Турусбек Мамашов,
туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору:
"Үйлөнөйүн дейм, бирок убактым жок"
(Башы өткөн санда)
- Чиновниктин креслосу сизге эмнени берди?
- Бул эми биринчиден мамлекеттик кызмат, демек элге кызмат кылуу. Бул үчүн бар күчүмдү жумшап, Кыргызстандагы туризмди жаңы деңгээлге көтөрсөм деп иштеп жатам. Мен кызматтан кетсем дагы кошкон салымым эсте калат да. Мен келгенде бир ручкабыз жок болчу, он сегиз адам элек, бүгүн кудайга шүгүр ар бир кызматкерибизде бирден компьютер, дүйнөнүн баардык булуң-бурчу менен иштешип, маалымат борборубузду ачтык. Жаңы жолубуздун үзүрүн көрүп атабыз. Саясаттан тыш болуп, эл үчүн иштейли деп жатабыз. Жакшынакай бир топ тилдерде эркин сүйлөгөн профессионал коллективибиз бар. Арасында Америкада, Европада иштеп келгендер бар, негизгиси патриот уул-кыздарыбыз айлыгы аз болгонуна карабастан иштеп жатышат. Туризмди көтөрөбүз деп мага, элге ишенип күнү-түнү иштеп жатышат. Мамлекеттик кызмат деген ушундай болот, элге үнүбүздү жеткирип, аларга багыт бере турган жетекчилербиз да. Ошон үчүн бүгүн мамлекеттик кызматкердин функциясын аткарганга колумдан келишинче чуркап жатам.
- Бала кезде мамлекеттик кызматкер болом деп ойлочу белеңиз?
- Бала кезде мен режиссер болом деп кыялданып жүрчүмүн. Илгери бир убакта, 60-70-жылдары кыргыз киносу көтөрүлүп, айылга индия киносу келсе ыйлап отуруп көргөндөр менен аралашып жүрүп мен ошондон таасир алып, менде ошого умтулуу болгон. Совет кинолорунун да идеологиялык маңызы күчтүү болгон, акыры жүрүп адилеттик менен эл жеңет, элдин кызыкчылыгы деген жетекчи - колхоздун башкармасы жеңет. Мен өзүм сезимтал кишимин, андыктан мага ошолордун таасири күчтүү болгон. Элге керек нерсе жасасам деп ойлочумун.
- Азыр сизде мүмкүнчүлүк бар, кино тартуу тууралуу ойлондуңузбу?
- Кудай буюрса, оюм бар, балким пенсияга чыкканда болобу, айтор сөссүз өзүм каражат издеп таап, тартам. Себеби балким баштан кечирген жолубуз эле өзүнчө фильм болуп калгандыр. Азыр биз фестиваль, көргөзмө өткөрөбүз, ошолордо да менин режиссурам бар. Мисалы былтыр Санта клаустардын фестивалын өткөрдүк, келген коноктор бүгүнкүгө чейин кат жазып турушат. Кыргыздын меймандостугун, жеринин кооздугун ачып бере алдык. Адам баласы үчүн колдо бар алтындын баркы жок экен, керемет жерде жашап жатканыбызды өзүбүз билбейбиз. Кыргызстандын кооз жери ар бир адамды чыгармачыл эргүүгө тартып кетет.
- Бала кезиңизде Аяз атанын бар экендигине ишенчү белеңиз?
- Биз деле жомоктогу ушул карман менен чоңойгонбуз. Былтыр бизге декабрда кут келип түштү. Швед компаниясынын изилдөөсү боюнча Кыргызстан так борбордо орун алгандыктан, Санта Клаус биздин жерден дүйнө жүзүндөгү балдарга эң тез убакыттын ичинде белек тарата алат экен. Санта Клаусту биздин балдар тааныбайт, бирок бул миллиардаган акчаларды алып келе турган бренд да. Бизге 37 мамлекеттин Санта Клаустары келет.
- "Дасмия" комплекси салык төлөбөйт деп, сизге таш ыргытуулар болуп жатат, эмнелерди айта аласыз?
- Мен эми мамлекеттик кызматкермин, ал жерге азыр эч кандай тиешем жок. Салык төлөбөй жатса, мамлекеттик атайын структуралар бар, алар текшерет, төлөбөсө жоопко тартат. Мен билгенден "Дасмия" алгач күндөн тартып бүгүнкүгө чейин салыкты эң көп төлөгөн ишкана болуп келген, ал тургай татыктуу деп грамоталарга арзып келген. Беш кол тең эмес дегендей, балким мен кимдир бирөөлөргө жакпастырмын. Баарына бирдей мамиле кылганга аракет кылам, элим үчүн деп патриот болгонумдан башка эч кимге жамандык кылган эмесмин, ушунум үчүн жакпай калышым мүмкүн. Күндө эртең менен Кыргызстанда жакшылык болсо экен деп куран окуп Жараткандан суранып келем. Болгон күнөөм ушул, башка дагы күнөө издеп таап чыгам десе, анда аларга Кудай бар. Беш кыргыз бириге албай жатканыбызга ичиң ачышат. Антпесе бизде баардык байлык бар, беш кыргыз болгону баш кошо турган болсок бизге эч ким тең келе албас эле. биздин бир кемчилигибиз, бирибизди бирибиз шыбап жамандап, көрө албайбыз. Андан көрө ынтымакта болуп, бири бирибизге жардам берсек Кудай да бизге берет эле. Мен ошондой көрө албаган адамдарга да Кудайдан жакшылык сураар элем.
