Супер старлар
1968-жылы
таланттуу инсан Чоро
Кожомжаров "Кыргыз
эстрадасынын ансамбли" деген
алгачкы эстрадалык топту түзүп,
кыргыз маданиятына чоң жаңылык
киргизген. Бирок, анда эстрада ырлары
кыргыз жыттанып, улуттук колоритти
камтып, ырчылар жандуу үн менен ырдашкан.
Ошол кезде кыргыз эстрадасына салымын кошкон
адамдардын азыр көбүнүн дайыны жок. Көпчүлүгү кесибин алмаштырышып, башка тармакка өтүп
кетишсе, көбүнүн көзү жок дегендей. Ал эми эл
оозунан түшпөй, унутулбай келаткандары да аз эмес. Биз эстраданын көч башындагылардын айрымдарына азыр эмне менен алектенип жатканына кызыгып,
эстрада аларга эмне берди деген суроону узаттык.

"Кыз-Бурак"
"Кыз-Бурак" тобун айтаардан мурда эң алгачкы жолу түзүлгөн "Шоола" кыздар эстрадалык ансамблин айтпасак болбойт. Муну дагы 1974-жылы Чоро Кожомжаров менен композитор Эркин Курманов түзгөн. Анткени "Кыз-Бурактын" жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова ушул топто урма аспапта ойногон. Гүлшайыр эже Ошто мугалим болуп иштеп жүргөн убакта Рахман Калмаматов түзүп жаткан кыздар тобуна кошулуп, атын "Кыз-Бурак" деп аташып, ошону менен бирге ал топтун музыкалык жетекчиси болуп дайындалат. Ошондон бери Гүлшайыр эже 300дөн ашык кызды тарбиялап, 279 чу күйөө балалуу болуп отурат. "Кыз-Бурак" 33 жылдан бери талыкпай, жигердүү эмгектенип, сахнадан түшпөй келишет. "Эстрада бизге "Кыз-Бурак" деген түбөлүктүү атты берди" дейт Гүлшайыр эже.

Алтынбек Сапаралиев
Чоро Кожомжаров түзгөн "Кыргыз эстрада ансамблинде" 1969-жылы ырдаган кыл мурут жигит Алтынбек Сапаралиев азыр 60 жаштан ашып карылыктын дооронун сүрүп, үйүндө. Бирок, өнөр деген калбайт эмеспи, кээде той-топурларда тамада да болуп жиберет. Чакырган жерге жок дебей барып ырдап берет. "Биз жаңы чыккан жылдары гонарар деген түшүнүк жок болчу, эгерде азыркыдай акча менен ырдай турган болсок, менден бай киши болмок эмес. "Советтик артист" тойдо ырдайт деген уят болчу. Баары мамлекеттики деп жашачубуз " дейт. Азыр "Кантың бар", "Тоо гүлү", "Стамбулдун кыздарын" созгондо, бул ырлар тээ илгери жазылса дагы азыркыга чейин алакан чаптырып келет. 20 жыл эстрадага активдүү кызмат кылган Алтынбек мырза 60 жылдык юбилейин өткөрүп, "Ысык Көлүм", "Байбичеме", "Бата бер балаңа" аттуу жаңы ырларын ырдап, сахна менен коштошкон.

"Досум Үсөн"
"Досум Үсөн" дагы алгачкы түзүлгөн кыргыз эстрада тобунун бири. "Атың жакшы Ысык-Көл", "Комузум", "Боз үй", "Кыргызым" деген патриоттук духтагы кыргыз ырларды созгон топтун жетекчиси орус экенин укканда күйөрмандын саны эки эсеге көбөйгөн. "Азыр эстрадага болгон талап, мыйзам мурункудай болуп, ал эми көрүүчүлөр азыркыдай болгондо деп калам" дейт Юра байке. "Досум Үсөндүн" сахнага келгенине быйыл 38 жыл толот экен. Ушунча жыл сахнада кармалып турганынын сырын сурасак "Биздин 25 жылдык юбилейибизде артисттер бири-бирине ушул суроону беришти, анда Доорон Нуриев "Жетекчиси орус да" деп күлдүрүп жатпайбы" деп бизди күлдүрдү. "Концертибизди сахнада 40 жыл толгондо күйөрмандар менен чогуу белгилейбиз" - дейт. Ал эми азыркы учурда Юрий Бобков "Ырдайлы кыргыз ырларын" телепроектисинин үстүндө иштеп, мамлекеттик тилге дагы деле кызматын кылып келе жатат.

Тынчтыкбек Ынакбеков
2-курста окуган студент бала Тынчтыкбек Ынакбеков 1975-жылы "Фрунзенин оттору" ансамбли менен профессионалдуу чоң сахнага чыккан. Биз аны "Сагындым", "Фрунзенин оттору", "Күн чыгышым" ж.б. ырлары менен жакындан билебиз. Эстрадага өзүнүн салымын 30 жылдан ашуун кошсо дагы Тынчтык мырза 1983-жылы "Кыргызстан маданият күндөрүндө" Вьетнамга барып келип "Эл достугу" медалынан башка сыйлык алган эмес. Сахнадан алыстап кеткенинин себебин сурасак, 2004-жылы автоаварияга кабылып, 2 жолу оор операцияны башынан өткөргөнүнө байланыштырды. Ал убакта Коргоо министрлигинде көркөм жетекчи болуп эмгектенип жаткан. Азыркы учурда сахнага жарк деп чыкпаса дагы чыгармачылыктан алыстабай чек-ара кызматынын ыр-бий ансамблинде башкы инструктор- музыкант, Көркөм сүрөт академиясында көркөм жетекчи болуп иштеп келет.

Гүлсүн Мамашева
"Сагынуу", "Кыштак четинде", "Айбыгуу", "Сенин элесиң" аттуу ырлары менен эл жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы эжебиз Гүлсүн Мамашева чыгармачыл чөйрөгө 17 жашынан баштап аралаша баштаган. Азыр эжени "Жер каймактагандагы Гүлсүн Мамашева" деп кайда барса жылуу тосуп алышат. Алгачкы эстрада карлыгачтары ырдап тартылган телефильмди Дооронбек Садырбаев тарткан. Гүлсүн эже баш болгон эстрада корифейлерин ошол телефильм аркылуу азыркыга чейин эфирден көрүп калабыз. Нарын театрына, улуттук филармонияга бир топ жылдык эмгегин арнаган Гүлсүн эже азыр пенсияда. Бирок, дагы деле өз күйөрмандарын жоготпой, тескерисинче сагындырып "Биз силерди сагындык" деген аталыштагы концертке катышып турат. Ал эми эстрада ага эмне бергенин сураганыбызда "Биз анда акча баалуу эмес, адам баалуу деген принцип менен жашап, иштечүбүз. Анда эл, көрүүчү бузула элек заман болчу. Элдин пейили ток, биздин да пейилибиз ток болуп байлык топтоп калайын, акча таап алайын деген ойго да келчү эмес. Биз материалдык байлыкты эмес руханий байлыкты биринчи орунга коер элек. Азыр ошол нерсени, ошол кезди сагынам" деген жообун айтты.

Шахрезада Аскарова
Кыргыз эстрадасына Шахра эжедей кызмат кылган ырчы жок болсо керек. 1979- жылы түзүлгөн "Толкун", андан соң "Наристе", "Таазим" эстрадалык ансамблинде ырдап эл оозуна алынган Шахра эже 1987-жылы гитаранын коштоосунда лирикалык серенадаларды Анарбек Сардарбеков менен бирге созуп, күйөрмандарын ого бетер тамшанткан. Ортодон Каныкей Эралиева, Айчүрөк Иманалиева менен да биргелешип иштешкен. 1991-жылдан бери ар ким өз алдынча кеткенге байланыштуу Шахра эже да элдин шарынан калышпай тойлордо тамадалык кызматты аркалап келет. "Өнөрүмдүн аркасынан элдин жылуу сөзүнө, сыйына, мактоосуна гана арзыдым. Ошол кезде материалдык жагына көңүл бурсам, мен миллионер болуп кетмекмин (күлүп). Биз рухий жагына көп көңүл бөлчүбүз. Анткени анда заман, тарбия ошондой эле" дейт. Шахра айым лирика жана эстрадалык ырларын чогултуп "по-пури" концерт тартууласам деп ойлонуп, бирок чыгына албай жүргөн убагы.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!