстандын кадырына, саясый жетекчиликтин иш билгилигине кандайдыр бир деңгээлде өз таасирин тийгизбей койбойт. Дагы бир белгилеп койчу нерсе, мамлекеттик маанилүү маалыматтарга Президент, өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри эгедер болот. Аликбек мырза билген маалыматтар өтө көп экенин да эстеринен чыгарбашы керек. Министр кезинде мамлекеттин жүзү болгон ТИМди ичи тышын заманбап стандартка жооп бергидей деңгээлге жеткизип койгонуна асылып бир кытай эшигине жармашат деген эмне тамтык. ТИМге тийиштүү тармак, мыйзам чегинде эшик алмаштырса ага Аликбек мырза күнөөлүү эмес. Аргасыз күлөсүң.
А.Жекшенкуловго козголгон кылмыш ишинин юридикалык жагына токтоло турган болсок, тагыраагы токтолбой деле койгонубуз туура болот көрүнөт, анткени бул иш саясый негиздеги иш. Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 305-беренесинин негизинде айып тагылып, кызмат абалынан пайдаланып мамлекетке зыян келтирген деген дүжүр статьялар колдонулуп жатат. Бул аракеттердин натыйжасында бийлик кашында президенттин саясатына доо кетирчүлөр бийликтин кашыктын түбүндө калган кадырын биротоло чачып ала турган болсо баарын камап жоготуп өлтүрө бериш керек. Саясый айдыңда атаандаштар адатта идеялык, интеллектуалдык күрөштүн каармандары болууга тийиш. Бирок, биз бүгүн бийлик тарабынан күч атасын тааныбайт деген принциптин колдонулуп жатканын көрүп жатабыз. Бул аягы жакшылыкка алып бара турган иш эмес. Саясый тараптардын идеялык согушун биринчиден бийлик өзү баштап кадимки согушка айлантып жибере турган өңдөнүп калды. Мунун натыйжасын президенттин шайлоолор көрсөтөт.



Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек мырзаны өлкөнүн тарыхында таштай салмагы бар инсандардын бири катары айтсак, окурмандарыбыз деле туура кабыл алат болуш керек. Анткени бир эле Бакиевдин бийлигинин учурунда эле оппозиционер болбостон, Акаев бийлигине да оппозицияда туруп, жөнөкөй мугалимдиктен бүгүнкүдөй көкжал саясатчыга айлангандыгы элдин көз алдында. Эки бийликтин тушунда тең эң кур десе ЖКнын төрагалыгына чейин жетти. Бирок, биздеги бийлик башына келгендердин саясатын сындагандыгынын аркасында далай жолу саясий тепкиге алынганы бар. Андыктан Текебаев мырзанын да тээ саясатка аттанганы көздөгөн бир максаты бардай. Андыктан, ар бир шайлоо болгон сайын "Ата Мекен" атыккан партиясынын ажолукка ат салышкандар үчүн "ажыдаардай" көрүнөөрү да эп. Бизди таң калдырганы Өмүрбек мырзанын бир жолдон тайбагандыгы. Коомчулукта сөз болгондой "акалар" бийликке келгени бийликтин бир өңүрүн чойсо деле болмоктур. Бирок, "Ата Мекен" партиясынын лидери 2005-жылдын мартында эле азыркы бийликке дагы оппозициямын деп ачык эле айткан. Андан бери айрымдары оппозициядан өкмөткө, кай бирлери түз эле Акүйдөн оппозицияга өтө качышты. Ө.Текебаев болсо бир калыптан кайтпай келет. Анын натыйжасынанбы же башка да себептери барбы, айтор, адегенде "матрешка-гейт" оюнуна туш болду эле, бүгүн да өтө эле бир "абийирдүү" "акцияга" күбө болуп отурабыз. Айрым саясатчылар ыйман туурасында сүйлөгөндөр ыймандуу болсо таризинде баа берип жатышса, айрымдары өч алуу, сындыруу аракети катары баалашууда. Эми "матрешка-гейт" оюну бир, бүгүнкү "абийирсиз акция" бир тең болду. Албетте, Текебаевди бир карасы жок кылып актоонун өзү да туура болбос. Деген менен бирөөнүн жеке жашоосун бузуп алуу коркунучу эмес, эл алдында "сындыруу" аракетин кылгандардын ишин коомчулук деле туура эмес кабыл алды. Текебаевдин жакындары камалып, иш козголуп, айтор бийликтин ак кар көк музуна тоңуп, оо дүйнөдөгү эмес бу дүйнөдөгү саясий тозокту тартып келе жатат.Баары бүтүп үй бүлө очогун бузуу аракетин көрө баштады. Үй бүлө мамлекеттин фундаменти. Эгер биз бүгүн бул баалуулуктарга каршы күрөшсөк кайдагы гумандуулукту айтабыз. Президент да бир саам саясий айдыңдагы акылсыз методдордун оозун бууп, өзүнүн эрктүүлүгүн көрсөтүүсү зарыл. Вазирлер бөрк ал десе баш алып элди иренжитип жатышат. Оппозиция болгон жана боло берет. Кечээ президент элге кайрылып, саясий позициясына карабастан өлкөнүн келечеги үчүн иштейбиз деген таризин билдирди. Анда оппозицияга карата жасалып жаткан чабуулдарга бир баа берип карап койсо же стратегиялык багыт алгандар бул аргументерге маани берип койсо деген ниеттебиз.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!