- Өздүк жашооңузда кандай жаңылыктар болуп жатат?
- Буга көптөр кызыгып сурап жатат, себеби жубайымдын каза болгонуна быйыл бешинчи жыл кетти. Эки кызым бар. Качан үйлөнөсүз деп сурагандар көп, ачыгын айтканда жалгызмын. Чынын айтсам ага убакыт деле жок, ушуну айтсам эч ким ишенбейт. Менден президент да бул тууралу сурады да, жок, убакытым болбойт десем, "жок, үйлөнүш керек" - дейт. Туура, үйлөнүш керек, бирок, эртеден-кечке жумуш деп жүрөсүң, бир кирип алсаң чыга албайсың да, чарчайсың, кечинде келип гезит окуганга, жаңылыктарды көргөнгө эле бир аз убакыт калат. Эс алуу күндөрү туугандар, кайын журт, достор деген бар, аларга да көңүл бурбасаң болбойт. Ошентип жүрүп беш жылдын кантип өтүп кеткенин билбей калыптырмын. Менде деле кыздарым апалуу болсо, толук кандуу турмуш кечирсек деген ниет бар, бирок ошого убакыт таба албай жатканым чындык.
- Бүгүнкү жетишкендиктериңиз үчүн кимге ыраазылык билдирет элеңиз?
- Сөссүз түрдө ата-энеме да, кандай гана болбосун, каны деп айтып коет эмеспи. Менин атамды соодагер деп коюшчу экен, жоктон бар кылган адам экен. Апам айтып калат эшикке чыгып эле кайра келсе береке толуп калчу деп. Атам Кытайдын бир районунда, Улуу-Чат деп коет, аким болгон. Мен да ата жолун уладым десем болот, себеби кан аркылуу берилээрин бүгүн артистин баласы артист, юристтин баласы юрист болуп жатканын көрүп жатпайбызбы. Ошондуктан мен биринчиден, Кудай таалага, ата-энеме, туугандарыма, элиме, жана ажайып кооз жерибизге да ыраазымын. Мен дайыма өтүп кеткен ата-бабага, аялыма куран окуп, элибизде токчулук, жерибизде тынччылык болсун деп суранам.
- Ген деп айтып калдыңыз, ал деле бир үйдөн бир балага берилет турбайбы? Ата-эненин ыраазычылыгын ала алдыңызбы?
- Ооба, касиет бир үйдө бир балага өтөт. Биздин үйдө кайнатам кайын эже, кайын агаларымдын көзүнчө эле биздин үйдүн сакасы кыз болсо да ушул Динара деп менин жубайымды айтып калчу. Менин келинчегим ушундай инсан болгон. Өзүмдүн агам Ош окуяларынын маалында кайтыш болгон. Өзгөндө көргөндөр кандай эрдик менен өлгөнүн айтып калышат. Аны эл айтып жатат, мен көрбөй калдым. Үч бир тууганбыз, азыр эжем экөөбүз калдык. Атамдан тогуз жашымда, апамдан он сегиз жашымда айрылып, жетим чоңойдум. Ошондой секелек бала кезимде мен чай бере турган учурум эмес эле да, андыктан мусулман болгондон кийин куран окуп турам. Алардын күткөнү эле бата экен да, бир чыны чай ичсем да куран окуйм, анткени негизги милдетим ушул.
- Дүйнөлүк финансылык кризисти ар ким ар кандай кабылдап жатат. Сиз кантип күтүп жатасыз?
- Ал кризис азыр бизге жетелек да, жетпей эле койсун. Кыргыз эли пейили кенен, миң кыйын болгон күнү деле пейили ток эл экенбиз. Меймандос жагыбыз да бар, жолоочу келсе кымызы даяр. Мындай кең пейил эл жок. Жеке өзүм тууралуу айта турган болсом, менде байлык деп жутунуу жок, бир аз мүлкүмдөн айрылам деп да коркпойм. Тилегеним эле кыргыз элимдин бардар жашоосу.
- Бай болуунун формуласын айта алаар белеңиз?
- Бай болуунун формуласы биринчиден, кудайдан тилениш керек. Экинчиден умтулуш керек. Накта чыгармачылык деген ушул бизнес да. Акча жерде турса аны эңкейип алыш керек деп айтат эмеспи, анын сыңары изденип иштеш керек. Баарыбыз эле бир аз иштеп байып кетсем деп кыялданабыз. Жок, ал үчүн күжүрмөн эмгек керек. Азыр "Дасмия" тууралу бир ооз айтайын, 3-4 жыл баш көтөрбөй иштедим да. Эгемендиктин алгачкы жылдары келген конокторду тосуп жатканыбызды көрүп, намысыма келдим да, кыргыздын меймандостугун тааныта тургандай кылайын деп жан-дилим менен киришип иштедим. Эмгектин акыбети кайтып, чет элден келген коноктор ыраазы болуп кетип жүрүштү. Анын ички философиясын айтып түшүндүрүп берсең, кыргыздардын улуулугуна суктанып жатышат. Идея ишке ашып, бүгүн функциясын толук аткарып жатат. Андыктан андай формула жакшы ниет менен талыкпас эмгектен турат.
А.Асанбекова




Нариман Түлеев,
Бишкек шаарынын мэри:
"Жаңы жылды жарык менен тособуз"
Кыргызстан аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын НТС каналынан көрсөтүлүүчү "Точка зрения" деген аталыштагы түз эфирдеги программасына Бишкек шаардын Мэри Түлеев Нариман Ташболотович катышып көптөгөн шаардык тургундарынын суроолоруна жооп берди. Жаңы жылдагы шаардын бюджети, жаңы проекттер жана максаттар, курулуш, транспорт, ошондой эле шаардын тургундарын жылуулук жана жарык менен камсыздоо жөнңндө сөз болду. Суроонун көп түшкөнүнө байланыштуу ай сайын бир маал шаардын тургундарынын суроолоруна НТС аркылуу Бишкектин мэри жооп берүүгө даярдыгын билдирип, макулдашууга жетиштик.


Замира Акбагышева:
- Каков бюджет города на 2009 год. На что они будут направлены?
- Бюджет нашего города будет социальным бюджетом 27-декабря принимаем сбалансированный бюджет на уровне около 3 миллиарда 900 млн. сомов, Я думаю в феврале увеличим бюджет на 500 млн. Сегодня мы прорабатываем этот вопрос с налоговиками. Чтобы бюджет был на 5 миллиардов сомов на следующий год, мы планируем капитальный ремонт дорог, туда мы направим по бюджету 250 млн. сомов. Президент нас поддержал. С республиканского бюджета по линии капстроительства отдельно выделяется 200 млн сомов. Кроме того мы прорабатываем вопрос о китайском гранте в сумме 10 млн. долларов. Надеюсь, что мы решим этот вопрос. На следующий год будет выделено на капитальное строительство дорог 20 млн долларов. В первом квартале по просьбам жителей мы запустили 200 автобусов. Конечно, не хватает. Постараемся еще запустить 150-200 автобусов 10 троллейбусов. На это уйдет 200 млн. сомов и будет создано дополнительно около 400-450 дополнительных рабочих мест. В данный момент строительным компаниям очень трудно. Все-таки кризис. Поэтому на следующий год чтобы поддержать строителей, мы планируем построить около 5, 6 домов. Два из которых мы хотим отдать нашим работникам и тем которые стоят в очередях, один дом - налоговой инспекции, согласно нашему договоре, так как они увеличивают нам наш бюджет на 10%, в качестве поощрения. Следующий год будет насыщенный и тяжелый.

Замира Акбагышева:
- С тревогой в сердце встречают Новый год бишкекчани: Энергетический и финансовый кризисы, новые налоги …
- Во-первых, не надо бояться мирового кризиса, во вторых мы не втянуты в мировую экономику. Так как у нас не развит фондовый рынок. Кризис, возможно, косвенно коснется нас. Что нужно нам сделать - объединиться.
Во-вторых, кризис нам дает шанс для открытия новых направлений бизнеса, дополнительные средства для получение выгоды. Наши бизнесмены очень гибкие. Стоимость недвижимости упала в цене и стала более доступна для общей массы населения. Конечно, для бизнесменов это не выгодно, но за счет понижения цен на недвижимость жилье станет доступным.
Я хочу заверить всех бишкекчан, 31 декабря и 1 и 7 января не будут никаких отключений. Бишкекчани будут встречать при свете. Да сейчас происходят адресные отключения, но Мы пытаемся компенсировать гражданам, и отключаем свет только в ночное время с 00.00 - 06.00. Сейчас нам приходится работать в экономном режиме, сейчас уже мы сэкономили приблизительно на 6 млн. сомов.

Замира Акбагышева:
- Жаңы конуштарга барып, алардын көйгөлөрүн изилдеп, анализдеп атыпсыз. Аларды колдоо боюнча бюджетте жетиштүү акча каралганбы?
- Албетте, жаңы конуштарда 5 миңге жакын эл жашайт, бул өзүнчө шаар болуп эсептелет. Жыл сайын 300 млн сом каралат. Быйыл 220 млн сом бердик, бирок республикадан 137 млн бөлүнмөк эле. Албетте, бул акча аз, бирок экинчи маселе ар бир жаңы конушка 2 млн сом каралышы керек. Бишкекте 47 жаңы конуш бар, анын бардыгын камсыз кылганга республиканын бюджети чак келбейт. Республика боюнча ички миграция бизде көп.
Кыштын алдында жаңы конуштардын эли менен жолуккам, дагы жолугам, алдыга койгон максатты ишке ашырабыз. АРИС программасы боюнча жаңы жолдорду жасап, жети жаңы конушка автобустарды киргизебиз.

О.Асакеева:
- Көп кабаттуу үйлөрдүн лифтерин канча жылда ремонттон өткөрүп турушат жана бюджеттен акча бөлүнөбү?
- В настоящее время уже ведутся переговоры с рядом иностранных инвесторов, которые привлекут инвестиции в лифтовое хозяйство города.

Д.Молдалиев:
- Хотелось бы знать, когда с. Маевку присоединят к городу. Этот вопрос уже рассматривают? Мало того, что свет отключают, вместе со светом нет и воды.
- Вопросы административно-территориального деления страны являются прерогативой Жогорку Кенеша Кыргызской Республики.

Бошкоева Айсулуу:
- В жилмассив "Алтын-Ордо" были выделены денежные средства для света, дороги и воды. Кто контролирует распределение денежных средств? Пожалуйста, возьмите на контроль!
- Все работы по развитию инфраструктуры жилых массивов ведет ОГУКС мэрии.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan