"Бизде жүрөк кемтик оорусу менен жылына
4000 бала төрөлсө, ошонун 1500ү гана жашап кетет"

13 жылдан бери кайрымдуулук иши менен алек болуп келе жаткан "Курманджан датка" фонду канчалаган оорулуу балдарга өз жардамын берип келатат. Жакында аталган фонддун жетекчиси Жылдыз Жолдошова Россия Федерациясына жана Белорусь Республикасына барып дагы бир жагымдуу кабар менен кайтып келди. Ал кабар ал жерлердеги мен деген, эл аралык деңгээлдеги клиникалар
менен фонддун ортосундагы
келишимдердин
түзүлгөндүгү.

О орукчан балдардын өмүрүнө кайдыгер эмес атуулдардан жана окурманыбыздардан суранып кетебиз, операция кылуу үчүн каражаты жетпей жаткан оорулуу балдар бар. Алардын операциясы үчүн колдон келген жардамыңыздарды берсеңиздер деген өтүнүчтөбүз.
Фонддун реквизиттери:
Расчетный счет - 1030220003115180
БИК -103002
Банк - Первомайский филиал ОАО "КБ Кыргызстан"
Наименования получателя - БФ им. Курманжан Датка
Назначения: за лечение больных детей
Азыркы учурда тез аранын ичинде эки кызыбыз операцияга муктаж.
Абылкасым кызы Бурул 2001-жылы төрөлгөн,
Ким Акылай 2005-жылы төрөлгөн.

Бул укук талаасына кирүү абдан кыйын болду
- Бир жарым ай мурда менин бир тууган жээним Бишкектеги онкологиялык ооруканада каза болуп калды. Ошондой эле биздин "Курманжан Датка" фонду жардам берели деп аракет кылып жатканда дагы бир бала көз жумду. Мына ушул эки баланын өлүмү мени тез аранын ичинде Россия Федерациясы менен Беларусь республикасына барып келүүгө мажбур кылды. Бул эми биздеги дарыгерлердин начардыгынан эмес, бизде тиешелүү медициналык жабдыктардын жетишсиздигине байланыштуу. Албетте, мен ал жактардагы академик Федоров атындагы "Көздүн микрохирургиясы" МНТКсы, академик Бакулев атындагы НЦССХ, Бурденко атындагы нейрохирургиялык улуттук изилдөө иниституту менен келишимдерди түзүүгө жетиштим. Минск шаарында болсо биздин фонд менен Белорусь республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы 4-шаардык балдар клиникалык борборунун ортосунда келишим түзүү боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Негизи буга чейин эле "Эмне үчүн биз эл аралык деңгээлдеги Бакулев жана Бурденко атындагы чоң медициналык борборлор менен иштеше албайбыз?" деген өзөктүү суроо көңүлүмдү өйүп келген. Бул туурасында, албетте, биздин өкмөт, саламаттыкты сактоо министрлиги аракет кылса туура болоор эле. Тилекке каршы, мындай иштер көп учурларда көмүскөдө калып калууда. Биздин кайрымдуулук фондуна канча деген оорулуу балдар кайрылышат. Мына ошол жардамга муктаж балдардын үмүтүн жандырып, жакшылык кылсак деген максатта 13 жылдан бери ушул иш менен алпурушуп келатам. Ошол 13 жылдык фонддун ишмердүүлүгүндө канча деген адамдарга жол киресин, операцияга болгон каражатын таап жардам берип келдик. Бирок, бир да жолу эл аралык деңгээлдеги жогорудагыдай клиникалар менен келишим түзө албай келгенбиз. Көптөгөн чет өлкүлөрдүн жарандары барып дарыланган эл аралык деңгээлдеги бул клиникалар менен сүйлөшүү абдан кыйын болду. Мен бир нерсени белгилеп айтып коюшум керек, биздин тышкы иштер министри Эднан Карабаев абдан чоң жардам берди. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аттокуров дагы Бакулевдин атына өзүнүн жакшы маанайдагы катын жазып берип, ошол каттын негизинде ал киши биз менен келишим түзүүгө макулдугун берди. Ал эми Беларуссия Республикасындагы элчи эжебиз Лидия Иманалиеванын бир гана элчилик милдетин аткарбастан энелик мээримин төгөөрүн, балдарыбызга жардамын аябасын ачык айтты.

Келишимдин зарылдыгы канча эле?
Ар бир эле адам ал клиникаларга өздөрү эле барып, текшерүүдөн өтсө болот деңизчи. Бирок, бул жол татаалыраак. Анткени бул жолду бир учурларда мен дагы басып өткөнмүн. Эми ал жолду мен башкаларга каалагым келбейт. Ошондуктан биздин фонддун ал клиникалар менен түзгөн келишимдери Кыргызстандагы оорулуу, жардамга муктаж адамдар үчүн иштесе дейм. Биринчиден, келишим бар болсо ал жердеги дарыгерлер милдеттүү түрдө бизден барган жарандарды дарылашат. Экинчиден, алар оорулууну ана-мына дебестен, өз убагында чакырып, койкаларды камдап турушат дагы, ошол жерден так диагнозун коюп, операция жасашат.
Каражат жагына келгенде дагы бул келишимдерде көп нерселер каралган. Эми операциянын убагында ар кандай учурлар болуп калышы мүмкүн. Эгерде андай кырдаалдар болуп калса алар операция үчүн каралган каражаттан ашып кеткен сумманы өздөрү төлөшөт. Ошондой эле кандай гана оорулуу болбосун жоопкерчилик менен карап, жоопкерчилик менен мамиле жасашат. Жеңилдиктер туурасында айтсак, мисалы, Бурденко атындагы онкологиялык оорулуулар боюнча клиника томолой жетимдерге 100%, жарым-жартылай жетимдерге 30% жеңилдиктерди беришет. Ал эми жүрөк клиникасы ар бир баланын оорусунун жеңил же оор экендигине карап туруп, индивидуалдуу жардамдарды бкришээрин айтышты. Көз клиникасы болсо жеңилдиктерди бере албайбыз дешкени менен эгерде өтө эле жетишпеген адамдар болсо алар дагы индивидуалдуу түрдө карашаарын билдиришти.

Минскиде балдар үчүн көп борборлор ачылыптыр, а бизде…
- Бир караганда арданат экенсиң. Минскиде балдар үчүн абдан көптөгөн борборлор ачылыптыр. Мен ошого абдан таң калдым. А бизде болсо балдар борбору эмес, балдар ооруканаларында тиешелүү апараттар жок да. Мисалга, жүрөк ооруусу боюнча балдар борборунда эненин курсагындагы 11 апталык баланын жүрөгүндө оорунун бар же жок экендигин текшерген аппараттар менен жабдылган. Ал эми ымыркай 20 аптага толгондо жүрөгүндөгү оорусуна так диагноз коюшат экен. Бул балдар борбору толугу менен мамлекеттин карамагында. Эгерде баланын жүрөгү олуттуу ооруу менен ооруса, дароо профессионалдык деңгээлде болочоктогу эне менен атага түшүндүрүү иштери болот. Эгер ата-эне баары бир ушул баланы жарык дүйнөгө алып келишери жөнүндө чечим кабыл алышса, анда кош бойлуу аялды дароо каттоого алышып, кийин бала төрөлөөрү менен балага операция жасашат экен. Бизде болсо андай бир-эки айлык ымыркайларды анда-санда операция жасашат, бирок массалык түрдө операция жасаганга шарт да жок, адистерибиз дагы жетишсиз. Анын үстүнө биздин врачтардын, медайымдардын айлык акысы абдан аз, албетте медиктердин айлык акыларын өкмөт тарабынан жогорулатууга убакыт келип жетти. Ушул эле маселеге көңүл бурбастан негизги маселе Жал кичирайонундагы балдар ооруканасында каралган, ушундай борборду түзүү имаратын өз мезгилинде мамлекеттик мүлк фонду приватташтырууга мүмкүнчүлүк берген, андыктан Турдумамбетов мырза балдарга арналган имаратты керек болсо азыркы кожоюну ким болсо да кайрып, андан сатып алып Беларуссиядагыдай борбор ачылышы керек. Оорукчан балдарга арналган, өкмөттүн акчасына курулган медициналык имараттарды менчиктештирүүгө ким уруксат берген болсо, ал азыр да болсо мыйзам алдында жоопко тартылышы керек. Бир сөз менен айтканда Лукашенко мырза мындай нерселерге жол бермек турсун, мыйзам бузгандарды аёсуз мыйзам чегинде жазалайт экен. Ошондуктан ар бир чиновник жоопкерчиликти сезет. Ал эми бизде миллиондоп пара алса, же элдин мүлкүн сатса, жесе эч ким жазаланбай келе жатат, ошондуктан элибиз жакырланып кетти. Өлкөбүздүн ушундай абалга келишине Мамлекеттик мүлк фондусунун эмгеги аябай зор, бирок эч ким жазалабады аларды. Балким 17 жылдын ичинде менчиктештирүүнүн кандай жүргөнүнө финполиция көңүл бураар.

Калктын ден-соолугу үчүн Лукашенко баарын жасап жатыптыр…
- Айрым адамдар менин сөзүмдү туура эмес кабыл алышаар. Бирок, мен бул чындыкты айтып коюшум керек. Анткени улуттун ден-соолугу мамлекеттин чың болушуна абдан чоң өбөлгө түзөт. А. Лукашенко бир эле завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздорду калтырып, тынч, стабилдүүлүктү орнотуу менен гана чектелбестен өз элинин ден-соолугу үчүн чоң кам көрүп жаткандыгы да мага абдан бир жылуу пикир калтырды. "Здоровая нация - это залог государства", "Здоровая нация - это сохранение государство" деген өзүнүн программаларын иштетип, өзгөчө балдардын өлүмү туурасында жеке өзү көзөмөл кылганы кимди болбосун ыраазы кылат. Натыйжада 4 жылда жүрөк оорусунан 39 гана адам каза болгон. Бизде болсо жүрөк кемтик оорусу менен жылына 4000 бала төрөлсө, ошонун 1,5 миңи гана жашап кетет, ошондо да тилекке каршы алар майып болуп калышат. Калгандары бир жылга жетпей чарчап калышат.
Биздин фондго кайрылгандардын дээрлик бардыгы тең тоолуу райондордон. Нарын, Алай, Чаткал, Тогуз-Тородон, Талас, Ысык-Көлдөн көп, негизинен бүт эле региондордон кездешет. Экинчиден, боюнда бар аялдардын көпчүлүгү анемия менен оорушат, социалдык абал оор, айрыкча айыл жерлеринде. Боюнда бар аялдын жакшы тамак ичпегендиги, ошондой эле сыркоолоп калса өз убагында врачтарга кайрылбаганы, айрыкча кыргыз үй-бүлөлөрдө боюнда бар келиндерине ыңгайлуу шарт түзүп бере алышпагандыгы, ошондой эле биздин эр-азаматтар келинчектеринин жүгүн жеңилдете алышпагандыгы, айтор, көптөгөн факторлордун негизинде жүрөк оорулуу балдардын төрөлөрүн врачтар айтып келе жатышат. Ошондуктан ар бир үй-бүлөдө ден-соолугу чың бала төрөлсө десе боюнда бар келиндерибизге камкордук көрүшүбүз керек. Анысы аз келгенсип профессионалдуу врачтардын жетишпегендиги өкүндүрөт.

"Алтын балалык" деле балдар үчүн курулган
- Ачык айтканда "Алтын балалык" балдар үчүн курулган. Аны бөлдүрбөй, талап тонотпой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине же Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине берип койсо жакшы болмок. Келечек үчүн. Ичинде эмне деген уникалдуу медициналык каражаттар бар эле. Азыр анын баары кайда? Эгер балдарга азыр кам көрбөсөк анда эртеңки күнү бармак тиштеп олтуруп калуунун кажети барбы?
Албетте, президентибиз Курманбек Салиевич спортко, маданиятка абдан жакшы көңүл буруп жатат. Тилеке каршы, элдин ден соолугуна көңүл бурулбай жатат. Муну Президент, өкмөт, тиешелүү министрликтер туура кабыл алуулары керек. Биздин фонд 13 жылдын ичинде бардыгы болуп 225 балага операция жасоого каражаттарды таап берүүгө көмөк көрсөттүк. Бул кандайдыр бир деңгээлде көп, кандайдыр бир деңгээлде аз дагы. А кайда бараарын билбегендери канча. Оору менен алпуруша берип, жашоонун бир бөлүгүн дагы көрбөй жарыкчылык менен кош айтышып кеткендеричи? Андыктан келгиле, балдардын, энелердин, элдин ден-соолугу үчүн биригип кам көрөлү. Мен силердин гезит аркылуу дагы бир нерсени кайталап айтып койгум келет. Биздин Фонд турмушу начар үй-бүлөлөргө, жетим балдарга гана каражат таап берүүгө жардам беребиз. Эгерде жогоруда айтылган эл аралык деңгээлдеги клиникаларга барып дарылангылары келишкен, колунда бар жарандар болсо, биздин фонд аркылуу баргандары жеңил болот. Андыктан бизге кайрылышса, биз ар дайым жардам берүүгө даярбыз.

Сиздерди урматтоо менен Курманжан Датка фондунун төрайымы
Жылдыз Жолдошова













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan