Ысмыңыз эмнени билдирет?
Ибрагим Жунусов, ЖКнын депутаты:
- Менин азан чакырылып коюлган атым Ибрагим. Бул аттын өзү еврейлердин Аврам деген сөзүнөн келип чыккан. Ибрайим деген пайгамбар болгон. Негизи азыркы коюлуп жаткан аттар доордун талабына, замандын агымына жараша болсо керек. Мен өзүм кыргызга таандык эски аттарды жакшы көрөм. Балам Эламандын атын тынччылык болуп, элим аман болсун деген тилек менен койгом. Адам баласы өзүнө коюлган атына татыктуу болуп, өзүн сыйлап жүрүшү зарыл. Айталы, Ибрагим, Ислам деген аттагы адамдар ичкиликтен алыс болуп, ушак айтпай, ууру кылбай, өзүн шарият жолунда туура алып жүрүшү керек.

Ата-бабабыз өткөн заманда айдын толгон күнүндө же жуманын кайсы күнү жарык дүйнөгө келсе, ошол күндүн атынан азан чакырып ысым коюп келишсе, азыркы ааламдашуу доорунда ар түркүн нерселердин келип чыгышынан, адам баласынын аттары да өзгөрүп келет. Октябрь революциясынан кийин кыргызда Совет, Союз, Октябрь, Феликс, Эрнис ж.б. чыгармалардын каармандарынын атынан Тариэль, Автандил, Жамийла, Эламан ж.б. орус жана чет тилдеринен Света, Мира, Эдуард ж.б. жаңыча аттар Маркэль, Марклен, Баэль, Вазмира, Космира ж.б. деген аттар коюлууда. Көпчүлүк элдин тилдери сынган аттардын пайда болушу менен акыркы жылдары эл арасында тарыхта аты калган улуу залкарларыбыздын ысымы коюлуп келүүдө. Албетте, ат деле адамга жөнү жок коюла бербесе керек, табият тарабынан берилген кандайдыр бир сыры бардыр. Айталы, ар бир адамдын аты чечмеленип, өзүнчө бир маанидеги сөздү түшүндүрөт. Белгилүү адамдарга кайрылып, өз ысымдарын эмнени билдирерин чечмелеп берүүсүн өтүндүк.


Топчубек Тургуналиев, Элдик революциялык кыймылдын мүчөсү:
- Мурунку заманда кыргыздар бугу көрсө Бугубай, элик көрсө Эликбай деп, көзүнө эмне көрүнсө, ошону кое беришкен. Сыргак, Сыргагүл деген сыяктуу менин кулагымдын уч жагы тоголок топчудай болуп кетет. Ошондуктан ата-энем Топчубек деп койгон экен. Ал эми азыркы коюлуп жаткан "современный" аттар жакшы, акыркы убактарда тарыхый залкарларыбыздын аттарын да коюп жатышат. Бул өтө жакшы көрүнүш, бирок оор атты наристе көтөрө албай калышы мүмкүн. Ошондуктан оор атты коердун алдында, ошол адамдын арбагына сыйынып туруп койсо болот.

Ташбоо Жумагулов, Улуттук тил комиссиясынын төрагасы:
- Мен туулганда атам таштан бек, таштан катуу болсун деп, азан чакырып атымды Ташбоо койгон. Бул суроону Ч. Айтматов да убагында кызыгып сураган, а кишиге да ушинтип жооп бергем. Ал киши бул атты орусчага "Каменный узел" деп которуп койсо болот экен деген. Мындай ат, менимче, бирөө эле, менден башка кишиде жок. Эгерде аты меникиндей адам бар болсо анда ал адам мени менен байланышсын. Мен атка чоң маани берем. Үй-бүлөдө он бир тууганбыз, бардык туугандарымдын балдарына мен ат коем. Эжемдин баласына Моен деп ат койгом, бою узун, акылдуу бала болсун деп. Андан кийинки инимдин баласына элдин жүгүн көтөргөн азаматтардан болсун деп, Элнар деген ат койгом. Азыр ал студент, андан үмүтүм чоң.

Дамира Нязалиева,
ЖКнын депутаты:
- Дамира деген ат кыргызга таандык эмес, татарларга таандык. Эсимде, кичине чагымда менин атымды Айгүл койсоңор болмок деп атам менен апама көп таарынчумун. Мен төрөлгөндө ата-энем Ошто болуп, достору менен бирге мага ат коебуз деп чогулуп, кагазга көп аттарды жазып туруп өйдө ыргытышса, Дамира деген ат туура келет. Ошентип, Дамира коюп коюшкан экен. Дамира деген сөздү чечмелесек "Да здравствует мировая революция!" деп чечмеленет. Ошондуктан атыма байланыштуу болсо керек, көп нерседен тартына бербейм. Мен чет жерге көп чыккандыктан Дамира деген ат башка улуттун өкүлдөрүнүн тилдерине да оңой келип кыйналбай айтышат. Негизи наристеге ат коердо ата-эне чоң маани берип ойлонуп коюш керек . Мисалы, бала көтөрө албайт деп оор атты койгон да болбойт. Менин эки уулум бар, аман-эсен болсун деген тилек менен аттарын Амантур, Эсентур деп койгом. Кызымдын аты Айгүл - өзүм жакшы көргөн ысым.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
- Мага эле эмес, бир туугандарымдын бардыгына атты бири-бирибизге уйкаштырып атам Ислам өзү койгон. Дастан деген сөздүн түшүндүрмө мааниси Юдахиндин китебинде жомоктон да көлөмдүү болуп, ташка тамга баскандай бакыйып берилген. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ата-бабабыздан калган аттардын бааланбай калышы - бул кыргыз деген аң сезимдин өлгөнү. Ушул бойдон жүрүп отурса, аягы эмне менен сууйт - белгисиз.

Кубат Оторбаев, "Азаттык-медиа" мекемесинин директору:
- Менин азан чакырылып коюлган атым Курманбек экен. Чоң атам коюптур. Мен туулганда таятам үйдөгүлөргө сүйүнчүлөп барып, атымды Кубатбек коюшуптур деп жаңылып айтып алган экен. Ошол бойдон Кубат деп эркелетип жүрүшүп, кийин өзүм дагы бул атка көнүп алып, паспортума Кубат деп жаздыртып алдым. Мага кыргызга таандык эски аттар жагымдуу угулат.

Баяс Турал, тарыхчы:
- Бүгүнкү күнү Орто Азияны аралаган кыргыз азаматтарынын аттары коюлбай, батыш элинин менталитетине өтүп, батыш калкынын аттары коюлуп жаткандыгы мени абдан өкүндүрөт. Абдрахман Алымбаев деген ысымдан Баяс Турал деген ысымга өтүп алышымдын себеби тарыхка байланыштуу чоң тема. Мындай атка паспорт алмаштыруу да кыйынга турат экен.
Даярдаган Мирлан Алымбаев













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!