Эсимде

Жумгалбек Аманбаевдин сөөгү Исхак Раззаковдун жанына коюлуп калышы мистикабы
же...
2005-жылдын 14-февралында кыргыз эли өзүнүн чыгаан уулу, Кыргызстандын 1950-жылдан кийинки 40 жылдык тарыхында: И.Раззаков, Т.Усубалиев, А.Масалиевден соң республиканы башкарган коммунисттик партиянын акыркы жетекчиси, тагдыр жолунда оомат бийиктиги менен оомат трагедиясын бирдей баштан өткөргөн 60 жаштагы ишкер Жумгалбек Бексултанович Аманбаев менен коштошуп жатты.
Коштошуу аземи Кыргыз академиялык драма театрынын имаратында болду. Жүздөгөн жана жүздөгөн (!) кишилер чын жүрөгүнөн аза күтүп, өктөлүү өмүрдүн өксүткөн кайгысын көңүлдөрүнө толтурду. Эң соңку мүнөт, эң соңку ирмемдеги эң кыйын иш-чара - коштошуу митингисиндеги нечен-нечен маркумдун кадырын жана эмгегин көтөрүп айтылган сөздөр, нечен-нечен ачык жана тымызын сүртүлгөн аёолуу көз жаштар, нечен-нечен жерге ныгыра тебеленген сигареттер...
Жумгалбек Бексултановичтин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө Исхак Раззаковдун жанына коюлду. Бул да абдан таңкалычтуу көрүнүш болду: коммунисттик доордун эки залкар адамы, бири - 1950-жылы биринчи жетекчи болсо, экинчиси - 1990-жылы ооматын жандырып, ортодогу тарыхый аралык туура 40 жылды түзгөн, анан бири - 1961-жылы бийликтен түшсө, экинчиси - 1991-жылы түшүп, ортодогу мезгилдик ажырым туура 30 жыл менен өлчөнгөн өз эли-жеринин татаал жазмыштуу, кайчы бактылуу, жүрөктөрү ак патриоттору...
***
Кезегинде мен, журналисттик өжөрдүккө салып, "диссидент" Ж.Аманбаевдин оозунан анын өмүрүндөгү урунттуу окуяларды, айрыкча, Ысык-Көл, Нарын бириккен кездеги жетекчилик иштерин, 1990-жылдагы биринчи президенттик шайлоого катышкан учурун, Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы, КПСС БКнын Саясый бюросунун мүчөсү болуп туруп, 1991-жылдагы айтылуу ГКЧП күндөрүндөгү ролун, дагы тура түшүп, 1995-жылы кайрадан президенттик шайлоого аттанган кадамын жана андан кийинки куугунтукка алынган "драмаларын" сурамжылап угуп, аларды ошондой "стол үчүн" кол жазмага айлантып, көлөмдүү китеп түрүндө даярдап койгонума азыр да сыймыктанам.
Мезгилинен эрте жаралып, бирок турмуш чындыгын ак дил, терең чечмелөө менен өзөгүнө камтыган ал китеп "МЕЗГИЛ СЫНАГАН ЧЫНДЫК" деп аталат.

Мындай карасаң, жараткан аны туулган күнүнөн эле бешенесинен сылап, эркелетип койгондой таасирде калтырат.
Интеллигенттик үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келип, чоң ата, чоң энесинин колунда чоңоюп-өсүп, алты жашынан мектеп босогосун аттайт да, аны 16 жашында бүтүрүп чыгат. 21инде Кыргыз айыл чарба институтунан зоотехник деген адистик алат. Ушул эле куракта сүйүктүү устаты Султан Ибраимов менен алгач ирет таанышып, анын колдоосу менен 26 жашында Ош областтык мамлекеттик асыл тукум мал өстүрүү станциясынын директорлугуна дайындалат. 33үчүндө Алай райкомунун биринчи катчысы, 35инде Ош обкомунда айыл чарба маселелери боюнча катчынын кызматына келет. Жигиттик баралына толгон 40 жашында Кыргызстан КП БКнын катчылыгына, 43үндө Ысык-Көл обкомунун биринчи катчылыгына шайланат да, 45ке келгенде Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы жана КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү (биздин республикадан биринчи жолу) болот. Республиканын жана СССРдин эл депутаты да болуп жүргөн.
Тагдыр жолу ар дайым өр, күтүлбөс. Эгер саясат "баткагын" ийлеген жетекчилик ишке аралашпаганда, сөзсүз, кой тармагы боюнча аты далай жерге угулган чыгаан окумуштуу болмок экен.
Тээ, Кыргыз айыл чарба институтунда окуп жүргөн студент курагында эле, Лущихин, Ботбаевдей залкар илимпоздор өстүрүп чыгарган уяң жүндүү жана Алай тукумундагы койлордон өзгөчөлөнгөн жарым уяң жүндүү жаңы породаны өркүндөтүүгө жанын таштап киришет. Селекционер жубайлар Друженьковдордун илимий жетекчилиги менен Тянь-Шандагы "Лахол" мал чарба, тажрыйба станциясында көп жолу практикадан өтөт. Анан окуусун аяктагандан кийин дал ушул чарбада зоотехник болуп эмгек жолун баштайт.
1966-жылы аталган чарбада жаңы тукумдагы тубар койлордун саны 50 миңден ашып, ар жүз тубарынан 105тен козу, ар бир койдон 4 килограммдан жогорку сапаттагы жүн алынган экен. Мал киндиктүү Тянь-Шань койнундагы чарбада буга дейре өндүрүмдүү деп саналган англиялык койлордун көрсөткүчүнөн ошентип озуп кетишет. Станция өкмөттүк жогорку сыйлык - Ленин ордени менен сыйланат...
Ордендүү чарбанын жаш адиси ошол учурда Кыргызстан КП БКнын айыл чарба маселелери боюнча катчысы Султан Ибраимовдун назарына түшүп, жакын таанышат.
***
Арадан көп өтпөй, айыл чарба институтунун аспирантурасында билимин улантат. Профессор В.Линин жетекчилиги астында "Тамак сиңирүүнүн физиологиясы" деген темада диссертациясын ийгиликтүү коргоп, биология илимдеринин кандидаты деген наамга ээ болот. Илимге биротоло баш коюп, эми докторлук диссертациясынын үстүндө жигердүү иштей баштайт. Бирок, аңгыча, Кыдырдай көрүнгөн Султан Ибраимовдун Ошто чогуу иштейли деген даанышман чакырыгы...
Мына ушул - жаңы оомат босогосунан аттатып өткөн Султан Ибраимовичтин колдоосу жөнүндө ыраматылык Жумгалбек Бексултанович убагында мага кенен отуруп буларды айтып берген эле:
"... 1971-жылдан баштап, Султан Ибраимович дүйнө салып кеткенче насиптеш болдум, чогуу иштештим. Мени аябай жакшы көрөөр эле, айыл чарба иштери боюнча кеңешчи катары жанынан чыгарбай, чогуу ала жүрчү.
Мал чарба станциясында директор болуп эки жылча иштеп калдым. 1973-жылдын бир кечинде Султан Ибраимович телефон чалып, мени обкомдун айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгына чакырды. Бул жакта илимдин кандидаты делип 360 сом маянам бар эле, обкомдо айлык 160 сом экен деп ачык айтып кайрылсам, кайран киши:
- Жумгал, сен кыргызга керек бала экенсиң. Тилиң да иштейт экен, башың да иштейт экен. Мени жакшылап укчу. Айлыкка кызыкпай, элдин эртеңине кызык. Сенин келечегиң алдыда, - деди.
- Станцияда жакшы идеяларым, пландарым бар эле, Султан Ибраимович.
- Ошол идеяларыңды бүт областка, кыргызга жайылт, элдин керегине жараган умтул, - деп кишинин жүрөгүн элжиретип сүйлөдү.
Анын бийик адамкерчилигин, жөнөкөйлүгү менен даанышмандыгын кантип айтпай коё алам? Чындап келгенде, бул үч касиет тең бири-бирин толуктап, Султан аганы мезгилинен жана замандаштарынан озгон инсан катары көрсөтүп турчу.
Аны менен иштеш абдан жанга жагымдуу эле. Нечен-нечен менмин деген чоңдор менен катар иштештик. Көпчүлүгүндө чиновниктик мүнөз болгондуктан, айрым учурда, алдына барганда айтар оюбузду жөндөп түшүндүрө албай, өзүбүздү жоготуп койгон кездер көп болду.
Деги бир адамдын көңүлүн калтырбаган, пайгамбар сымал киши эле. 12 жыл жанында жүрдүм, "жакшынын шарапаты" дегендей, Султан агадан жалаң гана жакшы нерселерди үйрөндүк. Адамды ар качан ишке чакырган, иштөөгө энергия берген "стимулятор" эле.
1978-жылы республиканын Жогорку Кеңешинин Президиумунун Төрагасы болуп ишке киришкенде, мен партиянын Алай райкомунун биринчи катчылыгына шайландым. Жарым жыл өтө электе Өкмөт башчылыгына көтөрүлдү. Ошол жылы Алайда жер титиреди. Алайлыктарга кылган жакшылыгын кылым бою айтып түгөтө албайм. Өзү чуркап жүрүп Москвадан 50 млн. сомду (1 сом - 0,72 долларга барабар кездеги 50 млн. сомду!) жер титирөөдөн жабыр тарткандарга бөлдүрдү. Мына ошондон көп өтпөй, Гүлчө - Сары-Таш - Дароот-Коргон ЛЭПин курдук. Райондун мал чарбачылыгы бутуна турду.
Султан ага тирүү болгондо, эл аны өзү эле БКнын биринчи катчылыгына коюп алмак. Жанагы кайра куруу деген неме келип, СССР тарагандан кийин ал өз парасаты, алыс-жакынды тең караган айкөлдүгү, ишкердүүлүк, даанышмандыгы менен Кыргызстанды былк эттирбей жетектеп, рынок шартындагы баш-аламандык, көзү жок кыйратуучулукка жол бермек эмес. Эл жакшы жашамак!.."
***
1999-2001-жылдар аралыгында жазылып бүткөн жана башка дагы документалдуу материалдар (басма сөз макалалары ж.б.), каарманыбыздын өзүнүн белгилүү замандаштары, эмгек жолунун айрым учурлары тууралуу макалалары менен толукталган исповеддик китеп - "Мезгил сынаган чындыкта" чындык атын көзгө сайып көрсөткөн көп "көмүскө" окуялардын көшөгөсү ачылган. Алар менен зирек окурман өзү кылдат баам жүгүртүп отуруп таанышып чыгаар.
"Эр кишинин башына нелер келип, не кетпейт" дегендей, ошол сан окуялардын ичинен, 1991-жылдагы август "драмалары" Жумгалбек Аманбаевди өзгөчө тарых билбеген татаал сыноолорго бетме-бет койгон. Анын эл деп жасаган ак ниет ишинен "криминал" издеп, мүлдө СССРдеги ГКЧПны Кыргызстан гана көргөндөй чуу салган жана ал үчүн Ж.Аманбаевди гана күнөөлөп, соттотуп ийүүнү самаган "демократтардын" куугунтугуна алынган. Бирок, иши ак экен, күнөөсү жогунан соттотууга негиз таба алышпады, соттотконду кой, кайра аны иштеп келген Ысык-Көл областынын шайлоочулары Жогорку Кеңешке болуп көрбөгөн триумф менен депутат кылып шайлашты!
1993-жылдын аяк чени... Республиканын Премьер-министрин шайлоодо Ж.Аманбаевдин расмий рейтинги (Жогорку Кеңештин сессиясына колго салынган) 15 атаандашынан ат чабым ашып түштү, бирок "партократтар үйүрүнөн" болсо да, Чүй кланынын (!) өкүлү болгону үчүн гана, рейтинги төмөн калган Апас Жумагуловду Премьер-министр кылууга аргасыз болушту. Өкмөттү башкарып, өлкөнү кризистен чыгарып кетүүгө биринчи татыктуу, элдик киши ошентип көлөкөлө басылып, өз алдынча бийлиги жок вице-премьердин (айыл чарба маселелери боюнча) кызматына сунуш кылынган.
Ал эми 1995-жылдагы президенттик шайлоо "эпопеясы" тууралуу каарманыбыздын баяндоосунан кыскача үзүндү бере кетели. Ал мындай:
"... Шайлоого катышпай койсом деле болмок, бирок элдин оор турмушуна байланыштуу себептер ошондой чечимге барууга аргасыз кылды.
Билип эле турдум: коопсуздук комитети, ички иштер министрлиги, область, район, шаарлардын акимдери, кыскасы, бүткүл мамаппарат күндүр-түндүр "иштеп" жатты. Мага ар түркүн тоскоолдуктар уят-сыйытсыз эле жасалды.
Мына ошого карабай, мени президенттикке талапкер кылып көрсөтүү үчүн зарыл болгон 50 миңдин ордуна 500 миңдей кишинин колу чогултулду. Ал чогулган кол райондорго пропорционалдуу бөлүнүшү керек дешти эле, аны да жасадык. БШК баягы 500 миңдин ордуна 120 миңи эле жетет деп, каттоодон өткөрүп, президенттикке талапкердин күбөлүгүн берди.
Кызык шайлоого бир жума калганда башталбаспы. Мага, М.Айбалаев менен Ө.Текебаевге кол чогултканда мыйзам талабы бузулган деген айып коюлду да, шайлоого киргизбей коюшту. Тигил экөө 50 миңден кол чогултушкан экен, 120 миң колу бар мени болсо, Ысык-Көл, Талас, Нарындан кол жетпей калган деген жалган жалаа менен четтетип салышты.
Тарыхка кызыккандар иликтеп көрүшсө болот, биз үчөөбүздү шайлоодон чыгарып салуу жөнүндө БШКнын эч кандай чечими жок! Конституция, шайлоо жөнүндө мыйзам бузулган. Расмий талапкер деген күбөлүктү алган, шайлоого активдүү даярданып жаткан кишини атаандаштыктан чыгаруу Жогорку соттун эмес, а Жогорку Кеңештин чечими аркылуу гана жасалышы мүмкүн эле..."
Жумгалбек Бексултановичтин ошондогу муңайым элеси эч качан жүрөгүмдөн өчпөс!
Бирок, Библияда айтылып келгендей, эч бир нерсе изсиз-дайынсыз кетпейт эмеспи.
***
Ырас, ар ким бешене-тагдырга жазылганын көрөт. Эгер ушул жөрөлгөгө бекем ишенсек, анда инсан катары да асыл агабыз заман агымын тайманбай жиреген абдан бактылуу, даанышман киши экен!
Жумгалбек Бексултанович эч качан досторун жана бирге иштегендерин саткан эмес, ар качан ишенимге бек жана ырыскысына каниеттүү жашаган.
Мүнөзү ачык, тамашакөй, эгер жылдызы келишсе, уруусу, улуту, жердештиги ж.б. карабай, кимди болсо да канатына каткысы келген, "ачуусу бар, кеги жок" кенен инсан болчу.
"Жумгалбек Аманбаев кандай адам эле?" - деп сураган соңку муундарга, көкүрөктөн муң, көздөн жаш агызып туруп, муну айтабыз: "Кыргыз эли мындай даанышман, намыстуу уулун жоготуу менен мүлдө Ала-Тоо койнун шапатасына сугарган Ысык-Көлдүн бир азоо толкунун серпилген жолунда иримге түшүрүп өксүтүп алгандай кайгыга баткан күн болгон!.."
Зирек жандар түшүнөөр.
Мундузбек ТЕНТИМИШЕВ,
"МЕЗГИЛ СЫНАГАН ЧЫНДЫК"

P.S. "Асман пресстин" "Эсимде" аттуу рубрикасынын алдында Кыргызстандагы көзү өтүп кеткен бир катар көрүнүктүү инсандарыбыздын жубайларынын эскерүүлөрү жарыялангандыгын жакшы билесиздер. Бул ирет биз Жумгалбек Аманбаев туурасындагы журналист М. Тентимишевдин китебинен үзүндүлөрдү жарыяладык. Ал эми Жумгалбек аганын жубайы Айнагүл эженин маеги кийинки сандарыбызда жарыяланмакчы.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!