sms-мүнөздөмө

Саясатчың ким?
Урматтуу окурмандар! Саясат айдыңында жүргөн атуулдарыбыз бир топ. Бирок, алардын бардыгы тең эле сиздин купулуңузга толо бербесе керек. Же тескерисинче бардыгы тең эле жаман адамдар эмес болушу мүмкүн. Андыктан "Асман пресс" гезити сиздин ар бир саясатчы туурасындагы оюңузду билгиси келет. Эгерде биздин sms-мүнөздөмөгө катышкыңыз келсе "Асман пресс" тарабынан сунушталган бир саясатчыга мүнөздөмө бересиз. Ал кандай адам, түнтпү, ачыкпы, сараңбы, берешен же урушчаакпы, айтор, сиз анын мүнөзүн сүрөтү аркылуу аныктайсыз. Эгерде сиздердин мүнөздөмө ал саясатчынын өзүнө-өзү берген мүнөздөмөсүнө туура келсе анын белегине ээ болосуз. Жыйынтыгы ар бир айдын аягында жарыяланып турмакчы.
СМСтерди уюлдук телефонуңуздар аркылуу 1032 кыска номерине А5 деген белгиден кийин аралык калтырып билдирүү жөнөтүңүз. Билдирүүнүн баасы 0,03$. Ошондой эле saiasat@bk.ru электрондук дарегине жазып жөнөтүңүздөр.
Эмесе сиздердин кийинки элегиңиздерде Азимбек Анаркулович Бекназаров.
Эскертүү: орой, сөккөн, тилдеген билдирүүлөр кабыл алынбайт.





Сариев темир аргенбаевич
Темир Аргенбаевич бычакка сап болчу жигит. Демек, жол башчылыкка татыктуу.
Айбек. 0772 12 33 хх

Өткөндө "Агым" гезити аркылуу анын мурдагы кожоюну Мелис Эшимканов Темир Сариевди бир топ чымчып өтүптүр. Өзүнүн кылыктарын айтчу киши жокпу десең. Бир учурларда колтукташып эле бир арабада жүргөн жигиттер ушинтип бири-биринин былыгын ачканга өтүшсө эл деген азаматтарыбыздын бетине көө жабылаарын ойлойт болду бекен.
Даниелла 05556734хх

Сокулуктуктар Темирди жакшы эле көрөт. Кээде эле тепеңдеп бир учурларда жардамын аябаган досторун, канаатташтарын кабыл алгысы келбей калат экен. Ушуну сөзсүз жазып койгулачы.
Сокулуктук Сооданбек

Темир Сариев достукту, сөздү бекем туткан туруктуу, эл жүгүн көтөрө алам деген беш саясатчынын бири.
0543 9701хх
Токтоо, сөздү сүйлөөрдөн мурда ойлонуп туруп сүйлөгөн, чынчыл, алабарман эмес, берешен адам.
07734521хх

Прокуратурага оппозициянын ар бир сөзүн жеткирип турат экен деп кайсыл бир гезит жазып чыкты эле. Бирок, биз ага ишенбейбиз. Сариевдин сакадай бою сары алтын. Эл үчүн күйгөн патриот, тайманбас, калыс адам деп билем.
Бакы 05438976хх

Депутат болуп өзүн бир көрсөттү эле. Эми министр болуп көрсө болмок. Айтмакчы Т. Сариев кайсыл министрликке татыктуу?
0773 4565хх

"Ак Шумкардын" аты мурдагыдай болбой калды, Темир байке. Ар кайсыл кыймылды түзгөндөн көрө "Ак Шумкарды" "талпынтсаңыз".
05558788хх

Токтоо көрүнгөнү менен жини чукул, бирок, бардык нерсеге акыл токтотуп караган, сол колунун жинин оң колу менен баскан инсан.
Аскарбек

Темир Эшимкановго бир тууганындай жардам берген. Эшимканов менен эч ким эсептешпей калганда Темикемдин аркасынан эле буттан турбады беле?!
Сүйүн (0773) 72 93хх

Экономиканы эң эле катуу чаккандай туюлат. Бирок, эмнегедир эле бийлик тараптан Сариевди эч ким баалабай койду. Өзгөчө энергетика тармагында да эбегейсиз ойлорун ортого салып жүргөндүгүн бардыгыбыз жакшы билебиз. Оппозициядагы эң "ярый" оппозиционерлердин катарынан калышпай туруктуулугу менен да элдин арасында аброю чоң. Теректей бой бергенче, теменедей акыл бер демекчи, Темикемдин мындан аркы иштерине ийгилик каалайбыз.
Жердештериңдин атынан Дайыр





SMS-Асман
Окурман, кимдир бирөөгө жалындуу сөздөрдү айткыңыз келсе, жүрөгүңүздү өйүгөн маселе же түшүнүксүз суроо болуп, сизди санаага салса, анда биз менен байланышып, SMS-Асман рубрикабызга уюлдук телефонуңуздан 1032 кыска номерине А3 деген белгиден кийин аралык (пробел) калтырып, СМС-билдирүү жөнөтүңүз.
Кызматтан Bitel, Mobi, Megakom, Fonex, Katel, Nexi операторлорунун абоненттери колдоно алат.
Техникалык жардам: 0 312 684438
Мыкты SMSке атайын белегибиз бар. Эгер абонент алыста болсо аны убара кылбаш үчүн абоненттин балансына 100 сом которобуз.

А-218. Миң кыял FM радиосунун ди-джейи Мырзабаев Алтынбек Жаныбекоичти 16-декабрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Өмүрүң узун болуп, көңүлүң ачык, маңдайың жарык болуп оорубай, бактылуу өмүр сүрүшүңө тилектешпиз. Ойлогон ой максаттарың орундалып, кыялдарың кырашып, тилегиңе жет. Ар дайым күйөрмандарыңан жылуу сөздөрдү угуп, жүрөгүң сүйүүгө толуп турсун. Кыргызымдын сыймыктанган чыгаан мырзасы бол!
Айзада, Акбара.
А-219. Бейшенбек мырза 8-декабрь туулган күнүңүз менен куттуктайбыз.Сиз менен ар дайым биргебиз.
Ак босого жаңы конушу"Жакшылык" тобу.
А-220. Урматтуу "Асман пресс" гезитинин эмгек жамааты мен силердин гезитиңерден Өмүрбек Текебаевге үч бөлмөлүү үй берилгенин окудум. Ошол үйдү Текебаевге эмес, бей-бечераларга берсе болмок. Кокус ушул SMS мыкты SMS деп табылса, байгеге коюлган 100 сомду алдыңардан чыккан кары адамга берип коюшуңарды суранам.
Жалал-Абаддан Сыдык
А-221 .Урматтуу оппозициячылар сиздерден суранаарым ушул айда жыйынтык чыгаралычы. Биз силерди колдойбуз. Өзгөчө Өмүрбек Чиркешович сизге үмүт артабыз. Кыргыз эли Бакиевди кетирмейинче жашообуз оңолбойт.
Саламат Балыкчы
А-222. У меня в душе только три слова "Асман-пресс" классно.
0772 45 29хх
А-223. Акаевдин учурунда жалаң бешке окугандар кетти эле. Бакиев менен экиге окугандар калды.
0773 39 94хх
А-224. "Асман-пресс", салам. Европада жүргөн Эдил Байсаловдон алган маегиңерди окудум. Ар дайым эле алыста жүргөн кыргыздын уул кыздарын унуттурбай жазып тургула.
Мирлан
А-225. Жигиттер менен таанышам.
Сезим 0773 08-75-56
А-226. Асманчылар, саясаттан саунанын эротикасына түшүп кеткен "Агым" гезитин абдан катырыптырсыңар.
Калыс патриот
А-227. Кыргыздын чыгаан уулу Исхак Раззаковдун кызынын ушунчалык деңгээлде жашоо өткөрүп жаткандыгын бүгүнкү бийлик билет болду бекен. Айрым мен деген кыргыздын аттуу - баштуулары "сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" деген Раззаковдун сөздөрүн байма-бай кайталап жүрүшөт го. Алар кайда?
Асылкан Карбозова
А-228. Жылдын мыктылары жыл аяктаган сайын катуу жарыша башташты өңдөнөт. Бардык добуштарды реалдуу карап, реалдуу чечим чыгаргыла.
Чычалаак
А-229. Силердин гезит аркылуу дарыгер Ислам апага чоң ыраазычылык билдирем. Ылайым колуңуздун касиети артып, көптөгөн оорулууларга жардамыңыз тийсин.
Бакыт (0543) 78 56хх
А-230. Өмүрбек Текебаев биринчи мыйзамды сыйлаган адам жана кыргыз эллин бөлбөй бирдей көргөн киши. Ушундай адам президент болушу керек. Ошондой эле Урмат Барктабасов кыргыз эли үчүн жаны күйгөн адам. Бул адам премьер-министр болсо Кыргызстан бир жылда бүткүл дүйнөдө таанылган өнүккөн мамлекет болот.
(0543) 54 54хх
А-231. К. Бакиев кыраакы, алдыны көрө билген, тажрыйбасы мол, өзүмчүлдүгү жок саясатчы катары оппозицияны кызматка чакырып, Кыргызстандын келечеги үчүн иштейли деп компромистке барса дагы, айрым оппозиционерлер эл үчүн иштегендин ордуна дароо эле президент болгулары келишет экен.
0772 3437хх

А-232. Биринчи жолу окудум "Асман прессти". Жакты. Качан чыгат? Канча сом?
Саке 05504132хх

А-233. Акылай, артыңдан чуркап жүргөн бир жигитти карап койсоң боло. Качанкыга чейин сен деп уйкусуз түндөрдү өткөрүп жүрө берем. Сен үчүн досторум менен дагы көп уруша кетчү болдум. Абалымды түшүнүп, аясаң боло. Жок дегенде сүйлөшүп койчу?
Бахтияр

А-234. "Асман пресс", силерге чоң салам! Алдыдагы Жаңы Жылды жакшы тоскула. Ишиңерге ийгилик. Ар дайым алдыңкы гезиттердин катарында болгула. Силерден жакшы жаңылыктарды күткөн окурманыңар
Калыс патриот

А-235. Акаев унутулуп баратты эле, айрым адамдар силердин гезитке чыккан анын маегин окуп алып, жандана түшүштү. Душмандарынын ичи күйдү го ээ? Тамаша, мен "лично" Акаевине да, Бакиевине да ишенбейм. Кийинки президентине дагы. Элди алдап, шагыратып митинге алып чыгып жатып, үйдөгү окаты калып олтуруп ар бир үйдүн экономикасына залалын тийгизди. Элдер, эмнеге эле аларды ээрчий бересиңер. Үйдө олтуруп эгин эксең наның болот да, туурабы? Көчөдө басып жүрсөң, сага бирөө бирдеме береби?
05556291хх













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan