Дуэт

Ушундай аталыштагы рубрика ачтык. Алгачкы конокторубуз "Менин сүйүум", "Махабат багы" ж.б. ырлары менен элдин калың катмарына таанымал ырчыларыбыз Айбек Карымов менен Гүланда болду.
Айбек Карымов бир сыр айтам дейби?..
- Айбек байке, жалгыздап ырдаган жеңилби же дуэт мененби?
Айбек: - Дуэт ырларында негизинен эки адамдын ортосунда сүйүү даңазаланып ырдалган да. Бизде бул жанр илгертен эле калыптанып калган. Бирок, а кезде алым сабак деп аташчу, азыр замандын талабына ылайык дуэт деп атап албадыкпы. Талым кыз менен Көбөктүн, Раймалы менен Бегимайдын, Жеңижок менен Көксулуунун алым сабактары азыркыга чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Демек, ырды, өзгөчө сүйүү темасындагы ырларды жалгыз ырдабай, дуэт менен ырдасаң элге жеткиликтүү угулат. Сүйүү жөнүндө эки адамдын музыка тили менен баарлашуусу угарман, көрөрмандарга да кызыктуу болуш керек.
- Улуттук колоритте ырдап жүрүп, эмне болуп эстрадага ооп кеттиңиз?
Айбек: - Ооба, мурунку ырларым нукура-фольклордук, улуттук колориттеги ырлар болчу. Балким, биздин шоу-бизнестеги баш аламандык болбогондо мен ушул багытта кете бермектирмин. Бирок, өзүңөр байкагандай кийинки күндөрү ырдаганды билген, билбеген деле жаштар чыгып, сахна чаң тополоңдун астында калбадыбы. Бирок, замандын талабы, азыркы жаштардын табити да ушул жолго алып келди. Ошого ылайык мага да аларга туруштук бере турган чыгармалар менен иштөө керек болуп калды.
- А Гүланданы кантип таап алдыңыз?
Айбек: - Мен жаңы жаза турган эстрада жанрындагы ырларымды мурда бирге ырдап жүргөн Гүлзат Байзакова менен ырдасам болбой калмак. Анткени бул жанр анын үнүнө, стилине да туура келбейт. Эже менен ырдаш үчүн кайра эле мурункудай ырларды жазыш керек болчу. Анан эстрадалык багытта жакшы ырдаган кыздарды байкап жүрдүм. Гүланданы бир-эки тойдон көргөм, байкасам перспективасы жакшы. Бирге ырдайлы деп сунушумду киргизсем, жок деген жок. Экөөбүз ырдап чыккан алгачкы "Менин сүйүүм", "Махабат багы" аттуу чыгармалырыбыз жана мен айткан, шоу-бизнестеги баш-аламандыкка туруштук бере алды десем болот.
- Гүланда, сен кантип бирге иштешип калганыңарды кененирээк айтып өтсөң?
Гүланда: - Мен анда Политехникалык университетте окуп жана кафе-ресторанда да ырдап жүргөм. Эшенкул деген белгилүү тамада менен тойлорго барып калчумун. Айбек байке менен эки жолу ошол кезектеги тойлордон көрүп калганым болбосо, таанышкан деле эмеспиз. Бир күнү телефонума бирөө "Мен Айбекмин, сени менен сүйлөшөйүн дегем" деп чалды. Мен той боюнча сүйлөшө турган адам го деп университеттин алдына токтоп турган машинанын жанына барсам, астында Айбек Карымов отурат. Ошондо биринчи жолу таанышып, "чогуу ырдайлы" деген сунушуна макулдугумду бергем. Эртеси күнү Айбек байке мага өзүнүн ырлары жазылган кассеталарды "Гастролго чыгабыз, ырларды жаттап даярдана бер" деп алып келип берди. Жарым айдай даярданып, өзүнүн мурда ырдалып жүргөн ырларын кайрадан биргеликте жаздырып бүткөн соң алгачкы гастролго Таласка кеттик.
- Эң алгачкы гастроль кандай таасир калтырды?
Гүланда: - Гастролго чыкпаган жаным гастроль десе башкача сезилген. Чакырган жерге барып УАЗ автомашинасын көрүп эле айнып калсам болобу. Музыкалык аппараттын баары машинада жүктөлгөн. Эмнегедир машинага түшкүм келбей баштады, үшүгөнүмдү да сураба. Ошентип, кыйылып жатып машинага түшүп, жол жүрүп бараттык. Бир аз жол жүргөн соң токтошуп, ичиндегилердин баары түшүп кетишти. Машинанын ичинде жалгыз үшүп отуруп, эч ким жоктон пайдаланып түшүп туруп, качып кетсемби деп да оюм бузулду. Анан ырларынын көбү мени менен жазылып калганын эстеп айлам жок унчукпай отуруп калдым. Таласка барганыбызда да ал жак суук, чоочун жер. Эптеп чыдап жүрүп кайра Бишкекти көздөй жол тартканда машинабыз бузулуп жолдо калып, иши кылып мага гастроль деген нерсе таптакыр жаккан эмес. "Ии, "гастролго чыгабыз" деп качан айтаар экен" деп жүрүп эле эмне болуп көнүп кеткенимди билбей калдым.
- "Менин сүйүүм" аталыштагы алгачкы ырыңар кантип жаралды эле?
Айбек: - Бирөөнү сүйүп калып жазгам. Сөзү да, обону да өзүмдүкү. "Кайгысы жок жүрөктөн каалагандай ыр чыкпайт" дегендей, мен бирөөнү сүйбөсөм же кайгырбасам мындай ыр жаралбайт болчу. Качан адам катуу кубанганда же кайгырганда же сүйгөндө өзгөчө кайрыктар жаралат. Мен азыр жазам, жазышым керек деп отурганда жасалма болуп калышы мүмкүн.
- Дуэтиңерге канча жыл болду?
Гүланда: - Быйыл төртүнчү жылга карады.
- Бизде мындай узакка иштешүү чанда кездешет эмеспи. Ал эми Айбек менен Гүланданын дуэт союзунун бекемдигинин сыры неде?
Гүланда: - Мен кетейин десем эле улам жаңы ыр жазылып калат. Жаңы жазылган жакшы ырларды кыя албай улам узарганы узарып барат.
- Жалгыздан чакырып калган тойлорго өз-өзүнчө бара бересиңер да?
Айбек: - Ортодо кагаз түрүндө жазылган "Мындай, тигиндей болуш керек" деген келишимибиз жок болгондуктан, кимибизди чакырса жалгыздан деле бара беребиз. Анан "Жок,биз дуэт ырдашыбыз керек" дей берсек болбойт да. Ар бирибиздин жашоо-шартыбыз бар дегендей.
- Гүланда жеке концертин 21-мартта Спорт Ордосунда өткөрөт экен деп уктук. Жаңы дуэттерди жазып жатасызбы?
Айбек: - Бул концерт Гүланданын жеке концерти болгондуктан, көбүнчө ырларды өзүнө ылайыктап жазып жатам. Өзүм концерттин эң акыркы номерине эле бир жолу ырдап чыгам. Жыйынтыктоочу гана ырыбызды бирге ырдайбыз. Ал дуэтти азыр жаза баштадым. Ошол ыр менен айтылчу бир сырым бар. Буюрса, угасыздар.
- Гүланда, концертке даярдыгың кандай?
Гүланда: - Даярдык жакшы эле жүрүп жатат. Азыр алгачкы этабы рекламалык, техникалык жагын даярдап жатабыз. Жаңы-жаңы ырлар жазылып жатат. Концерттин өзгөчөлүгүн айтпай эле койгонум туура болоор. Анткени, "Мындай кылам, тигиндей болот" деп айтып алып, ошол деңгээлге жеткире албай калсам күйөрмандарга калпычы болуп калам.
- Ырды кантип тандайсыңар, бири-бириңер менен кеңешесиңерби?
Айбек: - Менин көңүлүмө жаккан ыр колума тийип калса, " "Таа-к бул мен ырдай турган ыр экен, бул ыр кызга ылайыктуу экен, муну Гүланда ырдаса болот. Бул ырды дуэт менен ырдасак болот" деп бөлөм. Анан албетте, чогуу отуруп талкуулап, кеңешебиз. Бирок, акыркы күндөрү ырга болгон табитим жоголуп баратабы же акындарыбыз өтө эле майдаланып, "слабый" жазып жатышабы, билбейм. Акыркы учурларда обон жаза турган тексттер чанда кездешчү болду. Жакшы текст өзү эле обончунун сезимин кытыгылап турат. Жакшы текст өзү эле обон сурайт. Кандай гана аспап алып бир эле кыңылдап алсаң, анан ыргак өзүнөн-өзү уланып кетет. Акыркы күндөрү ушундай обон сураган тексттерге жолуга албай жүрөм. Бир нерсени төлгө кылып койдум, бир күнү кокусунан эле комузум мойнунан сынып калды. Ошондон кийин байкасам жарытылуу ыр жазбапмын. Гастролдон келип гитара менен комузумду машинадан алып, үйдүн коңгуроосун баса койойун десем, комузум мойнунан сынып калды. Таң калдым, коңгуроону басканга эч кандай күч деле кеткен эмес. Ошол сынган боюнча комуз үйдө жатты, башка комуз алайын десем, же жакшы комуз таппайм. Анан жакында ошол комузумду оңдотуп алдым эле бир-эки ырга жакшы обон жаралгансыды. Бактыгүл Сейитбекованын "Кусалык" деген ыры менен Лариса Асанбекованын сөзүнө жазылган "Кызганбачы" деген ырына обон жараттым. "Кызганбачынын" обону жарала турган күнү, түнкү саат үчкө чейин уктай албай койдум. Ары-бастым, бери бастым, компьютер чукуладым, анан колума "Арзуу" китебин алып ачып, ошол текстти окуп атсам, ичимден кайрыктар өзүнөн-өзү кошо жарала баштады. Негизи эле акыркы күндөрү жакшы акындар менен саякатка болбосо дагы Көл жээгине баргым келип жүрөт. Убагында Д. Садырбаев, Т. Казаков , А.Керимбаев, А. Өмүркановдар жоро-жолдош болуп, туруп-туруп эле кеттик деп илхом издеп алыскы сапарга жөнөшчү тура. Ошондон улам акын менен обончу сырдашканда сонун ыр жаралат турбайбы дейсиң. Ушундай чыгармачыл эргүүлөр биздин арабызда болсо сонун болоор эле деп ойлоп коем. Көл тарапка дегеним Каныбек Иманалиевдин калемине таандык "Анда жалган", "Саманчынын жолу" "Күтүү үмүт" аттуу хит ырларым Көл жээгинен жаралган.
- Айбек байке, буга чейин көп эле кыздар менен дуэт ырдап жүрдүңүз. Алардан Гүланданын өзгөчөлүгү эмнеде?
Айбек: - Мен өзүм менен ырдап чыккан кыздарга гана эмес, жекече ырдап жүргөн ырчы кыздарга ырларымды берип жүрөм. Аларга ыр берип жатып, кимдин ырдоо мүмкүнчүлүктөрүн канчалык экенин билем. Мен өзүмдүн буга чейинки солисткаларымды "бул жакшы ырдачу, тиги жаман" деп айта албайм. Эми ар кимдин үнүндөгү кооздук, тембр ар башка да. Ал эми Гүланданын өзгөчөлүгү аракетчил, мени "Мындай форма ал, чачыңды мындай кылып алсаң болмок" деп айттырып майда-чүйдө нерселер менен убаракерчилик тарттырбайт. Мен бир ыр жараткан болсом ошол ырга кийимин, чачын ылайыктап жасанып, өзү менен өзү алектенип, өзү менен өзү жүрө берет. Мен мурдагы солисткаларыма "Формаңа, чачыңа" деп өзүнчө акча бөлүп берген да күндөрүм болчу.
- Сизге жаккан кыргыз шоу-бизнесиндеги дуэт ырдаган ырчылар?
Айбек: - Мен эми композитор эмесмин а бирок, обончу катары дуэт жазуунун өзүнүн бир сыры бар деп айтсам болот. Дует ырларды жазганга да өзүнчө бир шык керек. Менин дуэт жазуудагы өзүмдүн бир секретим бар. Кээ бир кесиптештеримди көрүп жүрөм, жигит дагы, кыз дагы кыйналып кыйкырып ырдап жатышкан болот. Бирок, жакшы ырдагандар да аз эмес, алардын катарына Назми менен Сапарды кошсок болот. Бек дагы убагында сонун-сонун дуэттерди жазган. Негизи эле сүйүү ырлары чырайлуу чыгат го.

Эльмира Мадиева













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!