Бекназаров Азимбек Анаркулович
Бекназаров ишенчеек киши. Саясатта абайлап жүрүңүз сатып кетишет. Дагы жаман атты болуп каласыз.
077784хххх

Эх, Азике,бир мүмкүнчүлүктү манту жеп олтургандарга өзүң кармата бердиң. Эми кел-кел кайра келди. Элдин ырыскысын чачпаган, акыйкат, Үзөңгү-Кууш, Каркыра реформа-деп күйүп жанган сени кудайым жана кыргыздын ак жүрөк патриоттору колдойт!
077271хххх
Азимбек байке, сиздин нукура патриот экениңиз баарына маалым. Канчалаган басынтуу сынагынан өттүңүз. Сизге даңк. Сиз Кыргызстандын башкы прокурорлугуна татыктуусуз.
0777 02 25 хх

Азимбек мырза, эң жакшы адам оптимист, акылдуу, айткан сөзүнө турат, жөнөкөй, ачык, берешен, ачуусу чукул эмес, жүрөгү элим деп согот. Өзүнүн жасаган ишин аягына чейин жеткирет. Элине жакшылык гана кылып тургусу келет. Чындык үчүн жанын берет.
Алтынай 0543 05 хх хх

Бекназаров кыйынсынып Кыргызстандын башка жерин коргомуш болот. Андан көрө өз айылындагы мүрзөнүн тагдырын чечип койсо болмок. Айылдаштары майып чыгып калса, өзбектердин уруксаты жок өлүктү жерге бере алышпай кыйналат. Ошондой эле Шамалды-Сайдагы 50 метрлик жер үчүн 20 км жерди айланып өтүүгө туура келет. Ошол маселени да жеринде чечсеңиз айылдаштарыңыздын сөөгүн агартмаксыз. Дагы мени кыжаалат кылган бир суроо бар. Чындык жок деп чыркырайсыз. Эмне үчүн башпрокурор болуп турганда сиз үчүн болгон Аксы окуясынын бетин ача алган жоксуз. Анткени, күнөө сизде. Өзүңүздү өзүңүз сотой албай чындыкты кайсалап башка жактан издеп убара болуп жатасыз. Жай олтуруп ойлонуп көрүңүзчү.
Дүйшөнбек 0773 62 хх хх

"Нур-Суфра" кафеси Азимбек Бекназаровдуку дешет. Чындап эле Бекназаровдуку болсо, анда башкы прокуратура болгон кезинде жакшы эле ичип-жесе керек. Жөнөкөй адам андай кафе сала албайт да. Анткени, революциядан кийин Акаевдин 104 обьектиси бар деп жар салып, чыгып кийин алардын аты-жыты деле чыкпай калбадыбы. Балким, ошол мезгилде жең ичинен соодалашуу болуп, Бекназаров "Нур-Суфрадай" гилейген кафе салып алгандыр.
0777 81хххх

Азимбек Анаркуловичтин кээде артын карабай эдиреңдеп кеткен шашмалык жайы бар. Ошонусунан улам кытмыр саясатчыларга алданып, "саясатта достук жок кызыкчылык эле бар" деп калат. Мадумаров спикерликтен түшкөндө өзүнө тартайын дегенби эмнегедир Азимбек мырза, "Адахан саясатчы эмес, адам катары жаңылды" деп кубаттап чыккан. Бир ай өтпөй мага кызмат эле керек дегенсип артын кылчайып карабай кетип калды. Түшүнгөн кишиге Азимбек мырза, бийликке дагы бир упайга утулду.
0777 12хххх

Азимбек мырза, "Бакиевдерди кызматтан кетиребиз, ревком чечкиндүү кадамдарга барат" дегениңиз менен сизге деле анчалык ишеним арта албай калдым. Сизге ишенип, аянтка чыгып алып, как талаада калып, УКМКнын СИЗОсунда саргайып олтургум келбейт. Анткени, сиз мен сыяктуу эле кызматы жок карапайым адам болуп калбадыңызбы.
Гүлсара

Азимбек мырза үчүн коогалаңдуу Аксы окуясы болду. Кийин тагдыр буюруп, башкы прокурор да болду. Эмне үчүн ошол кезде Аксы окуясынын бетин ача алган жок. "Бакиевди сурак бер" дедим деген боюнча дайыны чыкпай калды. Күнөөлүүлөрдү далилдеп, колундагы кызматынан пайдаланса болот эле да. Бакылдаганы менен эч кандай жыйынтык чыгара алган жок.
Афина 0777 66 хх хх

