Биздин өң ушундай

Бабанов басып өткөн жол
2009-жылдын 26-январында Өмүрбек Бабановдун биринчи вице-премьер-министрлик кызматка дайындагандыгы туурасындагы указга президентибиз кол койду. Мындан эки-үч жыл мурда эле, тагыраагы 2006-жылдын күзү менен 2007-жылдын жазында ушул эле бийликке оппозицияда болгондордун катарындагы активдүү мүчөлөрдүн бири, митингдерде алдыңкы катарда жүргөн, "Реформа үчүн" кыймылынын штабын жетектегендердин бири болуп келген Өмүрбек мырза туурасында азыр ар кандай пикирлер арбын. Деги бизде таң калтыра турган нерселер көп болуп баратат.

Ак үйгө келгенге чейинки анкета
Бабанов Өмүрбек Токтогулович 1970-жылы 20-майда Талас областындагы Кара-Буура районунда, Чимкент айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1993-жылы Москвадагы К.А. Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын бүтүп, илимпоз-агроном адистигине ээ болгон.
2005-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын жана РФнын өкмөтүнүн алдындагы эл чарба академиясын аяктаган.
1995-98-ж.ж. - ТсОО "Арландын" (Тараз, Казакстан) директору
1998-99-ж.ж. - "Кыр-Кор" ТООнун директору, "Шымкентнефтеоргсинтездин" Кыргызстандагы официалдуу өкүлү.
1999-2000 - "Мунай" ГППНдин генералдык директорунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу, генералдык директордун орун басары (Бишкек)
2000-2004-ж.ж. - "Кыргызхлопок" АОЗТнын президенти (Жалал-Абад)
2002-2005-ж.ж. - "Петро Казакстан Ойл Продакстын" өкүлчүлүгүнүн жетекчиси (Бишкек)
2004-2005-ж.ж. - "Мунай Мырза" ЗАОнун директорлор кеңешинин мүчөсү (Бишкек)
2005.03.-2007.22.10. - КРнын Жогорку Кеңешинин 3-чакырылышына №56 Талас областынын Кара-Буура округунан депутат
2005.04-2005.15.05. - КРдагы коомдук-саясий кырдаалды стабилдештирүү үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү
2005.25.04.-2005.17.06. - КРнын Конституциялык кеңешинин мүчөсү
2006.23.03.-2006.06. - Башкаруунун формалары боюнча КРнын Конституциясынын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөсү


Казак жараны экени билинип…
2007-жылы Социал-демократиялык партиясынан 4-чакырылышка депутаттыкка ат салышып, бирок ал учурларда Казакстандын жараны экендиги туурасындагы маалыматтардын аркасында БШК анын кандидатурасын шайлоодон алып салган. Айтмакчы, бул боюнча сотко дагы кайрылгандар болгон. Бирок, "мен Казакстандын жараны эмесмин" деген Өмүрбек мырза дароо эле өз далилдерин алып чыгып, жубайы казак улутунун кызы экендигин, Тараз шаарына иштөө үчүн барганда паспорту алмашкандыгын, кайра Кыргызстанга келгенде башка паспорт алгандыгын айтып, соттошконго чейин барды.
Ошентип, кайрадан тизмеге илинип, шайлоого катышып, депутат болоору менен эле Бабанов өз каалоосу менен депутаттыктан баш тартып, мандатын Роза Отунбаевага берген.
Деген менен ошол 2007-жылы Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына ат салышам деп турганда Казак Республикасынын ИИМи дагы анын Казакстандын жараны экендигин тастыктаган эле. Ошол учурлардагы маалыматтарга таянсак, Өмүрбек Бабановго тиешелүү эки документ болгон. Бири- жеке күбөлүгү (№000630739, выдано 14 ноября 1995 года, действительно до 20 мая 2015 года) жана кадимки эле атуулдук паспорту (№0138446, выдано 22 ноября 1995 года, действителен 20 мая 2015 года)
Эгерде документтерге ишенсек, Казакстандын жараны болгон Өмүрбек Бабанов Казакстандын Жамбул областындагы Жамбул районунда Ильич айылында жашап, Жибек Жолу көчөсүндө №96 үйдүн ээси делген. Ал тургай өзүнүн Н 049 BVM.Тойота камри автомобилин (1997-жыл) дагы Тараз шаарында, 2-Арычный переулогу, №85 үйгө каттаткан.

Кубатбек Байболовго жабышкан Ө.Бабанов
Бир канча жыл мурда жөнөкөй Кыргызстандыктар үчүн Бабанов деген ысым анча деле таанымал эмес болчу. Аны коомчулук деле тастыктаар. Акыркы жылдары гана теле менен гезит беттеринен түшпөгөн инсанга айланды. Айрым саясатчылардын айтуусунда Өмүрбек мырза коррупция менен күрөшүп жаткан чынчыл саясатчы катары көрүнгөнү менен кыска убакыттын ичинде баш айланта турган карьералык өсүшкө, иштен жогорулоого жетишкен. Анын мындай өсүшкө жеткендигине бир учурларда Кубатбек Байболов чоң жардам бергендигин, чоң акчага жетүү үчүн качан болбосун бийлик менен иштешүү керек экенин эрте түшүнгөндүгүн дагы кайсыл бир замандаштары айтып жүрүшөт. Чиновниктердин жакшы "крышасынын" алдында бензин куюуучу жайларды ачып, улам бизнеси өркүндөгөн сайын "крышалардын" да улам бийигине кол сунган экен.

Айдар Акаевдин камкордугу
Өз бизнесинин коопсуздугу үчүн биринчи президент жана анын уулу Айдарга да спонсор болгон ири бизнесмендердин катарында болгондугун да эл оозунан эшитсек болот. Мындай президенттин калкалоосунун алдында ал өз капиталын 35млн. АКШ долларына жеткирген деген дагы маалыматтар бар. Айдар Акаевдин достугунун аркасында америкалык "Манас" авиабазасына жол ачылып, чоң акчалардын келиши улана берген. Ошол учурларда "младоолигархтардын" катарындагы Өмүрбек мырзанын активдеринин катарына Жалал-Абаддагы пахтаны кайра иштетүүчү завод, Кайыңды кант заводу кирет. Анан Кыргызстанда НТС деп аталып, орустардын ОРТ телеканалынын берүүлөрүн кошо көрсөткөн телеканал ачылат.

Парламентке алгач
ким аркылуу келген?
Колдо турганда парламентке келүүгө неге болбосун. Азыр сарыэсеп салып караган адамга Бабановго колдоо көрсөтүп Акаевдер чоң жаңылышкан экен деп дагы ойлоого болот. Себеби, алар менен алакада жүрүп эле, кийин ким элең дегендей мамиле кылгандыгын тана албастыр. Айтмакчы, бир учурларда дос болгон Айдар менен март окуясынан соң бир гана смс аркылуу кол үзүшүп койгон дешет. Анан эле революционерлердин катарында пайда болуп, андан соң кайра эле оппозицияга баш урат. Бирок, оппозициянын катарынан да кандай кеткендиги элдин көз алдында болсо керек.

Мурат Суталинов жест
көрсөткөн 2006-жыл
Бул жыл да элдин эсинде. Митинге даярданып, автозаправкаларын орусиялык "Газпром" ОАОго 100 миллион долларга саткандыгы да ошол учурларда айтылган. Ал акчалардын канчасы каякка кеткендигин ким билсин. Бирок, бул акчаларынын көбүн так ошол Бакиев бийлигине каршы болгон оппозициядагылардын митингине жумшаган дешет.

Бакиев, Кулов, Суталиновдордун башы үчүн сыйлык
берем деген Бабанов
Бакиев-Кулов тандемин көтөргөндөрдүн бири болсо дагы эки жыл өтпөй тандемдин таасирин көрүп, таң калтырып сыйлык сайганы да кызык. Баса айтмакчы, аркы-берки жээкке өтө берип чарчаганда, баягы суу куюлган бөтөлкөлөр менен куулгандан кийин дым болгон. Анын үстүнө Атамбаев Премьер-министрликке барганда ага ыктап, СДПКга коркпой мүчө болгону да бар. Бирок…

Атамбаевдин
отставкасынан кийин
Атамбаев мынча тездик менен ээрден жылмышаарын күтпөсө керек. Бир топ убакыттагы ойлонуулары Өмүрбек мырзаны минтип кайрадан бийик креслолордун бирине келгендигине шарт түзгөндөй. Бул эми ал үчүн жаңы "крыша" деп айтсак да жарашчудай.

СДПКдан эмнеге кетти?
"Мен СДПКнын жетекчилиги менен сүйлөшүп, аталган саясий уюмдун катарынан өз каалоом менен кеттим. Мамкызматта туруп, оппозициялык уюмда мүчө болгонго укугум жок" деп билдирди Бабанов. Бирок, анысы менен СДПКчылардын бетине кичине болсо да көө жаап салды. Анткени Атамбаевден кийин эле бул партиянын аброю абдан эле эңшерилип калгандай болгон.

Аз күн мурда эле
"Кыргызстан коммерциялык банкынын" ээси болгонуна деле бир жыл толо элек. Жыл жаңыраары менен эле Бабанов бизнесмен В.Хондун бизнесин рейдерлик жол менен тартып алгандыгы туурасында кыргыз ишкерлеринин КМШ мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусу чыккандыгын да билип калган жайыбыз бар. Учурда соттук териштирүүлөр болуп жаткандыгын да айрым бир сайттар жазып чыгышты. Демек… Кыргызстандагы эң бай делген 100 адамдын катарына кирген Ө. Бабанов жөнүндөгү "ушактар" да тегин жерден чыкпагандыр деген ойго келет экенсиң.

Азыр да иштер көп…
Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында 135 шыктуу балдар үчүн Токтогул Бабанов атындагы академиялык-мектеп комплексин ачып жана каржылап жатат. Ошондой эле "Информационное будущее" коомдук фондунун мүчөсү.
"Эгер мен Кыргызстанга жардам бергим келсе, анда мен четте карап турбашым керек" деген вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов "2007-жылдын декабрь айындагы парламенттик шайлоодон кийин мен саясаттан кетип бизнес менен алектенүү туурасындагы чечимге келгенмин. Бир жылдан ашык убакытта мен ишкер жана бизнестеги өкүл катарында дүйнөдөгү финансылык кризиске байланыштуу өлкөбүздө кандай кыйынчылыктар күтүп жаткандыгын көрүп жана аткаруу бийлигине иштөөгө макулдугумду бердим. Албетте, бизнесте мен көп нерселерди жасай алдым деп ойлойм. Жумуш орундарын түздүм, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө салым коштум, андыктан мындай тажрыйба мамлекеттик кызматта да керек деп ойлойм" деди. Көрөбүз го.


Аида Асанбекова













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!