Колго түшкөн коенду кое берген оңобу?

Санта Клаустун Ала-Тоого көчүп келиши
Швед окумуштууларынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын тагдырдын тамашасы дейбизби же кокустук катары кабыл алабызбы? Айтор мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек. Бирок муну кыргыздын салтына туура келбейт деген консерваторлор да жок эмес. Антейин десек, туризмдин бир бурчун чоюп алууда кайталангыс мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып ийген болобуз.

Скандинавияда кадырлуу консалтинг компанияларынын бири болгон шведдердин Sweco компаниясы (www.sweco.se) атайын изилдөө жүргүзөт. Натыйжада Кыргызстандын аймагы эң ыңгайлуу деп табылат. Себеби, жаңы жылдын алдында Санта Клаус дүйнөдөгү ар бир үйгө белек берип үлгүрүү үчүн 1 млрд. км. аралыкты 48 сааттын ичинде айланып чыгышы керек, башкача айтканда ар бир үйгө 43 микросекунда убакыт бөлө алат. Швед математиктери жаңы компьютердик технологиялардын жардамы менен изилдеп, Санта Клаус планетадагы 2,5 млрд. үйгө үлгүрүү үчүн Кыргызстандан аттанып, жердин айлануу огуна каршы (Батышты көздөй) сапар алышы керек. Шведдердин айтымына караганда бул тек гана кокустук эмес, анткени маршрутту эсептөө алгоритминде калктын жыштыгы жана башка дагы көрсөткүчтөр эске алынган. Батыштын балдары ойлогондой Санта Клаус финндердин Лапландиясынан аттана турган болсо, анда дүйнө балдарына белек берүүгө дегеле үлгүрө албай калат. Андыктан Кыргызстандын тоолору оптималдуу аймак катары таанылды.

Берем деген кулуна, белен кылат жолуна
Бул сөздүн калети жок белем, он беш жылдан бери туризм тармагын түзүгүрөөк рекламалай албай келаткан элек, эми минтип тагдыр өзү жылмайып отурат. Швед компаниясынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы чыгаары менен жаңылык бүткүл дүйнөгө дүң дей түштү. Алгач 3-декабрда Associated Press агентигинин жаңылыктар түрмөгүнө жарык көрөт. Мына ушундан тарта дүйнөлүк турне старт алды дей бер: BBC, CNN, FOX News, USAToday, Reuters, Independent, Al-Arabiy жана башка дүйнөлүк алдыңкы маалымат агентиктеринин билдирүүлөрүнөн орун алат. Планетадагы баардык балдар, ал гана эмес чоңдор да көңүл буруп күтүп келген каарманы тууралу алдыңкы ММКлар Кыргызстанды кошуп жар салып жатса кантип ичиң жылыбайт. Потенциалдуу туристтердин бир канча бөлүгү ушундан улам Кыргызстанга назарын салды десек да жарашат. Анткени былтыркы Санта Клаустардын биринчи фестивалына ондон ашык өлкөнүн делегаттары, анын ичинде орустардын Улуу Устюгунан Дед Мороз, ирандан Хаджи Фируз, Өзбекстандан Корбобо жана Казакстандан Аяз Ата келген. Планетанын эң башкы Санта Клаусу - Санта Клаустардын Европалык конгрессинин президенти датчан Роберт Рослан келип, Кыргызстан тууралуу алгач ирет Санта Клаустун жардамы менен билип отургандыгын моюнга алган. Робертти географияны билбейт деп анын сабатына баа берип эмес, Санта Клаустун кадырына баа бергенибиз оң. Аяз Ата - Дед Мороз, Санта Клаус Крисе Крингл, Шэн Дань Лаожэнь, Йоулупукки ал гана эмес Корбобо да дүйнө боюнча келишин чыдамсыздык менен күткөн жомок конокторунун бири. Орустар анын белектерин балатынын астынан англичандар менен ирландиялыктар байпактарынан, испандыктар балкондон, ал эми немецтер терезе тактасынан издешет.
Бул долбоордун өлкөгө бере турган пайдасы тууралу айта турган болсок, ICSER Бишкектеги социалдык-экономикалык көз карандысыз иликтөөлөр борборунун генералдык директору Евгений Ермаковдун эсебинде Кыргызстан "Санта Клаус" брендинен 2009-жылга карата бери дегенде жыл сайын 200 млн. доллар экономикалык пайда алып келиши мүмкүн. Буга чейин Кыргызстанга жыл сайын 2 млн. турист келип турган болсо, Ермаков мырзанын айтымына караганда бул жылы дагы бир миллионго көбөйүшү мүмкүн. Ал эми айрым байкоочулардын баамында Санта Клаус кыргыз туроператорлорун "сезондук оорудан" куткарды. Буга чейин кыргыздар жай айларында гана, айрыкча Ысык-Көлдүн жардамы менен гана жайкы туризмдин учун чоюп келишкен болсо, Санта Клаустан улам кышкы туризм күч алмакчы. Буга далил катары учурда Караколдогу лыжа базасында бир дагы бош орун жок экендигин белгилесек болот. "Ak-Sai Travel", "Достук Trekking", "Tien-Shan Travel" ишканаларынын маалыматтарына таянып тоо туризми, альпинизм да өнүгүп жатканын айтсак болот. "Саякат Туризмдин" менеджери Адаева Алинанын айткандарына таянсак Франция, Улуу Британия, Голландия, АКШ, Япония, Россия, Казахстан, ошондой эле Бельгия, Бразилия, Германия, Индия, Испания, Канада, Португалия, Польша, Швеция, Швейцария, Чехия, Түштүк Африка, ал гана эмес Жаңы Зеландия, Сингапур жана Австралиядан бери туристтер келишет. Анткени Кыргызстан региондогу "жети миңдик" үч чоку, башкача айтканда Жеңиш, Ленин жана Хан-Теңири жайгашкан жалгыз өлкө. Аты коюла элек чокулардын бирине Санта Клаустун ысымы ыйгарылса альпинисттердин көңүлүн кантип бурбай койсун? Биринчиден Улуу Жибек Жолунда жайгашкан, экинчиден эң бийик болгон чокуларга болгон саякат: Жеңиш - 1100 -1180, Ленин - 600 - 695 жана Хан-Теңири - 1100 бааланат. Бул тоолор үчүн каражаттын көзүнө карабайм дейт Англиялык турист Джон Белл. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашовдун айтымында 2008-жылдын негизги жетишкендиги катары Кыргызстандын "Lonely planet" журналына туристтик өлкөлөрдүн тизмесинине кошулганын алсак болот. Турусбек Мамашов: "Бул журнал дүйнө жүзү боюнча таркатыла турган белгилүү журнал. Ал өзүнүн окурмандарына саякат үчүн дүйнөнүн 22 өлкөсүн сунуштаган. Анын ичинде Кыргызстан да бар. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанды тандашкандыгын баса белгилегим келет" дейт.

"Кыргызстан Санта Клауска мекен эмес"
же Санта Клаусту коңшуларыбыз талашканда
Учурду пайдаланып калалы деп бирөөлөр жанталашып жатса, кай бир туугандарыбыз Санта Клаусту атам да тааныбайт, балам деле тааныбай эле койсун деп да чыгышты. Улуттук сезимдерге бөлөнгөн замандаштарыбызды да түшүнсө болот. Бирок, коңшуларыбыздын ичтери күйүп, "жок дегенде алтымыш километр берирээк болгондо кыргыздар эмес, биз жыргамак экенбиз" дегендерин кантебиз? Мисалы казактын айрым басылмалары ("Эксперт Казакстан" автор Виктор Глумсков) бул бренд үчүн кыргыздар Казакстанга ырахматын айтышы керек деген таризде жазып чыккан. Анткени шведдер Кыргызстанга кызыкпайт имиш. Бул долбоордун кеңири тарап кеткенине комедиялык персонаж Бораттын эмгеги чоң экен. Себеби, Бораттын мекени болгон Казакстандын Кыргызстанга жакын болушу долбоорду изилдеп чыккан окумуштуулардын биринин кызыгуусун жараткан. Натыйжада, Sweco компаниясынын адистери бул иликтөөнүн жыйынтыгын коомчулукка жарыялоону туура табышкан экен. Уай, баурдастар оой, өпкө дегенден силерде чындап эле таптакыр дайын жок экен да, э!? Антпесе, шведдер эригип отуруп Санта Клаусту илимий түрдө иликтеп, толгондо да Борат үчүн дүйнөгө дүңгүрөткөн болуп калабы? Баса, Скандинавияда татыктуу орду бар Sweco эмес, жергиликтүү башка компания болуп калганда кантмекпиз? 12 жылдан бери Кыргызстанда туризм тармагында алектенип келаткан "Асман тоолору" ЖЧКсынын генералдык директору Йен Клейтор "Санта Клаустун үйү Кыргызстанда деп айтуу кыйын. Анткени европалыктар менен америкалыктар канча деген жылдардан бери Санта Клаусту Лапландияда жашайт деген стереотип калыптанып калган. Салтты бузуу оңой эмес. Андыктан Сантанын үйү Кыргызстанда деген болбойт. Андан көрө Кыргызстанда анын базасы бар десек абдан жакшы жарашкан турат. Google системасында узак убакытка чейин Кыргызстан деп сурасаң Санта Клаустун жаңы үйү тууралу маалыматтар берилип жатты. Бул тууралу Кытайдан АКШга чейин, Англиядан Турцияга чейин макалалар жарык көрүп атты. Бул да болсо Кыргызстан үчүн жакшы жетишкендик" дейт.

Санта Клаустардын саммити
Былтыр Санта Клаустардын биринчи фестивалы болгон. Бирок анда кыска убакыт жана тажрыйбанын жоктугу фестивалдын сапатына өз таасирин тийгизген. Ал эми быйылкы экинчи фестивалга мамлекеттик деңгээлде даярдыктар көрүлүп жатат. 6-февралда расмий түрдө Бишекекте ачылган саммит 8-февралда Каракол тоо-лыжасынын базасында аяктамакчы. Конокторду тосуп алуу милдетин толук бойдон туризм агенттиги мойнуна алып, ал гана эмес виза, транспорт, мейманкана, тамак-аш маселесин да чечебиз деп чамынып турушат. Санта Клаустардын филармонияда ачыла турган дүйнөлүк саммитине Кыргызстан балдары кыялданып элестеткен Аяз Атасы - президент Курманбек Бакиев да катышкан турат. Аяз Аталарга ал күнү Кыргыз Республикасынын президентинин атынан атайын кечки тамак уюшулат. Фестивалдын калган бөлүгү Ысык-Көлдө Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордодо" уланат. Бул жерде Санта Клаустардын дүйнөлүк саммитинин жана катышычууларынын атайын кайрылуусу болмокчу. Аяз Ата же Санта Клаус жомок персонажы болгону менен алардын кайрылуусунда өзөктүү маселелер орун алат. Оюн-зоок, театралдык концерт менен коштолгон фестивалдын жүрүшүнө дүйнө эли назарын салып турмакчы. Фестивалдын жабылуу аземи Караколдо тоо-лыжа базасында болмокчу. Туризм тармагында алектенген адистердин айтымында эми туристтердин санына эмес, сервистин сапатына басым жасалышы керек. Антпесе Корбобо айтмакчы "бомайды"!
Мирбек Элчиев













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!