Бекназаровдун жүрүштөрүнө ишенбейм. Башында Ж. Назаралиев менен тандем түзүп кыска убакыттын ичинде тандемдин мандеми чыккан. Учурда Жогорку Кеңештен кеткенден кийин эриккенби Топчуке менен тандем түзүп жүрөт. Тандемдин мандеми чыгаар күн деле жакын калса керек. Азыке Топчукеден кийин Нурлан Мотуев менен тандем түзөсүзбү? Мени сиздин кийинки канатташыңыз ким болоору кызыктырат.
Марат 0555 32 хх хх




SMS-Асман
Окурман, кимдир бирөөгө жалындуу сөздөрдү айткыңыз келсе, жүрөгүңүздү өйүгөн маселе же түшүнүксүз суроо болуп, сизди санаага салса, анда биз менен байланышып, SMS-Асман рубрикабызга Уюлдук телефонуңуздан 1032 кыска номерине А3 деген белгиден кийин аралык (пробел) калтырып, СМС-билдирүү жөнөтүңүз.
Кызматтан Bitel, Mobi, Megakom, Fonex, Katel, Nexi операторлорунун абоненттери колдоно алат.
Техникалык жардам: 0 312 684438
Мыкты SMSке атайын белегибиз бар. Эгер абонент алыста болсо аны убара кылбаш үчүн абоненттин балансына 100 сом которобуз.

А-236. Ардагым алыстагы Аида белең,
Аңкыган жыпар жыттуу жайда белең.
Алдымдан тосуп мени жан эркем деп,
Алмашкыс жарым менин болсо дегем.
Өзүңө күзгү гүлдөн терет элем,
Өмүрлүк жарыма деп берет элем.
Өйдө-ылдый болсо дагы биздин жашоо.
Өкүнбөй сени сүйүп өтөөр элем,
Жароокер айдай жүздүү кара каштуу,
Жаш селки бир өзүңдү табаар бекем.
0773 32 хх хх
А-237. Элдерди жумуш менен камсыз кыла турган заман келээр бекен? Мыкты саясатчыларга орун берилсе, иш шыр кеткени турат. Б.Бешимов, А.Атамбаев, Ө Текебаев, И.Исаков ж.б.
773000974
А-238. Элдин азыркы турмушу менен тааныштырууга президентибизге гид болуп берүүгө даярмын.
0773 20хххххх
А-239. Өмүрбек Текебаев кийинки прездент. Шайлоодо сизди сөзсүз колдойбуз, бирок жиниңиз чукул, кичине сабырдуу болуңуз. Сизди терең урматтап Кара-Кулжанын саясатка багыт алгaн жаштары 0772 0580хх

А-240. Мен оппозициядагы саясатчыларга таң калам, Бакиевди жеңебиз деп коюшат. Бакиевди жеңгенди коюп өзүлөрүнүн ичиндеги көрөалбастыкты жеңишбейби. Эмдигиче лидери жок. "Көп суур ийин каспайт. Ийин казса дагы терең казбайт" болуп жүрүшөт. Чындыгында булар Бакиевди кантип жеңерди билишет бирок жеңгилери келишпейт. Себеп дегенде Бакиев жеңилсе ордуна ким келет? Мен президенттикти алалбай алдырып ийсем кандай болот деген ой менен жашап жүрүшөт. Чындыгында кыргыз элине чындап күйгөн чыгаан чыкпай жатат. Чыныгы таза жашоо ИСЛАМ дининде дин менен жашоону үйрөнсөк жашообуз абдан жеңилдей түшөт эле, ар бир жетекчи, ар бир үй-бүлө башчы куран китепти окуп чыгып, сабаттуу диний кызматкерлерден кеңеш алып, элибизди үй-бүлөбүздү сактап калуубуз керек!
055535 хх хх
А-241. Жаныш Бакиев жылдын гана эмес кылымдын да лидери!
Бир гана келин
А-242. Оппозиция Америкадан келгенче бийлик шымааланып, алардын кээ бирөөлөрүнө кылмыш ишин козгоп, келсе эле камай турган болуп калды калды. Аликбек мырза Америкадан Кыргызстанга келбей туруңуз. Сизди чоң капкан күтүп жатат.
Айбек
А-243. Уй жылында баласыздар балалуу болсун. Кудай сүйгөн пенделерин ийгиликтерге жеткирсин. Бул жылы көз жашын чуурутуп, арманын айткан адамдар болбосо экен.
Мирбек
А-244. Мен Азимбек Бекназаров башында турган ревкомдун митингинен жыйынтык чыгаарына ишенбейм. Анткени, элдин жүрөгү Бекназаровду колдогон менен камап салат деген корку сезими күч.
Айбек
А-245. Ушул жыл ченемсиз залкар адамдарды алып кеткени, учактын жарылганы бейкүнөө адамдардын каза болгону тамак-аштын кымбатташы жана энергетика кризиси менен эсте кала турган болду. Бирок, элим чөкпөгүлө. Жаңы жыл жакшы маанай алып келет.
Жайнагүл, таластан
А-246. Исмаил Исаковду да торго түшүрбөсө эле болду. Анткени, азыр оппозициянын көпчүлүгү бийликке таарынгандар. Кадимки "дежурный" кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген беренени бийлик сизди алсыратуу үчүн колдонуп коюшу толук мүмкүн. Исмаил мырза сак болуңуз.
Адилет
А-247. Кыргыз элим келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Уй жылы чычкан жылындай түйшүктүү жыл болбой, өзүнүн мүнөзүндөй кенебеген жыл болсун. Нандар арзандап, кампа данга, дасторкон нанга, дүйүм тамак-ашка толсун. Элибиз аман-эсен болсун.
Алия
А-248. Үсөн Сыдыков орден менен сыйланганы менен баары бир ичинде күйүтү күчтүү көрүнөт. Мурда жакшы санаалаш болгусу келбеген, оппозиционерлер менен табакташ болуп жатат дейби?
Жылдызбек




Издейм сени
Окурман, жалгыздыктан тажап, жан сырыңызды бөлүшкөн дос же кол кармашып, жеңилин жерден, оорун колдон алган түгөйүңүздү тапкыңыз келсе, биздин гезиттин "Издейм сени" рубрикасына кош келиңиз. Айтылуу ырчы Рыспай Абдыкадыров ырдагандай "Издейм сени арасынан элдердин" демекчи сиз дагы жакыныңызды, түгөйүңүздү биздин гезит аркылуу элдин арасынын издеп, таап алышыңыздарга тилектешпиз. Жанды кейиткен жалгыздыктан тажап, биз менен кабарлашып, маалымат бергиңиз келсе, уюлдук телефонуңуздан 1032 кыска номерине А2 деген белгиден кийин аралык (пробел) калтырып, СМС-билдирүү жөнөтүңүз. Аты-жөнүңүздү, телефон номерлериңизди так көрсөтүңүз.
Биздин таанышуу кызматыбыз аркылуу табышып, турмуш кургандар болсо, биздин атайын үлпөт белегибиз - муздаткыч сиздерди күтөт.
СМСтин баасы (0,03$) же 10 эле сом .
Кызматтан Bitel, Mobi, Megakom, Fonex, Katel, Nexi операторлорунун абоненттери колдоно алат.
Техникалык жардам: 0 312 684438

Салам "Асман пресс" мен Таластык кыз Нури. Шайыр кыздар, балдар менен ДОС болгуңар келсе, мага байланышкыла. Тамашаны жакшы көргөндөр сүйлөшкөнчө бай-бай.
Нури
(0773) 13 03 18
YYY

Жашым 21де. Таластан болом. түшүнүктүү, шайыр кыздар болсо чалгыла. Таанышабыз.
Тимур (0773) 75 37 56
YYY

Жашым 22де. Түшүнүктүү, оор басырыктуу жигиттер менен таанышкым келет.
Бема (0550) 94 72 36
YYY

Салам Кыргызстандык сулуу кыз келиндер. Нарын областынын Кочкор районунан болом. 1980-жылкымын. Ата-энени сыйлаган түбөлүктүү жашоого көз карашы түз сулуу кыз-келиндер менен таанышып, мамилебиз келишип калса, турмуш курууга даярмын.
Мирлан (0777) 71 93 28
YYY

Төрт тарабы төп келген жигиттер менен таанышам.
Сезим (0773) 08 75 56
YYY
Жашым 22де. Нарындын саягынан болом. Кыргыздын нукура сулуу жана чачы узун кыздар менен таанышам. Мүмкүн болсо sms жазгыла.
Аман (0772) 15 38 67
YYY

Жашым 29да. Жердигим Таластык. түшүнүктүү, турмушка олуттуу көз карашта караган мырзалар менен таанышам.
Мира (0555) 04 81 77
YYY

Рахмат "Асман-пресс" гезитинин "Издейм сени" рубрикасы. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен. Шергазы мен сени менен таанышканма аябай кубанычтамын.
(0777) 84 хх хх
YYY

Издейм сени рубрикасы салам. Кыздар мен сүйүүмдү жоготтум. Эгер таап алгандар болсо, 0777 75 36 20 номерине чалыңыздар. Же sms жазыңызар. Сүйүнчүсү болот.
YYY

"Асман пресс" гезитинин издейм сени рубрикасына ыраазычылык билдиргим келет. Кыялымдагы көксөп жүргөн жигитти эми таптым. дагы көп түгөйлөрдү табыштырган данакер гезит болуңуздар.
Назии













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan