УЛУУ КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу Кыргыз калкы,
уюткулуу Кыргыз эли!

I. Өлкөнүн бүгүнкү абалы
"Күз киреше, Кыш-чыгаша" - дегендей, "кылычын" көтөрүп кыш да келди. "Кышында жарык өчүрүлбөйт"- деген өлкө президентинин элге берген убадасы жел сөз болгонун бүгүнкү он эки- он беш саат свет өчүрүлгөнү ачык аныктады.
1991-, 1995-, 1997-, 2001-жылдары 2006-, 2007-, 2008-жылдарынан да катуу кургакчылык болгон, бирок, суу сарамжалдуу пайдаланган үчүн өлкө толук электр күчү менен камсыздалган эле.
Кыргызстан эли кийинки элүү жылда биринчи жолу быйылкыдай шам чырак, тезек жагып, үшүп, тоңуп, караңгы түнгө түшүп олтурат.
Тажрыйбалуу, тармакты жакшы билген адистер, окумуштуулар бир пикирден айтып жатышат -"бүгүнкү абалдын башкы себеби - суу эсепсиз пайдаланып, сатылып кетиши" - деп.
Бул талашсыз чындык аныкталса да, мындай кыянаттык ишке барып, пайда көргөн тармактын жетекчилеринин бири да жоопко тартылбаганы - өлкө президенти ага кызыктар эместигин, демек, элдин азабынан суу сатып байыгандар өйдө болгонун даана көрсөттү.
Электр күчү берилбегендин айынан жеке жана кичи ишкерликтин жоготуусун, балдар, майыптар, карылар үшүп, далай ооруга учураганын, элибиз жок жеринен көптөгөн чыгымдарга дуушар болгонун эсептеп, айтуу мүмкүн болбой калды. Ушунун баары - төрт, беш адамдын ач көздүгүнөн, сууну чектен ашып кеткен сатуудан жана аларды колдогон бийликтин элге кылган кыянат мамилесинен болду жана уланып жатат.
Кычыраган кыштын суугу дагы алдыда. Кыштын чилдеси түшкөндө эл эмне болот? Дагы кандай азап бизди күтүп турат?
Министрлик билдиргендей, Токтогул суу сактагычында декабрь айынын башында тогуз миллиард куб суу бар эле.
Демейде, декабрь, январь, февраль айларында орто эсеп менен бир жарым миллиард куб суу айына пайдаланылчу. Ал эми бүгүнкү үнөмдөлүп, элди караңгы түнгө түшүргөн шартта айына сегиз жүз миллион куб суу кетип жатат. Суу ушул эле көлөмдө пайдаланса февраль айында Токтогул ГЭСи токтойт. Жай айларында сууну үнөмдөп, Бишкек, Ош ТЭЦтерине арбын газ берип, электр чыгарууну көбөйтүү иши да бийлик тарабынан аткарылбады.
Кыш келгенине карабай, арбын газ менен камсыздап, бул ТЭЦтерден эки-үч эсе көп электр чыгаруу мүмкүнчүлүгү да чечилбеди.
Ар кандай жол издеп, аракет көрүп, элдин абалын жеңилдетүүнүн ордуна, бийлик тезек терүү буйругун берип тим болду.
Бийлик элге кыянат мамиле кылып, элдин убал-сообун унутуп, каргышынан коркпой калды!
Мындай бийликти Эл бийлиги деп айтса болобу? Кудай берген сууну сатып, элин үшүтүп, кыштын суугуна тоңдурган бийликтен жакшылык күтүү мүмкүнбү? Бийлик Үзөнгү-Куушту, артынан Каркыраны сатып, Ата-Бабаларыбыз башын канжыгага байлап, кабыргасынан кан жутуп сактап келген Мекенибизди кемитти, элибизди тентитти, жакырлантты, бай-кедейге бөлдү, эл мүлкүн талап тоноду, жумушсуз калтырды … Мунун баары аз болгонсуп, эми суукка тоңдуруп курутабы?
Кычыраган кыштын чилдесинде электр менен камсыз болуу- жан сактап, аман калууга тете. Демек, элдин электрге болгон муктаждыгы чечилбегени - элди жашоо укугунан ажыратуу дегенге барабар болуп калды.
Мындайга барган бийликтин кыргыздан ала турган өчү барбы?
Дүйнө өлкөлөрүн кризис каптап, АКШ, Европа, Азия мамлекеттеринде ай сайын миллиондогон адамдар жумушсуз калып жатат. Бул өлкөлөр кыйроодон сактап калуу максатында ири банкттарды, өндүрүштөрдү мамлекеттин мүлкүнө алууга аргасыз болууда.
Кыргызстанда болсо, тескерисинче, өзүн актап иштеген элдин акыркы мүлкү сатыкка коюлду: Телеком, Кыргызалтын, Кыргызгаз, темир жол ж.б.
Албетте, бийликтин мындай иштери элдин да, мамлекеттин да кызыкчылыгына каршы келет!
Дүйнөлүк кризиске туруштук берүү үчүн чара көрүп, элди уюштуруп, күчүн бириктирүүнүн ордуна, эл ортодо кармаган акыркы мүлктү сатып, ансыз эле "белине" чейин баткакка баткан өлкөбүздү бул бийлик биротоло жок кылабы деген суроо туулбай койбойт.
Эң күчтүү, кубаттуу дүйнө өлкөлөрүнүн шайын оодарып, алын кетирген кризис Кыргызстанды кыйгап өтмөк беле? Албетте, ал бизге да келет! Кароосуз, жалгыз өзү өзү менен калган эл тарыхта мурун болбогон мындай кризиске туруштук бере алабы?
Албетте бере албайт.
Бийликтин бүгүнкү саясаты улана берсе, Токтогул суу сактагычтагы суунун көлөмү эки-үч жылда да калыбына келбейт! Анда абалыбыз кандай болот?
Шам чырак, тезек жагып, тоңуп отурган кыргыз элин Америка, Европа өлкөлөрүн чөгөлөткөн алты баштуу ажыдаарга айланган кризиси бир эле аймап, жутуп койсо биротоло кыргыз жок болобу?
Бийликтин мындай натура, арам саясатына өзүн "оппозиция" деп атаган саясатчылар туруштук кыла албай жатат. Себеби, бири биринен өзүн кыйын деп эсептеген саясатчылардын арасында ынтымак жок, баары эле "мен президентке эң татыктуумун" деп, ичи тарлык, көрө албастык ыркын ыдыратып жатат. Бирок, эң негизги себеп: бийликтин "токочуна" сатылып кеткен кээ бир саясатчылардын айынан оппозицияга калк көп деле ишенбей калды.
Анын үстүнө, бул саясатчылар негизинен бийликке жетүүнү гана көздөп, калың элди аралабай, эл менен карым-катнаш боло албай, өздөрүн элден акылдуу, өйдө сезип, элдин колдоосуна ээ боло албай жатат.
Бүгүнкү туңгуюктан кыргыз элин алып чыгуу жолун бул саясатчылар партиялык шайлоо менен түзүлгөн парламенттик башкаруудан көрүшөт.
Бир дагы партияга кирбеген 90 пайыз Кыргызстан эли буга кошула алабы? Муну колдойбу? Бул чоң маселе.
Батыштын саясатына, ураан-чакырыктарына сугарылып, аларга ыктаган оппозиция күчтөрү кыргыздын улуу тарыхын, керемет дөөлөтүн, наркын, салтын, тилин, дилин, коом түзүү жана башкаруу тажрыйбасын эске албай, четке кагып, кыргызды бүгүнкү кейиштүү абалынан алып чыга алабы? Бул экинчи чоң маселе.
"Пулуң болсо кулуңмун", баары: намыс, абийир, ыйман, адилет, адам, бала, өлкө, Мекен, келечек сатылган, эркек эркек менен "баш кошуп", үй бүлө болгонун, айбан да кылбаган жапайылыкты мыйзамдаштырган батыш өзү жарга такалып, айласын таппай, элдери толкуп жатса кыргызды дагы эле батыштын жолуна үндөгөндөрдү он сегиз жыл бою капитализмге өтөм деп, азапка кайнап, тозокко тоңгон элибиз ээрчийби? Бул үчүнчү чоң маселе.
Өлкөбүздү бүгүнкү кейиштүү абалдан саясатчылардын баары бириксе да алып чыга алышпайт. Алып чыга турган бир эле күч бар: ал элдин өзү. Эгерде эл биригип, ынтымакка келип, кайдыгерликтен Мекен жана Улут бийиктигине, бабалардан мурас болуп калган ыйман, адеп нарктарына, улуу аруулугуна, түпкү рухий дөөлөтүнө кайрылып, аларды туу кылып көтөрө алса.
Дүйнөлүк кризис качан жана эмне менен бүтөөрүн эч ким билип, айта албайт. 2009-ж. бизди эмне күтүп турганы да белгисиз.
Элин кароосуз, жетим калтырган бийликке ишеним аз … Элибиз эмнеге таянып, үмүт байлап, ишеним артат?
Жалаң гана өзүнө. Ынтымак, биримдигине. Кыргызды миң жылдар бою сактап, көк астында көгөртүп, жер үстүндө жетилтип, амандыкта алып келген бабаларыбыздын даанышмандыгына, керемет касиетине, акылына, ыйман наркына, салтына, коом түзүү жана башкаруу бай тажрыйбасына!
Саны отуз-элүү миллион адам болгон далай элдер эгемендүүлүгүн жоготуп алып, аны эңсеп, ага кайра жете албай, бөлөктөргө сиңип, жок болуу жолунан чыга албай улут катары өлүп баратат …
Кыргыз да далай жолу чабылып, чачылып, үзүлүп, кемип, тарап, тентиген. Жумшактан күлү сапырылып, катуудан казаны талкаланып, малын ат кулактын жалбырагына сааган учурлар болгон.
Капысынан баскан жоо балдарын көгөнгө байлап, бирден мууздаган тозокту көрүп, камчы сап өкүмүнө далай учурап, азабына кайнаган кыргыз түгөнгөн сайын түтөп, кайра жаралып, көтөрүлгөн!
Бүгүн да кыргыз өксүп, тентип, тарап, Мекенин кемитип, чачылып, бириге албай, ынтымакка келе албай, үшүп, тоңуп, келечектен үмүтү үзүлүп, карманаар тутка, таянаар тоо табалбай турат…
Эгемендүүлүгүбүздү, Өлкөбүздү, Мамлекетибизди жоготуу, Мекенибизден ажырап калуу опурталдуу чекке жетип калдык!
Байлыкка, бийликке тойбогон мансапкорлордун айынан кыргыз элинин тагдыры бүдөмүк, эртеңкиси - күмөндүү болду…
Тагдырдын эң башкы талабы бүгүн - биригүүдө, ынтымакка келүүдө болуп турат. Партиянын, кыймылдын же дагы бир топтун ураан, чакырык алдында эмес. Мекен, Улут, Улуу арбактар, өлкөбүздүн, балдарыбыздын келечеги алдында, үшүп, тоңуп, тентибей адамча жашоо үчүн биригүүгө мезгил келди!
Ансыз деле, тарыхыбызды билбей, тегибизди унутуп, наркыбызды, салтыбызды, тилибизди, дилибизди жоготуп, улуу муундардан мурас болуп калган дөөлөтүбүздү кемитип, бүлдүргөн кыйраткыч муунга айланып баратабыз!
Чыгыштан - Непал, Индия, Кытай, Алтай, батыштан - Кавказ, ортосунан Борбордук Азиянын даңктуу, даңазалуу жер, суу, чокуларына Манастын ысмын койдурган, дүйнөдө теңдешсиз Манас эпосун жараткан, бир дагы элде жок ак калпак, комуз, ордо, жамбы атмай оюдарын сактап, рухий наркты жансыз дүйнөдөн өйдө баалаган, археология казуулары аныктаган алты миң жыл мурун түптөлгөн улуу Кыргыздын урпагыбыз!
Ата-тегин тааныбаган, намыс, абийирди билбеген, курсак кайгы менен жашаган кыргыз мал эмес да! Же бир ууч кокустан бийликке жеткен көпөстөрдҮн кай жакка айдаса кете берген кулубу?
Жалпы эл тилек кылса - аны Жараткан берип келген!
Адал максат, аруу тилек, жүрөктөн чыккан жалындуу ой - ойду омкоруп, тоону томкоргон күчкө айланган!
Калк тилеги бир болгондо гана эл биригип, бир муштумдай түйүлгөн!
Бул дүйнөгө келгенде бир дагы адам партиянын мүчөсү, же кайсы бир диндин өкүлү, кызматчы, байлык, мүлктүн ээси болуп төрөлбөйт.
Бир топурак, бир суу, бир аба, бир кан, бир жандан жаралган бир Мекендин уул-кызы болуп келебиз жарык дүйнөгө. Муну унутуп, партияларга бөлүнүп же бийлик-оппозиция деп ажырап, Мекенибизди, Улутубузду унутуу - эки дүйнөдө тең кечирилгис күнөө!
Биримдик - ынтымакка умтулбай, бириге албаган эл көрүнгөнгө жем болгонун өз турмушубуздан көрүп, мекендештерибизди "Эл Биримдик" Тилектештикке максатташ болуп, катарыбызга кошулууга үндөп, чакырабыз!

II. Бийлик жөнүндө
Өлкө бийлиги Кыргызстан элин учурдагы рухий, саясий, энергетикалык, дүйнөлүк финансы кризиси менен бетме-бет жана жалгыз калтырды. Калкты каптаган рухий жана улуттук аң-сезим тукулжуроосу абалды ого бетер оор кылды.
Кыргызстан аянты менен 117 дүйнө өлкөлөрүнөн чоң, суу байлыгы боюнча 110 дүйнө өлкөлөрүнүн алдында турат. Элинин сабаттуулугу менен Кыргызстан дүйнө боюнча 14 орунду ээлейт (АКШ -19, Россия - 22, Франция - 29, Германия - 30, Жапон - 31, Канада - 58, Малайзия - 94, Турция - 100, Кытай - 102 орунда).
Бейиштин төрүндөй жерде жашаган кыргыздын абалы аталган мүмкүнчүлүктөргө жарашабы? Албетте жарашпайт жана дал келбейт. Анын башкы себеби - он сегиз жыл бою өзүн актабаган, элин тоноп, талаганга жол ачып берген, эч кимдин алдында жооп бербеген өлкө башкаруусу жана саясий түзүлүшү.
Азыркы бийлик мындай башкарууну жана саясий түзүлүштү оңдоп, түзөтүүнүн ордуна, анын терс жактарын ого бетер күчөтүп, бекемдеп, мыйзамдаштырып алды.
Демек, абалыбызды терең талдап караганда, ал бийликтин жаңылануусун, алмашуусун талап кылып калды.
Кандай жол менен?
Жол бир эле - кыйшаюсуз Баш мыйзамдын гана негизинде. Мыйзамсыз жол менен келген жаңы бийликти дүйнө коомчулугу тааныбайт, демек, колдобойт. Дүйнө өлкөлөрү колдобогон жаңы бийлик өлкө абалын оңдой албайт, түп тамыры менен саясий түзүлүштү өзгөртө албайт, эл дагы кыйналып, чайналат.
Бийликти Баш мыйзамдын негизинде жаңылантчу үч эле жол бар.
Биринчиси. 2010-жылы өтчү президенттик шайлоонун жыйынтыгы аркылуу (эгерде эл ага чейин бардык кыйынчылыктарга чыдап, кулдук сезимден кутула албаса).
Экинчиси. Президентке импичмент жарыялоо жолу менен. Бирок бул мүмкүн эмес, анткени Баш мыйзамда ал атайын ишке эгерим ашпай турган болуп жазылган.
Үчүнчүсү. Жалпы эл бийликке көрсөткөн ишенбестиги аркылуу. Баш мыйзамдын Биринчи беренесинде: "Кыргыз Республикасынын эли - эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден бир туткасы" - деп жарыяланган.
Бөлөк жолдор аркылуу бийликти жаңылантуу аракеттердин баары өтө опурталдуу, кырсыктуу, жаңжалга алып келиши мүмкүн … Бул элдин кызыкчылыгына жооп бербейт. Калк өзү да муну сезип, жакшы билип турат.
2005-жылы март айында он беш жыл элди эзген бийликке каршы чыккандарды коомчулук, калктын көпчүлүгү катуу колдоп, жаңы бийликти алып келди.
Арадан үч жыл өттү, жаңы бийлик эл үмүтүн актамак түгүл, тескерисинче, электр менен сууну Каркыраны кошуп сатып, кыштын кычыраган суугунда элге жылуулук бербей, үшүтүп-тоңдуруп жок кыла турган болду…
"Дагы ушундай болуп калабызбы?"-деген суроо эл үмүтүн суутуп, ишенимин алып турат.
Бул бийликтин ордуна келгендер таза иштеп, эл үмүтүн актап, өлкөбүздү алдыга алып чыгат деп ким кепилдик бере алат? Бул бийликтен да ашып түшсө эмне кылабыз деген күмөн саноо элдин аракетин алып, демин суутууда…
Кепилдикти жалгыз эл өзү гана бере алат. Тигил же бул саясатчыга ишенип, үмүт артканды токтотуп, кантип өлкөбүздүн башкаруусун өзгөртүп, мамлекет башкарууну кандай жолго салганда турмушубуз оңолот деген иш топтомго (программага) калк ишениши зарыл.
Ушудай иш аракеттер аныкталып, турмушка ашыра турган чаралар жана мөөнөтү такталып, калың элдин ишенимине кирип, колдоосуна алынганда - кандай саясатчылар жана кимдер гана бийликке келбесин, аны аткарууга аргасыз болот.
Ошондо гана эл шайлоо учурунда тамак-аш, арака же кызматчылардын бал сөзүнө алданбай, түпкү өзгөрүүлөргө гана добушун берип, өз добушун уурдатпай, коргой алат.
Бул жол - жаңы бийлик мурдагыдай элди алдап кетпестин эң бышык кепили болуп берет.
Элдин нааразычылыгын пайдаланган саясатчылар бабаларыбыздын: "Нааразылык - кыйратуучу күч, ал курууга жөндөмсүз" - деген акыл сөзүн эске албай жатышат.
Бүгүн акылман элибиз бийликке да, оппозицияга да көп ишене бербей, демек - колдобой тургандын башкы себеби - өлкөбүздүн абалын кантип, кайсы жол менен оңдоп, калк түйшүгүн жеңилдетип, бакубат турмушка жеткизебиз деген даректүү иш топтому жок болгонунда.
Мындай даана, так, жалпыга түшүнүктүү жана ишеним жаратып, үмүт арттырган иш топтому ("программа") сунушталса жана эгерде ал эл тарабынан колдоого алынса - калк биригип, үнсүз, укуксуз, алсыз шайлоочулар тобунан бириккен, намыстуу, максаттуу, эрктүү, улуу Эл бийиктигине көтөрүлө алат эле!

III. Мамлекет башкаруунун жаңы жолу жана чарба жүргүзүүнүн түпкү эрежелери.
Өлкө жана элибизди кейиштүү абалдан алып чыгуу үчүн мамлекет башкаруу төмөнкү негизги талаптарга жооп бериши керек:
- сөз жана кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө башкаруунун эң башында эл өзү туруп, өлкө жана өзүнүн тагдырын эл өзү гана чечиши зарыл;
- эл менен эсептешпей, элдин атынан өлкө жана эл тагдырын жеке өзү карап, чечкенге Президентке да, Жогорку Кеңешке да, Жогорку сотко да, же бир дагы партияга, партиялардын бириккен тобуна мүмкүнчүлүк берилбей, катуу тыюу салынышы керек;
- Президент, Жогорку Кеңеш, Жогорку сот элге гана кызмат кылып, эл алдына такай жооп берип, элге көз каранды болуп, элдин катуу көзөмөлүнөн чыкпашы зарыл;
- Башкаруу өзү жана кабыл алынган мыйзамдар кыргыз элинин наркын, салтын, адеп-ахлак, ыйман-нарктарын эске алуу менен муундардын байланышын чыңап, коомдо Адилет, Калыстык, Акыйкат орнотуп, аларды бекем сакташ керек;
- шайлоолор, референдумдар Президентке, Жогорку Кеңешке баш ийбеген калыстар аркылуу жүргүзүлүшү зарыл;
- соттор Президентке, Жогорку Кеңешке көз каранды болбой, эл тараптан шайланып, элге гана көз каранды болушу керек;
- Премьер Министр кызматы жоюлуп, анын милдетин Президент өзү аткарып, аткаруу бийликти өзү түзүп, башкарып, өлкө абалына жеке өзү гана жооптуу болушу зарыл;
- аткаруу бийлиги эки тепкичтүү, элге ачык жана түшүнүктүү, жөнөкөй болуп, коомдун бардык катмарларынан турушу керек;
- областтар, райондор жоюлуп, табигый шарттарды эске алуу менен саны 15 - 20 ашпаган аймактар түзүлүшү зарыл;
- жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун ордун, таасирин, мүмкүнчүлүгүн, укугун кыйла кеңейтип, жоопкерчилигин, өзүн-өзү каржылоосун кыйла көтөрүп, калктын демилгесине, изденүүсүнө, чыгармачыл чарба жүргүзүүсүнө толук шарт түзүп берилиши зарыл;
- министрликтердин, комитеттердин саны 30 пайызка кыскартылып, жалпы кызматчылардын саны 40 пайызга азайтылышы зарыл. Алардын санын дагы эки эсе көбөйтсө да элдин абалы оңолуп кетпейт.
Кыргыз археологиялык казуулар жана генетикалык изилдөөлөр аркылуу илимий аныкталган алты миң жыл тарыхый жолду басып өткөн байыркы жана улуу эл. Кыргыз коло доорунан кыйла мурун эле калыптанып, түптөлүп, Теңдикти, аны камсыз кылган АДИЛЕТ, КАЛЫСТЫК, АКЫЙКАТТЫ туу тутуп, рухий наркты дүнүйө- байлыктан өйдө коюп, жашоо шартына айланткан ыйманы ысык, намыстуу эл эле. Кыргыз малды теппеген, кумурсканын да убалына калбай, аны аттап өткөн, АДАЛ-АРАМды ажыратып таанып жашаган касиеттүү, аруу эл болгон.
Демек, бөлөк өлкөлөрдүн башкаруу ыкмалары, тажрыйбасы кыргыздын нарк- насилине, каада-салтына, кулк-мүнөзүнө ылайык келбейт, жарашпайт, айрым учурларда - жат келет, жакшылык жаратпайт, жукпайт. Алты миң жыл кыргызды сактап, аман алып келген, канга сиңип, тилине, дилине айланган далай артык сапаттарды жок кылуу, жоюу аракеттери жетимиш жыл совет доорунда, он жети жыл жапайы капитализмди өздөштүрүү мезгилинде өз максатына жеткен жок жана жетүүгө мүмкүн эместигин көрсөттү.
Аянты, кен-байлыгы, суу байлыгы, табигый керемет, кооз шарты менен Мекенибиз Кыргызстан элин токчулукта, молчулукта, бакубат, бактылуу жашоосун толук жана жетиштүү камсыз кыла алат. Маселе - жалаң эле элдин кызыкчылыгына, мүдөө - талабына жооп бербеген мамлекет башкаруусунда гана эмес.
Маселе - элдин чарба жүргүзүү эркиндигине жол ачылбай, жерибиздин шарты, элибиздин салты эске алынбагандыгында болуп турат.
Чарба жүргүзүүнүн негизги эреже-шарттары төмөнкү болушу зарыл деп эсептейбиз:
- ишкерликке бийлик тараптан уруксат берүүнү жоюп, каттоо гана жүргүзүүгө өтүү зарыл. Бул чарба жүргүзүү эркиндикти камсыз кылып, изденүүгө кенен жол ачат жана коррупциянын азайышына алып келет;
- айыл-чарба, үрөөнчүлүк, малды дарылоо жана асылдандыруу, сугат тармагы, кичи ишкерлик мамлекет тарабынан колдоого, демөөрчүлүккө алынышы керек, дүйнө өлкөлөрүнүн бардыгындай. Антпесе, атаандашууга жөндөмсүз болуп, айыл-чарба тармагы жок болууга учурайт;
- калкты жумуш менен камсыз кылууда кол өнөрчүлүк жана кичи ишкерлик көңүлдүн борборунда болушу зарыл. Көп деле салым талап кылбай, бирок, калктын 25-35 пайызын жумуш менен камсыз кылууга шарт түзүп берет;
- салык жүгүн кыйла жеңилдетиш керек: кошумча нарк салыгын 8-10 пайыз, социалдык төлөмдү 25 пайызга түшүрүп, пайдага болгон салыкты эки эсе азайтыш зарыл;
- Ата-Мекен өндүрүшчүлөрүнө мамлекет колдоо жана жардам көрсөткөн саясат жүргүзүлүшү керек (салык жана бажы төлөмдөр аркылуу). Союз урагандан кийинки жылдары батыштын кеңешчилери чарбабызды талкалоо, кыйратуу атайын саясатын жүргүзүп келгенинен туура жыйынтык чыгарышыбыз зарыл;
- албетте, менчик мүлк сарамжалдуу, натыйжалуу иштейт. Бирок, өлкө чарбасынын өзөгү болгон: энергетика, табигый отун, суу, токой байлыктары жалпы элдин мүлкү болушу абзел, алар мамлекет менчигинде болгондо гана эл байлыгын, өлкө кубаттуулугун арттырат;
- мамлекеттик өнүгүү иш топтому (программасы) даярдалып, турмушка ашырылышы зарыл. Алар: кол өнөрчүлүктү көтөрүү, үрөөнчүлүк, малды асылдандыруу, дарылоо, кичи-чоң ГЭСтерди куруу, булак сууларын тышка алып чыгып сатуу жана туризм тармагын өркүндөтүүгө арналышы керек;
- малекеттик деңгээлде турмушка ашырыла турган көп жылга багытталган рухий, эмгек, мекенчил тарбиялоо иш топтому даярдалышы зарыл;
- мыйзамдардын баары алар менен бирге Жогорку Кеңеш тарабынан бекиген чечмелөө, түшүндүрүүсү коштогон шартта гана ишке киргизилиши керек. Ар бир чиновник (бажычы, салыкчы ж.б.) өз пайдасына, же бийлик кызыкчылыгына мыйзамдарды чечмелеп, пайдаланганга тыюу салганда гана коррупцияга, өзүмбилемдикке жол берилбейт, көмүскө экономика ооздукталат;
- чарба жүргүзүү ЭРКИНДИК, АДИЛЕТ, КАЛЫСТЫК, АКЫЙКАТ жана ТЕҢДИККЕ таянганда гана өркүндөп, гүлдөп өсөт. Мунун бир эле шарты бузулса, чарба аксап, көтөрүм, котур малга окшоп, чыгашалуу, пайдасыз болот.

IV. Мамлекет бийлигинин жана башкаруунун жаңы түзүмү.
Мамлекет бийлигинин эң башында Элдик курултай (Сенат) турат. Ар үч миң шайлоочудан бир өкүл (Сенатор) шайланып, "бий" деп аталат (бий-лик деген сөздүн өзөгүнөн).
Алты жылга шайланган Элдик Курултай жылына бир жолу, октябрдын аягында жыйынга чогулат. Бул жыйын башынан аягына чейын мамлекеттик сын - үналгы аркылуу түз обого берилет.
Элдик Курултай:
- Президент, Жогорку Кеңеш, Жогорку сот, Башкы Прокурор, Эсептөө палатанын жоопторун угуп, талкуулап, "канааттандырылсын" же "канааттандырылбасын" деген баасын берет;
- иши "канаттандырылбасын" деген баа алган Башкы Прокурор, Жогорку сот, Эсептөө палата кызматтан четтетилет. Президент андай баа алса Элдик референдумга чыгып, эл ишенимине татыктуу же татыктуу эместигин аныктайт. Эл ишеним көрсөтпөсө, референдумга кеткен чыгымды Президент өзү көтөрөт, көтөрө албаса - мүлкү толук конфискацияланат;
- Башкы Прокурор, Жогорку Соттун мүчөлөрүн дайындоого жана бошотууга макулдугун берет;
- Борбордук шайлоо комиссиянын жана Эсептөө Палатанын курамын шайлайт;
- Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлайт, ага талапкерлерди партиялар, коомдук уюмдар, жергиликтүү эл көрсөтөт. Бирок, Элдик Курултайдын кароосуна 50 пайыздан кем эмес жергиликтүү кеңештердин 2/3 добушун алгандар гана көрсөтҮлөт. Демек, талапкерлер калың элдин таразасынан өтөт, бирок, элдин ар шайлоодон кийин бөлүнүп, жарылуусу токтоп, ынтымагына доо кетпейт;
- Президентке көрсөтүлгөн ишенбестикти (импичментти) карайт;
- шайлоо аркылуу Республиканын министирлик, Комитеттерин жетекчилерине, алардын орун басарларына талапкерлердин тизмесин шайлоо жолу менен бекитип, "Эл Казынасын" түзөт. Президент жетекчилерди "Эл Казынасынан" гана дайындай алат.
Бул жол жердешчилик, тууганчылыкка бөгөт коёт, тажрыйбалуу, таза, чебер адистерге жол ачат;
- чек ара маселелерин карап, бекитет;
- өлкөдөгү жалпы саясий, чарба абалына, АДИЛЕТ, КАЛЫСТЫККА баа берет жана Президент менен Жогорку Кеңешке каалоо-тилектерин айтып, өлкө өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктайт;
- Президенттин, Жогорку Кеңештин, Башкы Прокурордун, Жогорку Соттун ишине түз кирише албайт, бюджеттин аткарылышына да көрсөтмө берүүгө укуксуз болот.
Элдик Курултайдын ишин уюштуруу жана камсыздоо милдети Борбордук шайлоо комиссияга жүктөлөт.
Бийлер айлык албайт, шайлоочулардын 2/3 добушу мене кайра чакырылып алат.
ПРЕЗИДЕНТ:
- жалпы элдик шайлоо аркылуу беш жылга шайланат. Ири ишкерлер, кыргыз тилин, тарыхын билбегендер, жана ата-теги (жети атасына чейин) кыргыз эместер Президентке талапкер боло албайт (толук атайын мыйзамда көрсөтүлөт);
- аткаруу бийликтин курамын түзөт, аны башкарат, өлкөдөгү абалга жеке толук жооп берет;
- Элдик Курултайдын кароосуна Башкы Прокурор, Жогорку соттун курамына талапкерлерди сунуштайт,
Үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына мамлекет башкарууда иштегенге тыюу салынат, мамлекет эсебинен камсыз кылынбайт, эмгек маяна гана алат;
Импичмент алган президенттин мүлкү конфискацияланат, өзү беш жылга эркинен ажыратылат.
Элдик Курултай ага мунапыс берүүгө толук укуктуу болот.
Союз урагандан кийин өлкө президенттери баарын чечип, бирок, эгерим эч кимге эч нерсеге жооп бербегени үчүн эл жана өлкө тагдыры менен эсептешпей, каалаганын жасап, чардап, тайраңдап, жерде жүргөн кудайдын эрке баласына айланып,сууну,алтынды сатып, кыргызды тентитип, тезек тердирип, кыштын суугуна үшүтүп, тоңдурганы аз келгенсип, кекетип, коркутуп жатат, кечирим сурагандын ордуна.
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ:
- курамы 35, ашып кетсе 45 адамдан турат. Жергиликтүү кеңештердин 50% кем эместеринен 2/3 добуш алган талапкерлер гана Элдик Курултайдын кароосуна коюлуп, мөөнөтү 5 жылга шайланат;
- мыйзам чыгарат. Ар бир мыйзамдын толук чечмелөөсүн, түшүндүрмөсүн иштеп чыгып, мыйзам менен бирге чыгарганда гана ал күчүнө кирет;
- мамлекеттин бюджетин бекитет, анын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- өз курамынан атайын мыйзамдарды чечмелөө, түшүндүрүү Комитетин түзөт. Комитет кайрылууларды карап, кабыл алган чечимдерин ай сайын атайын басылма кылып чыгарып турат. Ар бир чиновник өз пайдасына мыйзамды чечкен өзүмбилемдик токтойт, коррупциянын тамырына балта чабылат.
Бул жол он сегиз жыл бою уланып келе жаткан Президент менен Жогорку Кеңештин бийлик (демек байлык) талашуусуна чекит коюп, экөөнү тең элге - Элдик Курултайга жооптуу кылып, калкка малай болуп иштегенге шарт түзөт эле.
Бүгүн экөөсү тең өзүн элден өйдө коёт, эл менен эсептешпейт. Элге малай болуп кызмат кылуу үчүн эмес, байлык топтоп, улам мансаптын бийик тепкичине жетүүнү гана көздөйт.
Ал сөзсүз өлкөнү кыйроого, элди жакырланууга, эгемендикти жоготуу коркунучуна алып келээрин, кыштан кантип чыгам деген эл көзү менен көрүп, мойну менен тартып олтурбайбы?
Улуттук Кеңеш:
- курамы 11 адамдан, үчтөн кем эмес аял, бир орус, бир өзбек, ар бир канаттан шайланган үчтөн өкүлдөн турат;
- президентке импичмент демилгесин жетиден кем эмес добуш менен баштай алат. Ал бир айдан кем эмес мөөнөттө кезексиз чогулган Элдик Курултайда каралат. 2/3 добуш алса Президент кызматынан четтетилет. Көпчүлүк добуш алса, маселе референдумга коюлат. Референдум импичментти колдосо, анын чыгымын Президент көтөрөт, же бүт мүлкү конфискацияланат;
- Президент жана Жогорку Кеңеш жүргүзгөн саясат улуттун кызыкчылыгына каршы болбостугуна көзөмөл жүргүзөт;
- Элдик Курултайдын чечимдерин ишке ашырылышын тескейт;
- жылына өтчү Элдик Курултайдын жыйындарын даярдайт;
- Борбордук шайлоо жана Эсептөө палатанын ишин көзөмөлдөйт, бирок аларды кызматтан четтете албайт.
Улуттук Кеңеш түздөн-түз Президенттин, Жогорку Кеңештин, Жогорку Соттун, Башкы Прокурордун ишине кийлигише албайт. Ал Президентке, Жогорку Кеңешке, Элдик Курултайга баш ийбейт. Элдик Курултай 2/3 добуш менен Улуттук Кеңештин мүчөсүн чакырып алууга көрсөтмө бере алат.
Улуттук Кеңештин курамына таза, калыс, ыймандуу, абийирдүү, даанышман, элдин наркын, салтын, тарыхын терең билген, эл сыймыгына айланган кыргыздын аксакалы деп таанылган улуу инсандар гана шайланат.
Президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку Соттун курамы, Башкы прокурор, министрлер, орун басарлары, Улуттук Кеңештин мүчөлөрү жыл сайын мүлкү, киреше, салык төлөмдөрү жөнүндө толук маалымат жазып, Эсептөө палатага текшерүүгө тапшырат. Мындай маалыматты алардын бир туугандары, балдары, кудалары, таяке-жээндери да берет.
Бул маалыматтарды текшерүү милдети Эсептөө Палатанын жетектөөсү алдында финансы полициясына, салык жана бажы кызматтарына жүктөлөт.
Кол тийбестик жана бөлөк жеңилдетүүлөрдүн (льгота, привилегиялардын) баары жоюлат. Бул жөнүндө Баш Мыйзамдын атайын беренесинде толук жазылып, көрсөтүлөт.
Бул негизги жоболор толук жана даана, түшүнүктүү чечмеленип, тиешелүү: Элдик Курултай, Президент, Жогорку Кеңеш, Улуттук Кеңеш, Борбордук Шайлоо Комиссия, Эсептөө Палата жөнүндө Конституциялык мыйзамдарда көрсөтүлүп, такталат.

V. Корутунду
Кыргыз эли бүгүнкү түпсүз туңгуюкка түшүп, кабыргасы кайышып, зээни кейип, жаны ачып, үрөйү учуп турган абалга келгенине байыркы бабаларыбыз түптөп, мураска калтырган Мекенибиз, тарыхыбыз, тилибиз, дилибиз, рухубуз, наркыбыз, салтыбыз себептүү эмес. Анын себеби - элдин атын жамынып, элдин атынан бийлик жүргүзүп, бирок элге жооп бербеген, эл менен эсептешпей, өлкөнү, өлкө менен кошо эл байлыгын, эл тагдырын менчиктештирип, балдары, кыздары, тууган-жолдоштору менен кыргызды жакырлантып, тентитип, баңгилик, коррупция, сойкулуктун сормо сазына батырган, президенттердин чексиз бийлигинде, өзүмбилемдигинде.
Анын себеби - элге, өлкөгө кызмат кылбай, эл атын жамынып, мүлкүн, байлыгын талап, тоногон депутат, министр, аким, сот, милиция, прокурорлор жана элдин канын соргон сүлүк өңдүү миңдеген чиновниктерде.
Анын себеби - элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, Баш мыйзамды улам бузуп, өз кызыкчылыгына гана буруп, өздөрүн жерге түшкөн кудайдын эрке баласына айлантып алган президенттерде жана аларды курчап алган кошоматчыларда "дүжүр" чалдар, балдарда.
Бир сөз менен айтканда, Элдин да, Улуттун да, Мамлекетибиздин, Мекенибиздин да тагдырын талкалаган, улуу бабаларыбыз мурастаган дөөлөттү кыйраткан,өзүн актабаган мамлекет башкарууда.
Кыргыз эли көп жыл мурун мындай башкаруунун барымтасына түшүп, ал жөргөмүштүн желесиндей калкыбыздын буту-колун гана эмес, акыл-эс, ой жүгүртүүсүн да шал кылып, байлап, багынтып алган.
Кыргыз - эң байыркы, далай элдерден эки, үч, төрт миң жыл мурун эле калыптанган улуу эл. Кыргыз коло доорунан, адам баласы бай-кедей болуп бөлүнүп, бузула элек, бийлик-байлыктын кулу боло элек мезгилден 2000 жыл мурун калыптанып, ыйман- рухий нарктарын турмушка тутка, жашоого түркүк, өмүргө өзөк кылып, ТЕҢДИКти ыйык туткан аруу эл болуп, арий деп тарыхта аталып калган.
Ыйык инжил китебинде: "Адамзатты акыр замандан Манас элинин урпактары сактап калат" - деп жазылганы бекер эмес.
"Жерге - сууга кесир мамиле кылсаң, Жараткан кырсыктап коёт" - деп, кыргыз табияты жандуу деп тааныган.
"Иттин ээси болсо, бөрүнүн Теңири бар" - деп, кыргыз Жараткан адамга кандай таандык болсо, жан-жаныбарларга да ошондой таандык деп, Адилеттүүлүктүн туу чокусуна көтөрүлгөн.
Кыргыздын коом түзүү жана башкаруусу зомбулук, зөөкүрдүккө, жалаң гана мыйзамга эмес, сый-урмат, адеп, рухий-наркка негизделген.
Бул үч маселени азамзат бүгүн чече албаган үчүн жарга такалып, кризиске түшүп турат.
Бүгүнкү оор абалдан чыгып кетүү үчүн элибиз мамлекет башкарууну түп тамыры менен оңдоп, түзөп, өзгөртүп, анын башына элди, эл шайлаган Элдик Курултайды коюшу керек.
Элибиз кеңешип, таразалап, талдап, тандаган өлкө башкаруусу:
- бийликти элге малай кылып иштетип, элге жооптуу, элдин көзөмөлүнөн чыгарбай;
- бийликтин эл менен эсептешпей, өзүм билемдигине жол бербей;
- башкарууга шылуун, шумпай, ууру, абийирсиз адамдарды жолотпой;
- жердешчиликке, тууганчылыкка бөгөт койгон;
- элге, улутка каршы, ыймансыз, абийирсиз, саясатты четке каккан;
- Мекен, Улуттун кызыкчылыгын баарынан бийик коюп, ага бийликтин бүт кыймыл, иш аракеттерин баш ийдирген;
- улут жана диний аралык ынтымак ырашкерликти көздүн карегиндей сактаган;
- коомдо Адилет, Калыстык, Акыйкатты орнотуп, аны темирдей бекем кармаган;
- башкарууга жаңы, жаш, адис, улуттук-мекенчил муунду алып келген;
- Кыргызстан Элин бакубат, Бактылуу турмушка жеткизе турган болушу керек!
Биз сунуштап жаткан жол - көп жолдордун бири гана.
Дагы көптөгөн акыл, кеңеш, бөлөк жолдор сунушталып, каралышы зарыл.
Терең талдап, жыйынтыгын эл гана чыгарганда ал эл үчүн иштеп, элге пайда алып келет, келечекке кенен жол ачып берет.
Кайсы гана жолду элибиз тандабасын, жаңы башкарууга өтүүнүн алдында Элдик көзөмөл калыстар тобу түзүлүп, 1995 ж. баштап, министрлер, алардын орун басарлары, Жогорку Кеңештин депутаттары, аким, сот, прокурор, салык, бажы жетекчилеринин, ири ишкерлердин мүлкү, салык төлөмдөрү, кирешелери дыкат текшерүүдөн өтүшү керек.
Мындай текшерүүдөн өткөн таза адамдар гана өлкө башкарууга катыша алат деген талап коюлушу абзел.
Коррупцияга, элин уурдап тоногонго катышкан чоң кызматчылар эң жогорку жазага тартылганда гана өлкө тазаланып, алдыга жыла алат.
Тазалык жана катуу мамлекеттик тартип орнотулмайынча эң жакшы саясий түзүм жана башкаруу натыйжалуу, элге пайдалуу болуп иштей албайт.
Дүйнөлүк кризис канатын улам кеңири жайып, дүйнө өлкөлөрүн жөө тумандай каптап, шайын оодарып, албарстыдай басып келе жатат. Ай сайын Америка, Европа, Азия өлкөлөрүндө миңдеген завод-фабрикалар жабылып, жумушсуздук күчөп баратат.
Мындай апаат адамзаттын тарыхында биринчи жолу болуп жатат.
Ага кыргыз эли бир эле шартта туруштук бере алат: биригип, ынтымакка келип, XXI кылым, жаңы доордун талабына жооп берип, шайкеш келген мамлекет башкарууну таап, аны турмушка ашыра алса!
Өлкө тагдырына кайдыгер карабаган мекендештерибизди биздин сунушту жер-жерлерде карап, талкуулап, катарыбызга - "Эл Биримдик" Тилектештикке максатташ, ниеттеш болууга үндөп, чакырабыз!
Коом туура таап, ылайык көрсө - атайын жыйын уюштуруп, жалпы талкуу өткөзүү да туура болуп, өзүн актап калаар.

Демилгелүү топ:

Акматов М.А.
"Фазовый" коомдук фондун президенти
Абдыразаков Э.А.
"Антикризис" коомдук фондун президенти
Абдивасиев М.Н.
Жеке ишкер, Ош. ш.
Балтабаев А.
Жеке ишкер, Бишкек ш.
Дуйшекеев О.
Айыл чарба илиминин доктору, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер
Жумабаев Б.
"Чабыт" социалдык экологиялык кыймыл, төрага
Исаев А.Н.
ОшМУ, окутуучу, Ош ш.
Исмаилов Б.
Жазуучу, этнограф, изилдөөчү
Иманов А.
Филология илиминин доктору, профессор, КР эл агартуу эмгек сиңирген ишмер
Нарбеков О.
Эл аралык СНГ фитоцентринин президенти, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, академик
Кошалиев К.
"БАТА" борборунун директору
Кулиев Ш.
ардагер
Сарымсаков К.
ардагер-журналист
Саиев Б.
"Луч лотоса" коомдук фондунун президенти
Сапаев М.
Кыргыздын улуттук кайра жаралуу кыймылы
Сарыгулов Д.
КР эмгек сиңирген курулушчу, экс-мамлекеттик катчы, биринчи даражадагы мамлекеттик кеңешчи
Турдумалиев С.
"Арча" саясий партиянын төрагасы
Урманаев С.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты
Шарипова С.
"Умай-эне" партиянын төрайымы, журналист
Бишкек, 62-56-50, 0517 245-952
Ош 7-60-75, 0772 259-100











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan