Чындык барбы?

Исмаил Кочкаровдун жубайынан ким
7 миң доллар талап
кылып жатат?
Өткөн саныбызда эле Исмаил Кочкаровду өлтүрүп кеткендиги туурасындагы маалыматты бергенбиз. Окурмандарыбыздын эсинде болсо керек, биз 2008-жылдын 21-майында И. Кочкаровдун аялы Зухра эжеден маек алып, жарыялаганбыз. Коомчулукка ошондо эле Зухра айым коңгуроо кагып, жолдошунун өмүрү коркунучта экендигин айткан экен. Пендечиликке салып, ал учурларда деле маани берилбептир.
Төмөндөгү маек И. Кочкаров тирүү, бирок, камакта жатканда жарык көргөн маек. Биз аны кайталап берип олтурабыз.


- Зухра айым, жолдошуңуз Исмаил Кочкаров камалгандан бери жолуга алдыңызбы?
- Жолуктум. Эмнегедир бат-бат жолугууга анчалык мүмкүнчүлүк деле беришпей жатат.
- Бизге жеткен маалыматтарга караганда Исмаил Кочкаровго күч колдонуп, денесинен жараат алды деген имиштер айтылып жүрөт. Сиз жолукканда күч колдонулганын байкай алдыңызбы?
- Моюндары көгөрүп калганын байкадым. Бирок, Исмаилдын эрки күчтүү да. Менин жүрөгүмдү ооруткусу келген жокпу айтор, "Мени кыйнап жатат"-деп даттанган деле эмес. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин мага кимдир бирөөлөр телефон чалып, 7-5 миң доллар таап беришимди талап кылышты. Алар сураган сумманы тапканга кудуретим жетпейт десем Исмаилди ур-тепкиге алышып, кыйнашкан окшойт. Эрки күчтүү оңой менен баш ийе бербеген өмүрлүк жарым "Зухра мен үчүн эптеп карыздап болсо да акча таап бер" деп өтүндү. Исмаилдин жалбарган сөзүн угуп, Карачай бизнесмендеринен жалдырып карыздап араңдан зорго миң доллар таап бердим. Баарынан таңгалыштуусу менин номеримди терип, трубканы Исмаилга берип, акча суратышат. Анча акчаны кайдан табам. Керек болсо квартирам дагы күрөөдө. Аны түшүнгүлөрү келбейт.
Бизди кыйнап жатса да, мага болгон кысымды айтып, эч жакка арызданган жокмун. Себеби, кокус мен ачуу чындыкты айтып чыксам, Исмаилга дагы проблема кошулат деп ал үчүн тилимди тишиме катып олтурам. Акча таппай кыйналып жатканымды туйганбы айтор, Кереметтүү Ысыккөлдөн 86 жаштагы энеден 600 сом акча, ага кошумча Исмаилдин амандыгын тилеген кат келиптир. Окуп алып ыраазы болуп ыйладым. Аталган катта "Бир торпогум бар. Эгер акча керек болсо, ошону да сатып берейин" деп жазыптыр жарыктык киши. Мына ошондой ырайымды Исмаилди күнөөсүз камап, азапка салгандар кылса гана.
- Сиз Исмаил Кочкаровду күнөөсү жок эле камакка алды деп жатасыз. Аны каматууга кимдер кызыкдар?
- Мага бул ишти президенттин жакындарынын атын саткандар эле жасап жаткандай туюлат. Анткени, президенттин жакындары мынчалык акылга сыйбаган жоруктарды жасабайт болуш керек деп ойлойм. Биз буга чейин тиешелүү жерлерге эмне деген гана кайрылууларды жибербедик. Бирок, эч биринен майнап чыккан жок. Үнүбүз жогору жакка жетпей жатабы деп коомдун санитарлары болгон журналисттер үчүн атайын пресс-конференция кылсак дагы, көпчүлүгүнө "Бул материалды эфирге бербегиле" деген учурлары да болду. Эмне кылаар айлабызды да таппай калдык. Исмаил болсо, арманын айтса угаар киши жоктой болуп, ак барак менен сырдашып, кыргызча, орусча ырларды ошондой эле пьеса жазып жатыптыр. Исмаилди күзөткөндөр анын кыргыз тилин мыкты өздөштүргөнүнө таңгалып,кыргызча ыр окуп беришин өтүнүшөт экен.
- Президенттин жакындары кызыкдар болбосо, анда чуулгандуу окуя кимдердин көмөгү менен башталды?
- Исмаилдин 20 жылдан бери чогуу жүргөн Мурат деген эң ишенимдүү досу бар болчу. Исмаилды каматканга бирден-бир себепкер адам ошол деп ойлойм. Исмаил өзүнүн акцияларын Талант Мамытовдун наамына каттатып койгон. Аны ишеничтүү адам деп билчү. Талант Мамытов менен Мурат экөө өз ара сүйлөшүп, Исмаил эч нерседен капары жок Ысыккөлгө иш сапар менен кеткенинде Исмаилсыз өздөрүнө жасалма документтин негизинде каттатып алышкан. Азыр ошол жасалма документти мыйзамдаштырыш үчүн СИЗОго камап, кол коюп бер деп, ур-токмокко алып жатышат. Кыскасы, кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн акылга сыйбаган иш жасалып, үч айдан бери көз боемочулук беренеси менен Исмаил себепсиз камакта жатат.
Адилет министри Марат Кайыповдун атына Исмаил СИЗОдогу кысымды арыз аркылуу маалымдаган. Ошондой эле "Эгер өлүп калсам эч ким күнөөлүү эмес. Мен көпкө жашабайм" деген маанидеги арыз жаз деп мажбурлашканын жазган. "Бирок, мен андай арыз жазганым жок. Себеби, менин жашы жетелек үч балам бар. Аларды бутуна тургузуп, аталык милдетимди аткарып, эрезеге жеткиришим керек" деп кошумчалаптыр. Аталган арызды адвокаттын жардамы менен Марат Кайыповго киргиздик. Учурда Исмаилдин акцияларына кызыкдар болгондор "Кол коюп берсең чыгасың" деген талап коюп жатат. Макул деп кол коюп койсо, учурунда чындыкты айтып чыгат же СИЗОдон чыккандан кийин бизден өчүн алат деп ошол замат өлтүрүп, биротоло көзүн тазалап коюшу мүмкүн деген бүшүркөө менен күн кечирип жатабыз. Мен Исмаилдин алдамчылык менен камалды дегенге макул эмесмин. Байкаган кишиге бул жерде кылмыш иши эмес, тескерисинче, экономикалык талаш маселе айдан ачык көрүнүп турат. Жадагалса бул чуулгандуу ишти Исмаилдин адвокаттары да кимдир бирөөнүн заказы менен жасалып жаткан иш деп баалашууда. Керек болсо тергөөчү дагы Исмаилдин күнөөсү жок экенин билет.
"Таанышың болсо танкасың, таанышың жок болсо маңкасың" деген заман болуп калганбы ,Талант Мамытовдун колдоочусу, чоң таанышы болуп, ушул ишти жасап жатат. Бүгүнкү күндө кырдаал жасалма документти мыйзамдаштырып алууну көздөп, күнөөсү жок адамды жөн эле азапка салып, айласы кеткенде кол коюп берет кыязында иш кылып жатышкандай.
- Зухра айым, Исмаил мырза менен качан, кайдан таанышып калдыңыз эле?
- Ой, ал кезде мектептин окуучусу болчумун. Боюмдун узундугун көрүп, Исмаил мени студент кыз экен деп ойлоптур. Таанышып жакшы мамиледе жүрдүк. Сөзүбүз бүткөндө үйлөнүп алдык. Азыр бир кыз, эки уулубуз бар. Эң улуусу алты жашта. Ортончусу төрт жашта. Кичинекейи үч жашта.
- Балдарыңыз атасынын камалып жатканын билеби?
- Жок билбейт. Аларга атаңар камалып жатат деп айтып, жүрөктөрүн ооруткум келбейт. "Атам качан келет? Сагынып кеттик" деп куса болушканынан улам айлам кетип, атаңар жумуштары менен башка өлкөгө командировкага кетти деп алаксытып жатам. Балдарымды атасын кайра-кайра суратпаштын аракетин кылып, алар тура электе Исмаилдын атынан кат жазып, балдарым жакшы көргөн конфет, шокаладдарды алып келип,атаңар берип жибериптир деп көңүлдөрүн жубаткан болом. Ага болбой эле балдарым сагынгандан аталап эле калышты. "Эрте келсе экен" деп жолун карап күтүшөт. Үч айдан бери камакта болуп, келбей жатканын балдардын жүрөктөрү сезип атканбы айтор, мага алдангылары келбей, "Атам үч айдан бери жок. Башка үй-бүлөгө. Башка балдарга кетип калды окшойт" - деп да калышат. Балдардын аянычтуу, куса болгон абалын көрүп, жүрөгүм эзилип, аларга көз жашымды көрсөтпөй ыйлап алам.
Ч.Кутманалиева













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!