Эми дагы революция болобу?
Кечээ оппозиция лидерлеринин оң канат, сол канаты биригип, жети саясий партия, беш коомдук кыймылдын негизинде "Бириккен элдик кыймыл" түзүшүп, коомчулук алдында максаттарын, милдеттерин аныкташты. "Бириккен элдик кыймылдын" мүчөлөрү Президент Курманбек Бакиевдин кландык, үй-бүлөлүк кыянатчыл башкаруусунун натыйжасында өлкө туңгуюкка такалып, өтө оор саясий, экономикалык жана энергетикалык кризиске кириптер болду. Ыйык жерибиздин куту качып, элибиздин ырыскысы чачылды. Мамлекетибиздин тагдыры коркунучта. "Тезекстан" өлкөсүнө айландык. Мындан ары ыймансыз бийликке чыдоого болбойт. Президент өлкөнү оор абалга жеткиргендиги үчүн эл алдында ачык кечирим сурап, Конституцияны одоно бузгандыгы үчүн мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетсин деген талаптарды коюшту. "Бириккен элдик кыймылдын" билдирүүсүн саясий партиялардын жана ар уюмдун жетекчилери кубаттап кол коюшту. Көпчүлүктү оппозициянын "Бириккен элдик кыймыл" түзүп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биригүүсү 2005-жылкы революциянын уландысыбы деген суроо кызыктырды. Биз айрым лидерлерге собол салдык.




Өмүрбек Текебаев, "АтаМекен" партиясынын төрагасы:
- 2005-жылкы процесстер бирде күчөп, бирде басаңдап уланып жатат. Бул элдик кыймылды 2005-жылкы март окуяларынын уландысы катары карасак болот. Ошол кезде элдин үмүтү, Бакиевдин элге берген убадалары башкача болгон. Бүгүнкү кырдаал теңирден тескери болуп жатат. Ошондуктан элдик кыймылды, элдик козголушту 2005-жылдагы окуянын уландысы катары карасак болот.

Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын төрагасы:
- 2005-жылдын 24-мартындагы окуянын уландысы же уландысы эмес деп бир жактуу айтуу азырынча эртелик кылат. Алдыга койгон максаттарды ишке ашырууга аракет кылабыз. Мыйзамдуулуктун негизинде өз оюбузду ачык-айкын айттык.

Исмаил Исаков, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын башкы катчысы:
- 2005-жылдагы революциянын уландысы болобу, болбойбу билбейм. Бирок, алдыга койгон максаттар ишке ашат деген чоң ишенимим бар.


Бакыт Бешимов, Жогорку Кеңештин депутаты:
- Албетте, 2005-жылкы 24-марттагы окуянын жаңы этаптагы уландысы десе болот. Кыргызстандын жаңы тарыхында бүгүнкүдөй биригүү болгон эмес. Кудай буюрса жакшы жөрөлгө деп кубаттап жатам. Анткени, элдин революциядагы көксөп күткөн үмүтү акталбады.Курманбек Бакиев элге берген убаларынын бирин да аткарбады. Керек болсо Президент парламент трибунасынан эч качан саясий куугунтукка барбайм деп сүйлөгөн сөзүнө да турган жок.

  Бириккен оппозиция

Аликбек Жекшенкулов, Бириккен элдик кыймылдын Саясый бюросунун мүчөсү:
"Бул биригүүбүз үчүнчү кадамыбыз"
Кечээ өлкөнүн баардык оппозициялык күчтөрү Бириккен Элдик кыймылдын (БЭК) алдында биригишти. Негизги максаты "Үйбүлөлүк, кландык, антиконституциялык бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүү, жаңы бийлик системасын орнотуу жана стратегиялык объектилерди жеке менчикке сатпоо" деди. БЭКтин Саясый бюросунун мүчөсү Аликбек Жекшенкуловду кепке тарттык.

- Аликбек мырза, кечээ бардык оппозициялык күчтөр бир кыймылга бирикти. Эл бийликке да, оппозицияга да ишенбей калды деген пикирлер басымдуу болууда. Сиздердин кыймылды калың журттун ээрчип кетишине канчалык ишеним бар?
- Кыргыз эли бириккен оппозициялык кыймылды колдооруна мен толук ишенем. Анткени биздин эң негизги куралыбыз бул чындык. Биз саясатта, экономикада жана ошондой эле бардык тармактар боюнча дайыма элге чындыкты айтып келебиз. Мындан ары биздин кыймыл күч алып иштээрине ишенем.
- Бул кыймылга ар кандай мүнөздөгү күчтөр бирикти. Арасында кээлердин президенттик амбициялары да бар. Андыктан бул кыймылда ички конфликттер болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Буга кандай дейсиз?
- Биринчиден, жаңыдан гана түзүлүп, эч нерсе баштала электе эле мындай болот, тигиндей болот деген туура эмес. Албетте, бириккен элдик кыймылдын ичинде ар кандай саясый күчтөр бар, кээлер радикал, кээ бирөөлөр улутчул, айрымдары конструктивдүү оппозиция. Көз караштары ар кандай бирок, элдин турмушун оңдош керек, бүгүнкү бийликтин мүмкүнчүлүктөрү жок калды, кыргыз мамлекетин сактап калалы деген негизги максатыбыз бир. Ошон үчүн мамлекеттик башкаруунун жаңы системасын алып келели деп жатабыз. Амбицияларды артка жылдырып, бири-бирибизге болгон майда-чүйдө тааранычтарды унутуп бир акыл менен бир пикирге келдик. Ал эми президенттик амбициясы бар адамдардын болушу мыйзам ченемдүү нерсе. Ошон үчүн биз мамлекетти бир гана адам президент башкарбаш керек, коомчулуктун пикири менен эсептешкен, элдин кызыкчылыгын көздөгөн башкаруу болуш керек деп жатабыз. Мамлекет башкара турган топто абройлуу, эл ишенген адамдар болушу керек, ал топтун ичинде баланс болушу абзел.
- Оппозиция биригип, алгачкы аракеттердин жыйынтыгы чыкты. Идеяларды ишке ашыруу үчүн активдүү иш-аракеттерге качан өтөсүздөр?
- Биз биринчиден жакын арада саясый кеңешме өткөрөбүз. Экинчиден жаңы жылдан кийин жер-жерлерди кыдыралы деп турабыз. Аймактардагы эл менен кеңешкенден кийин саясый кеңеште пландарыбызды түзөбүз. Бул жерде негизгиси баардыгын салмакташ керек болуп турат, элдин даярдыгы, оппозициянын мүмкүнчүлүктөрү жана бийлик кандай кадамдарга барышы мүмкүн, ушуга даяр болушубуз керек. Ошон үчүн биз ар бир кадамдарыбызды мыйзам жолу менен, натыйжалуу кылганга аракет кылабыз. Митинг болобу, пикет болобу, айтор саясый күрөштүн цивилизациялуу жолдордун баарын карап көрөбүз.
- Оппозициянын биригишине бийлик тарабынан кандайдыр бир ачык реакция болдубу? Сүйлөшүү, кызмат тууралу сунуштар же "иш козгоо" методу күч алабы?
- Биз элдин, мамлекеттин келечегин ойлоп туруп, башыбызды сайып ушул кадамдарга барып жатабыз. Жеке кызыкчылыктарды ойлогон жокпуз да, ар кимибиз өзүбүздү гана ойлой турган болсок башкача кадамдарга барат элек да. Кыргыз эли байыркы эл, илгертен бери эркиндикти жакшы көргөн эл, бийлик ушуну түшүнбөй жатат. Бүгүн коркутуп-үркүтүп, зомбулукка салганда натыйжа чыкпайт. Алар анткен сайын биздин бириккен элдик кыймыл күч ала берет, саясый талаптарды коюп, күрөшүбүздү уланта беребиз. Менин оюмча биздин кыймылдын мүчөлөрү кызмат сунушталса барбайт. Бирок бийлик тарабынан кимдир бирөөгө сунуштар болгон-болбогонун билбейт экенмин.
Сөзүмдүн аягында Кыргызстан элин жаңы жылы менен куттуктайм. Келаткан жыл жалпы мамлекетибиз үчүн жаңылануунун, ар бир атуулубуз үчүн жакшылыктын жылы болсун.
Чубак Ниязалиев




Чынайым Кутманалиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan