Эсимде

Жаныбек Абдиев,
Кыргыз эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин тун уулу:
"Мен сиздин балаңыз белем?" десем, огобетер ыйлады"
Мени 5 айлык кезимде ата-энем Кочкордогу таэне-таятамдын колуна берип коюп, алардан бөлөк чоңойдум. Ата-энем экенин билбей эс тарткыча байке-эже деп жүрдүм. Атам артисттер менен Кочкорго гастролго көп келет эле. Бир курдай айылга келип, атам мени кучактап алып, "балам" деп ыйлап жатса таң калып "мен сиздин балаңыз белем?" десем, огобетер ыйлады. Көрсө кызуу экен да анда. Ошентип, 1982-жылы шаарга келип үч жылдай чогуу жашадым, андан соң 1985-жылы армияга кеттим. Кайра келген соң үйлөнүп кайра эле өзүнчө бөлүнүп жашап калдым. Ата-энеден бөлөк өссөң мамилең башкача болуп калат деп коюшат го, андай эмес, тескерисинче атам экөөбүз бири-бирибизге жакын элек. Менин кыял-жоругум дагы атамдыкы. Атамды мактагандык эмес, бирок, атам бетке таамай айткан, бирөөнү алдайын, алайын деген арам оюу жок болчу. Чындыкты бетке айтам деп жүрүп Токтогул сыйлыгына жетпей калган деп айтып калышчу. Атамдын так жүргөнүн да тарткам. "Балам, дайыма чакырган жерге 5 мүнөт эрте бар. А жанагы кечигип келгендер өздөрүн көрсөткүсү келген немелер" деп калчу.
Акыл-насааттарын көп айтчу. "Бирөөнү алдаба, бирөөнүн акчасын алба, Кудайга ишен" дечү. Атам акыркы жылдары намазга жыгылып, ажылыкка да барып келген. Мекеден келгенде өзүм тосуп баргам. Ошондо эле өңү купкуу болуп, башкача болуп келген болчу. Ага чейин ооруганын деле байкабаптырбыз. Өзү эле кээде "Жүрөгүм айланып жатат" деп калчу экен. Карындашыбыз Гүлжан каза болуп калып, ошого абдан кайгырып, чөгүп кетти. Азыр ойлосом оорусу ошондон да күчөп кеткен окшойт. Оорунун атын өзүнө айткан жокпуз, диагнозун угуп, апам экөөбүздүн ыйлаганыбызды байкап калып "Менин оорум катуу окшойт, менден жашырып жатат окшойсуңар" деп шекшиди. Боорунан кетти да. Комага түшүп калгычакты үмүтүбүздү үзгөн жокпуз. Биринен болбосо биринен болоор деп, дары чөптөн бери ичирип жаттык. Азыр "Машина времени" болуп 6 жылга артка алып барып койгондо, атамды бул оорудан сакайтып алат эле деп бала кыялга батып койом. Атам эки жагында жанаша жүргөн Эстебес ата, Ашыраалы атадан айрылып, жалгызсырай да түштү. Ошол дагы оорусуна кошул-ташыл болсо керек.
***
Кетээринде акыркы тааныган кишиси мен болдум, менден кийинки киргендерди тааныбай калды. Бир тууган иниси Токтогулдан келген эле, аны да тааныбай койгонунан, "Мени тааныбай койду" деп ал ыйлайт. Керээзин балдары укпай калдык. Болгону, үйдө эки жакшы комузу бар эле, ошонун бирин менин уулум Өмүрбекке бер деп апама тапшырыптыр. Бирин эч кимге бербейм де апам өзү алып отурат. Комузун белекке калтырып кеткен небересинен үмүтү чоң эле. Ошол уулумдан бир нерсе чыгабы деп калам. Мындай музыка койсоң унчукпайт, анан комуз күүсүн укса эле ордунан жылбай калат. Телевизордон комуз черткен кишини көрүп калса "чоң атам" дей берет. Азыр 2, 5 жашта. Башка балдары, неберелеринен эч кимибиз атабыздын жолу менен кеткен жокпуз. Алты бир тууган ар кесиптин ээси болдук. Мен бизнес менен алектенем. Менден кийинки карындаштарымдын бири дин жолунда, бири юрист болуп иштейт, бири Россияда. Окууну жаңы бүткөн кезим, атама "мага деле комуз черткенди үйрөтүңүзчү" десем, "Балам, бир үйдөн бирөөбүз эле ырдабайлыбы" деп койду. Мен гитара, кыяк черткенди билем, бирок комузга, ырга шыгым жок экен. Кээде той-кечелерден "Тууганбайдын баласы болуп туруп, кантип ырдабайсың" деп калышат. Ошондо "Атам, "бирөөбүз эле ырдайлы" деп айткан" деп тамашалап калам.
***
Атам менен сыймыктанам. Төкмөнүн төрт алпы (Эстебес, Ашыралы, Тууганбай, Замирбек) тарыхта Коргоол, Токтогул сыяктуу эле эл оозунан түшпөй канча бир кылымдарга чейин айтылып калаарына ишенем. Негизи, чыгармачыл адамдардын баскан-турганы эле өзүнчө бир жомок экен да. Ал эми алардын баласы болуп калгандан өткөн сыймык жок болсо керек. Бир курдай атамдар Кочкорго гастролго келишти. Эстебес ата баласын ээрчитип алыптыр. Экөөбүз таанышып жатабыз "Сен кимсиң" десем, "Я сын Эстебеса" деди, а мен орусча билбейм, тиги кыргызча билбейт экен. "Ак чөлмөк" ойнойбуз деп көчөгө ээрчитип чыктым. Ойноп жатып, бир баладан таяк да жеген эле. Анда мен 2- класстын окуучусу, ал окуй элек болчу. Кийин бир жерден кезигип калдык. Өзү жаныма басып келип "Мени тааныдыңбы" дейт, "Кантип тааныбайын" десем, "Сенин досуң мени уруп салганы эсиңдеби" деп эстеп алып аябай күлдүк.
***
Атамды апамдай мыкты билген адам болбосо керек. Анткени ал дайыма жанында жүрдү да. Атам менен апамдын мүнөзү карама-каршы эле. Апам ак-көңүл, жумшак болсо, атам бир нерсе жакпай калса "чарт" эле бир жарылып кетчү. Менин улуу кызымдын мүнөзү, өңү-түсү апамдын жаш кезиндеги сүрөтүнүн так эле көчүрмөсү. Атам үйдөн апама кол кабыш кылгандан уялчу эмес. Бир курдай үйгө барсам апам боорсок бышырып, атам камыр кесип берип жатыптыр. Мага "Балам, эң башкысы тамак жасаганды үйрөнүп ал, ачка калбайсың" деди күлүп. Шорпону, жарманы мыкты жасачу. Мен атам жасаган жармадай жарманы эч бир жерден иче элекмин. Атам өзүн телевизордон көрсөтүп жатканда көрчү эмес. "Ата эмнеге көрбөйсүз" десек, "Көрө бергиле, илгери раматылык Асанкулга (Шаршенов) "Ой эмнеге кино көрбөйсүң" деп сурасак, "Көргөндө эмне баары бир акырында биздикилер жеңет" дегендей эле кеп да" деп күлүп койчу. "Махабат дастаны" киносуна балдары чоңоюп калганда эле тартылган. Карындашым аны көрүп алып, "Атамды өрттөп салышты" деп ыйлаганы баарыбыздын эсибизден кетпейт. Атам комузду чертип гана тим болбостон, комуз чапчу. Бир чоту бар эле, бир күнү эле "Атаңгөрү, эмерек жасаган бир балдар келди эле, чотумду көтөрүп кетишкен окшойт. Таппай калдым" деп кейип калган. Анан өткөндө бир тойдон эмерек жасаган бир бала менен таанышып калдым, ал "Тууганбай ага мага бир чот белекке берген " дейт, "Сатпайсыңбы" десем, болбой койду. Ошол жоголгон чотпу башкабы өзүм дагы түшүнбөй калдым.
***
Атамдын сакайып кетсем, 55 жылдык чыгармачыл кечемди өткөрөм деген тилектери бар болчу. Ал тилегине жетпей калды. Кудай маңдайыбызга эмнени жазса, ошону көрөт турбайбызбы. "Атам өлсө дагы атамды көргөн өлбөсүн" демекчи, мен уулдук милдетимди аткарып, туулган жери Токтогулга барып келсемби деп турам. Ал жерден атамды билген-көргөн кишилерден маалымат чогултуп, атамдын басып өткөн жолу, өмүрү туурасында бир китеп чыгартсам деген тилегим бар. Өзүм эле барбай шакирттерин да кошуп алсам дейм. Анткени чыгармачыл дүйнөнү аңдап билүү аларга жеңилирээк да. Өзү дагы Аалыга (Туткучев) "Кыргыздар" деген чыгарма жазып жатам деген экен. Ошол кол жазманы сурап келиптир. Кол жазмасын каякка койгонун билбей жатабыз, тапсак ал ырга айланып калаар.
Даярдаган Эльмира Мадиева













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!