Элита
Мелис Эшимканов
Таң калыштуусу, тапанчадай бою бар, бирок, оголе узун оюу бар Мелис мырзаны кимдир бирөөлөр башкача көрүшүптүр. Башкачабыз мындай, Эшимканов борборубуздагы аттуу-баштуу эле ооруканалардын биринде таяк таянып жүрөт деген маалыматты уктук. Көпчүлүк айткандай КТРдин президенти же депрессияда жүргөнү белгисиз, же башка экени белгисиз, маң болуп турган чагыбыз.

Азимбек Бекназаров
Азимбек мырзанын БЭКтин штабына жетекчи болгондугун айтып, оозубузду жыя электе, кийинки күндөрү анын жүрөгү "беспокоит" этип жаткандыгын кулагыбыз чалып калды. Ушул чын бекен деп телефон чалып, сурагандар да жок эмес. Тээ Аксы окуясынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин жалаң оппозицияда жүргөн Азимбек Бекназаров эми тынчыраак болсомбу дегени менен саясат жайына койчубу. Эмнеси болсо да дарыланууга бел байлап турган экен. Андыктан ден соолукта болуңуз демекчибиз.

Эми өгөйлөнбөйбүз
Президенттик администрациянын секратариатынын башчылыгына келген Оксана Малеваная айым кечээ Акүйдө журналист журтчулугу менен тегерек столдо өзүнүн командасы менен баарлашуу ниетин кылды. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес массалык маалымат каражаттарынын жетекчиликтери көптөн бери мындай жандуу форматта пикир алыша элек эле, ички тышкы маселелердин тегерегинде жаңы жетекчилик менен тартышып алды окшойт. Чынында мындай кызмат алкагындагы баарлашууну өзгөчө эркин басылмалар көптөн күткөн эле. Биздин кызматташуу көпүрөнү Оксана айым айттырбай түшүнгөнү албетте көңүл кубантарлык нерсе. Мындай жолугушуу мындан ары бир нукка салынып турмай болду. Кыскасы, эркин басылмалар өгөйлөнбөй мамлекеттин келечеги үчүн жаңы нукта иштөө ниетинин башы ачылды. Жаңы кадамдарга бел байлаган Оксана айымга ийгилик каалап туралы. Кудай кааласа өлкө башчысы да 11-февралда журналисттер үчүн пресс конференция өткөргөнү жатканы маалым болду.

Сабыр Жумабеков
Кыргызстан эмес башка өлкөлөргө да аты таанылып калган бирден-бир травматолог Сабыр Жумабековдун да ташы өйдөлөчүдөй болуп калган өңдөнөт. Узун кулактардын угуп келгенине таянсак, Сабыр мырза Саламаттыкты сактоо министрлигине сунушталып жаткан имиш. Телефон аркылуу өзүнөн угуп, чындыгына жетели десек, бошобой жаткандыгын билдирди. Октолгон сурообуз ошентип жоопсуз калды. Бир шеги бардай.

Рысбек Акматбаев
Акматбаевдин сөөгү ал өзү көл жээгине курдурган Эр Табылдынын күмбөзүнө коюлуптур деген каңшаар тарап, ал түгүл белгисиз 2-3 киши ал күмбөздү барып казган имиш. Мындай маалыматты тактоо үчүн Рысбек Акматбаевдин атасына чыгып, тактоого аракет кылгандыгыбыз менен азырынча майнап чыккан жок. Андыктан, ал киши өзү байланышып аталган маалыматтын чын-төгүнүн айтат деген ишеничтебиз.

Молдомуса Конгантиев
ИИМдин башчысына Манас Акматбеков орун басар болгону башка адам мындай турсун ИИМдин өзүнүн кызматкерлери ага өткөрүүчү кагаз аркылуу кирип калгандыгы бизди таң калтырды. Ошол жакты жакшы билген адамдардын айтуусунда болсо Манас мырзанын ордун куттуктап коробка көтөргөндөр көп келе бергендиктен, алардын санын азайтуунун максаты менен ушул жолду табышкан экен. Биз Молдомуса мырзанын жаңылыгы экен десек…

Медет Садыркулов
Медет мырза расмий түрдө эле маалымат жыйынын өткөрүп, өзүнө Тышкы иштер министрлиги сунушталгандыгын апачык эле айтты эле. Ага удаа эле ишенимдүү булактар аркылуу айрым адамдар андай сунуш болбогондугун айтышты. Чындыгын бир кудай, бир Медет мырза билбесе, айтуу кыйын. Андыктан эгер чындап эле өзүнө ТИМ сунушталган болсо ал маалыматын четке каккандарга Медет мырза жооп берет деген ишеничтебиз. Чын болуп, унчукпай калса анда айла жок.

Асел Мамбетова
"Асман пресс" жазганда эле билгенбиз дешти айрым окурмандарыбыз. Бул эми комплименттин бири деңизчи. Кимдин колдоосу экенин ким билсин, бирок, Асел айым чынында эле КТРдин мурдагы вице-президенти Анаш Кадырованын ордуна барып орун алды. Андыктан кыргыздар айтмакчы орун кут болсун деп коелу. Анткен менен атына заты жарашкан Асел Мамбетова өңдүү жаштардын өсүп жатканы жакшы көрүнүш. Жаш кезде таш чайнап, иштеп алганга не жетсин.

Пресс-кызмат
Президенттин пресс-кызматындагы кыргыз тилдүү беш-алты белгилүү журналистердин азыр кайда экени белгисиз. Угушубузга караганда алардын бирине "ЭлТР" телеканалы башчылыгы сунушталса, бирине замдыгы сунушталып… бирок, коно турган бактын коногу билине элек. Кечээ президенттин кайрылуусу грамматикалык, стилистикалык жактан сабатсыз которулгандыгын угуп алып, айла жок ошол журналисттерди издеп калат экенсиң. Ак үйдүн ичи- тышын жакшы билген Роза Токтосунованын кызматтан кетиши кесиптештерин өкүнтүп, "Пенсияга аз калганда кое эле турса болмок" деген пикирлерин да билдирип жиберишти.











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!