Парапсихологдун бурчу

Лариса Асанбекова
Өзүмдү тапкан жол
Күн мурунтан жазылып, белгиленген убакыт боюнча менин кабыл алуума эки аял келди. Экөө көп жылдан бери эң жакын курбулардан экен. Бир жылдан бери экөөнүн тең ден соолуктары начарлаганы аз келгенсип үй бүлөдө да тез тез уруш талаш болуп, иштери да ойдогудай эмес экенинен кеп салышып, менден жардам сурап келгендерин айтышты. Узун бойлуусунан келген бир аз толмоочурагынын аты Светлана, орто бойлуу сулууча аялдын аты Елена экен. Эмнегедир бири бирине салкын мамилелери, кирип келишкенде эле мага сезилип турду. Экөөнү өзүмдүн методум менен диагностикадан өткөргөндөн кийин бардык кызыктырган суроолоруна менден жооп алышкан соң, жүздөрүндө таарынычтын изи да калбай, эми ичтериндеги ич күптүүлүктүн кандайча башталганынан кеп салып өтүштү.
Светлана бир ишканада иштегенине он сегиз жыл болсо да эмнегедир иши бир ордунан жылбайт. Башкача айтканда көп жылдан берки топтогон тажрыйбасына жана жогорку билимдүүлүгүнө карабай кызматтан таптакыр эле көтөрүлбөйт. Канча жолу бөлүм башчынын орду бошоп Светлана бардык жактан төп келген кадр экенине карабай кийинки иштегендер дайындалып, Светлана жөнүндө унутуп калгандай элес калтырат. Жакында бөлүм башчылыктын орду бошоп, Светлана "сөзсүз мени дайындайт" деген ишеничте жүрөт. Бирок бул үмүтү дагы сүзүлгөн жиптей үзүлөт. Себеби, бөлүм башчылыкка башка шаардан келген адам дайындалат. Ушул окуядан кийин гана Светлана эмне себептен иши жүрүшпөгөнүнүн себебин билүү үчүн төлгөчүгө кайрылып көрөт. Төлгөчү болсо калпты чынды аралаштырып туруп, "жакын курбуң сага дуба жасаткан" деп ишендирет. Светлананын эң жакын курбусу Елена гана болгондуктан, төлгөчүнүн сөзүн курбусуна айтып, "мен сага кандай жамандык кылдым"деп таарынат. Елена мындай каралоого чыдабастыгын айтып, Светлана барган төлгөчүгө ал да барат. Мына кызык, төлгөчү эми Еленага Светлана "жамандык" жасап жүргөнүн айтып божурайт. Ошентип, эзилишкен эзелки эки курбунун ортосун кара мышык аралап бир бирине таарынычтары күчөп, бири бирин каралайт. Экөө тең мурункудан да жаман абалда болуп, бири тез-тез ооруй баштаса, экинчиси таптакыр жумушка орношо албайт. Ушул тапта Еленанын үй бүлөсүндө күндө уруш-талаш күчөп, күйөөсү менен ажырашканга чейин ойлонуп турган кези экен. Эмне себептен эки курбуга тагдыр сыртын салып турганын менден далилдүү жана реалдуу жооп алышкандан кийин экөө тең "көзгө көрүнбөгөн денени тазалоо жана калыбына келтирүү" сеансынан өтүүгө макул болушту.
Урматтуу окуурмандар, мен бул окуяны сиздерге айтып жаткан себебим, ар кандай төлгөчүлөрдүн айткандарынын баарына эле ишене бербей, өзүңүздөрдүн да ички туюмуңуздарга ишенич артыңыздар демекчимин. Албетте, пенде болгондон кийин арабызда ар кандай адамдарын бар экени чындык. Бири чын дили менен жакшылык жасап, жогортон берилген касиет менен жараткандын мыйзамын бузбай элге жардам берип туура жолго салган болсо, бири жараткандын мыйзамынан эч түшүнүктөрү жок эле калпты чынды койгулаштырып, кудайга жамынгандар да аз эмес. Андайлардын "касиети" кара күчтөр (терс энергиялуу) болгондуктан оң бараткан жолуңдан адаштырып кара күчтүн колуна салып берээри шексиз.
Кай бирлери болсо өздөрү жасап жаткан иштин аягы эмне менен бүтөөрүнөн кабары жок билимсиздиктен жана кайдыгерликтен, жогоруда айтып өткөн эки курбу бири бирине "магия" китебинен ар кандай ыкмаларды колдонуп көрүшүп, өздөрүнүн абалдарын ого бетер оорлотушкан. Менин он жылдан ашкан иш тажырыйбамда мындай окуялар далай кездешкен жана аягы жамандык менен аяктагандары да бар. Мисалы, бир адам иши жүрүшпөгөнүнөн төлгөчүгө кайрылат. Төлгөчү болсо тигил адамга "бир эки айлык эле өмүрүң калыптыр, жакында сени өлүм күтүп турат" дейт. Аны уккан тиги адамдын көңүлү чөгүп, "кайгысын" унутуш үчүн ичкиликти күнү-түнү, айлап ичет. Көп өтпөй боору эзилип кетип, бул дүйнө менен кош айтышат. Күйөөсү каза болгон аял "баягы төлгөчүнүн айтканы туура келди" деп эми өзү жөнүндө билгиси келип кайрылат. Төлгөчү болсо "мен айтпадым беле, эми сени да өлүм күтүп турат"дейт. "Бул дубадан тазалаш менин гана колумдан келет, болбосо күйөөңдүн артынан оо дүйнөгө барасың" - дейт. Мындай сөздү уккан аял ошол жерден эсин жоготуп кое жаздап, үйүнө араң жетет. Ишенейин десе тиги төлгөчүнүн өзүн кудай сезип, ар кандай сөздөрдү айтып мактанганын, оозунан ичкилик буруксуп,сөгүнүп сагынган кейпин эстеп ирээнжийт. Ишенбейин десе күйөөсүн өлөт дегени чын келип, күнү-түнү ойлонуудан уйкусу качып, башы оорлошуп, жүрөгү да ооруп, өзү кыска мөөнөттө арыктай баштайт. Мага келгенде Викториянын сөөгү эле калыптыр. Жараткандын жардамы менен бир нече сеанстардан кийин Викториянын ден соолугу кайра калыбына келип, алты жылдан бери майрам сайын белегин, гүлүн алып ыраазычылыгын билдирип турат. Турмушка чыгып буйруса бактылуу жашап жатканына төрт жылдан ашып калды.
Урматтуу окурмандар, бул мисалдарды келтирген себебим,тагдыр ар бир адамдын өз колунда. Келечектеги тагдырды оңдосо болот. Адамдын келечекке жолу миң кырдуу, кайсы жол менен алдыга койгон максатка жетиш адамдын каалоосуна же кайсы жолду тандоосуна байланыштуу.




  Тест

Коллективде
ким экениңди билесиңби?
Коллективде, кызматта сиз кимсиз? Бир караганда бул суроого жооп табуу үчүн көп ойлонуунун кажети деле жок. Сиз - менеджерсиз. Балким жетекчинин жардамчысы, балким үлкөн ишканада жетекчисиз. Бирок, кабинеттин каалгасында жазылган кызмат орундарынан башка да көмүскө ролдор болот эмеспи. Иш жүзүндө сиздин ким экендигиңиз жана реалдуу бийлигиңиз ошол көмүскө ролуңузга, көшөгө артындагы кызматыңызга жараша аныкталат.

Сиз жумушка көңүлүңүз суз келдиңиз, мунуңуз баарына байкалды. Сизди көргөндөр кандай абалда болушат?
Сиздин көңүлүңүздү өзүлөрүнө бурбаганга аракеттенишет - А
Жүздөрү өзгөрүп, өз ара күбүр-шыбыр болуп калышат - Б
Эмне болду деп кызыгышат - В
Мен өзүмө келмейинче күтүшөт - Г

Көпчүлүктүн сыйына кантип татууга болот?
Талыкпас эмгек менен - Г
Жеңил мүнөз менен - В
Сыйлабаса мейли, бирок коркуп турушсун - Б
Өзүңө болгон ишеним менен - А

Көздүн кыйыгы менен же капталдан кароо жөндөмүңүз жакшы өнүккөнбү?
Ооба, бул мага зарыл - Б
Анча деле эмес, мен көзгө тике караганды жактырам - А
Кызыктай суроо экен! - В
Бош убактымда машыгып көрүү керек экен, балким пайдасы тийип калаар - Г

"Идеалдуу иш" деп сиз эмнени түшүнөсүз?
Акча жана статус - А
Болуп жаткан окуяларга көзөмөл - Б
Жакшы коллектив - В
Нерв, стресс болбосо - Г

Сизге чоң кабинеттер жагабы?
Чоң кабинетте жалгыздык жана эригесиң - В
Ооба, абдан жагат - А
Чоң кабинетте баары көзгө илинип турат - Б
Мен өзүмдү чакан бөлмөлөрдө тыкаан сезем - Г

Гарри Поттердин төмөнкү каармандарынын кимисин тандайсыз?
Альбус Дамблдор - А
Гарри Поттер - В
Северус Снейп - Б
Гермиона Грейнжер - Г

Узакка созулуп кеткен чогулушта адата эмне кыласыз?
Эригем, байкатпай уюлдук телефонум менен ойноп баштайм - В
Иш жөнүндө сүйлөйм, эгер созулуп кеткен болсо, демек зарыл болгон - А
Башкалар кантип жатышат деп көз салам - Б
Маселенин маңызына кызыгам - Г

Коллегалардын арасында досторуңуз көппү?
Ооба, сөзсүз - В
Мен алдыңкы катарда жүргөндөр менен мамиле күтөм - А
Анча деле эмес, бирок мен буга кайгырбайм - Г
Досторуң менен ачылып сырдашыш керек, а мен муну жактырбайм - Б

Сиз офистин коридорунда бара жатасыз. Сиз өзүңүздү бул учурда эмнени элестетем деп ойлойсуз?
Көлөкө - Б
Шумкар - А
Шамал - В
Офис кызматкерин, мен андан башка эмнени элестетмек элем? - Г




А көп болсо. "Чоң шишка". Сиз жетекчисиз, балким азыр чоң начальник боло элексиз, бирок ага карабай өзүңүздү ири жетекчи катары алып жүрөсүз: статусу сиз менен тең коллегалар сиздин тапшырмаларды аткара беришет, ошол эле учурда алар эмне үчүн мындай болуп жатканына баштары маң. Сиз жакын арада сөзсүз түрдө бул жумушуңузда болбосо да башка жерде начальниктин креслосуна отурасыз: бул үчүн сизде бардык тиешелүү сапаттар бар. Сиз үчүн жашоодо негизгиси карьера. Бирок сиз азырынча карьера үчүн сизде бар болгон бардык нерселерден айрылып кала элексиз. Жакындарыңыз жана досторуңуз менен командалык үн менен сүйлөшүүүнүн канчалык зарылдыгы бар? Жакшылап ойлонуп көрүңүз.

Б көп болсо. "Карт бөрү". Сиз көпчүлүктүн көңүл борборунда болууну анчейин деле жактыра бербейсиз. Сиз андан көрө баардык бийлик сиздин колуңузда топтолуусу тууралуу ойлордон ырахат аласыз. Жетекчинин "тилин" жакшы билесиз: ал сиздин акылга таянат, ал эми сиз ал тууралуу да, калган коллегаларыңыз тууралуу да өтө көп нерселерди билесиз. Алардын айрымдары сизди сыйлашат жана сестенишет, ал эми кай бирлери сизди жактырбайт, ичи күйөт жана "буттан чалып" көтөрүп чапкысы келет. Бирок, бул ишти сизден мыкты эч ким деле жасай албайт.

В көп болсо. "Менеджер, жана дагы бир жолу менеджер". Сизге бийлик үчүн жанталашуунун жана интригаларды уюштуруунун анчалык деле зарылчылыгы жок - эртең менен офиске келесиз, өз ишиңизди аткарасыз, ал эми кечкисин эс алууну жана көңүл ачууну жактырасыз. Сиз өз убактыңызды бөлүштүрө билесиз жана сиздин кызматыңыздан да өзүңүз кымбат тураарыңызды билесиз. Коллегаларыңыз сизге кеңеш сурап кайрылбашы мүмкүн, бирок сиз бар жерде дайыма куунак маанай болот.

Г көп болсо. "Акылман үкү". Сизде акыл, ал гана эмес амбиция да бар жана келечекте өзүңүзгө татыктуу орунду ээлесем дейсиз. Бирок азырынча ага кантип жетүүнү билбейсиз: өз ишиңизди эң жакшы билесиз, бирок көп сандаган коллегалар жана кол алдыңыздагылар менен тынымсыз баарлашып туруу сизди чарчатат. Иш аткарып жаткан адамдарга караганда жумуштун өзү, иш процесси сизди көбүрөөк кызыктырат. Сизге консультанттын кызматы идеалдуу түрдө туура келет.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!