Жаныңды жай алдырбаган дарттан арылгың келсе…

Темирбек Бекбоев, врач, невролог чыгыш медицинасы боюнча адис, дарыгер:
"Алтын ийне сайып, терини дүүлүктүрүп, 12 органдын ишин жакшыртабыз"
Биз бу сапар доктор Темирбек Бекбоевдин медициналык борборуна кайрылып, аталган медициналык борбордун иш аракеттери менен жакындан таанышып, кызыккан суроолорубузга жооп алууга дилгирлендик. Доктор Бекбоевдин медициналык борборунун босогосун аттаганда эле кезек күткөн көп адамдарга күбө болдум. Темирбек Бекбоев мени бир врачка табыштап, клиника менен тааныштырып чыгуусун өтүндү. Бул клиникада тамыр кармап, диагнозду аныкташаарын, алтын ийне терапиясы, лазер терапиясы, мануалдык терапияны колдоноорун жана массаждын да түрү жасааларын баамдадым. Темирбек мырза сейрек кездешүүчү дары чөптөрдү колдонуп, ички органдардын сезгенишин, нерв ооруларын, тери жана аллергия, муун жана омуртка ооруларын, ошондой эле жыныстык илдеттерди, айыкпаган жараттарды, ашказанды, он эки эли ичегинин жараттарын, аял-эркектердин жыныстык органдарындагы өсүүгө жөндөмсүз шишиктерди кадиксиз айыктыраарын айтты. Ошондой эле кекечтикти, балдардын түн ичинде заара ушатып коюшун жана тамекини көп чегүүдөн, ичкиликтен, ашыкча салмактан арылууга да дарылоо жүргүзүлөөрүн маалымдады.

Чыгыш жана батыш медицинасын айкалыштырып иштейбиз
- Мен жетектеген медициналык борбор негизи чыгыш медицинасына багытталган. Бирок, чыгыш медицинасы менен эле чектелбей батыш медицинасынын да жакшы жактарын алып, эки үлкөн медицинаны айкалыштырып иштеп жатабыз. Алтын ийне терапиясы кытай медицинасында колдонулат. Жакшы жыйынтык берген үчүн байыркы мезгилден бери колдонулуп келет. Кытай медицинасы биринчиден, экономикалык жактан үнөмдүү. Экинчиден, эффект бат берет. Адамдын денесинде 700дөн ашык чекит, тери менен органды байланыштырган 12 канал бар. Теринин алдындагы чекиттерге ийне сайып, дүүлүктүрүп 12 органдын ишин жакшыртабыз.

100гө жакын сейрек кездешкен чөптүн түрүнөн дары жасайм
- Кесибим невролог. 1976-жылдары чыгыш медицинасын кытайдан келген уйгур агайым Бабажанов Нурдин Салжановичтен үйрөнгөм. Андан кийин Санкт -Петербургдагы чыгыш медицинасы, ошондой эле психо-терапия боюнча илимди өркүндөткөм. 3 жыл улуттук госпиталда неврология клиникасында иштедим. Андан кийин 13 жылдан ашык президенттин иш башкармалыгынын алдындагы атайын клиникада иштедим. Заман өзгөргөндө 1993-жылы "Умай косметик" медициналык борборун ачтык. Ал жерде материалдык, техникалык базаны чыңдаш үчүн 10 жылдан ашык район, облустарды кыдырып эмгектендим. Беш жылдан бери аталган медициналык борборду ачып, ийгиликтүү иштеп жатам.
Мамлекеттик ооруканаларда, клиникаларда иштеп, тажрыйба топтоп такшалдым. Гиппократтан калган үч эле курал бар. Биринчиси, сөз, экинчиси бычак, үчүнчүсү чөп дейт. Биз Гиппократтын эки куралын гана колдонобуз. Учурда 100гө жакын сейрек кездешкен чөптүн түрү менен дары жасайбыз.

Аракты койдуруп, кекечтерди сүйлөтүп, семиздерди арыктатабыз
- Психотерапияны алкогализимге жана семиздикке, кекечтикке, түн ичинде заара ушатып койгондорго колдонобуз. Ичкиликтен жапа чеккен адамдарды уктатып, сөз менен дарылайбыз. Маселен, уктатып туруп "Арак деген уу. Эми ичсең ууланып каласың, кусасың" - деп мээнин түпкүрүнө чейин жеткирип, аракка каршы рефлекс пайда кылабыз. Ал эми семиздерге көп тамак жеген зыян деп мээнин түпкүрүнө багыт берип, тамакка табитти азайтып ашказандын булчуңдарын сөз аркылуу чыйралтып, ашык тамак жебегенге адамды багыттайбыз. Психо-терапияны комплекстүү түрдө алтын ийне сайып, мээнин түпкүрүндөгү коркунучту ыкмаларды колдонобуз. Заараны ушатып койгон балдарга табарсыктын алдындагы заараны кармап туруучу булчуңду мээсине таасир берүү аркылуу алтын ийне сайып психо-терапиянын күчү менен чыйралтабыз.

Эки түрдүү нур менен дарылайбыз
- Россиядагы акыркы үлгүдөгү нур (лазер) аппаратын 1 700 долларга сатып алганбыз. Ал аппаратта эки түрдүү нур (лазер) бар. Бири кызыл лазер, ал теридеги аллергиялык оорууларга колдонулат. Ал эми көрүнбөгөн инфра кызыл нур терең кирип ички органдардын сезгенишин дарылайт. Маселен, ашказандагы, он эки эли ичегидеги жаратка, жыныс органдардын сезгенишине жакшы жардам берет.

Тамыр кармап, диагноз коем
- Тамыр кармоо кыргыз элдик медицинасында дагы, чыгыш медицинасында дагы бар. Кыргыздарда оорулууну ысык, суук деп экиге гана бөлсө, Кытай медицинасында 12 органдын оорусун үч манжа менен экиге бөлүп билет. Үч манжа менен тамырды акырын жана катуу басуу аркылуу оң колдон 6 органды сол колдон 6 органдын иштешин билсе болот. Эгерде биз ультра үн аппараты аркылуу органдын чоңойуп же кичирейип кеткенин биле турган болсок, тамыр кармоо аркылуу органдын ошол мезгилдеги иштешин аныктайбыз. Оорулуунун тамырын күнүгө кармап кандай жылыш болгонун билип туруш керек. 32 жылдан бери медик болуп иштеп, дасыгып калгандыктанбы адамдын өңүн көрүп эле кайсы жери ооруурун билип калдым. Кытайлар дагы көп оорууну адамдын өңүнөн, теринин түсүнөн жана көзүнөн билишет.

Жалпы массаж 150 сом эле
- Бизге негизи айылдардан ооруусу жетигип калган адамдар келет. Атайын адистештирилген поликлиниканыкындай болуп, оорууну алдын алуу үчүн же профилактика алыш үчүн дарыланабыз дегендер келбейт. Дартына даба издеп кайрылгандардын көбү ооруусу жетигип калгандар.
Биздин борбор райондордун элдери менен иштешкендиктен алардын жашоо-шартын эске алып, процедураларыбыз шаардык жеке менчик мекемелердин дээрлик арзан. Маселен, бир жолку жалпы массаж 150 сом гана турат. Мындай арзан жана сапаттуу жасаган массажды башка жактан табуу кыйын.

Алтын ийнени баш, нерв оорууларга колдонобуз
- Бизге көбүнчөсү муун ооругандар колу, буту ооруп баспай калгандар остехондроз, белин кокустатып алгандар, жүлүнүн чемирчек кысып, же болбосо нерв талчаларын чемирчек кысып ,(грыжа диска) операция кылдыра албаган адамдар келет. Ошондой эле мен невролог болгондуктанбы баш ооругандар, нерви чарчагандар көп кайрылышат. Баш оору көп себептен пайда болот. Маселен, жыгылып жараат алгандан, ошондой эле баштын ичиндеги басым, шакый же остреохондроздон болгон баш оору, уйкусу качкандар, коркунуч баскандар кайрылышат. Кытай медицинасындагы колдонгон алтын ийне баш оорууну дарылоодо жакшы натыйжа берет.
Алтын ийнени кан басымдын жогорулап же төмөндөп өтүшүп кеткени, өнөкөт бронхит, бронхиялдык астма, ашказандын, өттүн, бөйрөктүн сезгениши, жыныстык оорулардын сезгенишине колдонобуз. Бизге ошондой эле эркектин бел кубаты төмөндөп кеткендер, простатит, ар кандай себептерден заара ушата албай кыйналгандар, нерв оорууларынан көздөрү кыбыңдап калгандар, инсульттан таза айыкпагандар, эпилепсия, талма ооруулары менен ооругандар кайрылышат. Өттөгү, бөйрөктөгү кумдарды түшүрөбүз. Кулак ооруларын ичтен берилген нур аркылуу дарылайбыз. Ошондой эле көздүн челкабыгы сезгенгендерге да жардам беребиз. Көздүн көрүшүн жакшыртып, көздүн басымынын көбөйүп кетишин дарылоого мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Мамлекеттик ооруканалар менен менчик клиникалардын айырмасы адамга кылган мамилесинде
- Мамлекеттик ооруканалардан менчик медициналык борборлордун дээрлик айырмасы адамга кылган мамиледе жана мобилдүүлүктө. Мамлекеттик ооруканаларда тигиге бар, буга бар, анан кел деген көрүнүштөр орун алат. Ал эми менчик клиникаларда оорулууларга жылуу мамиле жасалат. Көпчүлүк учурда кагаз менен иштебей эл менен иштейбиз. Бардык адамдын көйгөйүн түшүнүүгө аракет кылабыз.

Шакирттерим баарын учурунда үйрөткөнүңүзгө ыраазыбыз дешет
- Шакирттерим алтын ийне сайганды, массажды, мануалдык терапияны өз учурунда үйрөтүп коюпсуз деп кубанып жүрүшөт. Анткени чет мамлекеттерде өзгөчө европалык мамлекеттерде врач ар бир процедураны өзү жасайт экен. Менден үйрөнгөн адистер чет мамлекетке барышып, кыйналбай иштеп кетишет. Өз учурунда үйрөтүп койгонума шакирттерим ыраазы. Учурда шакирттерим Москвада, Жеңишбек Назаралиевдин клиникасында, Японияда иштеп жатышат.

Т.Усубалиев, Ч.Айтматов,
А. Акаев, М.Миррахимовдор кайрылышкан
- 13 жылдан ашык мурдагы спец поликлиникада иштегендиктен жогорку кызматтагы көрүнүктүү адамдарды дарылаган үчүн көп адам менен таанышмын. Көпчүлүгү менен азыркы мезгилде дагы жакшы мамиледемин. Мага атактуу адамдардын кайрылганын айта берүү врачтын этикасына жатпайт. Ошентсе дагы өз мезгилинде мамлекетти башкарган Турдакун Усубалиев, Аскар Акаев, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дагы көптөгөн белгилүү адамдарды дарылап, алардын ишинин алга жылышына салымымды кошком. Кыскасы, биздин борборго бүгүнкү күндө да жогорку эшалондогу адамдардын көпчүлүгү кайрылат.

Жашоо-шартына карап жеңилдиктер берилет
- Бизге кайрылган адамдардын жашоо шартына жараша акы төлөө жеңилдиктери колдонулат. 2-3 групадагы майыптарга жеңилдиктер берилет. Айрым учурда шарты начар адамдарга кызматыбыз бекер болуп, дарысына гана акча алган учурлар да кездешет.
* * *

Айгерим 25 жашта. Нарындык.
- Бул агайга келгенден бери жылыш жакшы. Бир жыл мурун дарылангам. Бул борборго келгенче талмам үч -төрт күн кармап кыйналчумун. Дарылоо курсунан өткөндөн кийин мурдагыдай кыйналбай калдым. Мурун жыл сайын ооруканаларга жатып дарыланчумун. Бирок, мынчалык жылыш болгон эмес. Кудайга шүгүр, талмам кайталанбай калды.

Гүлүкан Ташкенова, Бишкек шаарынан:
- Бекбоевдин борбору оорулууларга эфективдүү жардам берет. Үй-бүлөбүз менен ушул кишиге көрүнөбүз. Эки бутум ооруп, кан басымым жогорулап баса албай келгем. Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Менимче, эки күндөн кийин эле жыйынтык бере баштайт.

Төлөк Курманкожоев, Кочкор району:
- Муундарым ооруп Кочкордон келгем. Азыр жакшы болуп калдым, рахматтан башка сөзүм жок.

Чынайым Кутманалиева














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!